Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бала гигиенасы жана тамактануусу

Балдардын алака түзүүсү

Жаш адамдын ички жан дүйнөсүнүн калыптанышында үй-бүлө үчүн үч нерсе зарыл: ишеним, сый, чыдамдуулук. Бул үч өз ара сезим, баланын ата-энеге, ата-эненин балдарга болгон мамилелери, ошондой эле балдардын кулк-мүнөзүнүн калыптанышы, ата-эненин балага болгон сүйүүсү жана өздөрүнүн бири-бирине болгон сый-мамилеси. Кыргызда мындай сөз бар: “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. Баланы

Балдардын эмгекке болгон кызыгуусу жана жоопкерчилигин арттыруу

Бардык эле тарбиялык иштер эмгекке үйрөтүү менен жана эмгектин коштоосу менен жүргүзүлөт. Эмгекке тарбиялоо маселесине үй-бүлөдө айрыкча көңүл бурулганы абзел. Балдар кичинесинен тартып эле кийим - кечелерин өзү кийүүгө, өзү чечүүгө, аларды ордуна иреттеп коюуга, таза сактоого үйрөнсүн. Бул үчүн энелик же аталык боорукердик кылуусунун зарылдыгы жок. Тескеринче билбегенин айтыпберип, туура эмес жасаган жерин оңдопжардамдашуу керек. Мына ушундай

Балдардын бөлмөсүнүн гигиенасы

Бала төрөлгөндө, мүмкүн болсо, ага бир бөлмөнү, жок дегенде бөлмөнүн бир бурчун бөлүп бериши зарыл, анткени жаңы төрөлгөн баланын тегереги бөтөнчө таза болушу тийиш. Анын себеби бала канчалык жаш болсо, ошончолук микробдордун таасирине сезимтал келет. Айрым аталар баласына жакшы шарттарды түзгөндү көздөп, эне төрөт үйүндө болгуча, үйдү актап

Балдардын кийим-кечеге карата талаптары

Организмди сууктан, ысыктан, шамалдан, жаандан, күн нурларынан, чаңдан ж. б. коргогон кийим. Ошондуктан кийим жарашыктуу гана болбостон, өзүнө ыңгайлуу жана айланасындагыларга жаккандай, жеңил, бышык жана дайыма таза болуш керек. Кийим тигилген кездемеге биринчи талап, анын өткөргүч касиетине коюлат. Жакшы өткөргүчтүү кездеме организмдин табигый аба алмашуусуна жардам берип, андан чыккан суунун

Балдарды медициналык кароодон өткөрүү

Балдардын ден-соолугун сактоодо эмдөө чоң роль ойнойт. Биздин өлкөдө учук, чечек, кептөөр, көк жөтөл, кызамык, селейме жана полиомиелит жугуштуу ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлүп турат. Эмдөөнүн алдында врач балдарды карап чыгып эмдөөгө каршы шарттардын жоктугун аныктайт. Эмдөө каражаттары (жугуштуу оорулардан коргоочу атайын заттарды алып жүрүүчү

Балдарды коомдук мамиле күтүүгө үйрөтүү

Коомдун негизги бирдиги үй-бүлө. Баланын билим алуусу, тарбияланышы, ошондой эле коомдук мамилеге үйрөнүүсү үй-бүлөдө башталат, анткени эң сезимтал биринчи жылдарын бала үй-бүлөдө өткөрөт. Үй-бүлөнүн функцияларын жана ролдорун үйрөнүүнү өздөштүрүүдө ата-эне, бир туугандары, улуулар чоң роль ойнойт, анткени алардын мамилелери, биринчиден абдан тыгыз, экинчиден, үй-бүлөлүк мамилелер өмүр бою үзүлбөй сакталат. Канчалык бала жаш болсо, ошончолук анын кабыл алуусу тез жана

Балдарды эмизүү

Жаңы төрөлгөн балага эң ыңгайлуу жана пайдалуу тамак-эненин сүтү, анткени:-эмчек сүтү бардык азык заттарды керектүү өлчөмдө жана катнашта өзүнө камтыйт;-бул сүт балага башка сүттөргө караганда сиңимдүү;-илимпоздордун акыркы изилдөөлөрүнүн маалыматы боюнча бала жугуштуу оорулар менен ооруп калса, эненин сүтүндө ошол ооруну козгоочу микробдорго каршы атайын заттар иштелип чыгат;-бала эмизүү эне менен баланын биримдигине келечекте бири - бирин жакшы түшүнүүсүнө

Баланын торолуу мезгили

Бир жаштан үч жашка чейин баланын торолуу мезгили болуп эсептелинет. Бул учурда бала көп сөздөрдү түшүнүп, сүйлөй баштайт, айлана - чөйрөнү баамдаганга аракет кылат. Үзгүлтүксүз такай кыймылдоо денесинин булчуңдарынын өсүшүнө, сөөктөрдүн бекемдешине алып келет. Балдар көптөгөн көнүмүштөргө, өзүн-өзү тейлөө ыкмаларына үйрөнөт, анткени бир жаш эки-үч айдан баштап балада эске тутуу жөндөмдүүлүгү пайда болот. Сүйлөй баштагандан тартып жөнөкөй ырларды үйрөтүп,

Баланы тарбиялоо

Ар бир ата-эненин бирден-бир максаты - баласын туура багып - өстүрүү. Баланын тарбиясы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат, ата-энесинин жүрүш-турушунан калыптанат. Бала канчалык жаш болсо, анын кабыл алуусу ошончо тез, терең болот. Жаш кезинде балага ата-эне эң күчтүү, эң сулуу, эң мыкты болуп сезилет. Алгачкы эң сезимтал жылдарын бала ата-энеси менен өткөрөт, алардын сүйлөгөнүн

Балдарды балдар адабияты менен тааныштыруу

Баштапкы билим берүүнүн негизги максатынын бири сүйлөгөнгө үйрөтүү, сөз байлыгын өнүктүрүү. Азыркы учурда бул максаттын мааниси абдан кеңейди, анткени радиодон берилген, телекөрсөтүүдөн көргөзүлгөн реклама балдарды керектүү сөздөргө үйрөтпөйт. Мектептеги балдар жөнүндө айтпай эле коёлук. Жогорку окуу жайында окуйм - деп келген улан кыздардын арасында оюн толук түшүндүрө албаган, сөз байлыгы жокко эсе, тилдин нормасына туура

Сайтка жарнама жайгаштыруу