Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ден соолукка пайдалуу кенештер

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Ден соолукка пайдалуу кенештер

Ден соолукка пайдалуу кенештер жөнүндө кеп кылалы, жалаң пайдалуу гана кенештерди алып, ден-соолугуңузду чыңдап алыңыз. Адамдар үйлөнүп, балдарыбыз бат эле чоңоюп, убакыт учкан куштай өтүп кетет. Дени сак жана көпкө жашоо үчүн жана кийин өкүнүп калбоо максатында ар бир адам ден-соолукка кам көрүүсү зарыл.

Ден соолукка пайдалуу кенештер

Тамак алдында колду-бетти жууш керек, суткасына 7 саат уктоо, минералдарды жана витаминдерди кабыл алуу, тез даярдалуучу тамактардан алыс болуу, алкоголь жана тамеки менен денени ууландырбоо, эртең менен физикалык көнүгүүлөрдү жасоо. Бул сунуштар менен ар бир эле адам тааныш болсо керек. Бирок баары эле биле берген бир нече жакшы сунуштар бар. Эсиңерде болсун! бакыттын жана бакубаттын 90 пайызы ден-соолуктан көз каранды. Мальдива аралдарынан үй сатып алсаңыз дагы, ден-соолугунуз жок болсо же начар болсо, андай сатып алуудан кубаныч албайсыз.

Кенештер

Бутту бүгүп же боортоктоп отурбо

Мындай отурууда кан тамырлар кысылат. Буттун бүгүлүүсү 90 градустан кем болбошу жакшы. Антпесе, сиз варикоз, тромбоз жана башка ушул сыяктуу ооруга кабылууңуз мүмкүн.

Ысык тамак ичинен жабыркатат

Баарына белгилүү болгондой ысык тамак микробдор менен күрөшөт. Бирок, кеп зыяндуу бактериялар жөнүндө эмес, организмди толук кандуу өсүүсүнө жардам берүүчү пайдалуу бактериялар жөнүндө болуп жатат. Андан тышкары, адамдын көптөгөн ткандары назик болгондуктан, ысык тамак аларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзгөчө - калкан безге ысык тамак пайдалуу эмес. Бул ооз көңдөйүнөн жагымсыз жыттын чыгуусуна алып келүүсү ыктымал. Балким, билген чыгаарсыңар - адамдын дене табы 43 градус болуп кетсе, адам өлүмгө учурайт. Ал эми тамак-аштын же суусундуктардын максималдуу температурасы 45 градустан (градус/цельсия) ашпоосу керек.

Күнгө күйүү жарым сааттан ашык болбойт

Андан ашык күнгө күйүүнүн эмне кереги бар? Тери ачышып, кызарып, туурулуп түшүүсүн каалайсызбы? Медициналык жактан мындай күнгө күйүү таптакыр сунушталбайт. Айтмакчы, күнгө күйүү алдында Е витаминин кабыл алуу абзель, анткени ультрафиолет нурларынын таасири алдында тери дээрлик тез картаят. Кулактын артындагы терини карап көргүлөчү: ал жактагы тери 10-15 жылга жаш көрүнөт, анткени күн нурлары ал жакка өтө сейрек жетет. Башкаларга жагууну кааласак, сүйүктүү болууну кааласак, ден соолугубузду карайлы.

Чачты кыска кесүү туура эмес

Чач — бул тышкы чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен коргоочу нерсе. Же табият бизге чачты дайыма кыркып туруу үчүн же жөн эле бердиби? Баштагы чач жайкысын күн нурларынан сактайт, кышкысын сууктан. Булардын ичинде дагы башка көптөгөн нерселер бар. Айтмакчы, бул темага бизде өзүнчө "чачка кам көрүү" аттуу макалабыз бар.

Сууну эки же андан көп жолу кайнатпоо

Сууну кайнатканда ал өзүнүн касиеттерин жоготот, жана канчалык көп кайнатылса, ошончолук организмге зыян алып келет. Идеалдуу жагдайда суусуну кайнатпай, максималдуу денгээлде тазалоочу фильтрлерди колдонуу жакшы. Албетте, тазаланбаган сууну ичүү такыр болбойт. Ар кандай кудуктардан дагы сууну ичүү сунушталбайт, акыркы убакта кудуктардагы сууларда оор металлдар чогулуп калуу көрүншү пайда болду, ал жер аркылуу сиңип кудукка түшкөндөн. Организм сууну толук кандуу алып туруусу үчүн күнүнө жок дегенде 2 литр кабыл алуу керек. Андан ашык кабыл алуу да болбойт! Антпесе, суу организмдеги зыяндуу нерселерден тазалабастан, пайдалуу заттарды дагы кетире баштайт. Гипергидратация аттуу оору сууну ашыкча кабыл алуудан пайда болот. Сууну канча ичүү керектигин тагыраак айтсак, 1 килограмм салмакка 30 мл суу. Мисалы, эгер сиз 70 килограмм салмакта болсоңуз, 2 литр суу ичиңиз, 80 килограмм салмакта 2,5 литр керектелет. "Ден соолукка пайдалуу кенештер" кыялдарды орундатат.

Маанайды чөгөрбө

Сары-санааны тереңге катуу. Албетте, тереңге катып коюуу деген туура эмес, бууну чыгарып туруш керек, болбосо чоң жарылуу болот эмеспи. Кайнаган бууну туура чыгарып, жакшы маанайды сактоого аракет кылыш керек. Ооба айтканга оңой, жасаган абдан татаал, ошондой болсо да аракеттен кол үзбөйлү. Маанай пас болгондо иммунитет алсырай баштайт, натыйжада организм ар кандай ооруларга назик болуп калат, ал эми бирөөгө жиндин келүүсү, каардануу организмди олуттуу чыңалууга алып келет, бул жүрөк-кан тамыр системасына жана дем алуу органдарына зыяндуу таасир этет. Билесиңерби, рак оорусу дагы сары-санаадан, стресстен пайда болоорун? Ойлоруңузду оңдоңуз, позитивдүү маанайда жашаңыз, өзүңүзгө дагы, жакындарыңызга дагы көйгөй жаратуунун кереги жок. Андан көрө бакыт жөнүндө ойлоңуз. Жашоодо ар кандай көйгөйлөр көп болот, көйгөй жаралганда эми эмне болот деп санаага батып отура бербестен, болушунча тезирээ көйгөйдү чечүүгө аракет кылыңыз. Канчалык тез болсо ошончолук жакшы. Ар кандай ооруларды айтып коркутсак кечирим сурайбыз. Жашоодо жакшы нерселер абдан көп, жакшы нерселерди гана ойлоңуз. Маанайыңыз чөгүп, коркуу сезими пайда болсо "коркуу" деген макаланы окуп коюууну абдан сунуштайбыз. Бирөөгө жини келген адамдар тез картайып, аз жашашат, ошондуктан бирөөгө жиниңерди келтирбегиле, көрө албастык сезимден арылгыла. Жинденүү маалымат алыңыз.

Жаңгактан кез-кез жеп туралы

Жаңгакта Е витамини бар, ал жөнүндө өйдөрөөк жактан айтканбыз: Е витамини организмдин картаюуу процессин жайлатат. Эң пайдалуусу — грек жаңгагы. Күнүнө 100грамдан ашык эмес, ашып кетсе зыян. Күн караманын уруктары да жакшы, бирок алар тишке зыян, кол менен чагып жеген жакшы.

Газ плиталарын азыраак колдонуу

Эгер үйүнүздө газ плита болсо, аны азыраак колдонгонго аракет кылуу жакшы, же электр плитасына алмаштырып салуу абзель. Газ күйгөндө толук жок болуп кетпейт: ал акырындык менен чогулуп, көө пайда болот. Бул жагымсыз нерсе өпкөгө кирет. Анан албетте газ плита жарылып кетүүсү толук мүмкүн экенин баарыбыз эле билебиз.

Күн сайын жууну пайдага алып келбейт

Бардык нерсенин алтын ортосу жакшы, башкача айтканда бардык нерсе тең салмакта болуусу керек. Табият тең салмактуулукка умтулат - деген сөздү уктуңуз беле? Адам организминде деле ошондой, баарыбыз табияттын балдарыбыз. Жууну маселесин айтсак, самындап көп жууну дагы болбойт экен, мындай адам менен биз терибизди инфекциялардан жана эрте картаюуудан коргоочу май катмарынан арылып калат экенбиз. Денени жумасына 1-2 жолу самындап жууну жетиштүү. Албетте колду күн сайын самындап жууш керек, бетти дагы, бирок бетти самындап жуугандан кийин "бетке кам көрүү" зарыл, "кургак бетке кам көрүү" өзүнчө маселе.

Адреналин толкуну күн нурундай жакшы маанай тартуулайт

Бозоргон күндөрдү өткөрүп жашоо туура эмес, өзгөчө бул нерсе "үй-жумуш-үй" деген принципте жашагандарга зыян. Мындай жашоодо жашоонун өзүнө кызык азая баштайт, анткени позитивдүү эмоциялар жетисиз болот. Курч сезимдер бардык адамдарга керек, жок дегенде кээде болсо да: эс алуу, жумуштагы көйгөлөрдөн алыстоо жана башкалар. Мисалы, эмгек өргүүсүнө чыгыңыз, табиятка чыгып келиңиз, конокко барыңыз, жайкысын көлгө түшүңүз, табиятта түнөңүз, кышкысын тоо-лыжа базасына баруу, минералдык ысык сууларга түшүү, такыр болбосо жөн эле көчөгө чыгып басып келиңиз, курбу-курдаш, жоро-жолдошторго барып ушакташып келиңиз дегендей. Мындай нерселерди жасоо менен маанайдын көтөрүлгөнүн сезебиз, позитивке батабыз.

Жашоо бул кыймыл жана спорт

Баарыбыз эле уккан сөздөр, кыймыл аракет иммунитетти жогорулатат дегендей, бирок, тилекке каршы, бардыгына эле айтылгандай кыймылдаганга мүмкүндүк боло бербейт экен. Бирок, аз кыймылдуу жашоо образынан арылса болот. Өзгөчө айыл-кыштакта жашагандар муну жакшы билет. Көп кабаттуу үйлөрү көп шаарларда жашасаңыз, лифтке, маршруттук таксиге, деги эле унаага түшүдөн баш тартуу пайдалуу, жөө басуу, жок дегенде экинчи аялдамага чейин басып баруу сонун да. Албетте, спорт дагы жашооңузда болушу жаман эмес, өтө күчкө салып машыгуунун дагы кереги жок, өзгөчө оор атлетика ж. б., бардыгы тең салмакта болуусу жакшы.

Туура тамактануу

Акыркы күндөрү бизде тез татымдар деген түшүнүк абдан күчөдү, түрдүү самсылар, бургерлер, энергетикалык жана газдалган суусундуктар, чипсылар, анан кытайдын түшүнүксүз таттуулары, өзгөчө окуучу балдар арасында. Булардын бардыгы аныкталбаган, жасалган шарттары белгисиз азыктар. Ошол себептен ден-соолукка өтө зыян болушу мүмкүн. Өзгөчө мода болуп кеткен энергетикалык суусундуктар абдан күч алды, чындыгында булар өтө зыяндуу. Мунун курамындагы негизги түзүүчүсү кофейн болот, жана бир суусундуктагы дозасы абдан жогору, ошондуктан булар түрдүү баш орууларга, жүрөк-кан-тамыр системасынын ооруларына, артериалдык кан басымдын жогорулашына, толуп кетүүгө алып келүү ыктымалдыгы өтө жогору.

Ал эми, кафе, ресторан, ашканаларда, базарларда тамактануу айтпаса деле белгилүү болсо керек. Себеби, мындай жайларда тамак-аш кандай шарттарда даярдалаары, азыктар кимден же кайдан алынаары табышмак бойдон калат. Кошумча андай жерлерге миллион болбосо да, миңдеген түркүн түстүү адамдар келип кетишет. Албетте, арасында санитардык талаптарга жооп бергендери дагы бар, жана мындай жайлардан тамактанбагыла дебейбиз, болгону этият болуу зарылдык.

Ал эми азыктар жөнүндө айтсак, баары тең салмакта болуусу зарыл, эт, май жебеш керек деген таптакыр туура эмес, этти дагы, майды дагы жеш керек, бирок, эсеби менен, ушул эле нерсе, туз, таттуу, жашылча-жемиштерге таандык. Рациондо бардыгы тең салмакта болушу керек.

Зыян адаттар

Түрдүү ден-соолукка зыян келтирүүчү адаттардан алыс болуңуз. Мындай адаттарга кийинкилер кирет:

Достор, бул нерселер чындыгында адамдын тагдырын бузуп коё турган нерселер, жана бардыгы жөнөкөй нерселерден башталат. Ошондуктан, «ай бул эч нерсе болбойт, бул жөн гана шире, же жөн гана вино, кан болот» деген сөздөрдөн башталат. Же болбосо, «Даамын татып көр да бул прикольный экен, эч нерсе болбойт, таштап саласың тез эле» деген сөздөр менен коштолушу толук ыктымал. Маалымат катары айтып коёлу, жаман адаттарга берилген адамдардын 95% адаттан кутула албайт, калган 5% адаттан дарыгерге барып жатып кутулса дагы, жашоосу же тагдыры бузулуп калган болот дагы, мурдагы жашоосуна кайта албай калышат.

Эч качан жаман адаттарга берилбеңиз, ал үчүн эмне кылуу керек? кээде жаман адаттарга адамдын намысына тийүү жолуу аркылуу чакырышы мүмкүн, мисалы, «сен эмне колуңан келбейби? нормалдуу болчу, элден бөлүнбөй жүрчү, бир жолу жашайбыз да, муну кабыл алсаң кайгы-капаны унутасың, маанайың көтөрүлөт» ж. б. ушул сыяктуу сөздөр менен. Бир жолу жашасак дагы, аракеч же наркоман болбой, адам катары татыктуу жашоо керек. Мындай сөздөргө илинбеңиз, алданбаңыз жана чалынбаңыз. Эгер кимдир бирөө сизди жаман нерселердин даамын татып көрүүнү сунуштап жатса, андай жерден жөн гана кетип калыңыз. Айрыкча, мектеп окуучулары арасында, вино, насывай, электрондук тамеки деген нерселерден балаа башталат, көбүнчө түрдүү отуруштарда, туулган күндү өткөрүү майрамдарында. Акылдуу бололу, жаман адаттарга илинбейли.

Жайгаштыруу: 2018-02-09, Көрүүлөр: 13638, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо