Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сый-урмат

Баш барак | Психология | Сый-урмат

Сый-урмат — бир адамдын экинчи адамга болгон субъективдүү позициясы, инсандын кадырын таануу, кимдир бирөөнү сыйлоо, кадырлоо сезими.

Мазмуну

Сый-урмат адамдын кадыр-баркы (тиешелүү иш-аракеттерде, мотивдерде, ошондой эле, коомдун социалдык жашоо шарттарында) дээрлик таанылган мамилени билдирген адеп-ахлактуулуктун маанилүү талаптарынын бири.

Коомдун моралдык акыл-эсинде калыптанып калган сый-урмат түшүнүгү кийинкилерди жоромолдойт: адилеттүүлүк, укуктардын теңчилиги, адамдардын кызыкчылыктарын балким толугураак канагаттандыруу/эске алуу, бирөөнү оюн сыйлоо, башкаларга эркиндик берүү/камсыздоо; башка адамдарга ишенүү, ниеттерине, максаттарына, умтулууларына ыкылас көңүл буруу менен мамиле жасоо; сезгичтик, сылыктык, кылдаттык. Ал эми сый-урмат талаптарын бузуу бул — ишенбестик, зордук-зомбулук, эзүү, адилетсиздик, эркиндикти чектөө же басаңдатуу, теңсиздик, кадыр-барты кемсинтүү, оройлук.

Сый-урмат кандайдыр бир кармалык касиеттерге ээ, башкача айтканда адамга кандай мамиле жасасак ал сөзсүз түрдө өзүбүзгө кайтып келет, кээде эки эселеп.

Бирок, ушул түшүнүктөрдүн баарына маани берилип, мындан сыйлоо жана сыйлабоонун калыптанышы кандайдыр бир социалдык мамилелер таандык болгон коомдун мүнөзү менен аныкталат. Иммануил Канттын ою боюнча сый-урмат, жактырууга караганда адам мамилелеринин нормасын көбүрөөк орнотот. Бир гана сый-урматтын негизинде өз-ара түшүнүү пайда болушу мүмкүн. «Сый-урмат» түшүнүгүнүн анализдеген философтор: Иммануил Кант, Мартин Бубер жана Эммануэль Левинас.

Психотерапияда

Психотерапияда сый-урмат — бул бейтапка болгон көрсөтмө. Терапевт тарабынан бейтаптын тагдырынын абалдарын жана жашоо абалын кабыл алуусу, башкача айтканда, бейтаптын бардык инсандыгынын жана анын оору менен күрөшүү стратегиясын.

Инсандын кол тийбестик сый-урматы (башка адамдын жана өзүнүн) терапевттик мамилелердин өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Бул өзгөчө оор бузулуулардан жабыр тарткан бейтаптарга таандык.

Социалдык эмгекте

Адамдарды сыйлоо — бардык адамдар сый-урматка татыктуу экенин жоромолдогон социалдык эмгектин маанилүү негизи. Бул негизге ылайык адамдын коомдогу ролунун айынан же мүнөзүнөн улам сый-урматтан ажыратууга болбойт. Мисалы, майыптарды, айыкпас оору менен ооругандар ж. б. Кээ бир авторлор бул негизди социалдык эмгектин башкы баалуулугу катары санашат.

Аскер ишинде

Кыргызстана аскер дисциплинардык ишиндеги сый-урмат юридикалык милдет катары кемсинтүүлөрдөн кармануу гана эмес, тышкы урматтоо белгилеринен дагы турат. Ушул себептен бул нерсе чинди сыйлоо деген түшүнүк менен аталган.

Укукта

Мамлекеттик суверенитетти сыйлоо

Мамлекеттик суверенитетти сыйлоо — эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган негизи, өзүнө кийинкилерди камтыйт: мамлекеттин саясый көз карандылыгын, анын аймактык бүтүндүгүн, башка мамлекеттер менен теңдештигин таануу жана сыйлоо, өзүнүн саясый, социалдык, экономикалык жана маданий системаларын эркин тандоо жана өнүктүрүү.

Бул негиз БУУнун Уставы, ага ылайык достук мамиле жана мамлекеттер аралык кызматташуу эл аралык укуктар жөнүндөгү Декларациясы, ошондой эле, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча Акыркы Кеңешменин актысы менен бекитилген.

Инсандын кадыр-баркын сыйлоо

Инсандын кадыр-баркын, адамдын укуктарын жана эркиндигин сыйлоо — каалаган өлкөнүн түздөн-түз милдети. Ошону менен бирге адам кадыр-баркын сыйлоого мамлекет, анын органдары жана кызматтык жактар тарабынан, ошондой эле, коомдун башка мүчөлөрү тарабынан дагы сый-урмат мамиле жасалышына укуктуу, а бул мамлекеттик колдоо чаралары менен ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык — инсандын кадыр-баркы мамлекет тарабынан корголот. Мисалы, КР Конституциясынын 2-бөлүмү, 15, 19, 20-беренелери, 3-бөлүм, 21, 22-беренелер, 2-бөлүм, 1-бөлүмчө, 23-берене ж. б. у. с. Конституциядагы сый-урматка таандык бардык беренелер.

Мындай негиздер дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн конституцияларында бекитилген. Мисалы, 1949-жылдын 23-майындагы Германия Федеративдик Республикасынын Негизги мыйзамынын 1-бөлүмүнүн, 1-беренесине ылайык адамдын кадыр-баркы кол тийгис. Аны сыйлоо жана коргоо — бардык мамлекеттик бийликтин милдети делет. Норвегия Конституциясынын 110-беренесинде мамлекеттик бийликтин милдети катары адам укуктарын сыйлоо жана камсыздалышынын таанылышы каралган. Мындай эрежени ишке ашыруу ирети мыйзам менен аныкталат. Кытай Эл Республикасынын Конституциясынын 3-абзацынын 33-беренесине ылайык мамлекет адам укуктарын сыйлайт жана камсыздайт. Түштүк Африка Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинде ар бир адам ажырагыс кадырга жана сый-урматка, ошондой эле ошолордун корголушуна ээ делет.

Укук коргоо органдары дагы өзүнүн ишмердүүлүгүн адам укуктарын, эркиндигинин укуктарын сактоо жана сыйлоо менен иш алып барууга милдеттүү.

Ата-эне жана бала сый-урматы

Сый-урмат — бул адамдын башка адамды кадырлоосун билдирүүнүн формасы. Бирөөнү урматтаганда биз анын маанилүүлүгүн тааныйбыз. Ошол эле убакта, сый-урмат бул маанилүүлүктү сезүү, башкача айтканда маңдайыбызда турган адамдын барктуулугу бар экенин сезүү.

Үй-бүлөдөгү балдардын урматына татыктуу болуу үчүн ата-эне өзүлөрү кадыр-барктуу болуусу зарыл. Эгер ата-эненин жасаган иштеринде логика, акылдуулук, билимдүүлүк жок болсо, ата-эне убадасына турбаса, жалган айтса, анда баланын көзүндө тез эле урматтан кол жууйт. Эгер ата-эненин кимдир бирөөсү аракеч болсо, ал гана эмес баласына кол көтөрсө, мындайлар баланын көзүндө урмат эмес, жек көрүүгө чейин жетиши мүмкүн. Ата-эне балага билимдүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, эмгекчилдиктин, акылдуулуктун, айкөлдүктүн үлгүсү болуусу зарыл, ошондо бала ата-энени урматтайт.

Баланын ар бир суроосу жоопсуз калбашы керек, ошол эле убакта, ар бир баланын суранычы эркеликке өтүп кетпөөсү абзел.

Ал эми балдар ата-эненин сый-урматына татыктуу болуу үчүн сабактарын жакшы окуп, үй иштеринде кол кагыш кылып, эркеликтен алыс болуп турса дароо ата-эненин сый-урматына татыйт. Бирок, ата-эне баласын ансыз деле жакшы көрөөрүн унутпайлы. Бала дагы ата-эне дагы тең салмактуулукту сактоо зарыл.

Коомдогу сый-урмат

Сый жана урмат бул милдет эмес, бул эртеңки жакшылыктын кепилдиги. Мен бүгүн бирөөнө сый көрсөттүм, эртең мага башкалар же ошол адам жакшылык жасашы керек деген туура эмес. Сый-урмат милдеттү бирок акысыз болуусу шарт. Ошондо сый көрсөткөн адамдын, сый алган адамдын дагы ички дүйнөсү тазарып, психологдор айткан ички өнүгүү процесси жүрөт.

Коомдо бейтааныш адам менен мамиле түзгөндө, ал адамдын кызыкчылыктарын эске алууну унутпаш керек. Муну сый-урматтуу мамиле деп атап койсо болот. Анткени, ар бир адам сиз менен мен сыяктуу эле инсан, жана анын дагы өзүнүн жеке кызыкчылыктары бар. Эгер биз мындай адамга сый көрсөткүбүз келсе, сый-урматтуу мамиле жасагыбыз келсе, биз анын каалоо-тилектерин эске алуубуз керек. Дал ушундай жол менен кадимки тиричиликте болобу же ишкедикте болобу, өнөктөштүк мамилелер түзүлөт. Албетте, биздин коомдо «эгер мага эч нерсе кылбаса, мен эмне үчүн бир нерсе кылышым керек» деген ой калыптанып калган. Мындай нерсе бизге дайыма ийгиликсиз адамдардан жуккан болот. Ийгиликтүү адам дайыма башкалардын оюн эске алуу менен коомдо өзүн алып жүрөт. Ошол эле, тапталып калган «коомдук транспортто улууларга орун бошотуу» деген сыяктуу кичинекей нерселерден башталат.

Өзү келсин, өзү чалсын, мага эмне кереги бар деген сыяктуу эгоисттик мамилелер адам баласын дайыма төмөн карай сүйрөй берет. Эгоизм менен сый-урмат бири-бирине каршы нерселер. Эгоизм жеке мен дегенди билдирип, өнөктөштүк мамилелер мындай нерсе менен курулбайт.

Ошол себептен, адам коомго чыкканда, жөнөкөй эле көчөгө же дүкөнгө барганда кайсы бир жумушун бүтүрүп алуу үчүн чыгат эмеспи. Ооба, меники бүтүп кетсин дегендер көп, жана көп учурда андайлардын жумушу эгоизмдин жардамы менен бүтүп кетет. Ар бирок, андай адамдар акыр-аягы жалгыздыкка кептелет.

Кезекте турганда, башкалардын убактысын эске албай, биринчи өтүп кетүүгө аракет кылгандарды көп эле көрсөңөр керек? «Мен сурап эле алайынчы» деп. А бирок, эртеңки күнү адамдар аны жек көрүп калаарын түшүнүшпөйт. Ооба, эгоизмди дагы жамандай берген болбойт, нормалдуу адамда эгоизм болуусу шарт. Башкача айтканда кезекти эгоисттерге берүүнүн кереги жок. Өзүбүздү дагы сыйлаганды унутпоо зарыл, бул нерсе «саламаттуу эгоизм» деп аталат. Коомдо болгону башкалардын каалоо-тилектери бар экенин унутпай, «салматтуу эгоизм» менен иш алып баруу дурус.

Кээ бир адамдар эгоизмди ушундай чебердик менен колдонуп, адамга сый көрсөтүп жаткандай сезилет. Мисалы, кайсы бир жумушун акысыз жасап берип, же акчалай жардам кылып. А бирок, мунун артында амалдуу план жаткан болот. Ал ошол жардам берген адамды моралдык же материалдык карыз кылып, башкача айтканда карызды мажбурлап мойнуна илип, анан кийин өз жумушун эки эселеп жасатып алат. Мындай сый-урматтан алыс болуу керек.

Жайгаштыруу: 2023-03-28, Көрүүлөр: 1162, Өзгөртүлгөн: 2023-03-28, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу