Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адамзат (ыр)

Баш барак | Адабият | Адамзат (ыр)
Адамзат (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата7-февраль, 1945-жыл
ЖериКойсары

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырлап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.

Мүрөктүн суусун ичирейнн дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечера.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта:
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.

Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечера.

Олуя табып, улукман аке дарысы
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада:
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.

Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечера.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда;
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.

Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечера.

Кызыл топу, шуру, бермет сыяктуу
Бала өмүрү, сатылып турса калаада,
Катуу күйөт, кайгы зардын дарты үчүн,
Өзүм албай, ал дээр элем адамга.

Бала өмүрүн алсын деген себебим:
Адам деген баласаак тура бечера.

Мейличи, мени, жаман көргөн бирөөнүн –
«Жан алгыч келип, жанын сууруп аларда»
Эгер чиркин, экөө болсо жүрөгүм,
Берер элем, бирин ошол адамга.

Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура бечера!

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 338, Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу