Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдардын эмгекке болгон кызыгуусу жана жоопкерчилигин арттыруу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдардын эмгекке болгон кызыгуусу жана жоопкерчилигин арттыруу

Бардык эле тарбиялык иштер эмгекке үйрөтүү менен жана эмгектин коштоосу менен жүргүзүлөт. Эмгекке тарбиялоо маселесине үй-бүлөдө айрыкча көңүл бурулганы абзел. Балдар кичинесинен тартып эле кийим - кечелерин өзү кийүүгө, өзү чечүүгө, аларды ордуна иреттеп коюуга, таза сактоого үйрөнсүн. Бул үчүн энелик же аталык боорукердик кылуусунун зарылдыгы жок. Тескеринче билбегенин айтыпберип, туура эмес жасаган жерин оңдопжардамдашуу керек. Мына ушундай мамилелерден кийин баланын жумушка болгон кызыгуусу аз - аздан болсо да арта баштайт. Үй-бүлөдөгү эмгек тарбиясында балдардын эмгек жаатында күн тартибин түзүпберип, аны өз убагында туура, так орундатууга адаттандыруунун зор мааниси бар. Эмгектин күн тартиби боюнча иштөө кандай жумуш болсо да аны сүйүүгө жана эмгекчил адамды кадырлай билүүгө алыпкелет. Биз балдардын эмгекке болгон жоопкерчилигин арттыруу үчүн жогорудагы аталган эмгек күн тартибин түзүп, балдарыбызды көндүрсөк балдардын да жумушка болгон жоопкерчилиги жогорулайт. Мисалы: балдардын апасы кызы менен айылга кеткенден кийин өспүрүм баласы атасына жумуртка кууруп, чай кайнатып берди. Атасы баласынын эптүүлүгүн, жөндөмүн, аракетин көрүп отуруп: «Колуңдан айланайын каралдым. Апаң коноктон качан келет деп отурбай ырас болбодубу.

Мен да жумушка эрте бара турган болдум. Адам болот деген ушул» - деп, ыраазычылыгын билгизди. Мына ушул бала атасынын ыраазы болгон сөзүн уккандан кийин жумушка болгон кызыгуусу артып, мойнунда кийин да жоопкерчилик иштери бар экенин сезип, сүйүнүп да калды. Биз да балдарыбыздын кылган, жасаган иштерине түздөн-түз түрткү берип ыраазычылык билдирип турсак (эң негизгиси, албетте чын жүрөктөн аларда жоопкерчилик жана кызыгуу пайда болот деп ишенебиз.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 871, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу