TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Ала-тоо макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кыргыз жергеси, кыргыз тоолору Ала-тоо деп аталат. Анткени, эл биз мекендеген аймак тоолуу келип, жылдын ар мезгилинде башынан ак кар, көк муз кетпеген тоо чокулары көрүнүп турат. Ала-Тоо Мүнөздөмөлөрү Узундугу375 км Кеңдиги40 км Жогорку чекит Эң бийик жериБатыш Аламедин Абсолюттук бийиктик4875 м Жайгашуусу 42°30′00″ түндүк кеңдик 74°35′00″ чыгыш узундук ӨлкөлөрКыргызстан, Казакстан Тоо системасыТянь-Шань Ала-Тоо же Кыргыз кыркасы же Кыргыз Ала-Тоосу — Кыргызстандын, жарым-жартылай коңшу Казакстандын аймагында жайгашкан ички Тянь-Шандын тоо кыркаларынын бири. Кырка картага орус изилдөөчүлөрү тарабынан XIX кылымдын ортосунда киргизилип, орус императору Александр II наамына Александр кыркасы аталчу. 1933-жылы Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Кыргыз кыркасы деп өзгөртүлгөн. Кырканын узундугу — 375 км. Боом капчыгайынан чыгыштан батышты карай Тараз шаарына чейин созулат. Эң бийик жери — 4875 м (Батыш Аламедин чокусу). Көбүнчө чөкмө жана метаморфдук топурактар, порфирит, граниттерден түзүлгөн. Түндүк боору түштүгүнө караганда жантаймараак жана узун. Боорлорунда 2500 м чейин — шалбаалар, токойлор (карагай, арча), андан өйдө — субальп жана альп шалбаалары бар. 3700 м баштап — карлар, мөңгүлөр башталат (мөңгүлөнүүнүн жалпы аянты 223 км²). Кырканын борбордук бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 3180 метр бийиктикте Төө-Ашуу ашуусу орун алган. Ашуу аркылуу Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн бириктирген стратегиялык маанилүү болгон Бишкек-Ош авто жолу өтөт. Ала-тоого арналган ырларда ак элечек кийген же ак калпак кийген тоолор деген элестүү саптар да кезигет. Акын Жоомарт Бөкөнбаев — «Жайы-кышы кетпеген, кары сонун Ала-тоо» деп сүймөнчүлүк менен мүнөздүү сүрөттөгөн. Ошентип, биз турмуш-тиричилик өткөрүп, жашап жаткан мекенибиз, Алатоонун жаратылышы бай жана ар түрдүү. Ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга-жыбыт, өрөөн-өрүштөрү, чамынып аккан дарыялары, көк кашка тунук көлдөрү, түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча, карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен байлыктары - Ала-тоонун түгөнгүс берекеси. Жайыттарында төрт түлүк мал жайылып, мелтиреген талааларында эгин, пахта, жашылча-жемиш жайкалат. Элибиздин сыймыгы болгон Ала-тоонун аты менен көптөгөн уюмдар, маданий жайлар аталган. Дагы караңыз Күнгөй Ала-Тоо Тескей Ала-Тоо Тоо жонундо маалымат