Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаа-Тас

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Чаа-Тас
Энесай доорундагы бир учурду "Чаа-тас" ("Согуш ташы") маданиятынын доору деп коёт. Минусинск ойдуңундагы мүрзөлөрдөн табылган маданий эстеликтерге айрыкча маани берилет. Кыргыз маданиятындагы "Чаа-тас" доорунун (VI-VIII к) деңгээлин көрсөткөн маданий эстеликтердин чеги Саян тоосунан башталып, Алтай, Минусинск ойдуңуна чейинки кең аймакты ээлеп жатат.

"Чаа-тас" доорундагы таш коргондор, элдик буюмдар, жоокердик курал-жарактар, кийимдер, ташка чегилген сүрөттөр, жазмалар жана сөөк коюунун каада-салты аркылуу байыркы энесайлык кыргыздардын социалдык жашоо-тиричилиги, жалпы маданиятын коз алдыга элестетебиз. Кыргыздарда "Чаа-тас" доорундагы кеңири тараган карапа идиш болгон."Кыргыз кумараларынын" дайыны далай элдерге кеткен.
Жайгаштыруу: 2017-08-16, Көрүүлөр: 1334, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу