Баба "дыйкан" эгиндин, дандын ээси, калкалоочусу экен. Ал мифтик элестетүүдө "Боз кептер" образында баяндалат.

Көчмөн кыргыздар согуш өнөрүнүн үч ыкмасын: казатка аттанууну, чабуул коюу жана коргонууну өтө кылдат өздөштүрө билишкен. Байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын жашоосунда башка уруу, эл менен урушуу, жоого аттануу жөнүндө ажо өзүнүн кол башчылары, акылчылары,

Айрыкча байыркы кыргыздардын хандары, баатырлары шаан-шөкөт менен кийик, жырткыч бар жерге салбырынга чыгышкан. Топ-топ болуп кийик, бугу, аюу, жолборс атышкан. Эр азаматтар күч сынашкан. Салбырын бир айдан үч айга чейин созулуп кеткен.


Үзүк боо — «Боегун жакшы кандырган, Боосун терме чалдырган» (Жеңижок). Бул — боз үйдүн боочуларынын бири. Үйдүн үзүгүнөн (эки үзүккө төрт боо) уукту арта айлантып, керегенин билегине байлана турган боо. «Үзүк боо», «кереге чалгыч», «жабык баш боо» — булардын эни бирдей келет. Эриш

Үзүк — «Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон» («Манас»), «Үзүгүнүн жээгине, Үч эли кундуз койдурган». (Жеңижок). Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат