Байыркы шаар


X кылымдагы араб саякатчысы Истахри Абу Исхак Ибрагим "Худуд ал-аалам" деген китебинде (982-ж.) кыргыздардын жери, тили, үрп-адаты жана шаарлары жөнүндө алгач маалымат айткандардын бири.

Ал эмгегинде "Кыргыз хан" деген шаар болгонун эскере кетет. Бул Ала-Тоодобу, Алтай, Орхондогу шаарбы, так айтылбагандай. Балким изилдөөчү чоочун жазмадан алгандыр же оозеки кабарга таянгандыр. Абай салсак, IX-X кылымдарда кыргыз каганынын ысымы бир гана Алп Сол атына коюлган сыяктанат.



Мүмкүн кыргыздар 840-жылы Уйгур кагандыгын жеңгендин урматына Орхондо же Теңир-Тоодо өз каганынын атына татыктуу ордо борборун - шаарын атаган чыгар? А балким бул азыркы күндөгү Кытай өлкөсүнө тиешелүү Манас сыяктуу шаардыр? Байыркы кытай жазууларында энесайлык кыргыздарда "Ийлан-Чжоу" деген шаар болгону айтылат. Балким ал "Йуан тарыхында" 1270-жылы айтылган "Түп Терек" деген байыркы шаар болуп жүрбөсүн? Ал эми түрк санжырасында кыргыздардын Алакчын деген шаары курулганын, анын тегерегинде ала жылкы, күмүш көп болгонун кабарлайт. Испан саякатчысы араб ил-Идриси (XII к.) кыргыздар жашаган жерлердин бекемдигин, дубал менен жыш курчалган, тегерете аң казылганын баяндайт. Азербайжандын улуу акыны Низами "Искендернаама" поэмасында кыргыздардын бейишке окшош шаары бардыгын жазган.

2017-08-16 173 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2017-08-16