Билим - илим, техника жана экономикалык мамилелер убакыт өткөн сайын тездеп өнүгүүдө. Өзгөчө XX кылым адамзатты көптөгөн илимий - техникалык жаңылыктар менен байытып, илимдин жана техниканын кылымы деген атка конду. Ошого жараша мектептин окуу программасы да татаалданды. Баштапкы билим албаган бала мектепте окууну өздөштүрө албай, келечектеги коомдо өзүнүн татыктуу ордун таба албай калат. Мектепке чейинки балдар өз алдынча билим алам деп изденбейт. Алар айлана - чөйрө менен таанышууда өзүнчө билимге ээ болот.
Кичинекей балдардын кабыл алуусу абдан курч болгон соң, көргөн, уккан нерсесин өзүнө кургак топурак сууну сиңирип алгандай эле кабыл алат. Эгерде ата - энеси, бир туугандар ж. б. билим алууда балдарга көмөк көрсөтпөсө, баланын билими тайкы, пайдасыз болуп калат. Анысы аз келгенсип, бала көп жаман нерселерди өздөштүрүп, чоңойгондо ата - энесине көп санаа алып келиши мүмкүн. Баштапкы билим берүү, бул балдардын билүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүүгө жумшалган иреттүү, пландуу жана максаттуу иш чаралардын жыйындысы. Эгерде мектепте балдар илимдин негиздерин үйрөнсө, баштапкы билим берүү балдарды жанындагы нерселер менен тааныштырат, жаратылыштан байкалган кубулуштар жөнүндө жөнөкөй түрдө, бирок акыйкат билим берет, башкача айтканда мектепке даярдайт. Мектепке чейинки окутуунун мааниси зор, анткени балдардын ой - жүгүртүүсүн, аң-сезимин өрчүтөт, балдардын бардык жактан өнүгүшүнө шарт түзөт.
“Кандайча баштапкы билим берүүнүн иш чарасын пландаш жана багытташ керек?” - деп силер балким сурайсыңар. Бирок мындай даяр планды сизге эч ким бере албайт. Анткени ар-бир ата-эненин бала жөнүндө үмүтү өзүнчө таза, өзүнчө ар кыл келет. Ошондуктан үмүтүңөргө жараша изденип, өздүк чыгармачылык менен иш чараларды түзө аласыңар.
Азыркы мезгилде көп жерлерде, өзгөчө элет жеринде бала бакчалар жабылып, мектепке даярдануу адатта үй - бүлөдө жүрүп калды. Бала бакчага барган күнү да баштапкы билим берүүдөгү - ата-эненин түздөн-түз маанилүү милдети. Ар бир ата-эне баласына ыймандуу жана билимдүү, бактылуу болуп чоңоюшун самайт. Ал эми бул нерселер силер билгендей өзүнөн - өзү келип калбайт. Ал үчүн биринчи иретте ата - энелер өзүлөрү аракеттениши керек. Үй-бүлөдө, баштапкы билим берүүнүн атайын мекемелерде, билим берүүгө салыштырмалуу көп жакшы жактары бар, себеби: Ата-эне баланын эң жакын кишилери, ошондуктан ал тартынбай, уялбай өз оюн айтат. Мээримдүү мамиле билим берүүнү ийгиликтүү кылат.
Ата-эне балага талыкпай тарбия берет. Баштапкы билим берүүнү бала бирдеме түшүнүп калганда баштайт. Бирок мектепке даярдоо 3 жаштан башталат. Анткени бул мезгилде бала билим алууга умтулат, чоң кишилерге көптөгөн суроолорду берет.
Ошол суроого түшүнүктүү, туура жооп берүү зарыл. Кийин чоңойгондо билип алат деген мамиле баланын акыл - эсинин өөрчүшүнө чоң жоготуу алып келет.