Адам жаралып, сүйлөп, ойлоно баштагандан кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү адабият аралай баштайт. Наристе (младенец) кезибизден баштап эле бешик ырларын угабыз. Тилибиз чыгып, сүйлөй баштагандан кийин өзүбүздүн оюбузду сөз аркылуу түшүндүрө баштайбыз. Чоң апалардын, чоң аталардын жомокторун, акыл сөздөрүн угуп, көркөм, образдуу сүйлөөгө аракет кылабыз (стараемся). "Адабият" деген сөз араб тилинен ("адеп" деген сөздүн көптүк сандагы мааниси) алынган. Ал адам турмушунда оозеки, жазма түрүндө жашайт жана элдин турмушун ар тараптуу (всесторонне) чагылдырат (отражает). Демек, адабият кайсы заманда болбосун, кайсы элде болбосун, турмушту чагылдырып, эл ичинде жашап, алардан азык (продукт) алып, алардын көйгөйүн (проблемы) айтып, бирөөлөрдү сүйүнтүп, бирөөлөрдү күйүнтүп келет экен, айлана-чөйрөнү, коомду таанытып адамдын көзүн ачат экен. Адабият — бардык өнөрдүн (искусствонун) ичинен турмушту, адамды, айлана-чөйрөнү кенен-кесири чагылдырып берген сөз өнөрү. Көркөм чыгарма адамдардын баарына бирдей даражада жеткиликтүү да, түшүнүктүү да болот. Ал ошол бардыгына жагымдуулугу, жугумдуулугу аркылуу искусствонун башка түрлөрүнөн айырмаланат. Адабият элдин тарыхый басып өткөн жолунун көөнөрбөс көркөм күзгүсү. Ар бир элдин өткөн кездеги даңктуу да, кайгылуу да күндөрү, көрүнүктүү окуялары анын эпосторуна, уламыш, санжыраларына, макалылакаптарына, аңгеме, ырларына чөгөрүлгөн. Биз ал көркөм тексттерден ата-бабаларыбыз ким болгон, кандай күндөрдү баштарынан өткөргөн жана урпактары биз ким болдук, кандай учурда жашап жатабыз деген суроолорго жооп табабыз. Адабияттын предмети адам жана анын турмушу болгондуктан, ал адамдык түбөлүктүү асыл нарктарга, инсандык адепахлакка үндөөдөн талбайт. Жамандык-жакшылыкты таанытып, адамды туура жолго ээрчитет. Элдик бийик идеалдарга үндөйт. Кооздукту, сулуулукту таанытат. Мына ошентип, ал адептүүлүктү, эстетикалык табитти калыптандыруу кызматын аткарат. Бул адабият сага кыргыз элин жакындан таанытып, тили менен кошо ошол элдин көркөм ой байльнын, ажайып, аруу дилин, жалпы эле маданиятын түшүндүрүүдө чексиз кызмат өтөөрүнө ишенебиз. Ассонанс (фр. үндөштүк, уйкаштык) уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык ыкма. Мисалы:
Боздогон ачуу үн чыгат,
Бооруңду эзип күү чыгат.
Семетей байкап караса,
Ээсин жоктоп маң баскан,
Эки көзүн кал баскан.
Кал басып көзүң сен деди,
Калкын издеп келаткан,
Семетейиң мен" деди.

Көркөм адабият жөнүндө түшүнүк


Адам жаралып, сүйлөп, ойлоно баштагандан кийин анын дүйнөсүн сөз өнөрү адабият аралай баштайт. Наристе (младенец) кезибизден баштап эле бешик ырларын угабыз. Тилибиз чыгып, сүйлөй баштагандан кийин өзүбүздүн оюбузду сөз аркылуу түшүндүрө баштайбыз. Чоң апалардын, чоң аталардын жомокторун, акыл сөздөрүн угуп, көркөм, образдуу сүйлөөгө аракет кылабыз (стараемся). "Адабият" деген сөз араб тилинен ("адеп" деген сөздүн көптүк сандагы мааниси) алынган. Ал адам турмушунда оозеки, жазма түрүндө жашайт жана элдин турмушун ар тараптуу (всесторонне)…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 23422, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05

Алмазбек
Абадият элдин маданий тарыхы.
Арсен Усенов
Эмне учун адабиятты соз онору дешет?