Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Процессор деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Процессор деген эмне

Процессор — машиналык нускамаларды (программалык кодду) аткаруучу электрондук блок же интегралдык схема, компьютердин аппараттык жабдуусунун же программалануучу логикалык башкаруучунун негизги бөлүгү.

Жөнөкөй сөз менен айтканда процессор — бул компьютердин же башка электрондук түзүлүштүн негизги микросхемасы, башкача айтканда анын «мээси». Ал компьютердин эсинде сакталган программалык коддорду жана бардык функциялардын иштешин башкарат. Процессордун иштөө жыштыгы канчалык жогору болсо, компьютердин иштөөсү да ошончолук бат болот. Процессордо атайын ячейкалар (уячалар) бар. Алар «регистр» деп аталат. Дал ушул регистрда процессор аткаруучу буйруктар жана маалыматтар жайгашат. Процессордун иши компьютердин эсиндеги буйруктарды жана маалыматтарды ырааттуулугуна жараша тандап, аткаруу болуп саналат.

Процессор деген эмне

Көңүл бургула! Макалабыз процессор жөнүндө болгонуна байланыштуу, процессор тууралуу жалпы маалымат берүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан, процессор бир гана компьютерде болот деген ой таптакыр туура эмес. Процессорлор биз колдонгон телефондо, планшеттерде, сыналгыда, оюнчуктарда, авто унаада, деги эле электрондук түзүлүш бар жерде процессор болот, болгону алар өзүнүн формасы, аткарган функциясы менен айырмаланат.

Процессорду англисче CPU деп аташат (central processing unit — сөзмө-сөз которгондо — борбордук эсептөөчү бирдик), оручасы ЦПУ — центральное процессорное устройство.

Процессор иштегенде компьютердин (электрондук түзүлүштүн) эсиндеги буйруктардын ырааттуулугун эсептейт жана аларды аткарат. Мындай буйруктардын ыраатуулугу программа деп аталып, процессордун иштеши үчүн түзүлгөн алгоритмди эске салат. Буйруктарды эсептөө ыраатуулугу төмөнкү учурда өзгөрүшү мүмкүн, тактап айтканда, эгерде процессор буйруктардын биринен кийинкисине өткөндү эсептегенде, кийинки буйруктун дареги башка болуп калышы мүмкүн. Иштөө процессинин өзгөрүүсүнө дагы бир мисал, бул буйрукту токтотуу же болбосо апараттык иштетүүнү бир канча убакытка токтотуп туруудан улам болушу ыктымал.

Борбордук процессордун буйруктары компьютерди башкаруунун эң баштапкы деңгээли болуп саналат. Ушуга байланыштуу ар бир буйрук сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Аткарылып жаткан иштердин эч бири текшерилбейт, аны менен бирге керектүү маалыматтардын жоготуу ыктымалдуулугу да текшерилбейт. Компьютер мүмкүн болгон процесстерди гана ишке ашырышы үчүн, буйруктар керектүү программа катары тийешелүү түрдө уюштурулушу керек. Бир цикл баскычтан кийинкисине өтүү ылдамдыгы такт генератору менен аныкталат. Такт генератору борбордук процессор үчүн ритм кызматын аткарган импульстарды иштеп чыгарат. Такт импульсунун жыштыгы «такт жыштыгы» деп аталат.

Процессордун негизги өзгөчөлүктөрү болуп: разряддуулук жана тез аракеттүүлүк болуп саналат.

Процессордун ылдамдыгы — бул анын секундасына аткарган такттардын санын көрсөткөн параметр болуп саналат. Ал эски компьютерлерде мегагерц (МГц) менен өлчөлөт. Кыскасы, 1 герц 1 такт, 1 МГц (MHz) = 1 секундадагы 1 000 000 тактка барабар. Учурдагы компьютерлер гигагерц (Ггц, англисче GHz) менен өлчөнүп 1 гигагерц 1000 мегагерцке тете. Аталган параметр канчалык жогору болсо, процессор ошончолук бат иштейт.

Разряддуулук — булкомпьютер үчүн маанилүү болгон ички регистр, маалымат киргизүү жана чыгаруу шинасы (Компьютердин архитектурасы макаласын окуңуз), эстеги дарек шинасы сыяктуу түзүлүштөрдүн параметри болуп саналат. Кыскача маалыматтын берилүү ылдамдыгы десек болот.

Процессордун түрлөрү

Айтмакчы, 32 нанометр деп, процессор кристаллында жайгашкан бир транзистордун өлчөмү айтылган.

Кийинчирээк 28, 22, 20, 16, 14, 12, 10, 8, 7, 5, 3 нанометрлик процессорлор чыккан. Учурда биздин өлкөдө техпроцесси 40тан баштап 10 нанометрге чейинки компьютердик процессорлор колдонулат. Нанометр канчалык кичине болсо процессордун баасы ошончолук кымбат, анткени мындай микросокпиялык транзисторлорду даярдоо өтө татаал. Ушуга байланыштуу 10, 8, 7, нанометрлик процессорлор өтө саналуу гана. Ал эми 5, 3 нанометрлик процессорлор бул келечекке багытталган процессорлор. Ошол эле убакта, нанометрлери канчалык кичине болсо, процессор ошончолук жакшы иштейт.

Core i3, i5, i7, i9 деген процессорлорду баарыңар болбосо да, көбүнчөңөр уксаңар керек.

Кристаллдагы транзистордун көлөмү канчалык кичине болсо, андай процессор ошончолук аз электр энергиясын талап кылат дагы, бир кристаллдагы трансизторлордун саны көп болот, а бул өз кезегинде процессордун кубаттуулугуна жана төмөнкү температурада ысыбай иштешине алып келет.

процессор олчомодору

Буйруктардын циклдарынын ишке ашыруу этаптары

Персоналдык компьютер процессорлорун өндүрүүчүлөр

Intel

1968-жылы Боб Нойс жана Гордон Мур тарабынан ойлонуп табылган. 1971-жылы 15 ноябрда Electronic News журналында Intel корпорациясы 4004 микропроцессорун көрсөтүп, микроэлектроникада жаңы эра башталганын жарыялады. Intel 4004 процессору рынокто жалпы колдонууга берилген биринчи микропроцессор болуп саналат. Аны компонент катары, инжернерлер сатып алып, ар кандай электрондук жабдыктардын түрдүү функция аткарышын камсыз кылуу үчүн кошумча колдоно алышат болчу.

2015-жылы intel компаниясы 6-муундагы Skylake архитектурасындагы процессорлору жана бул архитектурага 100-сериядагы негизги платалар чыккан. 2017-жылы intel 7-муундагы Kaby lake архитектурасындагы процессорлору чыгып, буга 200-сериядагы негизги плата чипсеттери чыгат (1151 соккетинде). 2015 жана 2017-жылкы процессорлор 100 жана 200-чипсеттеги негизги платаларга толук бири-бирине айкалыша алат.

2018-жылы ошол эле 1151 соккетине intel 8 жана 9-муундагы coffee lake архитектурасындагы процессорлорун чыгарат. Бул архитектурага 300-сериядагы чипсеттер дагы чыгарылат. Ушуга байланыштуу 1151 соккетиндеги 1 жана 2 версиялары бири-бирине айкалыша албайт. 2020-жылы Comet lake архитектурасындагы 10-муундагы процессорлору чыккан. Буга чейинки персоналдык компьютер процесслорлордун соккеттери: 775, 1155, 1156

AMD

Инновациялык микропроцессорлорду жана графикалык эсептерди эң глобалдуу камсыздоочу AMD компаниясы 1969-жылы түзүлгөн. Анын штаб-квартирасы (башкы имараты) Калифорния штатынын Саннивейл шаарында жайгашкан. AMD компаниясы эсептөөчү жадбыктар, коммуникациялык каражаттар жана турмуш-тиричилик электроникалары үчүн инновациялык микропроцессорлорду жана графикалык эсептерди чыгарышат.

Процессор жонундо кызыктуу фактылар

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-02-26, Көрүүлөр: 24158, Өзгөртүлгөн: 2024-02-13, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо