Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарды медициналык кароодон өткөрүү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарды медициналык кароодон өткөрүү

Балдардын ден-соолугун сактоодо эмдөө чоң роль ойнойт. Биздин өлкөдө учук, чечек, кептөөр, көк жөтөл, кызамык, селейме жана полиомиелит жугуштуу ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлүп турат. Эмдөөнүн алдында врач балдарды карап чыгып эмдөөгө каршы шарттардын жоктугун аныктайт. Эмдөө каражаттары (жугуштуу оорулардан коргоочу атайын заттарды алып жүрүүчү суюктуктар, таблеткалар) балдардын организмдерине ар түрдүү жолдор менен киргизилет: чечекке каршы тери аркылуу, кептөөргө, көк жөтөлгө жана селейме булчуңдар, полиомиелитке каршы ооз аркылуу эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөө жасалган күнү баланы киринтүүгө болбойт. Көк жөтөлгө, кептөөргө каршы эң жакшы ийгиликтерге эмдөө каражаттарын организмге кайталап (ортосунда көп убакыт өткөрбөй) жасаган учурда гана жетишүүгө болот. Эмдөөдөн кийин туруктуулугу жагынан ар кандай 1 жылдан 5 жылга чейин созулган мөөнөттөгү.

Ал аркылуу организмде коргоо касиети пайда болот. Эмдөөдөн кийин пайда болгон ар кандай реакциялар адатта тез өтөт жана жеңил түрдө болот. Ошого карабастан эмдөө жасалган балада оорунун белгилери пайда болоор замат аны догдурга көрсөтүү керек. Эмдөөлөрдүн көбү бала бир жашка чыкканга чейин өткөрүлөт.

Эмдөөнүн убакытын догдур өзү белгилейт. Бир жашка чейин баланы ай сайын, 1-3 жашка чейинки баланы бир жылда 2-3 жолу, андан кийин бир жылда бир жолу медициналык кароодон өткөрүү зарыл. Ошондо гана баланын ден-соолугунун бузулушунун алдын алса болот.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 762, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу