Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

22-ноябрь прокуратура кызматкерлеринин куну

Баш барак | Күндөр | 22-ноябрь прокуратура кызматкерлеринин куну

Жыл сайын 22-ноябрь күнү Кыргызстанда прокуратура кызматкерлеринин куну белгиленет. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 25-июлундагы №456 токтомунда прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту, укуктуулукту камсыз кылуудагы, жарандардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кыргыз өлкөсүндө коргоодогу жүйөлүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

22-ноябрь прокуратура кызматкерлеринин күнү

Ал эми 22-ноябрь күнү болгону бекеринен эмес, анткени 1924-жылдын 22-ноябрында Кара Кыргыз автономиялуу облус президиумунун токтомуна ылайык облус юстициясынын элдик комиссариатында 15 адамдан турган кыргыздын бирин көзөмөл органы - улуттук прокуратура түзүлгөн. Ушул күндөн тарта Кыргыз Прокуратурасынын тарыхы башталган. 1 жумадан кийин эле Кара Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи прокурору катары - Михайл Петрович Безносиков дайындалган.

Прокуратура кызматкерлеринин милдетине аймактык бийлик жана башкаруу органдарынын актыларынын мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү, соттук көзөмөл, тергөө жана алгачтергөө көзөмөлү, жаза тартуу жерлердеги адамдардын кармалуусунун шарттарын көзөмөл кылуу жана башкалар кирген. 1933-жылы СССР прокуратурасынын түптөлүшү менен бирдиктүү жана борборлоштурулган прокурордук көзөмөл негизи бекемделген. Негизги функциялары катары: жалпы көзөмөл, кылмыш-жаза тергөөсү (артынан түшүү), жазык сот өндүрүмүнүн бардык катышуучуларынын мыйзамды сактоо көзөмөлү, соттогу айыптоону колдоо.

Тарыхый булактар айтып тургандай, Кыргыз ССРинин прокуратурасы республиканын аймагындагы мыйзамдуулуктун орношу жана сакталуусунда маанилүү ролго ээ болду. Кедей-кембагалдардын эмгек келишимдеринин мыйзамдуулугун текшерип, жылкы уурдоо, пара алуу, жөөнү жок салыктар, шайлоо укуктарынын бузулушу менен күрөшүп, агартуу иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле, мыйзамдарды билүүгө, окууга жана үйрөнүүгө үгүт иштери жүргүзүлүп, сабатсыздык менен күрөшүүгө чоң салым кошкон. РСФСР конституциясы, жер кодекси жана башка мыйзам чыгаруу актылары кыргыз тилине которулган. Прокуратура кызматкерлеринин куну тууралуу тарыхый маалыматты сиз дагы эми билесиз.

Ошол эле убакта кыргыз прокуратурасы өзүнүн катарын жогорку квалификациялуу кадрлар менен толуктоо жана алардын юридикалык билимге ээ болуу иштерин жүргүзгөн. Ошондуктан акыркы жылдары ири тажрыйба топтолуп, прокуратура кызматкерлери өзүнүн профессионализми жогору болгондугу таң калыштуу деле эмес.

1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө жетиши менен, республика Конституция жана мыйзамды жогору тутуп, мыйзамдуулук көзөмөлдөрүн прокуратура органдары аткарып келет. Ал эми 1993-жылдын 18-декарында Кыргыз Республикасы "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" мыйзамын кабыл алып, прокуратура органдары көз карандысыз өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келүүдө. Ошондон тарта мыйзамдуулуктун максаттары жана милдеттери бекемделип, прокуратура органдарыныны түзүмү жана иш багыты аныкталып, ыйгарып укуктары калыптанган.

Профессионалдык майрам күнү прокуратура кызматкерлери жана ветерандары, өкмөт өкүлдөрүнөн, башчылыктардан жана кесиптештеринен куттуктоолорду кабыл алышат, ал эми өзгөчө эмгеги сиңген кызматкерлерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлашат. Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин куну жонундогу кыргызча маалымат-макалабыз жакса, досторуңар менен бөлүшүп койгула.

Жайгаштыруу: 2018-11-16, Көрүүлөр: 1621, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо