Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муун жана ташымал

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Муун жана ташымал

Биздин бир жолку дем алышыбыз менен бир же бир нече тыбышты жасоого болот. Ошондуктан сөздөр майда бөлүктөргө - муундарга бөлүнөт.

Муундун үч түрү бар: ачык, жабык жана туюк муун.

Ачык муун

Жалан үндүү тыбыштан жасалат же үнсүз менен башталып, үндүү тыбыш менен аяктайт. Мисалы, аа-ры, а-га, и-ни, туу, тоо, төө

Жабык муун

Үндүү тыбыш менен башталып, үнсүз тыбыш менен аяктайт. Мисалы, ай, уй, эт, ээр, уук, от, эл.

Туюк муун

Муундун башында да, аягында да үнсүз тыбыш болот. Мисалы, бак, топ, төрт, жол, таш, саат, суур.

Ташымал деген эмне

Жазып жатканыбызда сөздөр сапка батпай калат. Мындай учурда сөздү жаңы сапка да бөлүп жазууга болот. Бул ташымал деп аталат.

Сөздөрдү муун боюнча ташымалдап жазабыз, мисалы: Дель-фин - сүт эмүү-чү жа-ны-бар. Ал суу-да жа-шайт. Алар аб-дан боо-ру-кер. Чө-гүп ба-рат-кан адам-га жар-дам бе-ри-шет. Дель-фин суу-да тез сү-зөт. Ага де-ңиз тол-кун-да-ры да тос-коол бо-ло ал-байт. Дель-фин-дер акыл-дуу бо-лу-шат. ("Бай-че-че-кей" жур-на-лы-нан)

"ал-ма" сөзүндө биринчи муун жабык, "жам-гыр" сөзүндө туюк, "ба-кыт" сөзүндө ачык.

Жайгаштыруу: 2020-04-07, Көрүүлөр: 52139, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-07, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу