Психологиялык манипуляция — жашыруун, алдоо, күч колдонуу же мажбурлоо түрүндө башка адамдардын көз карашын манипулятордун кызыкчылыктары үчүн (же алып жүрүүсүн) өзгөртүүнү көздөгөн социалдык иш-аракеттин түрү.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, алдоо жолу менен тымызын же ачык башкаруу, колдонуу. Манипуляция социалдык-психологиялык феномен катары дагы каралат.
Эскертүү! бул макала манипуляторлор, алардын колдонгон ыкмалары жана психология жөнүндө билим алуу, сабаттуулукту жогорулатуу максатында гана жазылган.
Мындай ыкмалар манипулятордун кызыкчылыктарын башка адамдардын эсебинен алга жылдыргандыктан, эксплуатациялык, зомблуктуу, адилетсиз, этикага жатпаган деп саналышы мүмкүн.
Социалдык таасир этүү дайыма эле терс боло бербейт, негизинен, мажбурлоосуз болуп, кабыл алуу же баш тартууда адам укуктары сыйланса коом тарабынан зыянсыз деп саналат (мисалы, «балам аны кармаба колуң күйөт», «тигил жакта ушул эле нерсенин баасы арзан экен»).
Контекстине жана мотивациясына жараша социалдык таасир этүү көбүнчө жашыруун (же ачык) манипуляция болушу мүмкүн (жашыруун — «кимдин баласы болосуң? тентек бала окшойсуң», ачык — «балам тентек кылба»).
Бирок, кедей же өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө көбүнчө терс жана жеке кызыкчылыктар үчүн манипуляциялоолор көбүрөөк болот. Айрыкча, кайсы бир ресурка же баалуулукка (материалдык, моралдык, социалдык абал ж. б.) ээлик кылуу менен башка адамдарды жашыруун манипуляциялоо, колдонуу көп кездешет.
Мисал катары базарлардагы айрым соодаргерлердин манипуляциясын айтса болот:
Көмүр сатуучунун манипуляциясы — сатуучу таразасын жүк ташуучу унаасынын үстүнө коюп, сатып алуучу унаанын үстүнө чыгып таразаны кароодон баш тарттыруу максатында жасайт, мында таза психологиялык манипуляциялоо же кардарды алдоо көрүнүшү болот.
Эгер атаандаштык жок болсо, монополисттик абалын билип, көңүлү жаккан адамга сатып, жакпаган адамга сатпай же кезек күттүрүп дискриминациялык учурлар орун алышы мүмкүн.
Адам оюн айтууда ага көңүл бурбоо же теңине албоо социалдык абалын көргөзүп («менден башка сатуучу жок») манипуляциялоо болот.
Албетте, мунун баарына мыйзам тарабынан чара көрүлөт, бирок, манипулятор, адамдын укук коргоо органдарына кайрылбоосун билип, сатып жаткан ресурстун (мисалы, көмүрдүн) жалгыз булагы экенин билип, каалагандай манипуляциялоо иштерин жүргүзүшү мүмкүн.
Мындай ресурстук манипуляциялоолордун негизги себеби, айрыкча атаандаштык жок айыл жерлеринде көп кездешет.
Коомдук транспорттогу манипуляциялоо — манипулятор жакшы тарбияны, этиканы, маданияттуулукту бетине жамынып отургучта отурган адамды тургузуу максатында «улуу адамга же боюнда бар адамга орун бошотуңуз» деп талап коё баштайт.
Албетте, бул этикага туура келүүчү нерсе бирок, эгер отургучта отурган адамдын орун бошотпоого себептери болбосо (ден-соолугу начар же жаңы эле ооруканадан чыккан болсо, көп жүктү алыстан көтөрүп келе жаткан болсо, көп жөө басып буту талыган болсо ж. б.), орун бошотууга да, актанууга да милдеттүү эмес. Негизгиси адилеттүүлүк болуш керек.
Адам мамилелериндеги манипуляциялоонун орду
Манипуляторлор күнүмдүк тиричиликте жана түркүн түстүү тармактарда абдан көп кездешет, жана булардын көпчүлүгү жеке өз кызыкчылыгын гана көздөгөндөр. Булар, адамдарды күнөөлөшү, нарксыздандырышы, көз каранды кылышы мүмкүн.
Оң таасирдеги манипуляторлор дагы аз эмес, мындай адамдар акылга акыл кошуп, туура иш жасоого үндөйт, жол көрсөтөт жана манипуляциялоо иш-аракеттерин аз жүргүзөт, көчөдө сейрек кездешет жана көбүнчө тууган-урук арасынан чанда байкалат.
Ошондой эле, «жакшынын» бетин жамынып, кайсы бир жамаат ичинде кандайдыр бир кадыр-барк алуу максатында акыл үйрөткөндөр дагы аз эмес. Булар дагы кандайдыр бир деңгээлде, өз максатына жетүүнү каалаган манипуляторлор болуп саналат.
Адамдын бардык иш-аракеттерин, башкаларга баалуулук катары мамиле кылуу, же башкаларга каражат катары мамиле кылуу огуна жайгаштырса болот.
Биринчи учурунда (субъективдүү) башка адамдын кандай болсо да, ошондой болуу укугун камтып, баалуулук катары таанууну жоромолдойт. Бул нерсе кызматташууга, тең укуктуу мамилелерди орнотууга, жаралган маселелерди биргеликте чечүүгө, түшүнүүгө умтулуу менен көрсөтүлөт.
Экинчи учуру (объективдүү) тескерисинче өз максаттарына жетүү үчүн башка адамды курал катары колдонуу же мамиле жасоону жоромолдойт: зарыл болсо — тартуу керек, зарыл эмес болсо — четке жылдыруу, тоскоолдук жаратса — жок кылуу (кыйыр жана түз мааниде).
Мындай орнотмо башка адамга ээлик кылуу, башкаруу каалоосу, аны түшүнбөөсү жана түшүнүү аракеттеринин жоктугу, стереотиптүү көз караштарда негизделген ага болгон бир тараптуу көз карашы менен аныкталат.
