Улут уңгусу билимдүү жаштарда демекчи, келечек муундарга билим берип, тарбиялоодо көрүлүп жаткан бүгүнкү күндөгү иш-аракеттер ич жылытаарлык деңгээлде болбосо да, ар бир педагогдун бул тармакты өнүктүрүүгө кошо турган салымы башкы мүдөөсү болушу керек деп эсептейм. Андыктан ушул тармактын өнүгүүсүнө кошкон салымым болуп калсын деген ар бир жүрөгүндө оту бар, дилгир жаштардын демине дем, күчүнө күч берген, демилгелүү жаштарга катарлаш мен да кыргыз педагогикасынын мындан ары өнүгүүсүнө өз ой пикирлеримди айтып өтүү өзүмдүн кесиптик парзым деп билемин.
Кыргыз педагогикасынын мындан ары түптөлүп, өнүгүүсүнө азыркы жаштардагы прогрессивдүү идеяларды алдыга алып чыгуу жана колдоого алуу мезгил талабы экенин жүрөгүнөн сезе билген ар бир педагогдун башкы милдети го. Бүгүнкү күнлө жаштардын билимге болгон чаңкактыгынын, кызыгуусунун жоголушунун себептери, анын алдын алуунун жолдору, баланын билимге болгон кызыгуусун арттыруунун эффективдүү мотивдерин иштеп чыгуу педагогдордун гана эмес жалпы коомчулуктун баш оорусуна айланган башкы проблема экендиги айгине болуп олтурат.
Мына ушул маселени чечүүдө менин бир нече жылдык эмгек тажрыйбамдан келип чыгып төмөнкүдөй тыянак чыгарып олтурам. Ал үчүн өзүмө көп жылдар бою төмөнкүдөй суроолор менен кайрылып, жооп издеп көрдүм. Көп жылдык иш тажрыйбамдын негизинде өзүмө төмөнкүдөй тыянак чыгардым. Билим берүүнүн сапатынын төмөндөп кетиши эмнеде? Ооруну даарылагандан мурун, анын келип чыгуу себептерин аныктоо, ооруну жеңе билүүнүн жеңил жолу деп эсептейм. Билим берүүнүн сапатынын түшүп кетиши үчүн бир гана педагогикалык жамаатты айыптай албайм. Бул жалпы коомдук оору деп эсептейм.
Анткени, келечек муундарга татыктуу билим берип, тарбиялоо жалпы коомчулуктун милдети. Бул үчүн жалпы коомчулугубуз жапырт кызыктар болушубуз керек. Мен муну менен педагогикалык жамаатты жоопкерчиликтен оолактаткым келбейт. Бирок, баласынын билим, тарбия алып, анын өмүрүнүн жана ден соолугунун коомпсуздугун камсыздап, коомдо жетиктүү инсан болуп калыптанышына башкы орунда ошол баланын ата-энеси кызыктар болушу керек. Ата-энелердин балдарынын келечек тагдырын педагогикалык жамаатка энчилеп берүүсү туура эмес көрүнүш деп түшүнөм.
Бүгүнкү күндөгү ата-эненин түшүнүгү боюнча мугалим ушул кесипти тандап алып, ушул кесиптин аркасында нан таап жеп жатабы, демек жеген нанын актап жесин дегендей милдеттүү көз карашта, өз баласынын тагдырын педагогикалык жамаатка байлап бергени коомчулук арасындагы туура эмес түшүнүк деп эсептейм. Бүгүнкү күндөгү педагогикалык жамаат эмгек маянасынын аздыгына карабай, социалдык шартынын төмөндүгүнө карабай, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бар дараметин жумшоо менен өз милдетин так аткарууга белсенип, бүт чыгармачылыгы менен талантын балдар үчүн аянбай аракеттенип келе жатышканы белгилүү.
Анын натыйжасы баласынын келечеги үчүн кызыктар болуп, билим берүү мекемелери менен биргеликте иштешип жаткан ата-энелердин балдарынан байкалып олтурат. Канчалык ата-энелер өз балдарынын келечегине кызыктар болуп, билим берүү мекемелери менен биргеликте, тыгыз иш алып барышса, эффективдүүлүк ошончолук жогору болот деп эсептейм. Эң эле элементардуу нерсе мугалим балага берген күндөлүк үй тапшырмалардын аткарылышына баласы үчүн ата-энеси көзөмөлгө алып, көмөктөшсө, баланын күнүмдүк катышуу, жетишүүсүн, алган бааларын билүү үчүн күндөлүктөрүн текшерип, кол коюп берип турса, балага болгон көзөмөлдү күчөтсө, баланын бош убактысын туура пайдалануусуна шарт түзсө, баласынын билим алуусуна гана эмес туура тарбиялануусуна да өбөлгө түзмөк жана коомдогу балдар арасындагы ар кандай жат көрүнүштөрдүн, конфликттердин келип чыгуусунун алдын алмак.
Билим берүүнүн сапатынын түшүп кетүүсүнө кедергисин тийгизип жаткан эң башкы факторлордун бири катары коомдогу социалдык-экономикалык абалдын начарлыгы. Бул келечек муундардын толук кандуу сапаттуу билим алуусуна кедергисин тийгизип жаткан башкы көйгөй болуп саналат. Анткени бул көйгөй коомчулук арасындагы массалык жумушсуздукту келтирип чыгарды, анын натыйжасында ички, тышкы миграция маселеси балдардын толук шартта билим алуусун чектөөгө алып келди. Социалдык-экономикалык абалдын начардыгы өлкөнү бир нече ирет саясий дестабилдүүлүк жарына такады.
Бул коомчулук арасындагы туруксуз абалды жаратпай койгон жок. Коомчулук арасындагы тынчсыздануулардын келип чыгуусу жана күтүүсүз болуп өткөн окуялар балдардын өсүп-өнүгүүсүндө аң-сезиминин, психикасынын, эс тутумунун өрчүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Коомдогу ушул сыяктуу көрүнүштөр балдардын кароосуз калып келтүүсүнө, же бала үчүн ата-эне тарабынан убакыт бөлүнбөй калуусун шарттады. Мындай кароосуз калган балдар эптеп жанын багып кетүүсүнүн айынан окууну таштоого аргасыз болууда.
Ата-энеси эмгек мигранты катары өлкөнүн башка аймагына же чет өлкөлөргө кеткен балдар жакын туугандарынын колдунда калып, же таптакыр кароосуз калып кетишип, анын негизинде алардын билим алуусуна толук кандуу шарттын жетишсиздигинин айынан билим алуудан аксап, же таптакыр окууну таштап койгон учурлар күн өткөн сайын байма-бай кайталанып туруучу коомдогу өөн учурабаган көрүнүшкө айланып баратат. Мунун негизинде биз коомчулугубуз үчүн пайда келтирүүчү жаңы муунду эмес тескерисинче коомду бузуп, талкалоочу жаңы муунду тарбиялап өстүрүүдөбүз.
Кароосуз калган балдар коомдогу ар кандай терс көрүнүштөргө катышышып, кылмышкер топтордун, ар кандай диний-экстремисттик топтордун мүчөлөрүнө айланышууда. Бул жараяндын алдын албаса келечекте кыргыз коомчулугун чоң кооптуу абал күтүп турат. Биз социалдык абалыбызды жакшыртабыз, экономикабызды өнүктүрөбүз деп балдарыбызды кароосуз калтырып чет жерлерде жүрө беришибиз келечекте кыргыз элинин улут катары, эл катары сакталып калуусуна, жашап кетүүсүнө кедергисин тийгизбей койбойт.
Ушул жол менен бара берүү келечекте бизди интеллектуалдык дарамет жактан чоң кризиске кептеп коюусу күтүп турат. Бул дегеним азыркы биздин социалдык-экономикалык кризисибизден да жаман абал. Бүтүндөй бир эл, бүтүндөй бир улут туңгуюкка кептелиши эч кеп болбой калат. Бул Кыргызстандын дүйнөдө жүрүп жаткан Ааламдашуу жараянында тирүүлөй куралга же тескерисинче тирүүлөй бутага айланып калуусу мүмкүн, тагырак айтканда дүйнө коомчулугундагы ааламдашуу жараянындагы мындай өнүгүүгө интеллектуалдык жактан параллелдүү түрдө теңтайлаша жетишип бара албаган элдер азыркы мезгилдеги Алгачкы жамааттык коомдо жашап жаткан элдер сыяктуу артта калып кетүүбүз коркунучтуу.
Социалдык-экономикалык кырдаал билим берүүнүн сапатынын түшүп кетүүсүнүн бир фактору болсо, экинчи фактору болуп жаштар менен улуу муундардын ортосундагы ажырым. Эки муундун ортосундагы ажырымдын натыйжасында жаштардын билимге болгон суроо-талабы канааттандырылбай калган, башкача айтканда билим берүү жаштардын гана буюртмасы боюнча ишке ашуучу прогрессивдүү-динамикалуу процесс болуш керек. Ал убакыттын өтүшү менен утуру жаңыланып турушу абзел. Эгер жаңыланбаса жаш муундардын суроо-талабы канааттандырылбай, алардын билимге болгон кызыгуусу жоголот.
Улуу муун дайыма билим берүү маселесине келгенде өздөрүнүн келечек ээлери болгон жаш муундар менен эсептешип турууга абзел. Алар дайыма Келечек ээлери бүгүнкү күндө эмнеге кызыктар?, Алар кандай билим алууну каалашат?, Алар бизден билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн эмнелерди күтүшөт?, Алар үчүн билим берүү процессинде кандай жаңылануулар жасалышы зарыл? сыяктуу жана башка суроолордун үстүндө баш катырып, жаштар менен биргеликте иш алып барып, алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иш алып баруу ар бир муундун өкүлдөрүнүн башкы маселесине айланыш керек.
Бүгүнкү күндө биздин билим берүү системабызды жаңылайбыз деп жаштар менен эсептешпей туруп эле миллиярддаган акчаларды кайдагы пайдасыз китептерди иштеп чыгуу менен окуу каражаттарына сапырып жибердик. Бирок көзгө көрүнөөрлүк оң натыйжа дагы деле байкалбайт. Анткени бул окуу каражаттары жаштардын кызыгуусу эске алынбай иштелип чыккан. Окуу каражаттарын иштеп чыгууда башкы орунда билим берүүчү тармактын кызыгуулары эмес, билим алуучу тараптын кызыгуулары эске алынган учурда гана билим берүүнүн сапаты жакшырат. Башкы маселе мына ушунда.
Бул билимге болгон жаштардын кызыкчылыктары эмнеде экендигин таба билүүбүздө. Мен оюмду так берүү үчүн төмөнкүдөй мисалды айтып өтүүнү эп көрдүм: Азыркы балдар үчүн физикадагы Ньютондун закондорун өздөштүрүү анчалык деле мааниге ээ эмес. Анын ордуна плазманын физикалык жана химиялык касиеттерин үйрөнүү маанилүүрөк деп ойлойм. Эмнеге?, Бала көргөн нерсесин үйрөнүүгө кызыктар болот дайыма, анткени балдар плазманы көптөгөн чет элдик фантастикалык көркөм фильмдерден көрүшкөн жана аны өз көздөрү менен көрүүгө кызыктар.
Анын үстүнө билим берүү системабызда берилүүчү билим материалынын бүгүнкү күндө канчалык коомдо пайдасы бар экендиги, ошол окуучу үчүн канчалык пайдалуу экендиги эске алынбайт. Эң негизги маселе мына ушунда. Китептерди жазган авторлорубуз балдарга берилүүчү билим материалдарынын канчалык мааниге ээ экендигин эске албагандыгында жана ал материалды берүүдө баланын окуп өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү эске алынбагандыгында. Китептер көбүн эсе илимий терминдер менен, илимий тилде жазылып калуусунда. Аны окуучулар эмес, мугалимдер да өздөштүрүп чыгууда кыйынчылыктар туулуда.
Китеп жазууда баланын жаш өзгөчөлүгү эске алынып, болушунча жөнөкөй тил менен, түшүнүктүү сөз каражаттарын пайдалануу менен терминдерге түшүндүрмөлөр бериилип жазылыш керек деп ойлойм. Кийинки маселе билим берүүдө келечек муундарга кесиптик багыт берип, кисиптик кызыгууларын арттыруу менен тарбиялабаганыбызда. Биз балдарга буюм сыяктуу, башкача айткандай компьютер сыяктуу мамиле жасайбыз. Алардын кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн эч качан эске албайбыз. Ар бир мугалим кирип өз предметинин окуу материалдарын берип, кайра алардан талап кыла беребиз.
Бирок натыйжа канааттандыраарлык деңгээлде эмес. Анткени бала робот эмес да. Ал үчүн бир эле учурда физика, химия, биология, география, астрономия, математика, информатика, чет тилдери сыяктуу жана башка предметтерди толук кандуу өздөштүүрүүсү мүмкүн эмес да. Алардын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан баланын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, шык-жөндөмүнө, талантына, ички мүдөөсүнө карата карай кесиптик кызыгуусун арттыруу менен бөлүп алып билим берүү системасына өтүшүбүз абзел, башкача айткандай бала кайсыл предметтерге кызыгып окуса, ошол гана предметтик сабактарга катышуусун уюштура алышыбыз керек.
Бул ыкманы Америкалык билим берүү системасы колдойт. Америкалык билим берүү системасы аркылуу тарбияланган продукция өз кесиби боюнча гана мыкты адис болуп жетише алат жана анын эмгек өндүрүмдүүлүгү биздин билим берүү системабыздын продукцияларынын эмгек өндүрүмдүүлүгүнөн бир топ жогору. Мисалы: Америкалык аскер картадан Афганистан кайсыл жерде жайгашканын билбеши мүмкүн, ал тургай анда Афганистан жөнүндө таптакыр түшүнүк жок болушу ыктымал, бирок ал өз кесибиндеги кесипкөй жөндөмдүүлүк жактан бир топ алдыда турат.
Мына ушундан келип чыгып баланын кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүнө, кызыгуусуна, ички мүдөөсүнө, шык-жөндөмүнө, талантына жараша балага кесиптик багыт берип, билим берүүнү уюштура алган учурда гана билим берүүдө жакшы натыйжаларды ала алышыбыз мүмкүн. Билим берүүнүн сапатынын түшүп кетүүсүнө өбөлгө түзөн, жалпы эле билим берүү системасына кедергисин тийгизип жаткан дагы бир орчундуу маселе болуп коррупция эсептелет.
Биз балдардын кызыгуусун арттырууну жолго коюу үчүн алгач алардагы ишеничти камсыздай алышыбыз абзел. Тагырак айтканда алардын ишенимин алуу үчүн коррупцияга бөгөт коюшубуз керек. Анткени баладагы Мен канчалык билимдүү болгонум менен, бирок келечекте мен бардык маселелеримди акча менен чечем да, менин билимдүү болушумдун зарылдыгы эмнеде? деген түшүнүктөн арылтышыбыз керек. Ал үчүн улуу муундарыбыз ушул кесепеттүү оорудан арыла албасак, баарыбир биздин ишмердигибиздин натыйжасы болбойт.
Андыктан жалпы коомчулук коррупция менен күрөшүп, күндөлүк көйгөйлөрүбүздү чечүү үчүн тааныш-билиш издеп, бир чиновникке жең ичинен акча берүүнү жоё алсак гана балдарыбыздын келечеги үчүн ат көтөргүс зор иш жасаган болот элек. Коррупция менен күрөшүүдө маселени бир тараптуу карап, чиновниктерди гана сен алдың, сен жедиң деп куугунтукка ала бербестен жалпы комчулугубуздун ар бир өкүлүн өз укугун билип, өз милдетин учурунда так аткара билүүгө жетише алсак гана чиновниктерибиз да акча жештин айласын таппай аргасы кетээр абалды жараткан жакшы заманды курууга аракет жасап, жалпы журтчулугубуз жапырт бел байлап, жаш муундарыбыздын татыктуу тарбияланып билим алуусуна шарт түзсөк деген жакшы тилектер менен сөзүмдү жыйынтыктасам.
Макаланын автору: Сулайманов Марлис Эркинбекович, Ноокен району.