Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чачка кам коруу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Чачка кам коруу

"Чачка кам коруу" кандай, аны кантип жууш керек, кантип тараш керек ушул сыяктуу суроолорго бул макаладан жооп аласыз. Чачты бат-бат жуубай деле, мөөнөтүнө чейин таза кармап турууга болот. Ал үчүн бир кундө 2—3 жолу 2—3 мүнөттөн тарак менен массаждап турат, ал чандарын түшүрүп, түбүндөгү майларын учуна тегиз таратат.

Массаж щеткасынын узун, катуу болуп, резина негизге бекитилгени жакшы. Массажды желкеден баштап, туш тарапка 3—5 мүнөтчө тараганда баштагы кан айлануунун күчөгөнүн сездирген жылуу, жагымдуу сезимдин келиши, теринин азыктануусунун жакшырышын билдирет. Щетканы улам жууп, тазалап туруу керек. Башта ысык пайда болсо массажды токтотуу керек.

Өтө майлуу чачтарга болгар адистери төмөнкүдөй кеңеш берет. Аны 3—5 күндө бир, жөнөкөй самын менен жууйт да өңү агыш чачтарды аптека ромашкасынын же күнкараманын кайнатмасына чайкайт (2 аш кашык гүлдү 1 л сууга кошуп, 5 мүнөт кайнатат). Же болбосо эмен кабыгынын кайнатмасына 3 күндө бир жолудан бир нече жума бою жууйт (3 аш кашык эмен кабыгын 1 л сууда 15 мүнөт кайнатат).

Өтө кургак чачтарды жууш үчүн ошол эле болгар адистери төмөнкүдөй кеңештерди берет. Андай чачтарды 2 жумада бир жолу жууйт. Жуур алдында башка кастор, данек, оливка майларынан сыйпап, сыртынан ысык сууга чыланып катуу сыгылган сүлгү менен 1 саат ороп коет да, самын же шампунь менен бир гана жолу жууйт. Мындан сон сууга чалынган жумуртканын сарысын же айранды сүйкөп туруп чайкайт. Эң акырында чачты жалтыратыш үчүн дагы бир жолу демделген чай же липа гүлү, ромашка тундурмасы менен чайкайт (2 аш кашык кургак чөпкө 1 л суу куюп 15 мүнөт кайнатат). Жууш ортосунда кастор, данек (1:3) майынын аралашмасы менен майлап турат.

Болгар адистери какачка каршы төмөнкүдөй кеңеш берет: башты 10 күн бою чалкан кайнатмасына жууйт (100 грамм майдаланган жалбыракка 0,5 л аш уксусун, 0,5 л сууну кошуп 30 минут кайнатат) же болбосо, кекиренин тундурмасына жууса да болот (5 бөлүгү чөп, 100 бөлүктүн жарымы уксус, жарымы суу) — 15-20 күн колдонот. Күнүгө кечинде чачтын түбүнө жанчылган чеснок жапса да жардам берет.

[ushka=seredina]

Баш терисинин майы туура бөлүнгөң (нормалдуу) адамдар бир жумада бир жолу башын жууса кадимкидей өзүн жакшы сезет, ал эми териси өтө кургак адамдардын териси тартылып, ачышкансып, өзүн жаман сезет. Мындай чачтарды 1 стакан айранга 2 жумуртканын сарысын аралаштырып сүртүп, тутумунда күкүрт, эфир майын кармаган чөп эритмеси менен чайкайт. Бул натыйжалуу профилактикалык чара болуп, майдын бөлүнүп чыгуусун калыбына келтирет.

"Чачка кам коруу", чач түшө баштаса, анын түбүнө күнүгө уйгак тамырынын оливка майындагы ширесинен (1:10) же кекире гүлүнүн ысык тундурмасынан (1 аш кашык гүлгө 200 мл суу, 200 мл уксус) сүйкөйт.

Башты 1 жумада 3—4 жолу аир (аир болотный) жана уйгак тамырынын кайнатмасына жууш керек (2 аш кашык чөптү 1,5 л сууда 20 минут кайнатып, 6 саат тындырып, анан сүзүп алат).

Чач түшө баштаганда элдик медицинада розмарин жалбырагынын кайнатмасын колдончу экен, ошондуктан эл арасында бул чөп "чоң эненин чачы" деп аталып калыптыр. Аны: 2 чай кашык розмаринге 300 г суу куюп, 5 мүнөт кайнатып даярдайт. Суутуп сүзүп алып чачтын түптөрүнө сүйкөйт.

Чачы жыдып, кашка баш боло баштаган адам күнүгө кечинде чачын самынсыз, чалкандын кайнатмасына жууш керек. Муну даярдоонун жолу: 0,5 л сууга жана 0,5 л уксуска 100 г кургак чалкан жалбырагын кошуп, 30 мүнөт кайнатат. Андан тышкары тамактын астында 30 мүнөт мурда 0,5 стакан чалкан кайнатмасын ичүү керек, даярдоо жолу: 1 аш кашык майдаланган чалкан жалбырагы менен тамырына 400 мл сууну куюп 10 мүнөт кайнатат. Суутуп, сүзүп — 1 күндө 4 мертебе ичет.

Чач жасалгасынын формасын сакташ үчүн толокняк кайнатмасын колдонсо болот, даярдоо жолу: 2 аш кашык тууралган жалбыракты 300 мл сууга салып, ал 2 эсе азайгыча кайнатат. Аны суутуп, сүзүп чачка сыйпап туруп тарайт да керектүү формага келтирет, бул форма бир нече саатка дейре бузулбай сакталат.

Конур күрөң чачтын өңүн бузбай жакшы сакташ үчүн, аны 1 күндө 1 мертебе күнкарама кайнатмасына чайкайт (1 аш кашык жалбыракка 300 мл кайнак суу куюп 2 саатча кармап, анан сүзүп алат.

Күнүрт чачтардын өңүн ачыгыраак кылыш үчүн 1 күндө 1 жолу 15 мүнөтчө пупавниктин гүл корзинасынын кайнатмасы колдонулат. 20—30 грамм гүлгө 1 л кайнак суу куюлат да суугандан кийин сүзүп алынат.

Чачына эрте ак түшүп бараткан жаштар чалкандын жалбырагы менен тамырын колдонсо болот, ага 500 г майдаланган жалбырак менен тамырга 0,5 мл суу жана 0,5 мл уксус кошуп, 30 мүнөт кайнатат. Сууган, сүзүлгөн кайнатманы ар бир күнү кечинде чачтын түбүнө сүйкөйт.

Чачты кара күрөңгө боеш үчүн грек жангагынын жашыл кабыгын, жалбырагын, сабагын пайдаланышат. Чачты муздаган кайнатмага боейт. Боектун өңүн өсүмдүк менен суунун көлөмүн өзгөртүү менен даярдайт.

Чачтын өз табийгый өңүн сактап, жалтыратыш үчүн аптека ромашкасынын ысык кайнатмасында чайкоо сунуш кылынат. Даярдоо жолу: 2—3 аш кашык чөпкө кайнак суу куюп, жабык идиште 1 саат коюп, анан сүзүп алат. "Чачка кам коруу" боюнча ушундай жакшы кенештер берилет, сулуу болуңуз, башкысы ден-соолукта болуңуз.

Кошумча:

Жайгаштыруу: 2018-01-17, Көрүүлөр: 5121, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо