Балаты же Жаңы жылдык балаты — көптөгөн өлкөлөрдө Жаңы жыл жана рождество майрамын майрамдоодогу салттуу атрибут. Эрте Жаңы мезгилде герман шаардык салтында пайда болгон, ал эми XIX кылымдан тарта англосаксон дүйнөсүндө, ошондой эле, орустарда жайылып, алардын аркысынан кыргыз элине 1895-жылдарда келген.
Жумуртка — үй куштарынын баалуу тамак-аш өндүрүмү жана тукуму. Жумурткадан жөжө чыгат. Жумуртканын морфологиялык белгилери, физикалык касиеттери, химиялык курамы куштун жашы, генетикалык өзгөчөлүгү, тоюту жана багылышына жараша болот.
Кар — абанын температурасы 0° Сден төмөн болгон мезгилде булуттан кристалл (майда муз) түрүндөгү жааган жаан-чачындын түрү.
Кара-Көйнөк — Бугу уруусунун чоң уруктарынын бири. Алар Беккулу атадан тараган эл өзүн Кара-Көйнөк деп атап келет.
Көмүр (казылып алунуучу көмүр) — чөкмө тек, кен, отундун баалуу түрү, химиялык жана башка өнөр-жайдагы чийки зат. Көмүртектин эл аралык аталышы латынча carbō — «көмүр» деген сөзүнөн чыккан.
Диарея же ичтин өтүшү (байыркы грекче διά-ρροια — ич өтүү, δια-ρρέω байыркы грек сөзүнөн — агуу, аркылуу, өтүү), элдик аталышы — түндүк диалект: ич өтүү, түштүк диалект: ич өткөк — бейтаптын тез-тез (суткасына 2 жолудан өйдө) дефекациясы байкалган потологиялык абал, ошону менен бирге заң суюк, көлөмү 200 мл жогору болуп, көп учурда ичтин оорушу, шашылыш дааратканага чакырыктар, аналдык кармай албастык менен коштолот.
Сөз түркүмдөрү — бир тилдеги сөздөрдүн лексико-семантикалык жана грамматикалык (морфологиялык, синтаксистик) өзгөчөлүктөрүнүн негизинде топтоштурулган бөлүмдөрү.
Маалымат базасы (англисче Database) — электрондук эсептөөчү машинанын (ЭЭМ) жардамы менен оңой изделип жана иштетүүгө мүмкүн болгон ыкмада системаланган, объективдүү формада берилген өз алдынча материалдардын жыйындысы (макалалар, эсептер, нормативдик актылар, сот чечимдери, товарлар жана башка материалдар).
Кызматчы сөздөр өз алдынча турганда эч кандай маани бербейт. Алар сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, аларга кошумча маани беришет.
Сөздөрдүн уңгу жана мүчө бөлүктөрү болот. Сөздүн маани берүүчү бөлүгү бөлүгү уңгу деп аталат. Кээ бир сөздөр жалаң уңгудан турат. Уңгуга бир же бир нече мүчө уланат.