Кыргыз оокаттарынын адемиси да, абзели да, сыймыгы да, чүйгүнү да - "ысык тамактар". Биздин улуттук тамактануубузда, бөтөнчө ысык оокаттарда өтө орчундуу орунду ээлеген - эт.

"Түймөч кылуу" Күз башынан ойдогудай семиртилген малды союп, этин чыпчыргасын коротпой, кардына шыкай салып, (кичине туз кошуп), муздак жайга тоңдуруп коюп, жазда, үзүмчүлүктө (узун сарыда) ачып, тамак кылып оокаттануу.
"Сайсагызган" сайда экен, сан жылкы колхоз байда экен... деген ырды угабыз. Сайсагызган жаны жай албаган, боз таркылдактын көлөмүндөй куш - дейт. Бул Таласта, Кетмен-Тободо, Чаткалда, Алай-Куу тарапта кездешет.
Байыркы кыргыздарда "Жапма челек" бул жашырып, башкаларга көрсөтпөй, ичкен тамак катарына кирген десек да ашык болбос. Илгери кыргыз эли көчмөн абалда жашаган кезде буудай, арпа аз эгишчү, ошондуктан эгин тартыш
Экинчи күч бере турган өсүмдүк - "ак кодол". Мунун тамырын кымызга салып да ачытат. Дарылык касиети да бар.