Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коркуу

Баш барак | Медицина | Коркуу

Коркуу же коркуу сезими (англисче — fear, орусча — страх)— коркунучту сезүүдөн пайда болгон эмоция же сезим.

Мазмуну
Коркуу
ЭОК-11 (Эл аралык оорулар классификациясы)MB24.A
MeSHD005239

Жалпы маалымат

Коркуу менен Коркунуч түшүнүгүн бөлүп кароо зарыл, бирок кээде экөө бир мааниде колдонулушу мүмкүн. Коркунуч башка мааниге ээ болушу кийинкидей, мисалы, жер титирөө, өзгөчө кырдаалдар коркунучу сыяктуу, булар адам ден-соолугуна түздөн-түз физикалык зыян алып келүүчү табияттын же кандайдыр бир кырдаалдардын кубулуштарына байланыштуу коркунучтар (орусча опасность). Ушундан улам, бул макалада адамдын коркуу сезими, тагыраак айтканда ички, жан-дүйнөлүк коркунуч эмоциялары жөнүндө сөз болмокчу.

Коркуу сезими деген эмне? Изилдөөлөргө, ошондой эле ачык жашоо тажрыйбагасына ылайык, адамдын жашоо убактысынын 90 %, кандайдыр бир болбой турган окуялардан коркуп, күмөн санап жүрүп өтөт.

Мисалы,

А бирок, коркунуч жалган же жок нерсе, анын жападан жалгыз жашаган жери — бул биздин келечекке болгон ойлорубузда.

Коркунуч — адам элесинин өндүрүмү. Коркунучту адам акылы өзү жасап, болбогон нерсеге же таптакыр жок нерседен коркууга алып келет. Бул наадандык. Коркунуч реалдуулук эмес, адам тандоосу, ошол эле убакта адамзаттын эң митаам, эң зыяндуу оорусу десе болот.

Коркунуч кыялдарды жок кылып, үмүттөрдү өлтүрөт, адамдарды ооруканага жетелейт, картайтат, жан дүйнөнүн тереңинде жатып, колдон келе турган жакшы ойлорду ишке ашыруудан алыстат, артка тартат. Дал ушул коркунуч адамды шал кылат. Коркуу сезиминен адам кандайдыр бир гипноздун алдында тургандай катый берет. Көпчүлүк адамдар өзүнүн коркунучтарын өзүнөн, кыялдарынан күчтүү кылышып, кайра-кайра ката кетиришет. Ушундан улам, ийгиликсиз адамдар жаралат, бирок, өзгөрүүгө эч качан кеч эмес.

Адам баласы өзүн башкалар тарабынан жакшы көрүүсүн, жагымдуу болуусун каалашып, бардык иштери бир жасаганда эле бүтүп кетүүсүн самашат. Бирок, андай нерсе жомокто гана болбоса, реалдуу тиричиликте эч качан болбойт. Ар бир адам ката кетирет, бирөөнүн көңүлүнө жакпай калат, ою менен макул болбогон, сындаган, ал гана эмес жек көргөн башка адамдар пайда болот. Жана мындай нерсе ар дайым бир нерсе жасап, алга жыла баштаганда жаралат.

Ар бир адам өзүнөн — «мен канча жыл коркуп жүрүшүм керек?» деген суроо берүүсү зарыл. Коркунуч — чын сезилген, бирок чындыкка коошпогон фактылар, өз колубуз менен жасаган иллюзиялар. Коркуу сезими миллиондогон адамдарды артка тартбаганда жашоолору кандай болоор эле?

Коркунучтун пайдасы барбы

Албетте бардыгы акыл эс менен болуусу зарыл, «мен эч нерседен коркпойм» деп, жүрүп келе жаткан унаанын алдынан чыга калуу же көрүнгөн адам менен уруш-талаш чыгарып жаңжал салуу — келесоолук. Пайдасы эмнеде? Албетте пайдасы бар, мисалы, «мастан жинди качып кутулуптур» же «келесоого теңелбе» дегендей, коркуу сезимин рационалдуу пайдаланса пайдалуу жактары бар, дагы бир мисал, шарттуу рефлекстер: отту кармоодо колубуз ачышып, күйүп калаарын барыбыз билебиз, ушул сыяктуу рефлекстер баштан өткөндөн кийин гана жаралат эмеспи. Бирок, ошол эле убакта, негизинен, зыяндуу жактары көптүк кылат. Коркунуч адамды шал сыяктуу кылып, жалкоолукка катуу азгырат, депрессияга чөмүлтүп, ден-соолукка зыян келирет. Кыялданган жашоодон алыстатат Жашоого өзгөртүү киргизүүдөн чочулантат. Азыр өзүбүздүн жашообузду карап көрөлүчү, буга чейин эмне кылсак да, кылбасак да бул биз. Кандай гана болбосун мен деген адамдын натыйжасы, биздин жашоодогу тандоонун, акыл-эсибиздин натыйжасы.

Дүйнөдө корко турган бир гана нерсе бар, бул — коркунуч өзү. Белгисиз, акылсыз, негизсиз — коркунуч.

Ар бир адамдын коркунучу болот, бул илимий факт. Адам өзүнүн толук потенциалын ачуу үчүн — өзүнүн коркунучун таанып, коркунучтун көзүнө карай билүү жана ага каршылык көрсөтүүдөн, аны менен күрөшүүдөн тажабоо зарыл.

Эрдик... ар бир коркунучтун артында биз каалаган адам турат, биз кыялданган кыялдар турат, а бирок, көптөгөн адамдар кыялданып жүрүп өтүп кеткен мисалдар өтө көп, коркунучка каршылык көрсөтүүнүн негизи — адамдын кыялданган ишин жасап баштоосунда. Психология илиминде эч нерсе жасабоону «прокрастинация» деген термин менен байланыштырат, ушул себептен коркуу сезими адамдын бардык жашоо тармагындагы тигил же бул ишти жасабай коюуусуна чоң байланышы бар. Илимий жактан караганда коркуу нормалдуу нерсе.

Адамга өзүнүн коркунучтарынан аттап өтүү оңой эмес, бирок муну ар бир адам жасай алаары көптөгөн ийгиликтүү адамдардын мисалында аныкталган. Түбөлүктүү эч нерсе жок, бизге дайыма эле жакшы мүмкүндүктөр, жакшы идеялар бериле бербейт. Адам кайдай гана болбосун, эмне кылып жатпасын, кандай сыноолорду жашоо бербесин, ар бир адам коркунучту жеңип, бутуна туруп, алга жыла алат.

Адамда коркуп жүрүүгө, коркунучка багынууга убактысы болбош керек. Кайрат — коркунучка каршылык көрсөтүүчү сезимдерге кирет. Көпчүлүк адамдар башкаларды карап, кандайдыр бир үмүттөрдү артуу сезимдери дагы коркунуч менен байланыштуу. Акыл-эстүү адам башкаларга үмүтүн артпай, коркпостон өз жолуна түшүү абзель, бир адам экинчисине олуттуу деңгээлде жардам бере албайт, жардам берсе дагы боору оруп берет эмеспи, бирок адам байкуш эмес. Адам — инсан. Дени сак, буту-колу аман кезде, башкаларга үмүт артуу кандайдыр бир туура эмес нерседей. Ишенесизби? адам өз ишин баштаары замат коркунуч келет, ишенбесеңиз текшерип көргүлө. Ушул себептен коркунучка каршылык көрсөтүү максатында психологдор тарабынан башка адамдардын маанисиз, намыска шек келтирген сөздөрүнө көңүл бурбоо сунушталат. Тескерисинче акылдын (башка адамдардын акылдуу же пайдалуу сөздөрүн), жүрөктүн сөзүн угуу пайдалуу. Акылга белгисиз, туңгуюк сезилген иштерди же маалыматтарды анализдөө зарыл. Көпчүлүк макул болсо, бул сөзсүз эле туура дегенди билдирбейт. Адам өзүнө жана башкаларга пайдалуу ак эмгекке гана умтулганда, коркунучка, белгисиздикке орун калбай калат, калса дагы өтө аз деңгээлде. Айкындык жана ачыктык, илим жана билим белгисиздиктен, анын артынан коркунучтан арылтат. Ал эми ачык-айкын, илимдүү-билимдүү болуу үчүн бир гана ак эмгек жардам бере алат. Ак эмгектин артынан коркунучтан арылып, бакытка жетип, жалгыздыктан арылыңыз деп көптөгөн психологдор жана психиатрлар айтышат.

Психологияда коркунуч терс боёкторго боёлгон эмоционалдык процесс саналат. Жаныбарлар дүйнөсүндөгү коркунуч — жаныбардын жан сактоосунда маанилүү ролду ойногон, башынан өткөн терс тажрыйбада негизделген эмоция.

Психологияда

Россиянын психология илимдеринин доктору Захаров Александр Иванович баланын биринчи коркунуч сезими алты айлык мезгилинде пайда болоорун аныктаган. Адамдын эки жаш курагынан тарта, ата-энесинин ар кандай жазалоосу аркылуу, ошондой эле, баланын активдүүлүгүнүн өсүүсү жана чоң кишилер тарабынан тыюуу салуулары менен коркунуч сезими акырындан өсө баштайт. 3 – 4 жаштагы балдар үчүн коркунучтар үчилтиги мүнөздүү: жалгыздык, караңгылык жана жабык мейкиндик коркунучтары. 5 – 6 жашта, дүйнөнүн өлүмүнө алып келүүчү катастрофа алдындагы коркунуч менен коштолгон фобия пайда болушу мүмкүн: башка планетадан келген келгиндердин чабуулу, согуштар, өзөктүк жарылуулар, суу ташкындар, жер титирөөлөр ж. б. Фобиянын бул түрүнө каракчылардын, бейбаштардын кол салууларынан коркуу дагы кирет. Мектепке чейинки балдар үчүн айтылуу «медициналык» коркунучтар өзгөчө жайылган. Мектепке киргенде балдардын коркуу мүнөзү өзгөрөт: биринчи орунга кечигип калуу, үй тапшырмасын аткарбоо жана ата-эненин жазалоосу чыгат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча чоң кишилердин коркунучтары көбүнчө бала кезинде тамыр алып, жаш курактын бир баскычынан экинчисине өтүү өзгөчөлүгүнө ээ болот деп тыянак чыгарылган.

А. И. Захаров, коркуу бул «адамдын жашоосундагы коркунучтарда жана бейпилдигинде жаралган аффективдүү (эмоционалдык курчуу) абалы» деп белгилеген. Андан тышкары, коркуу сезими дем алуунун жана жүрөктүн кагышынын жыштыгы, артериалдык кан басымдын көрсөткүчтөрү, ашказан суюктугунун бөлүнүп чыгуусунда чагылдырылган жогорку нерв ишмердүүлүгүндөгү физиологиялык өзгөрүүлөр менен коштолот.

К. Изарддын дифференциалдык эмоциялар теориясында коркуу базалык эмоцияларга киргизилген, башкача айтканда генетикалык жактан көрсөтүлгөн физиологиялык компоненти, так аныкталган мимикалык көрүнүшү жана конкреттүү субъективдүү баштан өткөрүүсү бар тубаса эмоционалдык процесс болуп саналат. Коркуунун себебин реалдуу же элестетилген коркунучту эсептешет. Коркуу организмдин качуу, кутулуу жүрүм-турумун мобилизациялайт.

Баарлашуу психологиясында

Коркуу, адамдын базалык эмоциясы катары, коркунуч абалы жөнүндө белги берүү менен көптөгөн тышкы, ички, тубаса же кабылданган себептерден көз каранды. Коркуунун пайда болуусунун когнитивдик конструкцияланган себептери: жалгыздык, катардан чыгуу, басынуу сезимдери, өзүн-өзү сыйлоо коркунучу, сөзсүз иштин оңунан чыкпай калуу сезими, жеке адекватсыздыкты сезүү. Коркуунун кесепеттери: ишенбестиктин эмоционалдык абалдары, күчтүү нервдик чыңалуу, адамды качууга, коргоон издөөгө, жан сактоого түрткөн сезимдер. Коркуунун негизги жана артынан келүүчү эмоционалдык абалдарынын функциялары: белги берүүчү функциясы, коргоонуучу, адаптациялык, изденүүчүлүк.

Башкарууда

Америкалык психолог Эми Эдмондсондун ырастоосу боюнча, башкарууда чоңдордон (начальник, директорлордун) коркуу сезимин колдонуу жамааттагы психологиялык коопсуздуктун бузулуусуна алып келет, а бул өз кезегинде көптөгөн негативдик кесепеттерге ээ.

Фобиялар

Кооптонууну жаратпаган учурлар же объектилер коркуу сезимин чакырса, башкача айтканда жөнү жок нерседен адам корксо, мындай психикалык бузулуулар «Фобия» болот. Фобиялар өзүнчө тема болгондуктан кийинчерээк өзүнчө макала берилет.

Коркуу жана тынчсыздануу

А. И. Захаров тынчсыздануу менен коркуу жалпы тынчсыздануу сезимине биригет деп белгилеген. Бирок, коркуудан айырмаланган тынчсыздануу — бул «келерки коркунучтун эмоционалдык курч сезилиши». Тынсыздануу көбүнчө жоромолдоого татаал болгон жана жагымсыз кесепеттери менен үрөй учурган кайсы бир окуянын күтүлүүсү катары пайда болот.

Коркунун классификациясы

Коркуунун кадимки (табигый же курактык) жана патологиялык деңгээлин белгилешет. Кадимки коркуу кыска мөөнөттүү, калыбына келе алат, жаштын өтүшү менен жоголот, баалуулуктар ориентациясынын тереңине кирбейт, адамдын мүнөзүнө, өзүн алып жүрүүсүнө жана айланадагылар менен мамилесине олуттуу таасир этпейт. Коркуунун патологиялык деңгээли четтен чыккан, драмалык формаларында (үрөй учуу, эмоционалдык шок, кескин толкунданууда) же узакка созулган, улам ойлондурган, татаал калыбына келүү менен өткөн, аргасыз коркунучтан чыгат, башкача айтканда аң сезим тарабынан көзөмөлдүн толук жоктугунан, мүнөзгө болгон жагымсыз таасирлерден, жеке инсандар ортосундагы мамилелерден жана адамдын социалдык чындыкка ыңгайлашуусунан.

Коркуунун башка классификациясына анын реалдуу жана ойдон чыгарылган, курч жана өнөкөт деп бөлүнүүсү, ошону менен бирге реалдуу жана курч коркуунун бири-бири менен конкреттүү бир кырдаал менен байланышкан болсо, ойдон чыгарылган жана өнөкөт жеке инсандын өзгөчөлүктөрүнө таандык.

Маданияттагы коркуу

Адам тиричилигинин чеги бар экенин түшүнүү, ороюраак айтканда — өлүм коркунучу, алгачкы адамдын жашоосун ритуалдаштырган (ырым-жырымдаштырган) десе болот. Ритуал же ырым-жырымдар коркууларды жылмалап, маданий маалыматтарды чогултуп, аларды конвертациялоо ыкмаларын жакшыртууга мүмкүндүк берген. Адам тиричилигинин ыкмалары, жөндөгүчтөрү жана натыйжалары өзгөрүп турган. Мамлекеттүүлүктүн пайда болушунда коркунуч акыркы ролдо болгон эмес. Б. а. мамлекеттүүлүк пайда болгондо деле коркуу деңгээли өзгөргөн эмес. Жамааттардын түзүлүү факторлорунун бири коркуулар комплекси болгон деп айтууга болот. Бул комплекстин натыйжасында коркунучтар менен биргеликте күрөшүү үчүн биригүүгө умтулуу сезимдери жаралган.

Адамдардын тиричилигинде олуттуу орунду ээлеген (ээлеп келе жаткан) диндер жөнүндө айтсак, булардын ар биринде коркунуч негизги орундардын бирин ээлейт. Мында коркунуч метафизикалык деңгээлге көтөрүлүп, өзүнө жашоо жана өлүм маселелерин гана эмес, нравалык аспектилерди дагы камтыйт. Өлүм, башка дүйнөгө өтүүчү кандайдыр чек ара сыяктуу саналат. Жана, аркы дүйнө, адамдын бул дүйнөдөгү жашаган жашоосуна жараша болот делет. Бул учурда элестетилүүчү коркунуч булагы объективдүү реалдуулукта эмес (б. а. бул дүйнөдө эмес), таанып-билүү чегинен сырткары жатат. Кайсы бир мааниде, коркунуч, адеп-ахлактуулук (нравалуулук) сыяктуу критерийдин өнүгүүсүнө зор салымын кошту деп эсептесе болот.

Көркөм искусство менен адабиятта коркуу өзүнчө орунду ээлейт, мисалы: адабият, кинематограф жана видео оюндардагы готикалык романдар жанры (же готикалык аңгеме), хоррор жанры (коркуу жанрлары) ж. б. Эпикалык жана мифологиялык фольклор, элдик ишенимдер мындай чыгармаларда көп колдонуучу булак болуп саналат. Башка булактар арасында тигил же бул доордо жайылган социалдык фобияларды атоого болот.

Коркуу сезими, күчтүү социомаданий жөндөгүч болуп, заманбап гуманитардык илимдин көңүлүнө татыктуу, өзгөчө маданий билимдин.

Жаныбарлардагы коркуу

Жаныбарлар дагы коркуу сезимин сезишет. Жаныбарлар дүйнөсүндө коркуу — «жандыктын жан сактоосу үчүн чоң мааниге ээ болуп, башынан өткөн терс эмоцияларга негизделген». Жаныбарлардагы коркуу сезимин изилдөө үчүн коркунучтун шарттуу-рефлектордук реакциясын пайдаланышат, алар кийинкилер менен мүнөздөлөт:

Н. Б. Саульская, Н. В. Фофонова жана П. В. Судоргиналар тарабынан келемиштер үстүндө өткөргөн тажрыйбаларда шарттуу-рефлектордук реакция коркунучун чыгаруу жана ишке ашырууга тартылган жаныбарлар бир суткандан кийин жаңы камерада төмөнкү (көзөмөлдөнүүчү жаныбарларга салыштырмалуу) изилдөөчүлүк активдүүлүгүн көрсөткөн. Мындай активдүүлүктүн төмөндөшү, жаныбардын башынан өткөн терс тажрыйбасынан ал өзүн алып жүрүүдө этият болуп калуусу менен түшүндүрүлөт. Андан тышкары, коркуунун шарттуу-рефлектордук реакциясын чыгарууга кабылган жаныбарлар бир суткадан кийин (электр тогу менен жүргүзүлгөн) көзөмөлдөнүүчү жаныбарларга караганда жаңы стимулдун пайда болуусунда көңүл буруусу жана катып калуусу күчтүүрөөк болгон.

Жаныбардагы коркуу сезими үч баскычтан өтөт: пайда болушу, көрүнүшү жана басаңдашы. Тажрыйбадагы жаныбарлардын (келемиштер, чычкандар жана коёндор) коркунучунун көрүнүшү жашырынып калуу түрүндө өтөт.

Физиологиялык жактан коркунучтун бардык үч деңгээлинин пайда болуусундагы чечүүчү ролду бадам сымал без (орусча миндалина) ойнойт. Келемиштердеги базолатералдык бадам сымал безин бузуу, алардагы коркунучтун байкалышынын бузулуусуна алып келген (жаңы коркунуч жаратуучу стимулга катып катуу реакциясынын жоктугу, мисалы, мышыктын жүнү менен капталган булгаары топго болгон реакция).

Жаныбарлардагы коркунучтун басаңдашын бадам сымал бездин базолатералдык өзөгүнө белгилүү бир заттарды куюуу менен жөнгө салса болот. Бадам сымал безге мусцимолду куюуу жаныбарлардын коркуусунун шарттуу-рефлекторунун азаюуусуна (жашынып калуу, дем алуу жыштыгынын жана жүрөктүн кагуусунун өзгөрүүсү сыяктуу) алып келээри илимий адабияттарда тастыкталган.

Россия илимдер академиясынын жогорку нерв ишмердүүлүгү жана нейрофизиология институтунун окумуштуулары И. В. Павлова жана М. Р. Рысаковалар коркунучтун басаңдоо алдындагы сеанстарында бадам сымал бездин базолатералдык өзөгүнө мусцимол жана бикукуллинди куюуу көбүрөөк жашырынуучу келемишер арасында басаңдоо процессинин тездешине, ал эми азыраак жашырынган келемиштерге таасир этпейт деген тыянакка келишкен. Эксперимент 33 эркек келемиштерге жүргүзүлгөн. Тандап алуулардан кийин жаныбарлардын эки тобу белгиленген: азыраак жашырынган келемиштер (16) жана көбүрөөк жашырынган келемиштер (14).

Гуэлф (Guelph) жана Макгил (McGill) университеттеринин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө ылайык, коркунуч, жаныбарлардын анча чоң эмес популяцияларынын жоголуп кетүүсүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн дешет.

Адамдагы коркуу

Күнүмдүк жашоодо же өзгөчө учурларда адамдын жашоосуна коркунуч жараткан абалдарды жеңип чыгууга туура келет, а бул коркуу сезимин чакырат, башкача айтканда, чыныгы же жалган коркууну жаратуучу коркунуч, тынчсыздануу белгилеринин кыска же узак мөөнөттүү эмоционалдык процесси. Адатта, коркунуч жагымсыз сезимдерди чакырат, бирок, ошону менен бирге, коргонуу белгиси болушу мүмкүн, анткени, адамдын алдында турган башкы максат — жан сактоо. Ошону менен бирге, коркунучка болгон жооп дүрбөлөң тарабынан жаралган адамдын акылсыз иш-аракеттеринен, чечимдеринен түзүлүп калышы мүмкүн, б. а. күчтүү тынчсыздануунун көрүнүшү.

Ар кандай учурлардагы адамдардын коркунуч эмоциясынын өтүшү курчтугу жана өзүн алып жүрүүсүнө таасир этүүсү менен өтө айырмаланышы толук мүмкүн.

Коркуу сезими жээликкен же басаңдатылган эмоционалдык абал түрүндө жүрөт. Абдан күчтүү коркуу (мисалы, үрөй учуу) көбүнчө басаңдатылган абал менен коштолот. «Коркуу» аталган жалпы терминден тышкары, табияты жагынан ар кандай терс эмоционалдык абалдар үчүн «тынчсыздануу», «чочуу», «дүрбөлөң» жана башка ушул сыяктуу терминдер пайдаланылат. Мисалы, капыстан пайда болгон күчтүү дүүлүктүрүүчү абал тарабынан чакырылган кыска мөөнөттүү жана курч коркуу сезимдерин «чочуу», «жүрөк түшүү» деп аташат, ал эми узак мөөнөттүү, начар көрүнүп турган, диффуздук коркууну — «тынчсыздануу» же «санаа тартуу» дейбиз.

Фобия сыяктуу психикалык бузулуулар адамдын коркуу сезимин жыш жана күчтүү башынан өткөрүүсүнө алып келиши мүмкүн. Фобия деп адам өзү жеңе албаган белгилүү бир буюм же абал менен байланыштуу жадатма, иррационалдык коркуу сезимин айтабыз.

Кээ бир философтор, өзгөчө бул көрүнүшкө таза моралдык позициядан мамиле кылгандар, коркуу сезимин жаман натыйжаларга алып келүүчү зыяндуу эмоция деп эсептешет. Башка философтор, өзгөчө коркуу сезимин көбүнчө биологиялык кубулуш катары карагандар, тескерисинче, кооптуу кырдаалдарды эскерткен пайдалуу абал дешет. Коркуу сезими адам тиричилигинин мүмкүн болуучу абалдарынын бири деп туюнтулат. Бул көз караштар бири-бирин жокко чыгарбайт, анткени оорутуу сезими инсандын өзүн-өзү сактоосун камсыздайт жана күчтүү, узакка созулган көрүнүштөрдө гана жемишсиз же коркунучтуу болуп калат.

Балдардын (курактык) коркуу сезими

Балдардын (курактык) коркуу сезимдери эрте куракта пайда болуп, убактылуу мүнөзгө ээ. Коркуу сезими 3-4 жумадан ашпаса нормалдуу көрүнүш. Балдардын коркуу сезимдеринин пайда болуусунун себептерине кийинкилер кирет: баланын фантазиялары, терс тажрыйба (мисалы, иттин тиштеп алуусу иттен коркуу сезиминин себеби болушу мүмкүн), ошондой эле, чоңдор жана башка балдар тарабынан сезим туудуруулар (орусча внушение). Балдарда көбүнчө чоңдорго таасир этпеген көрүнүштөр коркуу сезимдерин чакырат: жомок каармандары, караңгылык ж. б. Өзгөчө 5 — 8 жаштардагы балдарда. Балдардын коркуулары табигый жана социалдык болуп бөлүнөт. Булардын эң алгачкылары мектепке чейинки куракта пайда болуучу табигый коркуу сезимдери саналат. Бала, 1 жашка чейинки курагында эле катуу үндөрдөн, бейтааныш адамдардан, ошондой эле, айлана-чөйрө же үй-жай жагдайлары алмашууда коркуу сезимдери жаралат. Мектепке чейинки чоңураак жана кичи мектепке чейинки курактагы балдарда өлүм коркунучу кеңири жайылган. Өспүрүм куракта социалдык коркуулар басымдуулук кылат — ийгиликсиздик, айыптоо, жазалоо, үмүтсүздүк жана өзүн өзү ишке ашыруунун мүмкүн эместиги жана башкалар. Балдардын коркуу сезимин жоюу үчүн арт-терапия, жомок терапиясы жана башка ыкмалар пайдаланылат.

Коркуунун деңгээлдери жана түрлөрү

Коркуу татаалдыгына жараша ар кандай терминдер менен мүнөздөлүшү мүмкүн: чочуу, үрөй учуу, дүрбөлөң.

Орустардын биологиялык илимдердин доктору, психология илиминин профессору Ю.В. Щербатых коркууга өзүнүн классификациясын сунуштаган. Ал бардык коркууларды үч топко бөлөт:

Биринчи топко адам жашоосуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу абалдар менен байланыштуу коркуулар таандык, экинчисине инсандын өзүнүн социалдык абалына өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу коркуулар жана күмөн саноолор, үчүнчү коркуу тобунда бардык адамдарга мүнөздүү болгон адамдын маңызына байланыштуу коркуулар жатат. Социалдык коркуулар, адамдын жашоосуна же ден-соолугуна коркунуч жараткан абалдардан эмес, анын социалдык абалы же инсандын жеке өзүн баалоосунан улам жаралат (эл алдында чыгып сүйлөө, социалдык байланыштар, жоопкерчилик коркунучтары ж. б.). Экзистенциалдык коркуулар интеллект менен байланыштуу болуп, жашоо көйгөйлөрүнө, өлүмгө жана адамдын жалпы тиричилик суроолору (маселелери) үстүндө ойлонуудан жаралат. Мисалы, өлүм, убакыт, маанисиз адам тиричилиги сыяктуу суроолордун алдындагы коркуу сезимдери.

Ушул негиздерден улам, өрт коркунучу — биринчи топко, эл алдында чыгып сүйлөө коркунучу (уялуу десек да болот) — экинчи топко, ал эми өлүм коркунучу — үчүнчү топко таандык. Ошону менен бирге, эки топтун ортосунда турган коркуу сезимдеринин формалары дагы бар. Аларга, мисалы, оорудан (сыркоодон) коркуу сезими кирет. Бир жагынан — оору биологиялык мүнөзгө (оорутуу, бузулуу, кыйналуу), экинчи жагынан — социалдык табиятга ээ (нормалдуу ишмердүүлүктөн чыгуу, жамааттан ажыроо, кирешелердин төмөндөшү, жумуштан бошону, жакырлык ж. б.). Ошондуктан, бул (оору-сыркоо) коркуу сезими 1- жана 2-коркуу топтордун ортосунда же чегинде турат, тереңдиктен коркуу (сууга түшүүдө) — 1 жана 3-топтун, жакын адамды жоготууга байланыштуу коркуу сезими 2 жана 3-топтун чегинде ж. б. у. с. Чындыгында ар бир коркуу сезиминде тигил же бул деңгээлде бардык үч топтун түзүүчүлөрү болот, бирок, алардын бирөөсү басымдуулук кылат.

Адам баласына коркунучтуу жаныбарлардан, абалдардан жана табият көрүнүштөрүнөн коркуу мүнөздүү. Бул себепке байланыштуу жаралган коркуулар генетикалык же рефлектордук мүнөздү алып жүрөт. Биринчи учурунда коркунучка болгон реакция генетикалык деңгээлде жазылган, экинчисинде (жеке терс тажрыйбада негизделген) — нерв клеткаларынын деңгээлинде жазылат. Эки учурда тең мындай реакциялардын пайдалуулугун акыл-эс жана логиканын жардамы менен көзөмөлдөөнүн мааниси бар. Балким, бул реакциялар өзүнүн пайдалуу маанисин жоготуп, адамдын бактылуу жашоосуна жолтоо болуп жаткандыр. Мисалы, жылаандарга абайлап мамиле жасоо мааниге ээ, ал эми өтө кичинекей жөргөмүштөрдөн коркуу болбогон иш; чагылгандан коркуу негиздүү, ал эми күн күркүрөөдөн коркуу негизсиз. Аракеч адамдан, эртең эмне кылат деп коркуу негизсиз, бирок, мас абалында же аффект абалында коркуу негиздүү. Эгер ушул сыяктуу коркуу сезимдери адамга ыңгайсыздыктарды жаратып жатса, рефлекстерди кайра түзүүгө аракет жасап көрүүгө болот.

Өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаратуучу кырдаалдарда пайда болгон коркуу сезими коргоочу функцияны алып жүрөт, ошондуктан пайдалуу. Медициналык манипуляциялар алдындагы коркуу ден-соолукка зыян алып келиши мүмкүн, анткени ал, адамга өз убагында диагноз коюуга же дарылоого тоскоол болот (мисалы, ашказанды жууп-тазалоо абдан жагымсыз процедура, бирок, антпесе, адам ууланып калышы мүмкүн).

Физиология

Адам мээсиндеги коркуу сезимине бадам сымал денече жооп берет. Урбах-Вите оорусунун натыйжасында бадам сымал денечесинин толук бузулган бейтапта коркуу сезими толугу менен жок экени байкалган.

Коркуунун нейрондук эки жолу

Коркуу сезиминин өнүгүүсү, идеалдуу түрдө бир убакта иштеген эки нейрондук жолдор менен аныкталат. Алардын биринчиси, негизги эмоциялардын өнүгүүсүнө жооп берип, тез реакция жасап, көп сандагы каталар менен коштолот. Экинчиси жайыраак, бирок тагыраак реакция жасайт.

Тез жол

Биринчи жолу коркунуч белгилерине тез жооп берүүгө мүмкүндүк берет, бирок көбүн эсе жалган тынчсыздануу катары иштейт. Экинчи жол кырдаалды тагыраак баамдоого жана коркунучка тагыраак жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Мындай учурда биринчи жол менен инициализацияланган коркуу сезими экинчи жолдун иштеши менен блоктолуп, ал (экинчиси) белгилүү бир коркунуч түрлөрүн реалдуу эмес деп баалайт.

Биринчи жолдо (төмөнкү, кыска, кыртыш алдында) эмоционалдык стимул сезимталдуу көрүү очокторунун өзөктөрүндө чагылдырылып, көрүү очокторунун амигдалярдык өзөктөрүндө кошулуп, эмоционалдык жооп берүүгө алып келет.

Узак жол

Экинчи жолдо (жогорку, узак, кыртыштуу) эмоционалдык стимул сезимталдуу көрүү очокторунун өзөктөрүндө чагылдырылып, мээ кыртышынын сенсордук бөлүмдөрүнө чыгат, жана андан кийин гана эмоционалдык жоопту калыптандыруу менен амигдалярдык (бадам сымал) өзөктөр комлпексине багытталат.

Фобияларда экинчи жол адекваттуу эмес иштейт, а бул коркунуч жаратпаган стимулдарга коркуу сезимининин өнүгүүсүнө алып келет.

Коркуу жөнүндөгү эстутумдун басаңдашы же өчүшү

Стресстик таасирлер чакырган оорулардын негизги көйгөйү — бул бейтаптардын эстутумундагы жагымсыз окуялардын көрүнүштөрүн токтотууга же басаңдатууга жөндөмдүн жоктугу. Ошондуктан, коркунуч реакциясынын узак мөөнөттүү сакталышы менен шартталган ооруларды дарылоодо врачтар коркунуч жөнүндөгү эстутумдун басаңдатуу процедурасын колдонушат (мисалы, коркунуч жок кезде бейтаптын коркуу сезимин чакыруучу объект же абалдарды көрсөтүшөт).

Басаңдатуу же өчүрүү, коркунучту унутууну түшүндүрбөйт. Басаңдатуу процессиндеги айырмачылыктар кийинкидей:

Жайгаштыруу: 2019-11-09, Көрүүлөр: 4493, Өзгөртүлгөн: 2022-06-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо