Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коргонуу спорттук-техникалык уюмунун кызматкерлеринин куну

Баш барак | Күндөр | Коргонуу спорттук-техникалык уюмунун кызматкерлеринин куну

Коргонуу спорттук-техникалык уюмунун куну

Ноябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда коргонуу спорттук-техникалык уюмунун кызматкерлеринин куну белгиленет. Бул күн Кыргызстандын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун борбордук кеңешинин президиумунун токтомун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 24-ноябрындагы №508 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Коргонуу спорттук-техникалык уюму (КСТУ, СТКУ же орусчасы ОСТО - Оборонно спортивно-техническая организации) - юридикалык жак, коммерциялык эмес уюм - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярлык, массалык өзүн-өзү башкаруучу коомдук-мамлекеттик бирикмеси. ОСТОнун мурдагысы атактуу ДОСААФ (Добровольное общество содействия армии, авиации и флоту) болгон, бул уюм СССР убагында болгон.

Тарыхы
Советтик Россияда биринчи коргонууга көмөктөшүү уюму 1920-жылы пайда болуп, негизинен аскер академиясында окуган кызыл командирлерди бириктирген. Кийинки жылдары мындай аскердик илимий багыттагы уюмдардын бир нечеси пайда болду. 1927-жылы бир гана борборлоштурулган "Коргонуу жана авиа-химиялык курулуш достук уюму" (Орусчасы - общество друзей обороны и авиационно-химического строительства - ОСОАВИАХИМ), мында аскер мезгилине чейин 40 миллиондан ашык адам билим алып чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ОСОАВИАХИМ бөлүмдөрүндө 9 миллиондон ашык аскерге чакырылган жарандар түрдүү аскер адистиктерине үйрөтүлгөн, алар: радисттер, телефонисттер, снайперлер, сапёрлор, айдоочулар. 1951-жылы уюм ДОСААФ болуп кайра түзүлүп, өнүгүүнүн туу-чокусуна белгилүү летчик Александр Покрышкиндин башкаруусу менен 1970-1980-жылдары жеткен. Ошол кезде мүчөлөрдүн саны 100 миллиондон ашкан. ДОСААФ подвалдардан жакшынакай имараттарга көчүп, тирлердин жана аэроклубдардын саны көбөйгөн.

СССРдин кулашы менен ДОСААФ уюмдары кээ бир постсоветтик өлкөлөрдө уюшулган, Кыргызстанда Коргонуу спорттук-техникалык уюму (КСТУ) 1991-жылдын 30-октябрынан бери жашап келет. Мында дагы деле спорттун спорттук-прикладдык түрлөрү өнүгүүдө. Кыргызстан ОСТОсунда автоунаа, радиотехникалык, деңиз, техника мектеби, спорттук-техникалык жана спорттук-аткыч клубдар бар, булардын базасында аскер-прикладдык мааниге ээ болгон, массалык техника адистигиндеги жарандарды даярдашат.

Республиканын Коргонуу спорттук-техникалык уюмунда спорттун аскер-техникалык түрүнө көп көңүл бурушат: парашют, автоунаа, мото, суу астында жана үстүндө сүзү, аткыч. КСТУ облусттук, шаардык жана райондук окуу жайларынан турат, туруктуу мүчөлөрүнүн саны 5 миңден ашык. Жогорку уюм катары коомдук бирикменин съезди, аткаруучу уюм - борбордук кенеш. Кыргыз Республикасынын КСТУсу КМШ ДОСААФынын Эл аралык биримдигинин ассоциацияланган мүчөсү болуп эсептелинет.

Кыргызстандын КСТУсунун иш алып баруусунда жарандарды аскердик-партриоттук тарбиялоо жана Мекенди коргоодо татыктуу салым кошту десек болот. Бүгүнкү күнү дагы бул уюм өз ишин улантып, башкы максат катары өлкөнүн коргонуу мүмкүндүгүн жана улуттук коопсуздукту бекемдөөнү көздөйт. КСТУнун иш багыты мурдагыдай эле - жарандардын патриоттук тарбиясына, техникалык, аскер-прикладдык жана спорттун техникалык түрлөрүнө көмөктөшүү, Республиканын куралдуу күчтөрү үчүн жарандарды жана массалык техникалык адистиктер үчүн адистерди даярдоо, жаштарды техникалык чыгармачылыкка тартуу.

Коргонуу спорттук-техникалык уюмунун кызматкерлеринин куну менен бул жаатта эмгектенген адамдарды куттуктайбыз. Коргонуу спорттук-техникалык уюм дагы деле ушундай жакшынакай жетишкендиктерди жарата берсин.

Жайгаштыруу: 2018-11-19, Көрүүлөр: 1029, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-11-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо