Трио (итальянча trio, латындын tres, tria сөзүнөн — үч) — көп маанилүү музыкалык термин. Жалпысынан үч аткаруучу же музыкалык аспаптан турган музыкалык ансамбльды түшүндүрөт. Терцет деген аталышы дагы бар.
Башка маанилери кийинкидей түшүндүрмөгө ээ:
Үч аткаруучу-аспапчылардан же вокалчылардан турган ансамбль. Аткаруучулар курамы боюнча кийинкидей айырмаланат: аспаптык, вокалдык (терцет) жана волкадык-аспаптык. Аспаптардын курамы боюнча бир тектүү (мисалы, кылдуу, жаалуу, жыгач, үйлөмө, тромбондор) жана аралаш (мисалы, жаалуу аспап фортепиано, үйлөмө аспаптар менен, арфа менен ж. б.) болуп айырмаланат. Фортепианолук делген трио негизинен фортепианону гана камтыйт. Кадимки джаздык трионун курамына фортепиано, контрабас жана урма аспаптар (же гитаралар) кирет.
Үч аспап же ырдоочу үндөр үчүн чыгарылган чыгарма. Аспаптык трио кылдуу квартет менен катар камералык музыканын көп жайылган түрүнө таандык жана XVII-XVIII кылымдардагы эски трио-сонатадан келип чыккан.
Мында жетектөөчү орунду XVIII кылымдын ортосунда мангейм мектебинин композиторлорунун чыгармаларында жаралган фортепианолук трио жанры ээлейт (кыл кыяк, виолончель, фортепиано). Мындай трионун биринчи классикалык үлгүлөрү Йозеф Гайднга таандык.