Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калп

Баш барак | Психология | Калп

Калп — бул, кимдир бирөөнү адаштыруу максатында атайын чындыкты бурмалап айтылган же берилген маалымат.

«Алдамчы», «Алдоо», «Чындык эмес», «Жалган», «Беш өрдөк» суроолору бул макалага багытталат.

Калп

Калп айтуунун, көңүл бура турган маанилүү жагы анын атайын жасалгандыгы, башкача айтканда, адамга чындыкты бурмалап калп айтып жаткан адам, муну ал өзүнүн кандайдыр бир максаттары үчүн атайын жасайт.

Эгер адам чындыкты атайын эмес бурмаласа же чындыкты билбей туруп калп айтса, мындай адамды маалыматты адаштырган же чаташтырган адам дейбиз. Башкача айтканда, бул мааниде мындай адамды калп айтып жатат деп айтууга болбойт, ал муну билбестиктен жасайт.

Чындыкты бурмалоо — бул жөн гана жалган, көбүртүп-жабыртуу (мактоо), азайтып-кемитүү (каралоо), маанилүү фактыларды жашыруу, унчукпоо, эмоционалдык же интонациялык акценттерди туура эмес коюуу ж. б. болушу мүмкүн.

Акценттерди туура эмес коюуу менен чындыкты айтуу дагы калп болушу мүмкүн, бул нерсе маалымат менен манипуляциялоо болуп калат. Мисалы, «бул дары бир айдын ичинде 10 кг чейин арыктатышы мүмкүн». Бул фраза таасир калтыраарлык угулуп, 1 айдын ичинде 10 кг арыктоого кепилдик берилгендей сезилет бирок, мындагы башкы сөздөр «чейин» жана «мүмкүн» сөздөрү. Жыйынтыктар кыйла төмөн болушу мүмкүн (чейин сөзү), же таптакыр болбошу мүмкүн (мүмкүн сөзү). Же болбосо, «улууга орун бошотуп койбойсузбу?» деген талап, мында отургучта отурган жаш адамдын абалына карабастан орун бошотууну кандайдыр бир милдет катары көрсөтүлөт, а бирок, жаш адам өзү кайсы бир оорудан жабыркап же ооруканадан жаңы эле чыккан болушу мүмкүн. Мындай учурда орун бошотууга адам милдеттүү эмес. Бул салттар, көз караштар менен манипуляциялоо болуп калат.

Интонациялык жактан маанилүү фактыны кемитип же көбөйтүп айтуу дагы калп деп саналат. Мисалы: «Сен чындыгында бул адамдын бир нерсени туура жасаарына ишенесиңби?». Бул жерде интонациянын жардамы менен «бул адам» жана «туура жасаарына» деген сөздөр белгиленип, адамдын компетенттүүлүгүнөн алдын-ала күмөн жаратуу аракети жасалып жатат, а чындыгында адам компетенттүү же ишенимдүү болушу мүмкүн.

Логикада калп — мүмкүн болуучу эки абалдын бири. Калп же жалган чындыктын карама-каршысы.

Информатикада калп — анык эмес маалымат. Фактылар, маалыматтар жалган же анык эмес болушу мүмкүн.

Информатикадагы чындык — анык маалымат. Маалыматтын анык же анык эместиги маалыматтын жетишсиздигинен аныкталбаган болушу мүмкүн.

Калп же жалган тууралуу түшүндүрмө берип жатып, ал нерсе бирөөгө айтылган нерсе экенин түшүндүк, башкача айтканда вербалдык түрдө чындыкты бурмалоо экенин. Ушул жерде калп менен алдоонун айырмасы жатат. Бирок, жалпысынан экөө бир эле максатты көздөйт.

Алдоо — бул дагы чындыкты бурмалоо бирок, ал сөзсүз түрдө вербалдык боло бербейт. Мисалы, апасы, баласынын спирт ичимдигин ичээрин атасына айтпай жашыруу же бирөөгө келген катты экинчисине берип кой деп берсе, аны бербей жашырып коюуу. Мындай нерсени биз калп айтуу эмес, алдоо дейбиз.

Адам бирөөнү адаштыруу же калп айтууга максаты жок болуп туруп, калп айтышы мүмкүн, жана бул калп деп саналбайт. Буга мисал катары, түрдүү чыгармаларды, өзгөчө жомокторду айтууга болот. Мындай чыгармаларда чындык бурмаланат бирок, ал бирөөнү адаштыруу үчүн эмес, кайсы бир маалыматты тезирээк же түшүнүктүүрөөк жеткирүү, жан-дүйнөнү байытуу үчүн жасалат.

Кимдир бирөөнү адаштырып, чаташтырып, калп же жалган айтууда ал сөзсүз эле бир адам боло бербейт. Бул нерсе аныкталбаган бир нече адамдар, кандайдыр бир социалдык катмар, коомдук ой-пикирди калыптандыруучу статья болушу мүмкүн.

Калп айтуунун кесепеттери абдан оор жана ордуна келгис жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Муну жакшыраак түшүндүрүү үчүн «Калп айтуу эмнеге алып келет» деген кыргыздын элдик жомогу дагы бар.

Дайыма чындыктык айтуу керекби?

Дайыма эле чындыкты айтуу керекби? Албетте мунун эки жактуу көрүнүшү бар. Бир жагынан мыйзам, дин, деги эле ыйман чындыкты айтууну талап кылат. Экинчи жагынан чындыкты айтуу туура эмес болушу мүмкүн. Мисалы, бул чындык деп мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу кылмыш болуп саналат же кылмышкерлердин колунда турганда өмүрүңүздү сактап, жалган айтып кутулуу бул туура болушу мүмкүн.

Жашоодо ар кандай учурлар болот, ошондуктан чын же жалган айтуудан мурда, маалыматты билдирүүнүн тууралыгын, башка адамдарга, андан кийин өзүңөргө зыян алып келбестигин баамдоо зарыл.

Эгер адам, кайсы бир маалыматтын чындыгын айтуудагы зыянын (же зыяндын масштабын) билип, чындыкты айтпай койсо да болот, анда мындай адамды калпычы деп айтууга болбойт. Муну жакшылыктуу же акылдуу адам деген туура. Көп адамдар билимдин жоктугунан улам мындай адамдарды дароо «куу» деп дагы аташы мүмкүн. Бирок, куу менен акылдуунун айырмасы асман менен жердей. Куу адам — өз максатына башкаларды алдоо жолу менен жетет. Ал эми акылдуу адам — максатына башкаларды алдабастан, башкаларга зыян алып келбестен, акылы менен жетет. Темадан кичине четтеп кетсек да түшүндүрүү үчүн айтып коюуу зарыл.

Ошондуктан, зыяндуу чындыкты айтып албоо (башкаларды же өзү зыян тартып калбоо үчүн) жана айтпай коюп калпычы атка конбоо максатында жөн гана «мен бул суроого жооп бере албайм» деп жооп кайтаруу жакшыраак.

Массалык маалымат каражаттарында

Акыркы он жылдыкта коммерциялаштыруунун өсүүсүнө байланыштуу массалык маалымат каражаттарда, интернетте, документалдуу кино тармагында жалгандын (англисче fake) саны өсүүдө, башкача айтканда буйрутма берип дезинформациялоо, башка компанияларды кыйыр каралоо, жасалма (орусча поставновочный) сценаларды жасоо ж. б. Оюн кинолорунда пародия катары жалган документалистика жанры пайда болгон, мында бардык нерсе абсурдга чейин жетет. Мындай жанр жалпы маалыматташтыруу мезгилинде өзгөчө белгилүү болгон. Көрүүчүгө жалган маалымат документалистика түрүндө көркөмдөлгөн жалган маалымат көрсөтүлүп жатканы көрүүчүнүн эскертилбегендигин эске алуу менен кээде маалымат чындыгында документалдуу деп ырасталганы чындык менен жалгандын чек арасы так эместигин көрсөтөт. Ал эми, жаңылыктар тармагында мындай нерсе аз болсо да, кээде байкоого болот, өзгөчө күмөн жараткан маалымат булактары жалганды көбүрөөк колдонушат. Жасалма интеллекттин өсүүсү менен бул куралды дагы көп колдонуушууда. Жалган документалистика ыкмасын көбүнчө жарнамаларда, кайсы бир максатты көздөгөн үгүттөөчү (пропагандалык) массалык маалымат каражаттарынан ТВ, Радио, Интернет сайтта, социалдык баракчалар, түрдүү таратма кагаздар ж. б. байкоого болот.

Жалган документалистика, астротурфинг (коомдук колдоону имитациялоо) жана «веб-бригада» (кайсы бир максатты көздөгөн профессионалдуу интернет троллдордун тобу) сыяктуу көрүнүштөр менен катар, кызыккан тараптарга же коомдун көпчүлүк бөлүгүнүн белгилүү бир оюн калыптандыруу үчүн калп, фактыларды алмаштыруу өңдүү көрүнүштөр кеңири колдонулган маалыматтык согуштардын бөлүгү болушу мүмкүн. Мындай нерсе ММК эркиндиги жок өлкөлөрдө өзгөчө коркунуч жаратат.

Калп психологиялык феномен катары

Калп же жалган феномени психология жана психолингвистикада кеңири изилденет.

Калптын көптөгөн автордук аныктамалары бар: Мисалы, Ж. Мазип феномендин татаал интегративдүү аныктамасын сунуштаган. Алдоо (же калп) — башка адамда же башкаларда коммуникатор өзү жалган деп санаган ойду, оозеки же/жана вербалдык эмес каражаттар менен фактылык же/жана эмоционалдык маалыматты жашыруунун жана/же ойлоп чыгаруунун (манипуляциялоонун) атайын аракети (ийгиликтүү же ийгиликсиз).

О. Фрай: Калп — бул коммуникатор жалган деп санаган көз карашты башка адамда калыптандыруунун игийликтүү же ийгиликсиз атайын аракети.

Калп өзүнө көп түрдүү учурларды жана тактикаларды камтыган күнүмдүк жашоодо өтө көп жайылган коммуникативдик феномен экенин Б. Де Пауло аныктаган. Автор калптын кийинкидей компоненттерден турган үч фактордук моделин сунуштаган: мазмун, түрү жана референт. Калптын мазмуну катары эмоция, иш-аракет, актануу, жетишкендик жана факт болушу мүмкүн. Түрлөрү кийинкидей: түздөн-түз (карандай калп), көбүртүп-жабыртуу жана амалдуу (маанилүү жерлерин жашыруу же бурмалоо). Калптын референти — бул калптын объектиси (башкаларга же өзүнө багытталган).

Кээде калп деп, айтып жаткан адам чын деп санаган бирок, анын жалгандыгы аныкталган ойдун атайын эмес түзүлүшүн же кармалышын айтышат, көбүнчө муну «адашуу» дейт.

П. Экман «маалыматты билдирүүчү өзүнүн ниетин эскертпестен, маалымат багытталган субъектини атайын адаштыруу чечимин» калп деген.

Калп психикалык феномен катары

Жалпысынан патологиялык калпычылыкты (латынча pseudologia fantastica) өтө татаал түзүмдөгү, убакытта кеңири болгон (бир нече жылдан дээрлик бүтүн жашоого чейин) фальсицикацияны түшүнөбүз, ал кем акылдык, жиндилик жана эпилепсиядан пайда болбойт. Калпычынын өзүнө көңүл буруу жана башкаларды өзүнө баш ийдирүү муктаждыгы өтө алаңгазарлык, бай жана бышып жетилбеген фантазия, аморалдык дефектилер менен коштолушу мүмкүн.

Көптөгөн изилдөөчүлөр патологиялык калпычылыкты оор психикалык жана социалдык оорулардын натыйжасында пайда болгон ажырагыс атрибут катары карашат. Мисалы, патологиялык калпычыларга наркомандар жана алкоголчуларды, нарциссисизми, психопатизми жана социопатиясы бар адамдарды таандык кылышат.

Аракеч адамдардын аракеч оорусуна чалдыкканынын көрсөткүчтөрүнүн бири дал ушул калпычылык саналат. Албетте, аракечтерде калп кандайдыр бир мээдеги бузулуулардан улам жаралат бирок, көбүнчө патологиялык калптын башаты катары кадыр-баркын коргоо механизмининен пайда болгон белги деп жоромолдошот. Мисалы, «дагы мас болуп келдиңби?» деген суроого аракеч, өзүн жакшынакай адам көрсөтүү максатында (өзгөчө элдин көзүнчө), «жок мен соомун» деп каратып калп айтат кайтарат (Алкоголизм макаласын караңыз). Ошентип жүрүп, бул патологияга айланат.

Калптын түрлөрү

Маалымат менен манипуляциялоо теориясына (McCornack, Burgoon) ылайык калп маалымат менен манипуляциялоо катары иштейт. МакКорнак коммуникативдик кодекске таянуу менен калптын же жалгандын жалпы түрлөрүн белгилеген:

Мындан тышкары, көптөгөн башка түрлөрү дагы бар, алар:

Калптын деңгээлдери

Улуу Британиядагы Кардифф университетинин Психология мектебинин изилдөөчүсү Сьюзан Ликам (Susan Leekam) калпты анын деңгээлине же татаалдык даражасына жараша кийинкидей классификациялаган:

Жогоруда баяндалган калптын деңгээлдери кандайдыр бир татаалдык баскычтарын элестетет. Деңгээл канчалык жогору болсо, ийгиликтүү манипуляциялоо үчүн калпычы ошончолук айла-амалдуу көндүмдөргө ээ болушу керек. Адамдардын көпчүлүгү экинчи деңгээлдеги жалганды колдонууга мүмкүнчүлүгү бар бирок, үчүнчү деңгээлге бардыгы ээ боло албайт.

Калптын мындан дагы татаал деңгээли бар, муну өркүндөтүлгөн калп деп атоого болот. Калптын мындай кылдаттыгы салыштырмалуу бардыгына жеткиликсиз бирок баш ийдиргендердин арасында харизмалуу саясатчылар, диний үгүттөөчүлөр, профессионалдуу сатуучулар, далдалчылар, покер оюнчулары жана алдамчылар (орусча мошенник) бар. Мындай адамдар, айрыкча алдамчылар, курмандыгын тез ишендирүү үчүн өзгөчө психологиялык амалдарды колдонушат, жана булардын торуна кабылган адамдар тааныбагандарга өзүнүн өмүрүн ишенип бергенге чейин жетет.

Ушундай ыкмаларга ээ болгон адамдар бир убакта аң-сезимдик жана сүйлөө деңгээлинде өзүнүн вербалдык эмес алып жүрүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген жеке иштелип чыккан техникага ээ болушат.

Калп жана эмоциялар

Калптын сапаты калпычынын эмоциялары менен тыгыз байланышта болот (Пол Экман):

Асыл калп

Асыл калптын эң алгачкы жактоочулары катары Платон болгон, ал өзүнүн Мамлекет аттуу чыгармасында идеалдуу мамлекетте падыша-философтор коомдун жыргалчылыгы үчүн жалганды жайылтышат деп жоромолдогон.

Заманбап дүйнөдө ушуга окшогон мифтик философияны Лео Штраус, анын жолун жолдоочулар жана башка неоконсерватизмдин жактоочулары үгүттөп келет.

Калпы аныктоо

Калпты аныктоо — вербалдык жана вербалдык эмес белгилерди, көңүлдү бурууну, контекстти жана адамдын жүрүм-турумун анализдөөнү талап кылган татаал процесс. Бирок, адам баласы жашы өткөн сайын, жалганды ылгай алган жеке ыкмасы калыптанат деген жоромолдор бар. Төмөндө берилген бир нече ыкмалардын жардамды тийши мүмкүн, ошол эле убакта, берилген ыкмалар адамдын (алдамчынын) профессионалдуулугу, тескерисинче (чындыкты айтып жаткандын) өтө түнттүгү жана башка ушул сыяктуу себептерден улам иштебеши дагы толук ыктымал:

  1. Вербалдык эмес белгилер
    • Микрокөрүнүштөр: Көзөмөлдөөгө жетише албай калуучу адамдын жүзүндөгү тез, кыска мөөнөттүү эмоциялар (мисалы, коркуу же тынчсыздануу, күлүү же кубануу).
    • Адаттан тыш кыймыл аракеттер: Көп учурда алдамчылар өзүн бош жана адаттагыдай алып жүрбөстөн, кандайдыр бир кыжаалат, кысылган абалда болуп, колдору менен ашыкча жаңдоочулукту (орусча жестикуляция) көрсөтүшү мүмкүн.
    • Көздөрдү качыруу же тескерисинче тике кароо: Айрым адамдар калп айтканда көз караштардан качып, адамды көзүнө карай албайт, жана тескерисинче чынчыл көрүнүү үчүн абдан интенсивдүү карашат. Негизинен бул ыкма өтө эки маанилүү келет мисалы, көздөрүн качырып айрым адамдар чын сүйлөшү мүмкүн. Ошондуктан бул ыкманы психологдор эки маанилүү жана ишенимсиз дешет.
    • Дем алуунун бир тектүү эмес болуусу: Калп айтканда дем алуунун жыштыгы өзгөрүп, ал үзгүлтүктүү же жыш болуусу мүмкүн.
  2. Вербалдык белгилер
    • Деталдардын көп болуусу: Алдамчылар көп учурда айтып жатканы чындыктай көрүнүшү үчүн кереги жок маалыматтарды кошуп коюшат.
    • Сүйлөө темпинин өзгөрүүсү: Калп адамдын сүйлөөсүн тездетип же жайлатып коюшу мүмкүн. Адам жооп берүүдөн мурда ойлонуу үчүн узак паузаларды карманышы ыктымал.
    • Суроолорду кайталоо: Алдамчы жооп берүүгө убакытты үнөмдөө үчүн суроону кайталап сурап же өзгөртпөстөн кайталашы мүмкүн.
    • Түз жооп берүүдөн качуу: Алдамчылар түз жооп берүүнүн ордуна суроого суроо менен жооп берип конкреттүү суроого жооп берүүдөн качып же кыйпычыктап жооп бериши мүмкүн.
  3. Психологиялык белгилер
    • Сөздөрдөгү жана иш-аракеттердеги карама-каршылыктар: Алдамчынын сөзү бир болуп бирок, иш-аракети же дене (жаңсоо) тили башка нерсени кылышы ыктымал.
    • Ыраатсыздык: Түрдүү сүйлөмдөрдө же окуяны кайталоодо келишпестиктер же өзгөрүүлөр пайда болушу ыктымал.
    • Ашыкча коргонуу: Алдамчыларды кайсы бир нерсени түшүндүрүп берүү суранычында өтө агрессивдүү же коргонучтуу болушу мүмкүн.
  4. Контекст жана учурлар
    • Калп үчүн мотивация: Адамдын калп айтып коюуучу кайсы бир себептерине көңүл буруу, мисалы, пайда алуу, жоопкерчиликтен качуу ж. б. у. с. себептер.
    • Мурдагы сөзүнө туура келбеши: Эгер адам учурдагы абал сыяктуу учурларда мурда чындыкты айткан болсо, учурдагы өзүн алып жүрүүсү шек жаратып жатканын түшүнүүгө жардам берет.

Маанилүү! мындан башка дагы адамдын жеке өзү ойлоп тапкан калпты аныктоочу ыкмалары көп, жана берилген белгилердин бирөө дагы адамдын калп айтып жаткандыгына 100% кепилдик бере албайт. Көп учурда белгилер тобу менен иштеп, контексттик анализди талап кылат.

Калпычынын сүрөттөлүшү

Көптөгөн сүрөттөрдө калпычынын узун мурду бар адам катары сүрөттөшөт. Бул адат (же салт) италиялык Карло Коллодинин 1883-жылкы «Пинокионун окуялары» аттуу балдар романынан келген. Анда Пинокио калп айткан сайың мурду узарып турган. Ошондон тарта калпычыны узун мурундуу кылып сүрөттөп келишет, айрыкча батыш өлкөлөрүндө. Бирок, мунун реалдуу жашоого эч байланышы жок, жана адамдын калп айтуусунда мурду узараары аныталган эмес.

Пинокио

Мындан тышкары, калпычыны бетине маска кийген адам менен дагы салыштырып сүрөттөшөт. Мунун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар себеби, адам калп айтып жатканда башка жүздү кейип кийип алган өңдүү сезилет. «Эки жүзүдүүлүк» деген түшүнүк дагы ушундан улам келсе керек. Театрдын белгиси дагы дал ушул бирөө күлүп, экинчиси ыйлап турган маскалардан турат. Адабияттагы калп адамды тарбиялоо, ички жан-дүйнөсүн байытуу максатында жасалаарын айтпаса да белгилүү.

Эки жүздүүлүк

Жайгаштыруу: 2024-10-02, Көрүүлөр: 116, Өзгөртүлгөн: 2024-10-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу