Жаныбарлар түрдүү формада жана көлөмдө болот. Бирөөлөрү жүндүү, башкалары каңылтырлуу келет. Бирөөлөрү көк кит сыяктуу абдан зор болсо, бирөөлөрү бүргө сыяктуу өтө кичинекей болот. Окумуштуулардын пикири боюнча дүйнөдө 10 миллиондон ашуун ар түрдүү жаныбарлар бар. Жаныбарлар дүйнөсүн билүү жеңилирээк болсун үчүн окумуштуулар аларды төмөнкүдөй класстарга бөлүштүргөн. Сүт эмүүчүлөр денесинде түгү же жүнү бар жаныбарлар. Алар энесинин сүтүн эмип чоңоюшат.

А силер билесиңерби, жарганаттар, киттер да сүт эмүүчүлөргө кирээрин? Канаттуулар канаты бар, жумурткадан чыгуучу жаныбарлар. Бирок бардык эле канаттуулар уча бербейт. Төө куштар басат, ал эми пингвиндер канаттарын сүзүү үчүн пайдаланат. Сойлоочулардын көпчүлүгү кургакта жашайт. Алардын териси катуу, кургак каңылтыр менен капталган. Биз аларды муздак кандуулар дейбиз, анткени алардын денесиндеги температура ошол чөйрөнүн температурасына жараша болот.

Буга кескелдириктер, жыландар, крокодилдер жана ташбакалар кирет. Жерде-сууда жашоочулар сууда туулат, бирок чоңойгондон кийин кургакта да жашай берет. Алар сойлоочулар сыяктуу муздак кандууларга кирет. Бакалар, курбакалар жана тритондор - булардын бардыгы жерде-сууда жашоочулар. Балыктар сууда жашайт. Алардын денеси каңылтыр менен капталган жана сүзүүгө жардам берүүчү сүзгүч канаттары болот. Балыктар суу астында дем ала берет. Алардын суудан кычкылтекти бөлүп алуучу бакалоор деп аталган атайын органы болот.

Жаныбарлардын түрлөрү


Жаныбарлар түрдүү формада жана көлөмдө болот. Бирөөлөрү жүндүү, башкалары каңылтырлуу келет. Бирөөлөрү көк кит сыяктуу абдан зор болсо, бирөөлөрү бүргө сыяктуу өтө кичинекей болот. Окумуштуулардын пикири боюнча дүйнөдө 10 миллиондон ашуун ар түрдүү жаныбарлар бар. Жаныбарлар дүйнөсүн билүү жеңилирээк болсун үчүн окумуштуулар аларды төмөнкүдөй класстарга бөлүштүргөн. Сүт эмүүчүлөр денесинде түгү же жүнү бар жаныбарлар. Алар энесинин сүтүн эмип чоңоюшат. А силер билесиңерби, жарганаттар, киттер да сүт эмүүчүлөргө кирээрин? Канаттуулар…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2819, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22