Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кургак бетке кам коруу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Кургак бетке кам коруу

"Кургак бетке кам коруу" - теринин кургактыгы - тубаса же болбосо агартуучу бетмай, спирт лосьондорду, атырларды жүйөөсүз, узак түрдө колдонуудан да пайда болушу мүмкүн. Эртен менен муздак абага чыгарда бетти жумшартылбаган муздак суу менен самындап катуу жууганда ал кургап кетет. Кургак тери жука, назик, жылмакай келет. Ал температуранын өзгөрүшүн, сууну, жакпаган бетмайды өтө тез сезип, тырышып, тартылып же ачышып турат. Кургак теринин тешиктери билинбей жылма болгону менен бырыш тез түшөт. Мындай бетти узакка чейин жакшы абалда сактоонун үч негизги эрежеси бар: туура тазалоо, майлоо, сактоо.

Кээ бир аялдар "менин бетим купкургак, ошон үчүн эч качан суу менен жуубаймын" деп айтышат. Бул туура эмес, табигый жана жумшак суу бетке абдан керек. Мындай бетти бир жумада эки-үч мертебе самындап жууп, дароо бетмай сүйкөп коюу керек, болбосо сууга жуулбаган бет одурайып, бырышы азаймак түгүл, көбөйгөнү дароо байкалып калат.

Эртең менен кайнатылган муздак суу менен, андай суу даяр болбосо, - 1 литр сууга 1,5 чай кашык аш соодасын же 1-2 аш кашык сүт кошуп жумшартып, ошону менен самындап жууш керек. Липанын гүлү, ромашка, жалбыз, шалфей, ашкөк уругунун тундурмасы (1 литр сууга 1 аш кашык) менен жуунуу да пайдалуу.

Эгер тери өтө эле кургак болсо, жуунардан мурда майлуу бетмайдан сиңирип алуу керек.

Жуунгандан кийин жүздү сүлгү менен басып кургатып, жумшартуучу жана сактоочу касиети бар майлуу бетмайдан сүйкөө керек.

Айта кетүүчү нерсе, бул учурда активдүү биологиялык кошулмасы бар бетмайлар жарабайт, бетмайлардын сыртындагы "гидротант" деген жазуу - анын тутумунда активдүү биологиялык заттардын кирээрин түшүндүрөт. Ал теринин клеткаларынын сууну кармап калууга, аны менен байланышууга жөндөмдүүлүгүн күчөтөт. Мындай бетмайды кургак, бырыштуу, солуп бараткан беттерге пайдаланган жакшы.

Андан тышкары, бетмайдын тутумунда биологиялык заттардын бардыгын, анын сыртындагы же өзүнчө кагаздагы жолдомодон окууга болот.

Ошентип, "кургак бетке кам коруу" эртен менен жуунгандан кийин майлуу бетмайды манжалардын учу менен тери сызыктарынын багыты боюнча:
-чекенин ортосунан чыкый тарапка;
-мурундун кырынан чыкый тарапка;
-эриндин бурчтарынан жаак тарапка б. а. кулактын төмөнкү учуна чейин тегиз сүртөт да, 10- 15 мүнөт сиңирген сон, соргуч кагаз менен ашыгын аарчып таштап, кургак беттер үчүн чыгарылган упадан себинет. Ал бетти күндөн, шамалдан, чаңдан, сууктан сактайт. Кургак бетке упаны бетмайсыз себинсе, бет ого бетер кургап, түктөйүп калат.

-Иштен кийин бетти жумшартуучу эмульсиялуу бетмай менен сүртөт. Сметанка, сливка, молочко түрүндөгүлөр кирет. Ушул процедуранын баары көп болсо 5-6 мүнөт убактыңызды алат, ал эми бетиңиз болсо тазарып, жумшарып, нымдалышып калат.

-Уктаарга 1 саат калганда - 5-6 мүнөт убактыңызды бөлүп, кургак бет үчүн жасалган лосьон же туалет суусу менен бетиңизди сүртөсүз. А эгер булар жок болсо, чөп тундурмасынан өзүңүз даярдап алсаныз болот (анын даярдоо ыкмаларын интернеттен тез эле тапсаңыз болот). Бул суюктуктун баары бетти сергитип, кандын жүрүшүн жакшыртат. Нымдуу бетке майлуу биокрем сүртөсүз.

Биокрем өзүңдө абдан керектүү биологиялык стимуляторлорду кармайт. Алар май эритүүчү витаминдер А, Д, Е, Ф, ферменттер, дары чөп экстракттары, микроэлементтер, өсүмдүк гормондору. Бетмайдын бул түрүн туура пайдалануу - жаш өткөн сайын начарлап бараткан зат алмашууну жакшыртат.

Бирок, эскерте кетүүчү нерсе - биокремди 35 жаштан өткөндөн кийин гана пайдаланууга болот. Бетмайды сүйкөнгөндөн кийин бетке жылуу, ным сүлгү менен компресс тартуу абдан пайдалуу, бирок бул процедураны териси кенен адамдарга колдонууга болбойт.

Уктаар алдында - бетмайдын ашыгын соргуч кагаз же салфетка менен сүртүп салыңыз. Себеби аны ашыкча коюунун пайдасы деле жок - кандай бетмай болбосун териге 1 сааттын ичинде сиңип бүтөт, а эгер таң аткыча калтырып кое турган болсоңуз, эртең менен тери шишигенсип, кан тамырлардын кеңейип кеткендигинен бет кызарып калат.

Ар бир бетмайды 1 айча колдонгондон кийин башка түрунө алмаштыруу зарыл, себеби бет ага көнө түшөт да, анын таасир берүүсү азайып же токтоп калат.

Мончого түшө баштаганда, адегенде бетти, жаактарды, моюнду жылуу суу менен бир нече мертебе абдан таза жууп туруп, түктүү сүлгү менен кургата аарчып, ордуна майлуу бетмайдан сиңире сүртүп коет. Мончого түшүп, аяктап калган учурда майлуу бетмай жылуу буунун таасири менен беттин таза, оозу ачылган тешикчелеринен териге жакшы сиңет. Тери жалтырап калбаш учүн, аяк жагында жылымык суу менен анча-мынча самындап туруп, жеңил гана чайкап коюу керек. Ушундай жол менен жууган бет, моюн жыпжылма жана тегиз болуп, жагымдуу сезим алып келет. "Кургак бетке кам коруу" ушундай жолдор аркылуу жүргүзүлөт, жана бул макала алардын эң негизгилерин жазып өттүк.

[ushka=lico]
Жайгаштыруу: 2018-01-16, Көрүүлөр: 13784, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо