"Өлкөлөр жана шаарлар" - бөлүмүндө Кыргызстандын жана жер шарынын өлкөлөрү, шаарлары, айылдары жөнүндө маалыматтар берилмекчи.
Франция — Батыш Европанын негизги аймагын камтыган трансконтиненталдык өлкө. Борбору — Париж. Республиканын девизи — «Эркиндик, теңдик, боордоштук».
Бразилия мамлекети — суу энергиясына, тропик дарактарынын баалуу түрлөрүнө, темир, марганец кендерине жана башка сейрек кездешүүчү металлдарга өтө бай, өнөр жайы өнүккөн өлкө.
Асртанбап (башка аталышы — Арсланбап) — Кыргызстандын, Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Арстанбап токоюнун ичинде жайгашкан айыл жана курорт. Бишкек шаарынан 690 км, Жалал-Абад шаарынан 60 км аралыкта Арстанбап өрөөнүндө жайгашкан. Туристтик кооз жерлерге кирет. Арстанбап айыл аймагына таандык.
Африка — аянты боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, түндүгүнөн Жер Ортолук Деңиз, түндүк-чыгышынан — Кызыл, батышынан Атлантика океаны жана чыгышы менен түштүгүнөн Индия океаны менен чулганат.