Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пингвин

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пингвин

Деңиз саякатчылары Антарктидадан пингвиндерди адеп көргөндө аларды кара фрак, аппак манишка кийген адамдар экен деп ойлошкон. Ошол кезде эркектер салтанаттуу учурларда так ушундай кийинишчү. Окумуштуулар бул канаттуулар эмне менен азыктанып, балапандарын кандайча чыгарарын, өтө катуу суукка кантип чыдай тургандыгын билүү үчүн табияты катаал Антарктидага келип жатышты. Пингвиндердин эң чоңу - император пингвиндери. Алардын узундугу 80 сантиметрге жетет, салмагы 25 -40 кг болот. Пингвиндин денеси тике коюлган ракетага окшойт. Сүзгүч жаргактуу эки буту жана шынаа сымалданган куйругу ракетанын үч буттуу таянычы сыяктанат. Денесиндеги жана канатындагы тал жүндөрү, кара көк болуп жылтылдап турат, төшү кардай аппак. Башы капкара, моюну, кулак туштары кызгылт сары. Канаттары балыктын узун сүзгүч канатына окшойт.

Пингвиндин териси денесине тыгыз жабышпайт, өзгөчө курсак жагында көлбөөрүп калкаланып турат. Теринин астында калың май катмары бар. Бул калың май катмар пингвиндин келишимдүү фрагынын жылуу ичилиги катары кызмат кылат жана ошол эле мезгилде үзүмчүлүк (жем жок) убакта сактаган азыгы да болуп саналат. Пингвиндер катаал шарттарга эң мыкты ыңгайланышкан. Император пингвиндери кеминде жарым өмүрүн сууда өткөрүшөт. Антарктида жээгинде өтө алыска чейин сүзүп барып келишет.

Жегени - балык, кальмар. Сууга киргенде алардын ыксыз денеси ийкемдүү зымырылган торпедага айланат. Таманы, канаты менен сууну шилейт, денеси узарып, сыйда боло түшөт. Тал жүндөрү денесине тыгыз жабышып, сууда жакшы жылмышууга жардам берет. Пингвин саатына 36 чакырым ылдамдыкта сүзө алат. Кээде ал катуу күүлөнгөндүктөн суудан музга тим эле атылган октой ыргып чыгат.

Кышкы суук күчөгөн мезгилде пингвиндер жумуртка тууйт. Ар бир ургаачы пингвин бирден гана жумуртка тууп, анын диаметри 10 см, салмагы 400 граммдай болот. Жумуртка түз эле кардын үстүнө аязга түшөт, эркек пингвин жумуртканы дароо тоголотуп барып, көлбөөрүгөн курсак терисинин бырышы астына, канатынын тушуна туура келгидей кылып катат. Эми суук коркунучтуу эмес. Эгер жумуртканы ургаачы пингвинге берүүгө туура келсе, ата пингвин аны карга тоголотот, эне аны ошол замат курсагындагы жылуу уячага ката салат.

Ошентип пингвиндерге уянын кереги жок. Ата-эне пингвиндер кезек менен тамактанышат. Жумурткалардан чыккан балапандар өздөрүнчө бала бакча болуп чогуу жүрүшөт. Алардын энелери ар кимиси кандайдыр бир жол менен өз баласын таанып таап, жемсөөсүнө салып келген балыгын берип тойгузуп коёт. Балапан пингвиндин денеси ак тыбытка бөлөнгөн, көзүнүн тегереги агарып, көз айнекке окшоп күлкүлүү көрүнөт. Катуу сууктан, ызгаар шамалдан сактанып, балапан пингвиндер (кээде чоң пингвиндер деле) бири-бирине ыктап, чогуу турушат. Бул топтун орто чени гана жылуу болот, ошондуктан четиндеги үшүгөн канаттуулар ортосун көздөй жылып, жылынып турушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2127, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо