Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыжырдануу

Баш барак | Психология | Кыжырдануу

Кыжырдануу же кыжырлануу (орусча — гнев, англисче — anger, синонимдер — заардануу, каардануу, ачуулануу) — адамда анын кыжырдануу объектисинин иш-аракеттеринин, жана ал кыжырданткыч объектини жок кылууга умтулуусунун натыйжасында пайда болгон кайсы бир көрүнүш же кыжырдануу менен туюнтулган реакция. Бул жерден «жок кылуу» деген сөздү туура түшүнүү керек, эгер объект — башка адам болсо, сөзсүз эле аны өлтүрүп жок кылуу дегенди билдирбейт. Жинденүү, жана аффект түшүнүктөрү менен алмаштырбайлы.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Кайсыл жакты карабайлы, адамдар тынымсыз кыймыл-аракетте болуп, жумуш, үй-бүлө түйшүктөрү менен жүрүшөт. Кыжырдануу, шашуу, чыдамсыздык бардык адамдарды кучагына алгандай. Убакыттын тардыгынан адамдар көп иштеп, чарчап, эч нерсени көтөрө албай, чыдамдуулугу кетип, өзүн токтото албай, тез кыжырданат.

Ооруканага барсаңыз мед айым же ошол эле санитаркалар кыйкырып «бутуңарды тазалап кирбейсиңерби?» деп нааразычылыгын көрсөтөт. Банктарга барсак, сакчылары телефонго тартпагыла же сүйлөпөгүлө, антпегиле, тигинтпегиле дешет. Ошол эле, дүкөндөргө барганда «баштыгынарды бул жакка коюп койгула, болбосо аңтарабыз, телефонго тартпагыла, дүмүрчөгүңөрдү көрсөткүлө, антпесе дүкөндөн чыгарбайбыз» деп кыжырды келтиришет (албетте мунун баары мыйзамсыз, бир гана укук коргоо органдарынан башка эч ким адамдын чөнтөгүн же баштыгын аңтара албайт, эркин чектей албайт, же бутуң тазалап кел деп мажбурлай албайт). Бирок темабыз кыжырдануу жөнүндө болгонуна байланыштуу ушул сезим тууралуу кеп кылалы.

Унаа айдап баратканда жол чырактан 1 секунда эле кечиксеңиз, арттагылар үн-белги берип шаштырып, же ашып өтүп акшыя карап, ал гана эмес машинадан түшө калып урушуп-мушташып кеткен учурлар аз эмес, мунун баары кандайдыр бир жаман абалда калтырып, кыжырдануунун көбөйүүсүнө алып келет.

Кээде кайсы бир адамдар (жумушта, көчөдө, кээде үйдө) намыска шек келтирип, какшыктап, өзүлөрүн бийик коюп сүйлөшөт. Ушундай нерселерге кабылган адам, аларды толтуруп алып үйүнө келип, кичине бир нерсе көңүлүнө жакпай калса жинин аялынан же балдарынан чыгарып, аларды урушуп зыяны үй-бүлөсүнө тиет.

Аял кишилер баласына кайсы бир жумушту жасатып жатканда баласы түшүнбөй жатса, же жай жасап жатса, чыдамы кетип каарын баладан чыгарып, басынтып, башкалар менен салыштырып, баланы кемсинткен учурлар аз эмес.

Дал ушул кыжырдануу адам баласынын дээрлик бүткүл тарыхында кеңири тараган «жаман адаттардын» бири. Кыжырдануу деген эмне? эң жөнөкөй тил менен айтканда кыжырдануу — бул адамдын кайсы бир нерсеге нааразычылыгы.

Психологияда

Баалоо

Психологияда кыжырданууну баалоо үчүн кыжырдангычтык коэффициенти (орусча — коэффициент раздражительности, англисче — Irritability Quotient) колдонулат. Кыжырдангычтык коэффициентин аныктоо үчүн атайын текшерүүлөр (тесттер) пайдаланылат. Кыжырдангычтыгы жогору болгон адамдарга атайын кыжырданууну башкаруу курсунан өтүү сунушталат.

Психологдордун ою боюнча кайсы бир нерсе же кимдир бирөө адамдын кыжырдантканда ал адамды мүмкүн болуучу коркунучка даярдайт. Бул жактан кыжырдануунун коркунуч менен байланышы бар экенин байкаса болот.

Кыжырданганда адреналин гормону бөлүнүп чыгат, эгер бөлүнүп чыгуусу ашыкча болуп кетсе, кан басым жогорулап, баш ооруйт, жүрөк айланат, уйку бузулат.

Эксперименттер

2008-жылы Йель университетинде Виктория Бресколл тарабынан жүргүзүлгөн бизнестеги гендердик стереотиптер жаатындагы үч эксперименттин жыйынтыгы боюнча, аялдар жумушта кыжырданганын билдиргени үчүн көбүрөөк жазаланаарын көрсөткөн. Эгер эркектердин кыжырдануусунун көрсөтүүсү кубаттуулуктун көрүнүшү катары кабыл алынса, аялдардын кыжырдануусу көбүнчө алсыздыктын жана акылга сыйбастыктын көрсөткүчү катары кабыл алынат.

Диндерде

Исламда

Исламда кыжырдануу же ачуулануу, таарыныч же адилетсиздиктен пайда болгон катуу нааразычылыктан келип чыккан эмоционалдык толкундоо катары түшүндүрүлөт. Пайда болуусу жагынан адам баласына баш ийбеген «көз ирмемдик ачуулануу» табигый көрүнүш жана айыпталбайт делет. Ал эми ачуунун же кыжырдануунун таасири астында жасалган иш-аракеттер — айыпталат.

Христианчылыкта

Христианчылыкта кыжырдануу өлүм (башкы) күнөөлөрүнүн бири (латынча ira; грекче Ὀργή). Күнөө болгон кыжырдануу православиеде сегиз күнөөгө батуулардын бири, католицизмде дагы жети өлүм күнөөлөрүнүн бири катары эсептелет.

Христианчылыкта кыжырдануу «жан-дүйнөнүн жакын адамга каршы кубаттуу толкунданган абалы» катары түшүндүрүлөт, анын күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү себептерге, максаттарга жана даражасына (деңгээлине) жараша болот. Динди бек кармаган адамдардын кыжырдануусу күнөөгө болгон жийиркенүүсү жана каардануусунун чегин билдирет деп саналып, ал күнөө эмес жана Кудайга да чоочун эмес делет. Ошол эле учурда, адилетсиз кыжырдануу же ачуулануу (күнөөнү пайда кылган кыжырдануу), өзгөчө жакынына болгон, жана бөтөнчө көпкө созулганы, кыжырдын кайнашына жана өч алууга чейин өсүп кетүүгө мүмкүндүгү бар күнөө деп саналат. Фома Аквинский «өч алууга умтулуу» (appetitus vindictae) кыжырданууну (ira) аныктагандай.

Иудаизмде

Эгер кыжырдануу жасалып жаткан кылмыш иш-аракетин көргөндө адилеттик сезими мекен козголсо, анда ал мактоого татыйт, жана бул чынчыл адамдардын мамилеси: Сандар китеби. 25:13; Псалтырь. 69:3.

Калган бардык учурларда кыжырдануу айыпталып, бардык жерде көпкө чыдамдуу болуу сунушталат: Соломоновалар үлгү-насыят китеби. 14:29; ср., 12:16; 14:17; Иов китеби. 5:2; Сирахов баласы Иисустун акылмандык китеби. 27:33.

Буддизмде

Кыжырдануу же ачуулануу качып кутула турган беш «уулардын» бири эсептелинет.

Тибет буддизминде кыжырдануудан кутулуу беш Жогорку айкөлдүк Буддалардын бирөөсү менен байланыштуу: Акшобхья Буддасы адамдын кыжырын күзгү сыяктуу эң таза айкөлдүк — Зерцало (Зерцало — үч бурчтуу призма) сыймал айкөлдүккө айландырат. Бул кыжырдануунун дарысы кыжырдануунун, негизсиздиктин табиятын түшүнүү (шуньят) дегенди билдирет.

Индуизмде

Падыша Юдхиштира «Махабхарат» үчүнчү китебиндеги кыжырдануунун зыяндуулугун Кришна Драупадиге түшүндүрүп, жатып мындай дейт:

Кыжырдануу — адамдарга өлүм, бирок, ошол эле убакта коргоочу; кыжырдануу — жамандыктын дагы, жакшылыктын дагы тамыры. Өзүндө кыжырданууну баскан, о чырайлуу, жыргалчылыкка жетет; ким аны дайыма кармай албаса, о сүйкүмдүү, аны токтолбогон кыжырдануу кырсыкка жеткирет — Махабхарата. Үчүнчү китеп. 1987-жыл, 800 барак.

Искусстводо

Католик искусствосу аллегориялык жана персонификацияланган өлүм күнөөсү кыжырдануунун сүрөттөлүшүнө көп орун берген.

Кыжырдануу орто кылымдык жакшылык жасоочулар жана кемчилик скульптуралык циклдарында дайыма сүрөттөлүп турган. Көбүнчө ал алсыз ымыркайга кол салган ачуулуу адамдын образында чагылдырылган. Кыжырдануунун куралы, канжар же кылыч, аны жоокер, каракчы же шарттуу аял фигурасы шилтей алат. Курмандыгы катары ымыркайдан тышкары монах да болушу мүмкүн (айрыкча орто кылымдардагы аллегорияда). Андан тышкары, Кыжырдануу фигурасы Төрт темпераменттин бири катары кезигиши мүмкүн. Кыжырдануунун атрибуту — арстан.

Кыжырданууну башкаруу же андан арылуу

Психологдордун айтымында ар бир адам өзүн башкара билиши зарыл. Кыймыл аракеттерди, сүйлөгөн сөздөрдү башкара билүү керек. Айтууга оңой болгону менен бул абдан татаал нерсе дешет.

Кыжырдануу көйгөйдү же маселени чечпейт, тескерисинче абалды ырбатат, көйгөдү күчөтөт.

Кыжырдана баштаганда, эң алгач кыжырдануу объектисинен алыстоо, же басып кетүү керек, терең дем алып, демди чыгарып төрт-беш жолу кайталоо сунушталат, андан тышкары бетти муздак суу менен жуу. Анан өзүңүзгө бир нече суроо берүү дагы акыл-эсти башка нукка бурууга жардам берет. Мисалы, мен кайдамын? (айлананы карайбыз), эмнени көрүп жатам? (көрүп жаткан нерселерди ичибизден атын атап санайбыз), эмнени угуп жатам? (тыңшайбыз) ж. б. у. с. Кыжырдануу абалды ырбатаарын, күчөтөөрүн, ал эч бир жакшы нерсеге алып барбашын өзүңүзгө кайталаңыз деген сыяктуу сунуштарды беришет.

Башка кеңештер: үй жаныбарлары менен алек болуу, жакшы музыка угуу, жакшы көргөн ишти жасоо, жаратылышка чыгуу.

Кээде адам баласы сөзсүз боло турган (же болуп калган) нерсеге көзү жетип, жана ал нерсени өзгөртө албасына күч-кубаты жетпесин билип кыжырданат. Бул жерден психологдор «ар бир адамдын өзгөртө албаган нерселери болот, жана мындай учурда табиятты өзгөртө албастыгыңызды моюнга алышыңыз керек» дешет.

Буга Карл Фридрих Этингердин сөзү жакшы мисал боло алат: «О, кудай, өзгөртө албаган нерсени кабыл алууга момундук бере көр, колумдан келе турган нерсени жасоого чечкиндүүлүк бере көр, жана биринчисин экинчисинен айырмалоого айкөлдүк бере көр».

Жайгаштыруу: 2022-02-25, Көрүүлөр: 852, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-03-03
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо