Майдын түнү (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 2-январь, 1945-жыл |
Жери | Койсары |
Ар башка, ар адамда, ар кыл кыял,
Бирөө куу, бирөө момун, бирөө кыяр,
Бирөө март, бирөө шайыр, дагы бирөө–
Кызганчаак, аялына жүрөгү тар.
Мына ушул көп мүнөздүн эң соңкусун
Май түнү, К. айлынан көргөнүм бар.
Отуз жаш (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 8-декабрь, 1944-жыл |
Жери | Койсары |
Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз...
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Адамзат (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 7-февраль, 1945-жыл |
Жери | Койсары |
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырлап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Кайыңды (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 5-февраль, 1945-жыл |
Жери | Койсары |
Калды, калды Кайыңды айлым ыраактап,
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сууларыңа ыракмат.
Бөбөккө (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 30-ноябрь, 1940-жыл |
Жери | Койсары |
Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышын, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш түбү калың болсо да
Керек жерин жара тээп кирерде.
Сулууга (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 12-февраль, 1945-жыл |
Жери | Койсары |
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.
Кыргыз тоолору (ыр) | |
---|---|
Автор | Алыкул Осмонов |
Дата | 9—10-ноябрь, 1946-жыл |
Жазылган жери | Чолпон-Ата шаары |
Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.
Бүркүттүн канаты (ыр) | |
---|---|
Автор | Жоомарт Бөкөнбаев |
Жазылган датасы | 1939-жыл |
Ак булут асманында ойноп турган,
Үп чыгып капчыгайда аккан суудан.
Жел жүрүп көңүлүңдү эркелеткен,
Жер ушул баатыр кыргыз мекен кылган.
«Каракчынын трагедиясы» — поэма, автор: Жусуп Турусбеков.
Буулугуп жээкке урунуп, кемер кылып,
Жаш төгүп соолуккандай кээде тынып;
Томсоруп колго түшкөн айыпкердей
Рейн агып калат кээде жылып.
Кимдерден, эмнеликтен, улуу өзөндүн
Кандайча калды экен шагы сынып?