Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Билим берүү системасы социалдык феномен

Баш барак | Психология | Билим берүү системасы социалдык феномен

Билим берүү, коомдун социалдык түзүлүшүнүн бир бөлүгү сыяктуу, социалдык институт катары каралат. Билим берүүнүн мазмуну коомдун ал абалын, бир абалдан экинчи абалга өтүп тургандыгын чагылдырып турат. Азыркы учурда бул XX кылымдын индустриалдуу коомдон XXI кылымдын постиндустриалдуу же болбосо маалыматтык коомго өткөндугү менен белгиленет. Билим берүүнүн өнүгүүсү жана функционалдашуусу коомдун жашоосундагы бардык факторлор жана шарттар менен, б. а экономикалык, социалдык, саясий, маданий ж. бменен шартталган.



Билим берүү менен маданияттын байланышы эң эле тыгыз, билим берүү институтунун түзүлүшүнүн алгачкы баскычы сыйынуулар менен ырым-жырымдар менен байланышкан: же болбосо маданият дайыма кайта өндүрүүнү талап кылып турган. Бул жөн гана шартталуу эмес, мында маңыздуу өз ара таасирленүү. Билим берүүнүн өнүгүүсүндө негизги принцип бул "маданий ылайыктуулук". Биринчиден, билим берүү өзүнүн функциялары менен социалдык институттагы адамдын коомдо маданий кайра жаралуусу катары каралат.



Бул принцип ЯАКоменский белгилеген "жаратылышка ылайыктуулук" окутуу жобосунун ордуна келген. "Маданий ылайыктуулук" принциби "Маданиятка ылайыктуу кылып окут" дегенге жатат. АДистервег айткандай, маданияттын контекстинде окутуу, билим берүүнүн маданияттын мүнөзүнө жана баалуулуктарына таянуусу, анын жетишкендиктерин өздөштүрүү жана кайра жаратуу, социалдык маданий нормаларды кабыл алуу жана адамды анын өнүгүүсүнө катыштыруу дегенди түшүндүрөт.



Билим берүү маданиятты кайра жаратуу катарында, түрдүү бөлүктөр системасы менен дифференциаланган, өзүнчө система. Педагогикалык психология окутуучунун жана окуучунун ишаракетин, түзүлгөн шарттын контексттинде, ушул система ичинде изилдейт. Билим берүү социалдык институт катары, өз ара байланышта болгон түрдүү элементтерди камтыйт: система бөлүктөрү, башкаруу, уюштуруу ж. б. Бул система максаты, мазмуну, билим берүүнүн мурдагы деңгээлин жана кийинкилерин божомолдорун эске алган, белгилүү түзүлүштөгү окуу программалары жана пландары менен мүнөздөлөт. Билим берүү системасы, башка системалардай эле, өз ара байланышта болгон кандайдыр бир элементтерден турган, структурага ээ. Билим берүү системасынын элементтеринин же алардын подсистемаларынын өз ара кыймыл-аракеттери жалпы системанын максатына, позитивдүү натыйжага жетүүгө багытталган.



Кандай гана билим берүү системасы болбосун негизги максаты болуп инсанды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү. Коюлган максаттын натыйжасын ченөөнү, окутуу жана тарбиялоо технологиясынан, методдорунан, окутуу процессин уюштуруудан, материалдык базаны түзүүдөн эмес, бүтүрүүчү инсандын жетишкендиктеринен көрүү керек. Билим берүү системасынын түрлөрү жана өзүнүн спецификалык маселелери бар, бирок бул маселелер жалпы максатты конкреттештирүүчү болуп эсептелет, башкача айтканда инсанды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү. Бардык мамлекеттерде, байыркы мезгилден баштап эле, билим берүү система катары, белгилүү өнүгүү мезгилин мүнөздөөчү, белгилүү коомдук-тарыхый шартка ылайык калыптанган.



Түрдүү мамлекеттердеги билим берүүнүн калыптануу тарыхы түрдүү өнүгүү тепкичтеринде спедификалык өзгөчөлүктөргө ээ. Билим берүү системасынын бардык элементтери өз ара аракеттенүү процессинде жөн гана эсепке кирбестен, алардын байланыштарынын негизги өзгөчөлүгү бул инсанды өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу максатына жетүүгө багытталган, өз ара кол кабыштык иш-аракет. Окуучунун инсан катары, иш-аракеттин субъектиси катары өнүгүүсү бардык билим берүү системасынын эң негизги максаты жана маселеси болот жана ошондой эле ал компоненттин системасын пайда кылуучу сапатта каралышы мүмкүн. Азыркы учурдагы мектеп практикасында "өнүгүү" түшүнүгү дайыма эле комплекстүү маселе катары карала бербейт: биринчи аспекттин басымдуулугу менен, интеллектуалдыктын (1) жана инсандыктын (2) мамилелештик проблемаларына күнүл бурууда дисбаланстын күчтүүлүгу жана дааналыгы байкалат. "Өнүгүү" түшүнүк проблемасы көп учурларда маселе катары такыр белгиленбейт, ал эми өнүктүрүү проблемасы окуучуларга билимдерди берүү жөнүндө суроосу менен алмаштырылат. Бул азыркы учурдагы мектепте, практика жүзундө ишке ашуучу жана мугалимдиктин индивидуалдык жана коллективдик кесиптик аңсезиминде психологиялык өзгөчөлүктөргө ээ болуучу, дидактикалык доминанттын бардыгын чагылдырат.



Мектеп, социалдык институттун башаты болуу менен, балдарды турмушка даярдоосу керек. Турмуш бул академиялык билимдер гана эмес. Социалдашуу илимдин негиздери жөнүндө маалыматтарды гана берүү менен чектелбейт. Ддамдын инсан жана иш-аракеттин субъектиси катары, мектептеги аракеттерде өнүгүүсүн төмөндөгүлөр божомолдойт: 1) интеллекттин өнүгүүсү, 2) эмоционалдык сферанын өнүгүүсү, 3) стрессорлорго чыдамкайлыкты өнүктүрүү, 4) өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүү, 5) дүйнөгө позитивдик мамилени жана башкаларды туура кабыл алууну өнүктүрүү, 6) автономдуулукту жана өз алдынчалуулукту өнүктүрүү, 7) өзүн актуалдаштыруунун, өзүн жогорулатуунун мотивацияларын өнүктүрүү.



Өзүн өнүктүрүү мотивациясынын негизги элементи катары окуунун мотивациясын өнүктүрүү. Аталган ойлорду тарбиялоонун жана окутуунун гутанисттик психологиясы деп атоого болот. Алардын мектеп практикасында практикалык ишке ашуусу психологдордун катышуусуз мүмкүн эмес, ошондуктан мектеп психологиясынын системасынын динамикалык калыптануусу талап кылынат. Билим берүүчүлүк чөйрө инсандын калыптануусунун шарты жана таасирлердин системасы катары, өзүн өзү өнүктүрүү үчүн анын айланасында камтылган мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Инсан чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү канчалык толук пайдаланса анын өзүн өзү өнүктүрүүсү ошончолук ийгшшктүүрөөк болот.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 4614, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу