Ири мүйүздүү мал — Bos жана Bubalus түрүнө таандык болгон Букалар (Bovinae) түркүмчөсүнөн чыккан айыл-чарба жаныбарлары.
Жөжө — үй (тоок, күрп ж. б.) жана жапайы канаттуулардын балапаны. Канатуулар жөжөсүн ар кандай мөөнөттө басып чыгарат, мисалы: тоотуку — 20, күрп — 27 күн.
Мал же айыл-чарба жаныбарлары — азык-түлүк (эт, сүт, жумуртка), май, өндүрүш чийки затын (жүн, тыбыт, мамык), кыл түк, тери, сөөк, куш жүнүн, жер семирткич катары кыгын алуу үчүн адам тарабынан багылуучу жаныбарлар.
Күрп (үндүк, орусча индюк, индейка) — тоок сымалдуулар түркүмүнүн кыргоолдор тукумундагы куш.
Жаныбар — организмдер дүйнөсүндөгү негизги топтордун бири, учурда биологиялык падышалык катары каралат. Жаныбарларды зоология илими изилдейт.
Кене же кенелер (латынча Acari) — жөргөмүш сымалдуулар классынын (Arachnida) муунак буттуулар классчасындагы хелицердик кан ичүүчү жандыктар же жаныбарлар (курт-кумурска деп саналбайт).
Үй кой же бакма кой (башка аталыштары, үй кою же койлору, латынча Ovis aries) — койлор тукумундагы, көңдөй мүйүздүүлөр бүлөсүндөгү ача туяктуу сүт эмүүчү жаныбар. Негизги макала: «Кой».
Жылкы (латынча Equus) — жылкылар тукумундагы (Equidae) ача туяктуу эмес ай туяктуулар уруусунун жалгыз түркүм. Сымбаттуу, ири (дене узундугу 2,5 метр, ыйык жалынан бийиктиги 1,6 метр) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлашкан. Түгү коюу жана кыска, жал куйругу узун. Азуулары жалпак төрт чарчы келип, чөп чайноого ыңгайлуу.
Уй — ири мүйүздүү малдын бир же андан ашык тууту бар ургаачысы. Уй болоордун алдында бул малдын түрүнүн ургаачысы кунаажын аталат (биринчи уруктандырууга чейин), уруктандыруудан кийин, биринчи туутка чейин бооз кунаажын же туут кунаажын аталат.
Торгой, же кадимки торгой (латынча Alauda arvensis) — торгойлор түркүмүнүн таранчылар түрүндөгү канаттуулар. Бул кичинекей чымчыктар жетишээрлик катуу чыккан жана көркөм үнүн менен белгилүү.