Бирок, адамдардын иш-аракеттеринин бардык формаларын, айтылгандын тигиниси же мунусу деп таандык кылууга болбойт. Буга байланыштуу көп кездешүүчү иш-аракет орнотмолору белгиленген:
Доминанттык (үстөмдүк) кылуу. Мүнөздөлүшү:
башка адамга, максаттарына жеткирүүчү буюм же курал катары мамиле кылып, анын кызыкчылыктары эсепке алынбайт;
ээлик кылууга, башкарууга, бир жактуу чексиз артыкчылыкка ээ болууга умтулуу;
өнөктөшүнө болгон жөнөкөй, бир жактуу көз карашы, ал жөнүндөгү стереотиптүү элестетүүлөрдүн болушу;
ачык императивдик таасир этүүнүн болуусу (зомбулуктан баштап, таңулоо, сезим туудурууга чейин).
Манипуляция. Мүнөздөлүшү:
өнөктөшкө «өзгөчө түрдөгү буюм» катары мамилеси менен (анын кызыкчылыктарына жана ниеттерине көңүл бурбоо тенденциясы бар бирок, бардыгын камтуучу мүнөзгө ээ эмес);
таасир калтыруучу нерселерге өнөктөштүн көңүлүн бурууларына көңүл буруу менен айкалышкан бир жактуу артыкчылыкка ээ болууга умтулуу;
түз эмес, жашыруун таасир этип басым кылуунун болуусу (чагымчылдык, алдоо, бузукулук).
Теңтайлашуучулук. Мүнөздөлүшү:
өнөктөшкө ишенүүгө болбой турган коркунучтуу жана башкарылгыс объек катары мамиле кылуу;
өнөктөштөн кайсы бир учурларда жеңип алууга, бир жактуу артыкчылыкты «жулуп алууга» умтулуу;
жашыруун жана ачык таасир этүүлөрдү колдонуу («кылдат» манипуляциянын өзүнчө түрлөрү, тактикалык макулдашуулар).
Өнөктөштүк. Мүнөздөлүшү:
өнөктөшкө өзүнө теңдей мамиле кылуу;
башкалардын кызыкчылыктарына зыяны жок учурларда, өзүнө зыян келип калбашына жол бербөө;
таасир этүү эмес, кызматташуу ыкмаларын колдонуу (келишим).
Шериктештик, ыктымактык. Мүнөздөлүшү:
өнөктөшкө эң баалуу инсан катары мамиле кылуу;
көз караштары жакын же бирдей болгон максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөгө, биригүүгө умтулуу;
кызматташуунун негизги ыкмасы катары макулдашууну (консенсусту) колдонуу.
Ошентип, манипуляция теңдеш эмес, доминанттык кылууга жакын бирок, өнөктөштүн психикасына азыраак интенсивдүүлүктөгү таасир этүү менен айырмаланган мамилелерди болуусун жоромолдойт.
Ийгиликтүү манипуляциянын шарттары
Психолог Джордж Саймондун ою боюнча психологиялык манипуляциянын ийгилиги баарынан мурда манипулятордун кийинкидей аракеттеринен көз каранды:
агрессивдүү ниттеринин жана өзүн алып жүрүүлөрүн жашыруусунан;
кандай тактика эң натыйжалуу болоорун аныктоо үчүн экинчи жактын психологиялык алсыздыктарын билүүсүнөн;
экинчи жакка зарыл болгондо зыян келтирүүсүнө тынсызданбоо үчүн жетишээрлик таш боордук деңгээлине ээ болуусунан.
Буга ылайык, манипуляция көп учурда жашыруун болот — реляциондук-агрессивдүү (англисче relational aggression, башка адамдар тарабынан кайсы бир адамдын мамилелерине зыян келтирүү) же пассивдүү-агрессивдүү.
Манипуляторлор курмандыктарын кантип башкарат
Брейкердин ою боюнча
Психолог Харриет Брейкер (Harriet B. Braiker) манипулятордун өзүнүн курмандыктарын башкарган кийинкидей негизги ыкмаларды идентификацилаган:
оң таасирдүү бекемдөө — мактоо, үстүртөн кызыктыруу, үстүртөн тилектеш болуу («крокодилдин көз жаштары»), ашыкча кечирим суроо; акча, жактыруу (колдоо), белектер; көңүл буруу, келбеттин атайын көрүнүшү (мисалы, калп күлүү же жылмаюуу); коомдук таануу;
терс бекемдөө — сыйлык катары көйгөйлүү, жагымсыз абалдан арылуу. Башкача айтканда, каалаган нерсени жактыруу үчүн, кандайдыр бир жагымсыз же кыжырды келтирүүчү нерседен арылуу. Мисалы, манипулятор каалап жаткан кайсы бир жумушту жасаганда, анын маанайы ачылып, жагымсыз сөздөрдү сүйлөбөй калат.
туруксуз жана жарым-жартылай бекемдөө — натыйжалуу коркунуч жана күмөн климатын түзүшү мүмкүн. Жарым-жартылай же туруксуз оң таасирдеги бекемдөө курмандыктын тырышуусун колдошу мүмкүн — мисалы, көпчүлүк кумар оюндарынын формасында оюнчу мезгил-мезгили менен утушу мүмкүн бирок, жалпысынан барыбир уттурат;
жазалоо — кекетүү, кыйкыруу, үн катпоо, коркутуу, тилдөө, эмоционалдык опуза (шантаж), күнөө сезимин таңуулоо (guilt trip), кабак-башты бүркөө, атайын ыйлоо, курмандык көрүнүшүн жасоо;
травмалоочу бир жолку тажрыйба — үстөмдүк же артыкчылыкты орнотуу максатын көздөгөн сөз менен кордоо, кыйкыруу, жинденүү же башка коркутуучу мүнөздөрдү көрсөтүү; мындай мүнөз көрсөтүүнүн бир гана инциденти курмандык адамын каршылык көрсөтүүгө же манипуляторго каршы болуудан качууга үйрөтүшү мүмкүн.
Джордж Саймондун ою боюнча
Психолог Джордж Саймон башкаруунун кийинкидей ыкмаларын идентификациялаган:
Калп же жалган — кайсы бир нерсени же маалыматты айтуу учурундагы татаал аныкталуучу калпты колдонуу, көбүнчө кийинчерээк же кеч болуп калганда билинүүчү чындык. Алданып калуу мүмкүнчүлүгүн азайтуунун жалгыз ыкмасы — калп айтуунун жана алдамчылыктын чебери кээ бир инсандардын (өзгөчө психопаттар) мындай нерсени системалык түрдө жасаарын, жана көбүнчө кылдат ыкмаларын колдоноорун баамдай билүү.
Унчукпай коюуу жолу менен алдоо — чындыктын кыйла үлүшүн айтпай коюуу менен коштолгон калптын өтө кылдат формасы.
Моюнга албоо же тануу — манипулятор тигил же бул нерсени туура эмес жасагандыгын моюнуна албай танат.
Коркок же жүрөксүз деп күнөөлөө — инсандын психологиялык аспектилерин козгоочу терең катмардагы манипуляция. Булардын ичинде: өзүнүн алып жүрүүсүнө жана абалга жеке мамиле жасоо, коомдук ой-пикир жана талап кылынуучу клише (тексттин же сөздүн даяр шаблондук айтымы), трансгенерациялык орнотмолор.
Рационалдаштыруу — бир караганда ишендире тургандай көрүнгөн түшүндүрмөлөр жана себептер менен манипулятор өзүнүн иш-аракеттерин актайт. Рационалдаштыруу үгүттөө жана пиардын формасы болгон «спин» (айлантуу) түшүнүгү менен тыгыз байланышта.
Минималдаштыруу — рационалдаштыруу менен бирге тануунун (моюнга албоонун) бир түрү. Манипулятор, башкалар айтып жаткандай, анын иш-аракеттери анчалык зыяндуу же жоопкерчиликсиз эмес деп ырастайт, мисалы, шылдың кылуу же кемсинтүү жөн гана тамаша болчу деп («тарс эткендин баары тамаша» деген өңдүү).
Тандалма көңүл буруу же бурбоо — манипулятордун пландарын бузуп коюуучу мүмкүндүктөргө көңүлүн буруудан баш тартат, мисалы, «мен андайды уккум келбейт» деген сыяктуу.
Алаксытуу же алагды кылуу — манипулятор түз суроого түз жооп бербей, анын ордуна сөздү башка темага бурат.
Шылтоо — алаксытууга окшош, бирок, ишке таандыгы, байланыштыгы жок так эмес жоопторду берүү, аныкталбаган фразаларды колдонуу менен коштолот.
Жашыруун коркутуу — манипулятор жымсалдатылган же жаап-жашырылган (кылдат, кыйыр же болжолдонуучу) коркутууларды колдонуу менен курмандыгын коргонуучу тараптын функциясын аткарууга мажбурлайт.
Жалган күнөө — коркутуу тактикасынын өзгөчө түрү. Манипулятор ак ниеттүү курмандыгына анын жетишээрлик эмес ыкыластыгына, өтө өзүмчүлдүгүнө же жеңил ойлуулугуна кыйытма (орусча намёк) кылат. Бул нерсе негизинен курмандыктын өзүн жаман сезүүсүнө, өзүнө ишенбестик, тынчсыздануу же баш ийүү абалына түшүүгө алып келет.
Уяткаруу же уялтуу — манипулятор курмандык адамындагы коркуу жана өзүнө ишенбестик сезимин жогорулатуу үчүн какшык жана мазактоо иш-аракетин колдонот. Манипулятор бул тактиканы башкалар өзүн аз маанилүү экенин сездирүү жана буга байланыштуу манипуляторго баш ийдирүү үчүн колдонушат. Уяткаруу тактикасы абдан кылдат жасалышы мүмкүн, мисалы, ырайымсыз жүз-кебетени же көз карашты көрсөтүү, жагымсыз же коркутуучу тоналдуулукта сүйлөө, риторикалык (сөздүн көркөмдүгүн жогорулатуучу түрдүү айтымдар) ой-пикирлер, кылдат какшыктоо. Манипуляторлор уяткаруу сезимин алардын иш-аракеттерине орой каршы сөз айтуу үчүн дагы сездириши мүмкүн. Бул курмандык адамындагы адекваттуу эмес сезимин тарбиялоочу эффективдүү ыкма.
Курмандыкты айыптоо — каалаган башка тактикалар менен салыштырмалуу курмандыкты коргонуучу тарап болууга мажбур кылуучу күчтүү каражат, ошол эле убакта, бул тактика манипулятордун агрессивдүү ниетинин өңүн жашырат.
Курмандык ролун аткаруу («мен бактысызмын» деген өңдүү) — манипулятор өзүн кырдаалдын, учурдун же кимдир бирөөнүн иш-аракетинин курмандыгы катары көрсөтүп, өзүнүн максаттарына жетүү үчүн боорукерлик, аёоо, тилектештик же кайрымдуулук сезимдерин сездирүүгө аракет кылат. Көпчүлүк учурда камкордуу жана ак ниет адамдар бирөөнүн көйгөйүнө кайрымсыз боло албайт, ошондуктан манипулятор кызматташууга жетүү үчүн мындай сезимдер менен оңой ойнойт.
Кызматчы ролун аткаруу — манипулятор өзүнүн керт башын ойлогон ниеттерин жакшыраак ишке кызмат кылуу өңүндө жашырат, мисалы, Кудай же башка авторитеттүү фигурага «баш ийүү» жана «кызмат кылуу» үчүн гана тигил же бул ыкмада иш-аракет кылганын ырастайт.
Кызыктыруу, азгыруу — манипулятор курмандыктын каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтүп, анын ишеничине жана туруктуулугуна (лоялдуулугуна) ээ болуу үчүн өзүнө тартуу, мактоо, ачык колдоо сыяктуу иш-аракеттерди колдонот.
Күнөөнү проекциялоо (башкаларды күнөөлөө же айыптоо менен чагылыштыруу) — манипулятор курмандыкты күнөөлүү киши кылат, көп учурда кылдат, оңой менен билинбеген ыкмаларды колдонот.
Күнөөсүздүктү симуляциялоо — манипулятор анын каалаган зыяны атайын жасалбаганын, же аны айыптап жаткан нерсени жасабагандыгын ишендирүүгө аракет кылат. Манипулятор таң калуу же кыжырдануу көрүнүшүн кийиши мүмкүн. Бул тактика курмандыктын өзүнүн көз карашына, жана мүмкүн өзүнүн акыл-эсинен күмөн болууга мажбурлайт.
Чаташкандыкты симуляциялоо — манипулятор ага эмне деп айтып жатканын түшүнбөй турганын, же анын көңүлүн буруп жаткан маанилүү маселени алмаштырып алганын көрсөтүп, калп келесоо болууга аракет кылат.
Агрессивдүү кыжырдануу — манипулятор курмандыгын шок кылуу же баш ийдирүү үчүн кыжырданууну колдонот. Көп учурда мындай аффект жасалма болот; өзүнө ишенбестикти жана тынчсызданууну жаап-жашыруу үчүн колдонулушу сейрек эмес.
Деклассификациялоо — мурда сырдуу же чектелген делген абалды ачуу, жалган болсо дагы. Мисалы, «мен сага чындыкты айтайынчы» же «чынын айтканда» деген сыяктуу фразаларды колдонуу. Курмандыктын аз маанилүү экенин, маалыматты билгендигин көрсөтүп (жалган болсо да), манипулятор өз кызыкчылыгында колдонот. «Чынын айтканда» деген фраза, демек, адам буга чейин жалган айтып келгенби деген суроону жаратат.
Манипулятор колдонуучу башкалардын алсыздыктары
Манипулятор негизинен өзүнүн курмандыгынын өзгөчөлүктөрүн жана кемчиликтерин, алсыз жактарын изилдөөгө аз эмес убакыт коротот.
Гарриет Б. Бейкерге ылайык, манипуляторлор курмандыгында болуп калуучу кийинкидей алсыздыктарды колдонушат:
жыргалдыктарга болгон кумардуулук
айланасындагылардын колдоосуна же таануусуна ээ болууга умтулуу
эмотофобия (англисче Emotophobia) — терс эмоциялардан коркуу сезими
өз алдынчалуулуктун (ассертивдүүлүк) жана «жок» деп айттуу мүмкүндүгүнүн жетишсиздиги
так эмес аң-сезим (так эмес жеке чектер менен)
өз күчүнө болгон ишенимдин төмөн болуусу
көзөмөлдүн тышкы бекитилген абалы (локус)
Джордж Саймон боюнча алсыздыктар:
ишенчээктик, момундук — курмандык кээ бир адамдардын куу, чынчыл эмес жана таш боор болооруна ишенбейт, же манипулятордун курмандыгы экенин моюнуна албайт.
ашыкча сезимдүүлүк же эстүүлүк — адам манипуляторго күнөөсүздүк жоромолун берүүнү каалайт же аны колдойт.
өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгү — адамдын өзүнө болгон ишенүүсү күмөн жаратат, ага ынангандык, көзү жеткендик жана тырышчаактык жетишпейт, ал оңой эле коргонуучу абалга түшүп калат.
ашыкча интеллектуалдаштыруу — адам манипуляторду түшүнгүсү келет жана манипулятордун зыян алып келүүсүнүн кандайдыр бир түшүнүктүү себеби бар деп жоромолдойт.
сезимдик көз карандылык — курмандык баш ийген же көз каранды өз алдынчалыкка ээ. Курмандык канчалык эмоционалдуу жактан көз каранды болсо, ал ошончолук башкалар тарабынан эксплуатацияланууга жана башкарылууга алсыз келет.
Мартин Кантордун (Martin Kantor) ою боюнча кийинкидей адамдар психопатиялык манипуляторго алсыз болот:
ишенчээктер — чынчыл адамдар көп учурда башкаларды дагы өзүндөй чынчыл деп ойлошот. Мындай адамдар анча-мынча тааныган адамдарга деле, маалыматтарды салмактабастан ишене берет. Эксперттерге мындай адамдар өтө сейрек кайрылышат;
альтруисттер — психопатиялыктардын карама-каршысы; ашыкча чынчыл, ашыкча адилеттүү жана кылдат келишет;
аңкоо адамдар — дүйнөдө (же кайсы бир жамаатта) арамза, митаам адамдардын болооруна ишенбейт, же андай адамдар болсо да, алардын иш-аракеттерине жол берилбейт деп жоромолдошот;
мазохизмге ийимдүүлөр (мазохизм — кемсинүү, зомбулук же кыйноо сезимдерин сезүү менен ырахат алууга ийимдүүлүк) — жеке кадыр-барк, аброй сезиминин жетишсиздиги жана аң-сезимдеги коркуу, мындай адамдарды манипуляторлор тарабынан өз кызыкчылыгында колдонууга мүмкүндүк берет. Мындай адамдар аларга жасалган кайсы бир иш-аракетти күнөө сезиминен улам өзүнө татыктуу болгонунан жасалды деп ойлошот;
өзүн жакшы көргөндөр — татыктуу эмес мактоолорго алданууга ийимдүү адамдар, мындай адамдарды манипуляторлор далыга бир чаап эле алдап коюшат;
ач көздөр — ач көз жана чынчыл эмес адамдар психопат манипулятордун курмандыгы болуп калышы мүмкүн, алар ач көздү адепсиз (нравалык) эмес ыкма менен оңой эле кызыктырып алышат;
билими же тажрыйбасы жетишсиз адамдар — булар толук эмес көз караштарга ээ болуп, көбүртүп-жабыртылган жарнамалык убадаларга өтө ишенип алышат;
материалисттер — тез баюуунун схемаларын сунуштаган сүткорлордун оңой олжосуна айланат;
көз карандылар (материалдык, психологиялык) — башкалардын көңүлүнө муктаж, ошондуктан, бирөөнүн сөзүнө оңой кирип, «жок» деп айтуунун ордуна көбүнчө «ооба» дешет;
жалгыз бой адамдар — адам байланышынын каалаган сунушун кабыл алышы мүмкүн. Бейтааныш-психопат анча чоң эмес материалдык жыргалдык үчүн достук мамилесин сунушташы мүмкүн;
импульсивдүүлөр — башка адамдар менен кеңешпестен чечимдерди шашылыш кабыл алат, мисалы, бир нерсени сатып алууда же кимдир бирөө менен баш кошууда;
үнөмдүүлөр — келишим эмне үчүн анчалык арзан экенин билсе дагы, келишимден баш тарта алышпайт;
улгайгандар — бир убакта бир нече тапшырмаларды аткарууга мүмкүндүгү жок же чарчаган-чаалыккан абалда болушу мүмкүн. Жарнамалык сунуштарды угууда же көрүүдө алдамчылык болуп калышы жөнүндө ойлонушпайт. Улгайган адамдар көп учурда ийгиликсиз адамдарды каржылоого ийимдүү.
Психологиялык манипуляцияларга өзгөчө алсыз болгон топторго балдар, өспүрүмдөр жана жаш курактагы адамдар кирет, буларда манипуляторлорго каршылык көрсөтүүчү жашоо тажрыйбасы жана билими азыраак болот.
Жалпысынан жаш өткөн сайын манипуляцияларга каршылык көрсөтүү мүмкүндүктөр жогорулап, улгайган жаш айланасында максимумга жетет, андан кийин улгайган кезде алгач аз-аздан, кийин көбүрөөк төмөндөйт.
Буга байланыштуу, балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаш жана улгайган курактагы адамдардын манипуляторлордон коргоо иш-аракети өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Манипуляцияларды жүргүзүү үчүн ойлонуунун системалык каталары колдонулушу мүмкүн, мисалы, когнитивдик бурмалануулар, же логикалык амалдар.
Манипуляциялардын себеби жана манипуляторлордун мотивдери
Психолог Эверетт Шостромдун ою боюнча психологиялык манипуляциялардын негизинде кийинкидей себептер жатат:
Ишенбестик. Манипулятор өзүнө ишенбейт. Акылы жана ички сезими менен «анын кутулуусу же куткарылуусу башкаларда» деген ойдо, ошондуктан, башкалар анын байлоосунда болуусу үчүн манипуляциялоо жолуна түшөт.
Сүйүү мүмкүндүгүнүн жоктугу. Адамдар ортосундагы нормалдуу мамилелер — бул сүйүү. Сүйүү сөзсүз түрдө адамдын кандай болсо, ошондой кабыл алынышын жоромолдойт. Манипулятор үчүн мындай мамилелер мүмкүн эмес, анткени, анын бир тараптуу көз карашы адамдарды жана алардын иш-аракеттерин туура баалоого мүмкүндүк бербейт. Мындан тышкары, сүйүү жалкоолук кылган адамга жетүүгө кыйын болгон жеңиш, ошондуктан, бир гана альтернатива калат — башка адам үстүндө толук үстөмдүк кылуу, а бирок бул көпкө созулбайт жана манипулятордын ыкмалары тез арада ачыкка чыгат.
Алсыздык сезими. Көптөгөн манипуляторлор өзүнүн алсыздыгын таанып-билгенден улам башкаларды башкарууга аракет кылат. Уверсалдуу мисал катары балдарын башкара албай калган эненин ооруп калуусун айтууга болот.
Адамдар ортосундагы жакын жеке мамилелерден коркуу. Адамдын негизги коркунучтарынын бири татаалдаштырылган абалдар коркунучу. Өзүнүн толук кандуу инсан эместигине башынан өткөрүп жаткан манипуляторго мындай фобия өзгөчө мүнөздүү, ошондуктан ал жакын мамилеге караганда формалдаштырылган мамилени каалайт.
Колдоо/жактырууга ээ болуу каалоосу. Көпчүлүк манипуляторлордун ишмердүүлүгү коомдогу стереотиптерден көз каранды болгонунан жаралат, алардын бирин кийинкидей формулировкалоого болот: «биз бардыгынын жана ар биринин колдоосуна ээ болушубуз керек».
Манипуляторлордун мүмкүн болуучу мотивдери:
фактылык жактан дээрлик каалаган ыкма менен жеке өзүнүн максаттарын жана пайдасын алга жылдыруу муктаждыгы,
башкалардын үстүндө бийлик жана артыкчылык сезимин алуу зарылдыгы,
өзүн диктатор сезүү каалоосу жана зарылдыгы,
өзүнө болгон сый-урматты жогорулатуу же көтөрүү үчүн башкаларга үстөмдүк кылуу,
курмандыкты башкарып, жана андан ырахат алып, адам менен ойноо каалоосу,
курмандыктар үстүндө дайыма манипуляциялоо адаты,
кайсы бир ыкмаларды текшерүү жана машыгып көрүү каалоосу.
Манипуляторлорду айырмалоочу өзгөчөлүктөр
Э. Шостромго ылайык манипулятордун жашоого жана айланасындагы адамдарга болгон мамилеси төрт «китте» жатат:
Калп. Манипулятор чыныгы эмес, ойнотулган жалган сезимдерди көрсөтүп, кандайдыр бир ролду ойноп, таасир калтырууга аракет кылат. Мындай стратегия сөзсүз түрдө эмоционалдык жардыланууга алып келет: манипулятордун жашоосу «сүйүктүү эмес жумушка» айланат, ал жашоо менен ырахаттануу жана терең сезимдерди сезүү мүмкүндүгүн жоготот.
Баамдабагандык. Ар бир манипулятор үчүн «бир багыттуу көз караш» мүнөздүү, башкача айтканда, адам өзү каалаган нерсени гана кабыл алат. Дал ушул себеп боюнча манипуляторлор реалдуулуктан арылган болуп, айланасында болуп жаткан окуяларды баалай албайт, өзүнүн жашоосунун максатын жана маанисин түшүнө албайт.
Көзөмөл. Манипулятор башкарууну өтө жакшы көрөт. Ал ансыз жашай албайт. Ошол муктаждыгынын кулу. Бирок, ал канчалык башкарууну жакшы көрсө, ошончолук башка бирөө тарабынан башкарылма болуу муктаждыгы да күчтүү болот. Ооба, ушундай карама-каршылыктар да болот.
Уятсыздык же бетбактык (цинизм). Манипулятор өзүнө да, башкаларга да ишенбейт, ал эми жан дүйнөсүнүн тереңинде такыр адам табиятына ишеним артпайт. Сүйүү мүмкүндүгүнөн арылган мындай адам айланасындагылардын ар бирине инсан катары эмес, өзүнүн муктаждыктарын канааттандыруучу каражат катары кабыл алып, керектөөчүлүк мамилесинде мамиле кылат.
Манипуляторлордун психологиялык мүнөздөмөлөрү
Манипуляторлор аддикцияларга (көз карандылыктар, жаман адаттарга), коргонуу механизмдерин (өзгөчө чануу, моюнга албоо, орун алмаштыруу, регрессияларды) колдонууга ийимдүү, булар экстерналдуу (субъективдүү көзөмөлдүн төмөнкү деңгээли) келип, соматикалык (денеге таандык) ооруларга жакын, өзүн өзү актуалдаштырууга ийимсиз, спонтандуу эмес, учур чакка багытталбайт, ийгиликке жетүүгө умтулбайт.
Өзүнүн түшүнүгүндөгү гана башкаларды алдоо жолуу менен ийгиликке жетүүнү каалайт.
Манипуляторлордо кийинкидей жеке психикалык бузулуулар болушу мүмкүн:
Роберт Хейр (Robert Hare) жана Пол Бабяктын (Paul Babiak) оюна ылайык, психопаттар өзүнүн алдамчылык иштерине дайыма курмандыкты издөө үстүндө болушат. Психопатиялык ыкма үч фазаны камтыйт:
1. Баалоо фазасы
Айрым психопаттар — дээрлик каалаган адамды алдап кетүүчү көз карашсыз, агрессивдүү жырткыч сыяктуу болушат.
Ошол эле убакта, башкалары идеалдуу, аңкоо курмандыгын күтүп, чыдамдуураак келишет. Кээ бирлери кыйынчылыгына карабастан каалаган маселени чечүүнү жакшы көрүшөт, башкалары алсыздарына аңчылык кылышат.
Ар бир учурда психопат адамдын акча, бийлик, таасир жана башка жыргалчылык пайдасынын булагы катары жарамдуулугун баалайт.
Баалоо фазасынын учурунда психопат болуп калуучу курмандыгынын алсыз жактарын аныктоого мүмкүндүгү бар, жана андайды өзүнүн ойлорун ишке ашырууга колдонот.
2. Манипуляция фазасы
Психопат өзүнүн курмандыгын аныктаган соң манипуляция фазасы башталат. Манипуляция фазасынын башында психопат курмандык үстүндө манипуляция жүргүзүүгө арналган атайын масканы калыптандырат.
Өзүнүн курмандыгынын ишенимине кирүү үчүн ал алдоо иштерин жүргүзөт. Боор тартуу жана күнөө сезиминин жоктугу психопатка айыпсыз калп айтууга мүмкүндүк берет; каалган максатына жардамы тийбесе, ал чындыкты айтуунун маанилүүлүгүн көрбөйт.
Курмандыгы менен болгон мамилесинин өнүгүүсүндө психопат аны кылдат баалай баштайт. Курмандыктын жеке сапаттары психопатка баалануучу мүнөздөрү жана өзгөчөлүктөрүнүн жалпы сүрөттөлүшүн алат.
Баамчыл байкоочу манипулятор, курмандык жашырууга же минималдаштырууга аракет кылган туруксуз жана алсыз жактарын табууга мүмкүндүк алат.
Адам мүнөзүнүн билгичи болгон психопаттар, курмандыгынын ички каршылык көрсөтүүсүн жана зарылчылыктарын абайлап кылдат текшерип, анан курмандык менен жеке мамилелерди түзө баштайт.
Психопаттын беткабы — бул курмандык менен мамиле түзүүчү инсан — жалгандан жасалып, курмандыгын тартуу, кызыктыруу үчүн кылдат жылмаланган жүз.
Бул маска, көптөгөн бет каптардын түрү, жана ал курмандыктын жеке психологиялык талаптарына жана күтүүлөрүнө ылайыкташуу максатында түзүлөт.
Курмандыктын артынан түшүү маңызы жагынан жырткычтык болот; көп учурда адамдын олуттуу финансылык, физикалык же эмоциялык жабыркашына алып келет.
Саламаттуу жана реалдуу мамилелер өз ара сый-урмат, ишеним, бири-бири менен бөлүшүүчү чынчыл ойлор жана сезимдер менен куралат. Курмандыктын психопаттык байланыштагы «мында ушундай өзгөчөлүктөр бар деген» жаңылыш ою ийгиликтүү манипуляциянын себеби болот.
3. Ажырашуу фазасы
Ажырашуу же курмандыктан арылуу фазасы психопаттын «курмандык пайдасыз» деген чечимге келгенде башталат.
Психопат курмандыгын калтырып, кийинки курмандыкка өтөт. Романтикалык байланыш учурунда, психопат учурдагы курмандыгын калтырып кетээр алдында, кийинки бутага алынган курмандык менен мамиле жасаарына өзүнө кепилдик берет.
Кээде психопатта бир учурда иш алып барган үч курмандык адамы болушу мүмкүн, биринчиси — калтырып кеткенине аз гана убакыт болуп, башка экөө менен иш алып барууда ийгиликке жетпей калган учур үчүн сакталат; экинчиси — учурдагы курмандык, жана аны жакынкы убакта калтырып кетүүнү пландаштырышы мүмкүн; жана үчүнчүсү — учурдагы курмандыкты калтырып кетүүнү күтүү учурунда, ага камкордук жасап, мамиле кылат.
Алдамчылыктагы психологиялык манипуляциялар
Алдамчылар тарабынан психологиялык манипуляциялар кеңири колдонулат. Мындай психологиялык ыкмалар түпкүрү жеке, банктык жана башка конфиденциалдуу маалыматтарга укуксуз же мыйзамсыз түрдө ээ болуу менен түрдүү алдамчылык максаттарда колдонулуучу социалдык инженериянын негизинде жатат.
Негизинде психологиялык манипуляциялар жаткан кеңири жайылган алдамчылык түрлөрүнө кийинкилер таандык:
айыкпаган ооруларды айыктыруучу (жалган) медициналык багыттагы буюмдарды сатуу;
жакынкы же алыскы биртугандын телефон чалуусу;
зарылдыгы жок суунун, газдын, электр энергиясынын түрдүү белги берүүчү жабдыктарын орнотуу зарылдыгы;
зарылдыгы жок эле ошол эле суу, газ, электр энергия эсептегичтерин текшерүү;
банк эсептери жана карталарынын коркунучта экени жөнүндөгү телефон чалуулар, айрыкча банк кызматкеринин бетин жамынып;
үйлөргө мезгил-мезгили менен келип интернет же башка кызматтарды орнотуу боюнча айтып, жеке маалыматтарды айлап-жылдап чогултуу (кийин ал маалыматтарды алдоо үчүн колдонуу максатында);
мамлекеттик кызматкер жүзүндө келип, үйдө эмне бар эмне жок тууралуу кайра эле маалыматтарды чогултуу (кийин алдоо же уурулук кылуу үчүн колдонуу максатында);
зер буюмдарына көз тийген же дубаланган деген шылтоо менен аларды чечтирип алып кетүү максатында ж. б. ойго келбеген, адам шектене албаган көптөгөн түрлөрү.
Психологиялык манипуляцияны аныктоо
Манипуляциялык коркунучтарды аныктоонун негизги эки ыкмасы бар:
психологиялык таасир этүү технологиясынан жаралган абалдын өзгөрүүсүн байкоо;
таасирлердин механизмдерин анализдөө.
Биринчи ыкмада манипуляциялык аракеттердин жалпы белгиси катары тигил же бул өз ара аракеттенүүнүн тең салмактуулугунун бузулуусу саналат, мисалы:
Жоопкерчиликти бөлүштүрүүдөгү тең салмаксыздык — жок жерден эле бирөөгө карыз же милдеттүү болуп чыгуу, кимдир бирөөнүн ишенимдерин актабаган болуп калуу.
Утуш жана төлөм катыштыгындагы тең салмаксыздык — жасалган иш кетирген мээнетке туура келбейт (бул учурда алдын-ала пландоодогу жана ишке ашыруудагы каталарды алып салуу керек).
Ресурстук дисбаланс — утуш жана төлөм катыштыгына окшош, бирок, мында манипулятор кайсы бир ресурска ээ болуу менен адамдарды колдонот, мисалы, айылдагы көмүр сатуучу, өзүнүн жалгыз сатуучу экенин, күн суукта адамдар каршылык көрсөтө албастыгын билип, бааларды көтөрүү, таразадан алдоо (таразаны адамдын көрүүсүнө ыңгайсыз кылып унаанын үстүнө коюуу), каптарга салынган көмүрдү мажбурлап сатуу менен каптарга да кошумча акча алуу (өз кабыңарды алып келсеңер, кайсы бир шылтоону айтып, кап сатып алууга мажбурлоо) ж. б. Мындай учурда керектөөчүлөрдүн укуктарын колдоо мыйзамы менен танышып алуу абдан жакшы.
Күч-кубаттык басым жасоонун болушу
Кырдаалдын элементтеринин тең салмаксыздыгы — таасир этүү буталарынын (жаңы тааныш бизди тааныгандай), маалыматтын бир кылып топтолушу же берилишинин (баарлашуучу тигил же бул маселеде көңүл чордонун маанилүү нерсеге эмес мааниси жагынан экинчи делген нерселерге бурат) өзгөчөлүгү.
Өнөктөштүн өзүн алып жүрүүсүндөгү конгруэнттүүлүк (маалыматтын макулдашылбаганы) эместиги — түрдүү каналдар карама-каршылыктуу маалыматтын бериши (баарлашуучунун ишенимдүү сөздөрү, көзгө тике кароо жана колдордун түрдүү кыймыл аракеттери менен кошул-ташыл болот).
Өнөктөштүн адамдын иш-аракеттерин стереотиптештирүүгө (алдын-ала баалоо) ийимдүүлүгү.
Манипуляциялык таасирлердин механизмдерин анализдөө өз кезегинде адамдын айланасындагы эмес, анын өзүндө болуп жаткан тигил же бул өзгөрүүлөрдү байкоону жоромолдойт.
Мындай өзгөрүүлөргө кийинкилерди таандык кылуу керек:
Өзүн алып жүрүүдө психикалык автоматизмдердин (жеке процесстерди көзөмөлдөй албай калуу сезими) пайда болушу, өзгөчө эгер ал көп-көп же өтө ачык болсо.
Инфантилдик (жетилбегендик көрүнүштөр) өзүн алып жүрүүчүлүк реакциялардын регрессиясы: ыйлоо, агрессия, санаа ж. б., өзгөчө, эгер бул көрүнүштөр белгилүү бир абалга туура келсе.
Чечим кабыл алууга берилген убакыттын жетишсиздиги, бул учурда ал жетишсиздик чын эле объективдүү түрдө болгонун же атайын жасалып жатканын түшүнүү маанилүү.
Аң-сезимдин ичкерүү абалы — белгилүү бир адам менен баарлашууда, сүйлөмдөр өзгөрбөгөн формулировкаларга толгонун, кайра-кайра бир эле темага кайтып келгенин же баарлашуу чектелген темаларды гана камтыганын байкайбыз.
Көшөгө артындагы (фондук) абалдардын күтүлбөгөн жерден өзгөрүүсү: маанайдын начарлашы, кыжырдануу, түнт таарынуу жана башка терс эмоциялар тарапка жылыштар (өзгөчө, эгер алар себепсиздей сезилсе). Мындай психологиялык реакциялар манипуляциянын курмандыгына алып келинген зыян (аңдап сезилбесе дагы) жөнүндө белги берет.
Манипуляциялык коркунучтарды таанып-билүүнү кыйла жеңилдетүүчү айтылуу «жалган симптомдору» дагы жардам берет:
Баарлашуучу билдирген маалыматтын ичиндеги карама-каршылыктардын болушу; өзүбүз чогулткан маалыматтарга туура келбеши.
Маалыматтардын ачык жана конкреттүү эместиги.
Окуялардын баяндалышындагы ашыкча кылдаттык, өзгөчө убакыт боюнча алыс окуялар (даярдалган маалымат жатталып алынгандыктан).
Баарлашуунун ар кайсы баскычтарында бир эле окуяны бирдей эмес трактовкалоо (түшүндүрүү). Объективдүү өбөлгөлөрдүн жоктугу (мисалы, жашоо баалуулуктарын кайра кароого алып келүүчү трагедиялык окуянын) баарлашуучунун алгачкы версияны унутуп калганы же кокус айтып алгандыгын көрсөтөт.
Нейтралдуу себептер (начар угуу ж. б.) менен шартталбаган тигил же бул ырастамаларды тырышчаактык менен кайталоо.
Баарлашуучунун сөздөрүндө өнүгүү же билим деңгээлине мүнөздүү болбогон сөздөрдүн же фразалардын пайда болушу (өзгөчө жаңы пайда болгон терминдер, мисалы, фейк, жасалма интеллект, селфи, маалымат базасы, индентификация ж. б. у. с.).
Баарлашуучунун эмоционалдык фону менен ал тарабынан баяндалуучу нерсенин мүнөзүнүн туура келбеши. Майда-чүйдө тиричилик башаламандыктар жөнүндөгү баяндар айласы калбагандай үндөр жана колдордун жестикуляциялары менен коштолот.
Баарлашуучунун жеке компетенттүүлүгү, кең пейилдиги, кайсы бир жаман нерсеге кызыкпагандыгы же жакшыга кызыкканы жөнүндө жөнү жок кайра-кайра айтып шилтеме кылуусу.
Түз суроого жооп берүүдөн четтөөсү же качуусу, же түшүнбөгөнүн көрсөтүүсү.
Жеке маанилүү окуялардын эстен чыгып кетүүсү. Кээ бир манипуляторлор алар тарабынан берилген убадаларына келгенде өнөкөт унутчаак болоору аныкталган.
Психологиялык манипуляциялардан коргонуу ыкмалары
Манипулятордун иш-аракеттерине эки коргонуучу стратегияны каршы коюууга болот:
Таасир этүүнүн технологиялык элементтерин бузуу. Бул түрдөгү коргонуу манипулятор менен күрөшүүгө багытталып, анын жашыруун таасир этүү жана психологиялык басым жасоочу техникасынын элементтерине туураланат.
Жашыруун таасир этүү ачыкка чыгаруу же аныктоо:
Жашыруун маанилерин, мотивдерин аныктоо ж. б.: «эмне үчүн сиз ал жөнүндө айтып жатасыз?», «эмнени айтайын деп жатасыз?».
Сөздөн кеткен жаңылыштыктарга, акценттердин ордун которуштурууларына кылдат байкоо салуу.
Маанилик жана семантикалык тосмолорду түзүү: мисалы, «сенин түшүндүрмөлөрүң өтө түшүнүксүз».
Психологиялык басымга каршылык көрсөтүү ыкмалары:
Имитациялоо. Эгер манипулятор баарлашуучуга чабуул жасаар алдында шайын кетирүү максатында баарлашуунун көзгө басаарлык жай ылдамдыгын орнотсо, анда баарлашуунун андан дагы жай ылдамдыгын колдонсо болот.
Кырдаалдык талаанын өзгөрүүсү. Эгер манипулятор жабык мейкиндикте баарлашууну демилгелесе, баарлашууну тышка же ачык жерге жылдыруу зарыл ж. б.
Манипулятор менен психологиялык байланыштан оолак болуу.
Тынчсызданган эмоцияларды жана сезимдерди жашыруу. Мындай ыкма манипуляторго адамдын чыныгы эмоцияларын жана сезимдерин аныктоого жана аларга психологиялык таасир этүүгө мүмкүндүк бербейт.
Өзүн алып жүрүүчүлүк реакцияларда жана иш-аракеттерде алдын-ала билинүүчүлүктөн алыс болуу. Эгер адам кийинки иш-аракеттерин алдын-ала билдирип койбогондой өзүн алып жүрсө, манипулятор адамга ылайыкташа албайт.
Абалдык жана ролдук коргонууну колдонуу: мисалы, «үй-бүлөлүү адам катары мен андай нерсени жасабайм же андай нерсеге барбайм».
Манипулятор менен болгон байланышты убактылуу үзүү.
Таасир этүү элементтерин өз кызыкчылыкта колдонуу. Коргонуунун бул түрү манипуляциялык таасирди максаттуу түрдө трансформациялоону (өзгөртүүнү) элестетет. Эгер манипулятор баарлашууну чет жакка бура баштаса, адам ага көмөктөшүп, колдосо болот, андан соң баарлашууну алгачкы жолуна салуу керек. Эгер манипулятор кыйытмалар аркылуу адамды кандайдыр бир иш-аракетке түртүп жатса (мисалы, «сен айтчы»), анын ниетин туура түшүнгөндүгү жөнүндө түз андан сурап («мен сени туура түшүндүмбү, мен ошондой кылайынбы?»), оппоненттин жообуна жараша окуянын өнүгүү вариантына өз кызыкчылыгыңызды эске алуу менен макул болсо болот (албетте, адекваттуу деңгээлде).