TYUP.NET
Баш барак | Адабият | Адамга (ыр)

Адамга (ыр)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Адамга (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата16-февраль, 1945-жыл
ЖериКойсары

Адамды адам меймандап,
Сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош-жорону
Жыйнайт экенсиң,
Жакшы тилек ак ишти
Кыйбайт экенсиң.
Ак дасторкон үстүндө
Чын ниет менен досуңду
Жегин муну, ичкин деп,
Кыйнайт экенсиң,
Ошентсең да өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин түбүнө
Бириңди-бириң жашырып,
Ыйлайт экенсиң.

Бул ыр-саптарга дээрлик жарым кылымдан ашык убакыт болсо дагы, актуалдуулугун бүгүнкү күнгө чейин жоготпогондой. Мындан Осмоновдун абдан көсөм, алысты көрө билгендигин баамдаса болот.

Көрүүлөр: 508
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.