Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Биология

Вирустар

Вирус (латынча virus — уу) — клетканын ичинде гана көбөйүүчү, клеткалык эмес инфекциялык агент, эң майда организмдер, алардын өлчөмдөрү 12ден 500 нанометрге чейин болот. Майда вирустар белоктун чоң молекулаларына тең. Вирустарды клеткалардын мителери деп дагы аташат.

Тукум куугучтук

Тукум куугучтук, же тукум куучулук (англисче heritability) — организмдин өзүнүн белгилерин жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүн кийинки тукумга берүү/өткөрүү мүмкүндүгү.

Тамак сиңирүү

Тамак сиңирүү, же азык сиңирүү — азыкты химиялык (негизинен ферменттик), кээде механикалык жактан иштетүү, башкача айтканда, азык заттарды сиңирилишине жана зат алмашууга жарактуу болгондой кылып түрдүү компоненттерге ажыратууну камсыз кылган процесстердин жыйындысы.

Кан

Кан (латынча sanguis, байыркы грекче αἷμα) — организмдин ички чөйрөсүнүн суюк жана кыймылдуу бириктирүүчү тканы. Суюк чөйрө — плазмадан жана андагы салмактанган формалуу элементтерден турат (клеткалар жана клетка өндүрүмдөрүнөн): эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер.