Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баштапкы билим берүүнүн максаты жана өзгөчөлүгү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Баштапкы билим берүүнүн максаты жана өзгөчөлүгү

Баштапкы билим берүүнүн негизги максаты - балдардын билүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүү, аларга алгачкы билим берүү, билгичтигин жана машыккандыгын калыптандыруу. Билим - бул баланын өздөштүргөн маалыматы, эгерде ал маалыматты иш жүзүндө колдонсо анда билим билгичтикке айланат. Ал эми бала билгичтигин андан ары өөрчүтсө машыккандык калыптанат. Ийгиликтүү билим берүү үчүн үй-бүлөдө ыңгайлуу шарттар болуусу зарыл: - үй-бүлөнүн мүчөлөрү бири бирине мээримдүү, сый мамиле жасап, ынтымактуу жашайт; - чоң кишилер баланын ой - пикирин көңүл буруп угушат; - айткан акыл - насаат менен кылган иши айкалышат; - бала менен тыкыс мамиледе болушат; Бул жерде шарттардын баары жазылган жок, керектүү шарттардын тизмесин силер андан ары улап кете аласыңар. Балага билим берүүдө төмөнкүнү эстен чыгарбаш керек: окуу деген баланын өз алдынча билимге, алган билимди керектүү убакытта колдонгонго үйрөнүүдө жумшалган иш аракети. Бул иш аракет окуу иш аракети деп аталат. Окуу иш аракетинин ар бир кадамы баладан белгилүү чара көрүүнү талап кылат. Мисалы, коюлган максатты кабыл алыш үчүн, бала ата-энени угуп түшүнгөнгө жөндөмдүү болушу керек. Ал максатты ишке ашыруу жолдорун тандап алыш үчүн бала мүмкүн болгон жолдорду, ыкмаларды билүүсү зарыл.

Ошону менен бирге иш үстүндө бала иштиктүү ойлонуу менен белгилүү жетишкендикке ээ болуусу керек. Эгерде бала окуу иш - аракеттерин үйрөнсө, анда билим берүү максатка жетти. Ошондой эле баштапкы билим берүүнүн дагы бир чоң милдети болуп балдарды өзүн-өзү көзөмөлдөгөнгө үйрөтүү саналат. Өзүн-өзү көзөмөлдөөдө бала өзүнүн ойлорун, аракеттерин, жетишкендигин үйрөткөн нерсе менен салыштырып, ата-эне менен пикирлешип, кылган ишин өзү баалайт. Эгерде бала суроолорду берсе, түшүнбөгөндү түшүндүрүп берүүнү суранса, кылып жаткан ишин аткарууга аракеттенсе, анда бала өзүн - өзү көзөмөлдөгөнгө, баалаганга үйрөндү десек болот. Мектепке чейинки баланын билим алуусу мектептеги балдардан абдан айырмаланат.

3 жаштан баштап бала сезүү органдарынын жардамы менен айлана - чөйрөнү тез кабылдап биле баштайт. Көргөн нерсенин формасын, түсүн ажыратат, алардын атын билет, уккан үндөрдү, дабыштарды ажыратат, жакшы жана жаман жытты билет. Ошоңдуктан анын ою боюнча курчап турган дүйнө ал көргөндөй, ал уккандай болот. Ошону менен бирге бул курактагы бала көп убакыт бир нерсеге көңүлүн бура албайт, бат чарчайт. Балдардын эмоциялары абдан күчтүү, бат сүйүнөт, бат эле ыйлайт, нерв системасы туруктуу боло элек. Ошондуктан бул мезгилде ата - эне өз сөздөрүнө көп көңүл буруш керек. Балдардын билимин өрчүтүш үчүн алар менен ырдап, бийлеп, сүрөт тартуу зарыл. Мектепке чейинки балдардын негизги иш аракети - оюн анткени оюн аркылуу бала өзүнүн муктаждыгын канааттандырат.

Ошондуктан баштапкы билим берүүдө оюндардын мааниси чоң. Оюн аркылуу бала айлана - чөйрөнү тааныйт, башка кишилер менен мамиле жасаганды, адеп - ахлактарды жана башка көптөгөн нерсени билет. Ошондуктан окутууну оюн формасында өткөрүү жакшы натыйжа берет. Мисалы, балдарды санаганга үйрөткөндө канча түрлүү оюнчуктары бар экенин санаса болот. Алган билимин башка оюнда колдонгонго шарт түзүлсө, билим билгичтикке, билгичтик машыккандыкка өтөт. Оюндар өзүнүн окутуу милдетин ийгиликтүү аткарууну уюштурууда төмөнкүнү эстен чыгарбоо керек:1)айлана-чөйрөнүн көп түрлүү көрүнүштөрү менен тааныштыруу оюндарын уюштуруу;2)балдарды түрлүү оюнчуктар менен, тарбиялык таасир берүүчү нерселер менен камсыз кылуу;3)баланы башка балдар менен мамиле түздүрүү (эч качан башка балдардан обочолонтпогула);4)бала менен тыкыс байланышта болуу, анткени өзүңүң оюңдарыңда керек болгон жардамды ата-энеден, туугаңдардаң күтөт. Бирок оюн менен бирге бала колунан келген эмгекти жасап, өзүн - өзү тейлеп, үй-чарбачылык жумуштарга катышып турбаса, анда бала жалкоо болуп калат.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1086, Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо