Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адабий процесс

Баш барак | Адабият | Адабий процесс

Адабий процесс (адабият процесси) — адабияттын бардык көрүнүштөрүнүн жана фактыларынын же көп кылымдык адабияттын дүйнөлүк деңгээлде өнүгүү жыйындылары кошулуп, белгилүү бир өлкөнүн же доордун адабиятынын жашоосу жана өнүгүүсү. Доор жөнүндө айтканда процесс салыштырмалуу-тарыхый адабият таануу предметин камтыйт, анткени, социалдык жана маданий процесстин көрүнүшү болот.

Мазмуну

Термин салыштырмалуу жакында эле пайда болгон, XX кылымда эле, ал эми популярдуулукка андан дагы кечирээк жетишкен, 50—60-жылдары. Буга чейин адабий байланыштардын кандайдыр бир өзүнчө жактарына көңүл бурулуп, жалпы адабий процесс катары маани берилген эмес. XIX кылымда адабий эволюция, адабий жашоо терминдери колдонулган.

Адабий процесстин мыйзам ченемдүүлүгү

Адабий процесстин өнүгүү баскычтары Роман жана Батыш Европа өлкөлөрүндө жакшы байкалат, мында байыркы, орто кылым адабияттары жана жаңы доор адабияты өзүнүн жеке өнүгүү баскычтары (барокко, классицизм, сентиментализм, романтизм, реализм, модернизм) менен белгиленет.

Байыркы жана орто кылымдык адабияттар чыгармалардын көркөмдүүлүгү жок функцияларынын жайылгандыгы менен мүнөздөлгөн (ырым-жырымдык, маалыматтык, иштиктүү, диний). Жазма мүнөздөгү чыгармаларга караганда оозеки макалдар басымдуулук кылгандыгы байкалчу. Жаңы доор болсо, адабияттын көркөм көрүнүш катары кабыл алынышы менен айырмаланып, жазуу искусствосу оозекиге караганда үстөмдүк кылып, жеке авторлук актуалдаша баштайт.

Адабий процесс баскычтары

Адабий процесс баскычтары негизинен адам тарыхынын баскычтарына туура келип, Батыш Европа жана өзгөчө — Роман өлкөлөрүндө так көрүнгөн. Буга байланыштуу байыркы, орто кылым жана жаңы доор (же жаңы заман) адабияттары өзүнүн баскычтары менен белгиленет.

  1. Биринчи баскыч — бул фольклордук салт таасирдүү болгон архаикалык мезгил. Мында мифтик поэтикалык көркөм аң-сезим басымдуулук кылып, оозеки искусстводо рефлекция жок, ошондуктан, адабий критика дагы, теориялык бышыктоо дагы, көркөм-чыгармачылык программа дагы болгон эмес. Хронологиялык жактан мезгил биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын ортосунда аяктап, жамааттык чыгармачылык жана сөз үстүндөгү рефлекциянын жоктугу менен мүнөздөлөт.
  2. Адабий процесстин экинчи баскычы Байыркы Грециянын адабий жашоосунан башталып, XVIII кылымдын ортосуна чейин созулат. Жалпы кабыл алынган аталыш орнотула элек, кеңири жайылган аныктамасы — риторикалык, кээде рефлексивдүү салттуулук, салтчылдык (адатчылдык), каноникалык, эйдетикалык. Бул узак мезгил көркөм аң-сезимдүү салттуулуктун жана «стилдин жана жанрдын поэтикалуулугунун» басымдуулук кылуусу менен белгиленген: жазуучулар риториканы талап кылган, сөздүн алдын-ала даяр формасына багыт алышып, жанрлык канондордон көз каранды болушкан. Баскыч өз ичинен чеги катары Кайра жаралуу болгон дагы эки баскычты белгилешет; биринчи баскычын «стиль жана жанрдын поэтикасы» деп белгилесе болот, ал эми экинчисинде адабий аң-сезим жаксыз башаттан жекеликке кадам жасап, адабият көбүрөөк деңгээлде светтик болуп калган. Жеке стильдер белгиленип, жанрлар калыптанып, автор өзү жөнүндө ачык жарыялай баштайт (Данте, Боккачо). Башка дүйнөлүк иштердин мисалдары: Аристотелдин «Поэтикасы», антикалык риторикалар (Платондун «Тою» жана «Мамлекети»), Бхараттын «Натьяшастрасы», Лу Цзинин «Көркөм сөзгө одасы».
  3. Агартуу жана романтизм доорунда башталган үчүнчү баскычта сахна алдына көркөм жеке-чыгармачылык аң-сезим келет. Мындан ары «автордун поэтикасы» басымдуулук кылып, адабият, мурдагыдай болбой, адам тиричилиги менен түздөн-түз жакын абалда болот; жеке-автордук стильдер доору келет. Мунун баары XIX жүз жылдыктын романтизми жана реализмине орун табылып, аз эмес деңгээлде модернизм дагы орун алат.

Адабий процесс моделдеринин компоненттери

Көркөм-адабий аң-сезим түрү — бул белгилүү бир тарыхый доорго мүнөздүү этикалык жана этика башаттарынын мамилелештик көз караштар системасы, адабияттын курамындагы коомчулуктун жана адамдын жашоосундагы адабияттын функциялары, коомдук аң-сезимдин жана искусствонун башка түрлөрү менен катар спецификасы, адабияттын фольклорго болгон мамилеси, адабий чыгармачылыктын жана сөз табиятынын спецификасы. Көркөм-адабий аң-сезим түрү белгилүү бир аңдалган көркөм кыялдын жана аңдалган адабий автордуулуктун өнүгүү деңгээли менен мүнөздөлөт, салттарга болгон көз караштан жана аны берүүнүн ыкмасынан, шарттуулук табиятынын белгилүү бир түшүнүүсүнөн (адабият дүйнөсүнүн реалдуулук, чындык жана башка дүйнө менен катыштыгы сыяктуу) жана форма менен мазмундун мамилелештигинен, адабий жеке аң-сезимдин өнүгүү деңгээлинен, түрдүн жана жанрдын маанисин түшүнүү, «адабият тили» түшүнүгүн талкуулай алуусу.

Адабият түрү — белгилүү бир доордо түзүлгөн жана өзүнө ошол доорго таандык көркөм-адабий аң-сезимди камтыган чыгармалардын жыйындысы. Адабият түрүн мүнөздөө менен биз ошол доордогу адабияттын курамын, түрлүк-жанрлык дифферециация негиздерин жана адабияттын иерархизациялашын, китеп, текст жана көркөм дүйнө катыштыгын адабий чыгарманын үч касиети катары, көркөм жана таасирдүүлүк (маанилүүлүк) башаттарынын катыштыгын, идеянын көркөмдүүлүк өнүгүү деңгээлин жана идея менен образдын байланыш мүнөзүн, адабий чыгармадагы автордук аң-сезимдин ишке ашуу формасын, чыгарманын көркөм дүйнөсүнүн уюштуруу негиздерин жана адабий мүнөздүн спецификасын, поэзия жана проза катыштыгын, адабий тилдин өзгөчөлүгүн мүнөздөйбүз.

Көрүүлөр: 2005, Акыркы оңдолгон дата: 2021-04-03 15:37:09 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо