Клавиатура деген эмне: тамгалар, клавишалар, түзүмү
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:"Клавиатура деген эмне" - бул компьютердеги маалыматты киргизүүчү негизги түзүлүш. Анда бардык жазуу символдору камтылып, көптөгөн баскычтардан турат, баскычтарынын орточо саны 100-130 болот. Сырткы көрүнүшү боюнча илгерки жазуучу машинкалардыкына окшош, бирок бир нече кошумча баскычтары менен. Компьютердик клавиатура тамгаларды, сандарды жана башка символдорду компьютерге киргизүүгө жардам берет, негизги иши киргизүү десек болот. Төмөндө компьютерлерде көп колдонуучу клавиатура көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө компьютер колдонуучуларынын көпчүлүгү QWERTY клавиатурасын колдонот.

Негизги тамгалар
Аты айтып тургандай эле, бул жактан тамгаларды компьютерге киргизүү үчүн айрыкча латын жана кирилица тамгалары жайгашкан.
Функционалдык клавишалар
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.
Функционалдык клавишалар (баскычтар) F1ден F12 чейин программаларда ар кандай клавишалардын кошунду функциаларын аткарат. Мисалы, F1 клавишасы көптөгөн программаларда программа жөнүндө маалыматты көрсөтөт.
- F2 - Windows Explorer, Microsoft Visual Studio жана башка программаларда файлдардын атын өзгөртүү функциясын аткарат.
- F3 - адатта издөө функциясын активация кылат.
- F4 - учурда көбүнчө колдонулбай калды, мурда бул клавиша файлды рекдациялоо функциясын аткарчу.
- F5 - Windows оперативдик системинде көбүнчө кайра жүктөө же жаңылоо функциясы, файл менеджерлеринде көчүрүү функциясы мойнунда.
- F6 - браузерлерде даректи жазууга фокустайт, файл менеджерлеринде файлдарды жылдыруу.
- F7 - файл менеджеринде жаңы каталог түзүү.
- F8 - файл менеджерде файлды өчүрүү, учурда көп колдонулбайт.
- F9 - файл менеджерде менюга фокус берүү, учурда оюндарда тез жүктөө функциясын өтө көп колдонушат.
- F10 - Программанын менюсун чакыруу (кээде жабуу)
- F11 - Толук экрандуу/терезе режимге которуу.
- F12 - Кошумча меню.
Башкаруу клавишалары
Бул баскычтар программада иштеп жатканда кошумча функцияларды берет, ал баскычтар: insert, delete, home, end, pageUp, pageDown.
Сандардын клавишалары
Сандардын клавишалары бардык эле клавиатураларда жайгашкан эмес, өзгөчө ноутбуктарда жокко эсе. Бул баскычтар сандарга жана жөнөкөй математикалык операцияларга (бөлүү, көбөйтүү, алуу, кошуу, пайыз) тез жана оңой мүмкүндүк берет.
Жебелер
Жебе (стрелкалар) баскычтары компьютерде курсорду ар-кайсы жакка жылдырууга, барактарды барактоого жана башка ушу сыяктуу функцияларга жардам берет. Жебелердин өзгөчөлүгү муну ар бир адам интуитивдик деңгээлде оңой колдонот.
Клавиатуранын түзүлүш структурасы
- Алфавиттик-сандык клавиатура - тамгаларды, сандарды, белгилерди киргизүү үчүн багытталган.
- Кичи сандык клавиатура - сандарды киргизүү жана математикалык эсептерди жүргүзүү үчүн арналган.
- Функционалдык баскычтар F1 - F12 - тигил же бул программадан көз каранды болуп, белгилүү бир функцияларды аткарат.
- Багыттагычты башкаруу баскычтары - багыттагычты экранда ордун жылдырууга багытталган.
- Кызматтык баскычтар
- Индикаторлор панели - кээ бир баскычтардын басылышын көрсөткөн индикатор-чырактар.

Кээ бир кызматтык баскычтардын функциялары
Аталышы | Багыштоосу |
---|---|
Жебелер | Багыт көрсөткүчтү (курсорду) бир символго жылдырат (солго, оңго, өйдө, ылдый) |
Home | Курсорду сап башына келтирет |
End | Курсорду сап аягына келтирет |
Page Up | Курсорду бир барак артка жылдырат |
Page Down | Курсорду бир барак алга жылдырат |
Delete | Курсор менен белгиленген символду өчүрөт (же курсордун оң жагындагысын) |
Enter | Киргизүүнү аяктоо баскычы, курсорду жаңы сапка келтирет |
Space (боштук) | Саптагы символдорду боштук менен бөлөт |
Back Space | Курсордун сол жагындагы символду өчүрөт |
Alt, Ctrl | Башка баскычтардын айкалышуусу менен пайдаланышат |
Caps Lock | Баш тамга менен жазууну иштетет |
Shift | Баш тамгаларды жазуу, ошондой эле сандардын үстүндөгү символдорду киргизүү үчүн (баскычты басып туруу менен) |
Esc | Акыркы иш-аракетти жокко чыгаруу же программадан чыгуу |
Num Lock | Кичи сандар клавиатурасынын режимин которуштуруу баскычы |
Албетте, клавиатуралардын учурда дагы башка түрлөрү пайда боло баштады алар кадимки смартфондордун tuchsreen баскычтары, негизинен кебете-кешпири QWERTY болуп саналат, айырмасы басууда гана. "Клавиатура деген эмне" аттуу суроого жооп жазууга аракет кылып, ушундай макала жаралды. Кошумча-алымча болсо пикир жазып койгула. Клавиатура жонундо маалымат аз болсо да жазып койгла. Кыргызча дайындаган: Мухтарбекова Б.