Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мурок суу

Баш барак | Адабият | Мурок суу

Муроктүн суусу өтө ыйык зоокадан таштын бетин жарып чыгат имиш, Муроктүн суусун ичкен жан өлбөйт экен. Ошого "өлбөстүн суусу" деп да айтылат. "Мурок суу" абдан тунук, таза элестеткен.

Ошого "Муроктун суусундай мөлтүрөп" (таза) деп айтылат. "Мурок суу" жөнүндө түшүнүк баштапкы коомдо кадырлаган, аргасын ойлошкон.



Кандайдыр бир нерсе өлтүрбөөгө себеп болот деп баамдашкан. Бирок анын чыныгы себебин табуу мүмкүн эмес эле, ошого "өлбөстүн" себебин көркөм наристе элестетүү аркылуу "Мурок суу" образы менен түшүндүрүлгөн. "Мурок суу" жөнүндөгү баяндар кыргыздардын мифтеринде (аңыздарында), кереметтүү жөө жомокторунда, эпосторунда көп кезигет. Эл-жерди коргогон баатырлар мүрөктүн суусун ичип узак жашаган окуялар сүрөттөлөт.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 7983, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо