TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Суутек: баяндалышы, тарыхы, изилдөөлөр макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Суутек (химиялык символу — H, химиялык формуласы — H₂, латынча hydrogenium) — Д. И. Менделеевдин химиялык элементтеринин мезгилдик таблицасындагы биринчи мезгилиндеги химиялык элемент жана газ. Атомдук номери — 1. Макала мазмуну Жалпы маалымат Тарыхынан Изилдөөлөр Жалпы маалымат Суутектин бир атомдуу формасы — Ааламдагы эң көп жайылган химиялык заты. Болжолдуу бардык бариондук массанын 75 % түзөт. Барион — элементардык бөлүкчөлөрдүн түркүмү. Чакан жылдыздарды эске албаганда жылдыздар негизинен суутек плазмасынан турат. Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасындагы эң жеңили. Суутектин үч изотобу жеке аталыштарга ээ: ¹H — протий, ²H — дейтерий жана ³H — тритий (радиоактивдүү). Эң кеңири таралган протийдин өзөгү бир гана протондон туруп, нейтрондору болбойт. Стандарттык температура жана басымда суутек түссүз, жытсыз, даамсыз, уулуу эмес газ. Бул аба же кычкылтек менен аралашканда оңой от алуучу зат болуп, өрт чыгуу же жарылуу коркунучу өтө жогору. Башка кычкылданткыч газдар аралашканда, мисалы, фтор же хлор, суутектин айтылгандай эле жарылуу коркунучу жогору болот. Анткени, суутек көпчүлүк металл эместер менен коваленттик байланыштарды жакшы түзөт, ал эми Жердеги суутектин көпчүлүгү молекулалык кошулма түрүндө болот, мисалы, суу же органикалык заттар. Этанол жана бир катар металлдарда эрийт: темирде, никелде, палладийде, титанда, платинада, ниобийде. Тарыхынан Англиялык окумуштуу Генри Кавендиш 1766-жылы бир жолу сыртынан караганда таң каларлыктай бир иш жасайт: ал самын көбүкчөлөрүн учура баштайт. Бирок бул анын жөн гана эриккенден көңүл ачуусу эмес эле. Мындай ишти жасардан мурун Кавендиш темир таарындысына күкүрт кислотасын жаба куйса, кандайдыр бир газдын көбүктөрү пайда болгонун байкайт. Бул кандай газ? Окумуштуу аны түтүкчөдөн өткөрөт. Газ көзгө көрүнбөйт. Жыты барбы? Жок. Ошондо Кавендиш ал газ менен самын көбүкчөлөрүн учурат. Көбүкчөлөр өйдө карай көтөрүлөт. Демек, газ абадан женил. Эгер газды күйгүзсөчү? Ал көгүш жалын чыгарып күйөт. Бирок анын таң калыштуусу: газ күйгөндө суу пайда болгон! Кавендиш бул жаңы газды күйүүчү аба деп атайт. Себеби анын кадимки аба сыяктуу түсү да, жыты да жок эле. Бул 18-кылымдын экинчи жарымында болгон эле. Кийин француз химиги Антуан Лавуазье 1783-жылы тескерисинче суудан күйүүчү газ алат. Ал жаңы газга «суутек» (gydrogene) деген ат коёт. Бул сөз грек сөзүнөн «hydro» — суу жана «genes» — жаратуучу дегенди билдирет. Кийин окумуштуулар суутек адамдарга белгилүү бардык заттардын ичинен эң женил экендигин, анын атомдору баарынан жөнөкөй түзүлгөндүгүн аныкташкан. Суутек эң көп таралган, ал бардык жерде: космос мейкиндигинде, тумандуулукта, жылдыздарда, күндө бар. Изилдөөлөр Өтө зор басым жана ондогон миллион градуска жеткен температуранын таасиринен суутектин өзгөрүп кетүүсүнүн натыйжасында күн жылуулук жана жарык бөлүп чыгарат. Азыр окумуштуулар мындай кубулуштун сырын билүүгө аракеттенип жатышат, бул аракет ишке ашса, адамдарга канча энергия керек болсо, ошончо энергияны алууга мүмкүн болор эле. Анткени суутек жерде да өтө көп эмеспи. Ал бардык тирүү организмдерде, өсүмдүктөрдө, тоо тектеринде жана албетте, сууда да бар. Суутек менен көмүртек кошулуп ар түрдүү бирикмелерди: нефть, күйүүчү газ, кара асфальт, бензинди пайда кылат. Мындай бирикмелер көмүр-суутек (орусча углеводород) деп аталат. Көмүртек менен суутектин бирикмесине кычкылтекти кошсок, жаңы бирикме — углеводдор, мисалы, крахмал жана кант сыяктуу бири бирине окшобогон заттар пайда болот. Эгерде суутекти азот менен кошсо да газ — аммиак келип чыгат. Аммиак жер семирткичтерди алуунун зарыл материалы.