Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пери

Баш барак | Адабият | Пери

"Пери" көктөгү теңирлердин кыздары имиш. Алар жер үстүнө ак куу же сулуу кыз кебетесинде түшүп, чыгуу мүмкүнчүлүгү болот экен. Пери көбүнчө асманда булуттарды кайтарат дейт. Кыргыз эл ооз адабиятынын мифтик элестетүүсүндө пери асманда туруп, жер

бетинде болуп жаткан иштерди, адамзаттын аракеттерин туюп, билип турат экен, Пери адамзаттын баатырларына, ак, адил жигиттерине ашык болуп, алардын кыйынчылык жана оор абалдарын жеңилдетүүгө жардам берет экен. Ошого, кыргыз эл оозеки адабиятында "пери" оң каармандардан болуп эсептелет. Кыргыздын кереметтүү жомокторунда, эпосторунда перилердин образдары жаркын жаралып, алардын кызматы, келбети сонун элестетилет.



Алып айтсак, эр Төштүктө перинин кызы Бектору, Жоодар бешимде Нопери кыз сыяктуулар да перилердин образдары айтарлуудай жаралган. Манас эпосунда Манастын колдоочусу Кызыл кыз ар кандай кезде Манасты жылоолоп колдойт. Семетейде Айчүрөк пери образында (Ак куу кебетесинде) укмуштай сүрөттөлөт. Сейтекте Куйалы пери образында, Кененимде эң эле көптөгөн перилер сүрөттөлөт. Бекбача Ноопану аттуу пери кыз менен той жасайт, демек, Манас эпосунун сегиз бөлүмүндө тең перилердин кызматы, элеси көркөм сүрөттөлөт.



Демек, "пери" кыргыз эл оозеки адабиятында жаркын жаралган, наристе элестетилген образ болуп, ар кайсы жаныбарларда кеңинен колдонулган кейипкер катарында саналат.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1213, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу