Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дымдама кантип жасалат

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Дымдама кантип жасалат

"Дымдама кантип жасалат", дымдаманы жасоонун ыкмасы, колдонулуучу азыктардын түрлөрү жана башка кызыктуу маалыматтар, дал ушул макалада.

Ингридиенттер: 500 г куйрук, 1 кг сулп эт, 1 кг помидор, 500 г сабиз, 1 кг капуста, 1 кг картөшкө, 500 г пияз, 2-3 түп же тоголок сарыпсак, 300 г көк калемпир, 1 десте ар кыл ашкөк, 1 чымчымдан калемпир-мурч, татым туз.

Адаттагыдвй эле бардык азыктарды тазалап, жууп-чайкап, туурап, даярдап алабыз. Куйрукту жукасынан, этти кесек-кесек, сабизди тегерек-тегерек кылып, капустаны майда, помидорду тең жара же төрткө бөлүп, пиязды шакекче, сарымсакты керте туурап алабыз. Аарчылган картөшкөнү бүкүлү, көк калемпирдин ичин оюп, тазалап, бүтүндөй салабыз.

"Дымдама кантип жасалат", дымдаманы көбүнчө манту касканга б. а. бууга бышырууга ылайык идишке жасаган жакшы. Эң мурда жукасынан жалпак тууралган куйрукту түбүнө төшөй салып, анын үстүнө экинчи катар кылып тууралган этти салабыз. Үстүнө бир сыйра тууралган пияз-сарымсакты сээп, помидорду бир катар коюп, анан картөшкөнү, сабизди, көк калемпирди, капустаны улам бир кабат салып эң үстүнө тууралган ашкөктү, калемпир-мурчту, тузду сээп, капкагын жаап, отко коюп, бир кайнаган соң отту үлүңдөдүп коюп, аз отко көпкө (1 саатча) коюп бышырабыз. Бышканда аралаштырып, идишке салыштырганда бардык азыкты теңдеп үйө салып, үстүнө эт-майын коюп, кооздоп көк пияз, ашкөк, татымал сээп, дасторконго коёбуз. Негизи, дымдаманы чоң аш табакка салып чогуу койгон ырас.

Дымдама жагымдуу, аш болумдуу, даамдуу тамак. Аны жалаң кой эти эле эмес, уйдун семиз этинен да жасаса болот. Ал үчүн көбүнчө төш этин алган дурус. Дымдама жаш эттен, жаңы жашылчадан гана болот. Ага ич май жарабайт.

Эгер жылкы этинен жасоого туура келсе, анда азыраак казы же жал туурап, үстүнө сулп эттен туурап кошкон жакшы. Күрптүн, каз-өрдөктүн семиз этинен деле дурус дымдама болот. Дымдамага нокот, лобияны кошуп жасаган учурлар да аз эмес.

Устат ашпоздор ага ар кыл азык кошуп түрлөнтүп, кошолонтуп жасап жүрүшөт. Анын баарын өз-өзүнчө айырмалап жазса ар бири өз алдынча тамак. Бирок негизи бир. Ошол себептүү "дымдама кантип жасалат" деген суроого баарын бир гана ат менен туюнтуп, чогуу эле жазып койдук.

Дымдама кыргызча даярдаган ашпозчубуз: Айдана Мамытова

Жайгаштыруу: 2018-01-16, Көрүүлөр: 3592, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу