Жүктөлүүдө...
Аффект
Аффект (латынча affectus — күйгөндүк, жан-дүйнөлүк толкундануу) — кыска мөөнөттүү жана жогорку интенсивдүүлүк менен мүнөздөлгөн жарылуу мүнөзүндөгү эмоционалдык процесс, көбүнчө чукул кыймыл-аракеттер жана ички органдардын ишинин өзгөрүүсү менен коштолот. Аффектти эмоциялар, сезимдер жана маанайлардан өзүнчө айырмалашат.
Мазмуну
Түшүнүктүн мааниси
Аффект, башка эмоционалдык процесс сыяктуу эле, ишмердүүлүктүн ички жөнгө салынышынын психофизиологиялык процесси болуп саналат жана учурдагы кырдаалга аң-сезимсиз субъективдүү баа берүүнү чагылдырат. Аффект дайыма түзүлгөн кырдаалга жооп катары келип чыгып, ага тез реакцияны камсыздай тургандай жүрүм-турумду уюштуруп, организмди мобилизациялайт. Анын уникалдуу мүнөздөмөлөрү катары, ички органдардын ишинде ачык көрүнүштөр менен бирге кыска мөөнөттүүлүгү жана жогорку интенсивдүүлүгү саналат. Адамдардагы аффекттер коомдук мамилелердин натыйжасында пайда болушу мүмкүн, мисалы, кемсинтүүдө же адилетсиздик сезиминин натыйжасында.
Түшүнүктүн чектери
Адистер «аффект» түшүнүгүн «сезим», «эмоция», «маанай» жана «санаа» түшүнүктөрүнөн айырмалап келишет.
Сезимдерден, маанайдан жана эмоциялардан аффекттер биринчи кезекте интенсивдүүлүгү жана кыска мөөнөттүүлүгү, ошондой эле ар дайым пайда болгон кырдаалга жооп катары жаралышы менен айырмаланат.
Санаалар, физиологиялык түзүүчүлөрдү камтыбаган эмоционалдык процесстердин субъективдик-психикалык жагын гана түшүндүрөт.
Аффект фазалары жана алардын мүнөздөмөлөрү
- Биринчи фаза — аффект алдындагы.
- Экинчи фаза — аффективдүү жарылуу.
- Үчүнчү фаза — аффекттен кийинки абал.
Аффект физиологиясы
Аффекттин өтүүсүнүн башталышы вегетативдик реакциялар жактан өзгөрүүлөр (тамыр согушунун жана дем алуунун өзгөрүүсү, перифериялык кан тамырлардын ичкерүүсү, тер басуу ж. б.), эркин-кыймыл чөйрөсүндөгү (токтолуу, козголуу же катуу дүүлүгүү, кыймыл-аракеттердин координациясынын бузулушу) чукул өзгөрүүлөр менен коштолот. Бул эффектте, дененин көптөгөн физиологиялык көрсөткүчтөрүн каттаган жалганды каттоо (орусча — детектор лжи) аппаратынын иштөөсү негизделген.
Күчтүү аффект негизинен жогорку психикалык процесстердин нормалдуу өтүшүн бузат — кабылдоо жана ойлонуу, кээде аң-сезимдин тарышын же анын караңгылашына алып келет.
Аффекттин түрлөрү
- Физиологиялык аффект — жабырлануучунун жүрүм-турумунун бир жолку психотравматикалык таасиринен келип чыккан аффект.
- Кумулятивдүү аффект — жабырлануучунун жүрүм-турумуна байланыштуу травмалык кырдаалдан келип чыккан узак мөөнөттүү аффект.
- Патологиялык аффект — оорудан пайда болгон аффект.
- Үзгүлтүккө учураган аффект — белгилүү бир психологиялык механизмдер менен жайылып, аффективдик тереңдикке жетип, тышкы таасир менен үзүлгүлтүккө учураган аффект. Мындай кырдаалдарда аффективдүүлүккө чейинки эмес жана түздөн-түз аффективдик жарылуу фазанын үзүлүүсүн айтууга болот.
Аффекттин белгилери
Милдетүү белгилери
- Психотравмалоочу таасирдин субъективдүү күтүлбөстүгү.
- Аффективдүү жарылуунун пайда болуусунун субъективдүү капыстыгы.
- Эмоционалдык реакциянын жарылуу мүнөзү.
- Аң-сезимдин жарым-жартылай тарышы – кабылдоонун чачырандылыгы (фрагменталдуулугу) жана толук эместиги: симультаттык (убакыттын өзүнчө учурунда кырдаалды толук эмес кабыл алуу) жана сукцессивдик (курчап турган чындыкты жана өз иш-аракеттерин убакытта толук эмес кабыл алуу).
- Иш-аракетти ыктыярдуу жөнгө салуунун бузулушу — иш-аракеттердин ортомчулугунун бузулушу, иш-аракеттерди көзөмөлдөөнүн бузулушу, иш-аракеттердин натыйжасын божомолдоо жөндөмүнүн төмөндөшү, аракеттердин узак мөөнөттүү (келечектеги) кесепеттерин жоромолдоонун жоктугу.
- Физикалык астения (арыктоо же көтөрөм болуу).
- Психикалык астения (арыктоо же көтөрөм болуу).
Кошумча белгилер
- Түзүлгөн кырдаалдан субъективдүү үмүтсүздүк сезими.
- Жагымсыз психофизиологиялык абал (өтө чарчоо, уйкунун канбай калышы, соматикалык оору ж.б.).
- Аң-сезимдин жарым-жартылай тарышы менен байланышкан — аң-сезимдин психотравматикалык эффекттин таасири менен байланышкан санаалардын көптүгү, бурмаланган (иллюзордук) кабыл алуунун элементтери, айлана-чөйрөнүн реалдуулугун жоготуу сезимдери, өз иш-аракетинен мамиленин үзүлүү сезимдеринин элементтери.
- Иш-аракетти негизсиз жөнгө салуунун бузулушуна байланыштуу — кыймылдуу автоматизмдер (стереотипиялар), сүйлөө ишмердүүлүгүнүн бузулушу, айыпталуучунун агрессивдүү аракеттеринин анын баалуулук-маанилик чөйрөсүнө, инсандык багытына же типтүү реакция ыкмаларына туура келбеши.
- Вазомотордук жана башка вегетативдик көрүнүштөрдүн кескин өзгөрүшү.
- Психикалык ишмердүүлүктүн тескери уюшулушу (дезорганизациясы).
- Болгон окуяны толук эмес түшүнүү (түшүнбөстүк).
- Инсандык психотипке туура келбеген иш-аракеттерди жасоо (агрессия, өзүнө зыян келтирүү ниети, ал гана эмес өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин, катып калуу [ступор])
Кылмыш-жаза укугундагы эске алуу
Кылмыш-жаза укугунда аффекттин таасири жана мааниси жөнүндөгү маселе бир маанилүү эмес. Бир жагынан, аффект менен жасалган иш-аракеттер үчүн адамды жазасыз калтырууга жол берилбейт. Антпесе, ар кандай ээн баштык, айбандык инстинкттерге жол ачылып, мамлекетти, коомдук тартипти жана бейпилдикти коргоодон баш тартууга туура келмек. Экинчи жагынан, аффект таасириндеги адам бир идея, бир каалоого курчалып, ниетин баалоо, күрөшүү мүмкүндүгү, тандоо дегендерге мүмкүндүгүн жоготот; кээде аффекттин жардамы менен таасирлерди сезүү фантастикалык мүнөзгө ээ болот (албетте, бул акылсыздык), маанай чөгүп, иш-аракеттер же кылык-жоруктар акылсыз жана жоопкерчиликсиз болот. Ошондуктан, акыл-эстин жайындалыгы (орусча — вменяемость) суроосу туулат.
Дагы караңыз
Жайгаштыруу: 2022-03-03, Көрүүлөр: 1305, Өзгөртүлгөн: 2022-03-03,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо