Жарганат – бул учуу учурунда активдүү, башкача айтканда канатын тынымсыз серпип учкан жападан-жалгыз сүт эмүүчү жаныбар. Илимий аталышы Chiroptera (Хироптерлер). Бул сөз грек сөзүнөн келип χείρ (cheir) — «кол», πτερόν (pteron) — «канат» дегенди билдирет.
Анын канаттары алдыңкы колдорунун өнүгүүсүнөн пайда болуп, ичке, бирок бекем тери жаргагы менен капталган. Кыргызча аталышы да ушул жаргактардан келсе керек. Өзгөчө скелет түзүлүшүнүн жана күчтүү көкүрөк булчуңдарынын эсебинен жарганаттар абада абдан так буйтоолорду жасай алышат. Кээ бир канаттууларга караганда да ийкемдүү уча алышат.
Бүгүнкү күндө жарганаттардын 1400дөн ашык түрү белгилүү, бул бардык сүт эмүүчүлөрдүн дээрлик 20% түзөт. Алар Антарктидадан башка бардык континенттерде жашашат жана тропикалык токойлордон тартып кургак чөлдөргө чейин ар кандай экосистемаларда кездешет.
Жарганаттардын көпчүлүгү жаңырык локация аркылуу багыт алышат. Алар ультраүн белгилерин чыгарып, алардын кайтып келген жаңырыгын угуу менен айлана-чөйрөнү көрө алышат. Бул ыкма аларга тоскоолдуктарды, олжосун жана айлана-чөйрөнүн майда-чүйдөсүнө чейин аныктоого жардам берет.
Бир жолу окумуштуулар мындай тажрыйба жасашты: жарганаттардын көзүн желимдеп, бөлмөгө коё беришти. Бөлмөгө коңгуроолорду жипке байлап, бири-бирине жакын илип коюшту. Жарганаттар бөлмөдө учуп жүрүштү, бирок бир да коңгуроо шыңгыр этип үн чыгарбады, бир да жарганат коңгуроо илинген жипке урунган жок. Демек, кеп көздө эмес. Көрсө, жарганат учуп жүргөндө ультраүн чыгарат экен. Эгер алдыдан кандайдыр бир тоскоолдук же курт-кумурска кездешсе, үн толкундары ага тийип кайра артка чагылат. Бул чагылган толкундарды жарганаттын атайын органы кабылдайт да, ал кыймылсыз тоскоолду айланып учат же курт-кумурсканын артынан сая түшөт. Азыркы кемелерде ушундай ыкмада иштөөчү приборлор бар. Ал айсберг же башка коркунучтуу тоскоолдуктар бар экенин билүүгө жардам берет.
Бирок ири мөмө жеген түрлөр көбүнчө көрүүсүнө жана жыт сезүүсүнө таянат. Мисалы, калон (Pteropus) – эң чоң жарганаттардын бири, канаттары жайылганда узундугу 1,5–1,7 метрге чейин жетет. Алтын таажылуу жарганат (Acerodon jubatus) – Филиппинде жашаган эң чоң жемиш жегич жарганат. Эгей жемиш жарганаты (Rousettus aegyptiacus).
Күндүз калдайган канатына оронуп дарактын көңдөйүндө, үйдүн чатырында, караңгы жерлерде башы ылдый салаңдап илинип турат. Караңгы киргенде курт-кумурскага уулап чыгат. Канатын тез-тез сермеп, түнкү асманда дабышсыз чабыттайт. Бул мезгилде көпчүлүк куштар уйкуда болот. Зыяндуу курт-кумурскалардын көбү дал ушул түнүчүндө учуп чыгат.
Жарганаттардын тамактануусу алардын түрүнө жараша болот. Көпчүлүгү курт-кумурскалар менен азыктанат, башкалары жемиштерди, нектарды же гүл чаңдары менен азыктанат. Айрымдары болсо балыктарды, канаттууларды жана чакан сүт эмүүчүлөрдү да жейт. Ал эми дүйнө жүзүндө «вампир жарганаттары» деп аталган кан соргуч жарганаттардын болгону үч түрү бар жана алар Латын Америкасында гана жашайт.
Жарганаттар экосистемада чоң роль ойнойт. Алар зыяндуу курт-кумурскалардын санын көзөмөлдөп, өсүмдүктөрдү чаңдаштырып, уруктарын таратууга жардам берет. Мисалы, банан, манго жана агава сыяктуу өсүмдүктөрдүн чаңдашуусу дал ушул жарганаттардын аркасында жүрөт.
Ошого карабастан, адамдар көбүнчө жарганаттарга терс мамиле кылышат. Алар түрүн көрүп коркунучтуу жана агрессивдүү деп ойлошот, бирок көпчүлүк түрлөрү таптакыр зыянсыз. Кээ бир жарганаттар вирустарды алып жүрүүчү болгондуктан, медицинада чоң кызыгуу жаратат.
Акыркы жылдары жарганаттардын саны азаюуда. Алардын жашоо чөйрөсүнүн бузулушу, климаттын өзгөрүшү жана «ак мурун синдрому» деп аталган оорунун жайылышы айрыкча Түндүк Америкадагы популяцияларга терс таасирин тийгизип жатат. Көптөгөн түрлөр Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган.
Жарганаттар – эң өзгөчө жана бааланбаган жаныбарлардын бири. Алар укмуштуудай адаптацияга ээ болуп, экосистеманын тең салмактуулугун сактоого жардам берет.