Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дилбаян деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дилбаян деген эмне

Дилбаян — бул окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүүчү, өз алдынча аткарылуучу, белгилүү бир ой-пикир, өздөрүнүн көргөн-билгендери ж.б. жөнүндө ырааттуу, туура, адабий стилде жазылуучу чыгарма.

Дил баян деген эмне

Дилбаян окуучулардын, адамдардын сөз байлыгын жана ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү; билгендерин далилдөөгө же ой-пикирин белгилөөгө үйрөтүү жана көнүктүрүү; окуучуларды тарбиялоо функциясын аткарат.

Дилбаяндын түрлөрү Дилбаян мазмуну жагынан адабий жана эркин темадагы дилбаян болуп, экиге бөлүнөт. Адабий темадагы дилбаян - өтүлгөн адабий чыгармалар же жазуучунун, акындын өмүр баяны, чыгармадагы образдар, чыгарманын мазмуну ж. б. боюнча жазылат. Бул дилбаян мазмуну жагынан өзүнчө эле изилдөө жумушуна же көркөм чыгармага окшоп кетет.

Адабий темадагы дилбаяндын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: адабий чыгармадагы образдары жекече, топтук же салыштырып мүнөздөө, корутунду же жалпылоо мүнөздөгү дилбаян.

Дилбаяндын түзүлүшү Дилбаян логикалык түзүлүшү боюнча киришүү (кириш сөз), негизги жана корутунду бөлүм болуп, үч бөлүккө бөлүнөт.

Киришүү бөлүмүндө автор жөнүндө эң кыска түшүнүк берилет. Мисалы: 9-класстын окуучуларына "Ч. Айтматовдун "Жамийла" повестиндеги Жамийла менен Даниярдын образы" деген темада дилбаян жазылса, киришүү бөлүмүндө Ч. Айтматовдун качан, кайда туулгандыгын, кандай чыгармаларды жазгандыгын кыскача гана баяндайт.

Негизги бөлүмдө дилбаяндын темасына, логикалык туура ой жүгүртүү менен чыгармага же образдарга кеңири, терең дилбаяндын негизги суроолоруна, темасына конкреттүү мисал келтирет. Ошондуктан дилбаяндын кириш жана корутунду бөлүмүнө караганда негизги бөлүм чоң жана кеңири болуп, айтылуучу ойду толук камтыш керек.

Корутунду бөлүм кыскача жыйынтыкталып, дилбаяндын баш жагы менен тыгыз байланыштырылат. Бирок киришүү, негизги, корутунду бөлүмдөрү бири-биринен ажырабай, бир бүтүн текст катары баяндалышы зарыл.

Дилбаян түзүлүшү (курулушу) боюнча окуганын, укканын кайра жазып берүү дилбаяны (сочинение-пересказ), ой жүгүртүү дилбаяны (сочинение-рассуждение) болуп бөлүнөт.

Окуганын, укканын кайра жазып берүү дилбаянына окуучу китебиндеги окуган бөлүмдөрүн, ал жөнүндөгү айрым сын макалаларды же болбосо мугалимдин сүйлөп бергенин ырааттуулук менен жазуу иши кирет. Мындай дилбаян эң эле жөнөкөй келип, окуучу укканын, окуганын жөн гана баяндайт.

Ой жүгүртүү мүнөзүндөгү дилбаян Мында жазуучунун ой-пикири, чыгармадагы образдар, чыгарманын тили ой жүгүртүүнүн негизи предмети болот. Дилбаянда жазуучунун көз карашына, чыгармасына, андагы каармандарга, чыгарманын көркөмдүк каражаттарына ой жүгүртүлүп, баа берилет.

[ushka=seredina]

Эркин темадагы дилбаян Бул программалык материалдын негизинде эмес, окуучулардын билим деңгээлин, сабаттуулугун билүү максатында программа боюнча окулбаган эркин темадан алынат. Эркин темадагы дилбаян: баяндоо, сүрөттөө жана ой жүгүртүү мүнөзүндөгү дилбаян болуп, үчкө бөлүнөт.

Баяндоо түрүндөгү эркин дилбаян Башынан өткөн белгилүү окуяны же анын бир үзүндүсүн ж.б. баяндап жазуу иши кирет. Мында көргөнүн же укканын да байланыштуу кылып, белгилүү бир планда жазууга болот. Бирок эркин дилбаянда окуянын башталышына, өнүгүшүнө, кульминациялык чегине, анын төмөндөшүнө жана бүтүшүнө айрыкча көңүл буруу керек.

Сүрөттөө түрүндөгү эркин дилбаян Мында буюмдардын, заттардын, окуялардын, кубулуштардын белгилери көркөм, иштиктүү сүрөттөлүп жазылат. Иштиктүү сүрөттөп жазууда сүрөттөлүүчү нерсенин белгилери логикалык байланышта ырааттуулук менен жазылса, көркөм сүрөттөөдө образдуулук, кооздук ж.б. көркөм сөз каражаттары кеңири пайдаланылат.

Ой жүгүртүү мүнөзүндөгү эркин дилбаянда өз алдынча ой жүгүртүп, дилбаян жазган адамдын ой-пикири, көз карашы, түшүнүгү жазылат. Мындай ой жүгүртүү басымдуулук кылат. Дилбаян деген эмне, аны жазуу ушундай кызыктуу, эгер кызыккан темага жазсаңар андан дагы мыкты болот.

Эркин темадагы дилбаяндын көлөмү, аткаруу ыкмасы боюнча да бөлүнөт. Мындай дилбаян көлөмүнө жана ыкмасына карата класстык, үй, коллективдүү, жекече, кеңири жана кыска дилбаян болуп бөлүнөт. Кыска дилбаян кээде дилбаян-миниатюра деп да аталат.

Сүрөт боюнча жззылуучу дилбаян Эркин темадагы дилбаяндын бир түрү сүрөт боюнча жазылган дилбаян болуп саналат. Мында мугалимдин тапшыруусу менен окуучулар белгилүү бир сүрөт боюнча дилбаян жазышат. Алар сүрөткө карап, каармандын кулк -мүнөзүн, образын же болбосо андагы жаратылыштын көрүнүшүн ж.б. ачышат.

Дилбаяндын планы Плансыз дилбаян жазуу мүмкүн эмес. План - дилбаяндагы негизги ойду конкреттештирүүнүн каражаты жана бардык анализдик иштин жыйынтыгы. Плансыз жазылган дилбаян системасыз, баш аламан болуп, кээ бир ойлор улам кайталанып калат.

Дилбаяндын планына төмөндөгүдөй талаптар коюлат: план дилбаяндын темасына ылайык болушу; план менен мазмундун дал келиши; план так түзүлүп, авторго туура багыт бере алышы, жардамчы жана көмөкчү ролду аткарышы ж.б.

Дилбаяндын планынын түрлөрү Дилбаяндын планы жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй планда жазылуучу маселелердин негизги гана бөлүктөрү, татаал планда болсо ар бир негизги бөлүк майда темаларга ажыратылып, конкреттүү, так, кеңири көрсөтүлөт. Мисалы: "К. Баялиновдун "Ажар" повести" деген дилбаяндын темасына төмөндөгүдөй план түзүүгө болот:

Жөнөкөй план.

  1. Киришүү.
  2. К. Баялиновдун "Ажар" повести, "Ажардагы" оң каармандар, "Ажардагы" терс каармандар.
  3. Корутунду.

Татаал план.
I.Киришүү

  1. К. Баялиновдун өмүр жолунан кыскача кабар берүү.
  2. К. Баялинов — кыргыз прозасынын негиз салуучусу.
II.Негизги бөлүм
  1. К. Баялиновдун "Ажар" повестинде кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн чагылдырылышы.
  2. "Ажар" повестиндеги оң каармандар: Ажардын образы, Айткулунун образы, Батманын образы.
  3. "Ажар" повестиндеги терс каармандар: бай-манаптардын (Сагын, Жакыпбек) образдары; Сабитахун, Чырдын образдары.
  4. "Ажар" повестинин кетирилген кемчиликтери.
III.Корутунду. "Ажардын" кыргыз совет адабиятынан алган орду жана анын мааниси.

Кымбатуу окурман, дилбаян деген эмне макалабыз аягына чыкты, кошумча суроолор, кептер, сын-пикирлер болсо, тартынбай жазгыла, өзгөчө сын-пикирлерге эшик дайыма ачык. Айтмакчы, дилбаяндын орусчасы сочинениеби же эссеби? билгендер айтып койгулачы.

Жайгаштыруу: 2019-06-24, Көрүүлөр: 39263, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу