Семетей эпосу боюнча суроо жооптор, күтүлбөгөн суроолор Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча түзүлдү. Ыңгайлаштыруу максатында Манас эпосу, кошумча Семетей, Сейтек жөнүндөгү суроолорду жана анын жоопторун алфавиттик тизмеде кылдык, каалаган тамганы бассаңыз ошол тамгага тиешелүү суроолорго алып барат.
Кандайдыр бир суроону же жоопту издөө ишин андан дагы тездетүү үчүн компьютерде CTRL + F, уюлдук телефондо "Поиск на странице" баскычын басып, манас тууралуу суроону жазсаңыз, макалада болсо дароо ошол жерге алып барат. Мисалы: CTRL + F басабыз дагы, жазабыз "Манастын таятасы ким" деп ENTER басыңыз. Эгер татаал болсо, мындай эле издеңиз.
Бул жыйнакты жакшыртууга силер дагы салым кошсоңуз болот, ал үчүн суроосун жана жообун пикир кылып жазып коюңуз же түздөн түз макаланы өзгөртүңүз. Манас жана Сейтек боюнча шилтемелер макаланын төмөн жагында.
Абыке Семетейдин Таласка келгенин кандай кабылдайт? | Семетейдин келгенин ак көңүл тууган Абыке, буудандан калган жетим деп, мууну бошоп Абыке, көзүнүн жашы куюлуп, коңгурап ыйлап сабылып, Семетейге жалынып, кайгыртып кеткен алыска, кара кашка тынарым, кайрылып келген Таласка кагылайын чунагым, туйгундан калган тунжурум, туу казанат кургурум, тулпардан калган туягым, туу казанат чырагым, айзага таккан желегим, айкөлдөн калган белегим деп чын дили менен кабылдайт. |
Агасы кан экенине карабай аскерге барып кызмат өтөп, керек десе согушка биринчилерден кирген каарман? | Агасы кан экенине карабай аскерге барып кызмат өтөп, керек десе согушка биринчилерден кирген каарман бул- Сары кан болгон. Эпосто мындай айтылат: Канча жерден жоо алып, камбыл атка коюлуп, балбандыкка катыккан, зайыпппуруш атыккан, Коңурбай менен кармашка биринчи кирди Сары кан. |
Агыш кийген шымдын аты? | Жооп:Күрөшкө чыккан Агыш бадананы кийип чыгат. Эпосто мындай айтылат: Эр Агышка ошондо, бадананы кийгизип, бадана шымы бир башка, жасаган экен ылайык, байкуш жеңең көйкашка, табылгы жакса чок өтпөс, жазайыл атса ок өтпөс, калыңдыгы жарым кез деп айтылат. |
Ажыбайдын Жойкума кийин кимге өтөт? | Ажыбайдын Жойкума кийин Сары кандын колуна өтөт. эпосто мындай айтылат: Бакай алган Жойболот, дал өзүнүн колунда, Ажыбай алган Жойкума, Сары кандын колунда,- делет. Семетейге каршы чыгып, кытайга качкан 40 чорону Семетей өлтүргөндө, Ажыбай да каза болот. Анын Жойкумасы Сары канда калат. |
Айчурок эмне себептен Семетейди каргап жиберет? | Анткени, Бээжинге казатка барба деп ыйлап жалынган Айчүрөктү Семетей булдурсун менен чаап жиберет. Ошондо эти ооруп, жаны ачышкан Айчүрөк Семетейди каргап жиберет: Барба десем болбойсуң, барганыңдан келбей кал, кеткениңден келбей кал, кербен үйүң көрбөй кал деп каргап жиберген жайы бар. |
Айчүрөк акшумкарды тие качпаганда Семетей Ооганга келет беле? | Айчүрөк акшумкарды тие качпаганда Семетей Ооганга келбейт болчу. Анткени ал Букарда чоңоюп, Акун кан анын кайыны, Айчүрөк анын зайыбы экенин билген эмес. |
Айчүрөк Сапарбайды жердеген, Кулансарык кыштаган Төштүктү эмнеге жактырган жок? | Айчүрөк булут менен закымдап, эр Төштүккө жакындап: Билеги жоон шер экен, баатыр Төштүк эр экен, узун бойлуу, кең далы, ары балбан, ары шер, 60тан өтүптүр, азыркы жашы берендин жетимишке жетиптир, жигиттиктен көчүптүр, ушу маалда баатырдын 4 катыны бар экен, болбосо Төштүк олуя, кожозаада жан экен, жигиттик доору өтүптүр, абышка доорго жетиптир, ошо айыбы болбосо, тийип алчу шер экен, карылыктан кемитип, кайра тартты Айчүрөк деп айтылат. |
Айчүрөк Семетейдин огун аттоодо эмне себептен бир аттаганда түшкөн эмес? | Айчүрөк Семетейдин огун аттоодо бир аттаганда түшпөйт. Ошондо Айчүрөк: Эч жазыгым жок эле, ак этектен түшпөгөн, алда кандай ок эле,-деп чыркырап ыйлап 3-аттаганда ок түшөт. Анткени 3 деген сан ыйык сан, ошон үчүн аттаганда ок түшкөн. Дагы бир себеби; Айчүрөк Ак куу болуп кыдырып жүрүп, Коңурбай менен Төштүкко көз артып койгон жайы бар экен, ошон үчүн эки аттаганда ок козголбой коёт деп айтылат. |
Айчүрөк эмне себептен 12 кандан сырткары күн батыш жактагы баатырларды сынабайт? | Айчүрөк күн батыш жактагы кандардын бир-экөөнү сынап, кайра артка кайткан себеби; Анжыяндын Сынжыбек, көк кепичин тепейтип, аргымагын кекейтип, козу кара кочкордой, корчоңдогон кул экен, бул өңдөнгөн сартыңды, кармаша келсе Толтоюң, чай кайнатым коёбу. Андан ары кыдырып, жана учту Айчүрөк, Маргалаңдын Малабек, Анжыяндын Сынжыбек экөөнүн айырмасы жок экен, коёндой окшош эл экен, сарттардын ала чапанын кай бетим менен киеин, бучук болгон эмедей, чүмкөнүп кантип жүрөйүн, андан ары барбастан, кайрылып учту бер жакка ,- деп айтылат. |
Айчүрөк эмне себептен ак куу болуп кандарды сынайт? | Айчүрөк ак куу болуп кандарды сынаган себеби; Чынкожо менен Толтой Акун канга күч менен Айчүрөктү сурап келгенде, Айчүрөк мындай акыл ойлонот: Эселек Толтой какшаалга, арсыз аял болгуча, ак куу кейпин киеин, ай-ааламды кыдырып, өзүмө теңдүү шерди таап, калайманды салайын, камап жаткан Толтойдон, капкайда кегим алайын,- деп учуп чыгып, кандарды сынаган жайы бар. |
Айчүрөк эмне себептен жедигер элине барат? | Анткени, бийлик душмандар тарапка өтүп, Кыяз Айчүрөктү күч менен алмак болот. Ошондо Каныкейдин акылы менен Айчүрөк, каршы болбой жедигер элине барып, амалы менен Сейтекти өстүрүп, кайра элине алып келүү максатын көздөп аргасыз кетүүгө мажбур болот. Булардын бир тилеги - Семетейдин туягын аман сактап калуу эле. |
Айчүрөк эмне себептен Күлчорого акшумкардын жайын билбейм деп жооп узатат? | Айчүрөк Күлчорого акшумкар жайын билбейм деген себеби; Күлчорого акшумкарды берип койсо, Семетейге жолукпай калмак, Айчүрөктүн максаты:акшумкарды издеп келген Семетейге, ата салты боюнча, кудалашкан жарына, жар болуу болчу. Ошондуктан Семетей өзү келсин деп, Күлчорого акшумкардын жайын билбейм деп айткан. |
Ак кулжа суу ичкен жер? | Ак-Кулжа суу ичкен жер Кең-Булак деп аталат. Эпосто: Бул тозоку Ак кулжа, тоо башына токтогон, Тогуз-Төбө оттогон, Кең-Булактан суу ичкен, түздөп бетке жуушаган,-деп айтылат. |
Акаярдын душман чыгарын Коңурбайга ким көп айткан? | Акаярдын душман чыгарын Коңурбайга Чаңдыяк көп жолу айткан. Эпосто мындай айтылат: «Ботом, мен Чаңдыяктан көп уктум,өзөгүмдөн өрт чыгып,өз элимден жоо чыгып, сырты кара бурутка, бурут деген журутка, кароолго чыккан Акаяр, качып кетти деп уктум» дейт. |
Акаярдын тулпары? | Акаярдын минген тулпары Кертору болгон. Эпосто мындай айтылат: Көкчөкөз менен Көзкаман кылганын айтат Акаяр, кан Манаска кордукту салганын айтат Акаяр, канзааданы өңөрүп Каныкейдин качканын, баарын айтат Акаяр, минген тулпар Кертору, Керторудан айрылып калганын айтат Акаяр. |
Акеркеч эмне үчүн Кыязга кат жазат? | Акеркеч Кыязга кат жазган себеби; баласы Үмөтөй өзү келип катылып, Күлчоронун колунан каза табат. Ошондо баласынын күйүтүнө чыдабай Акеркеч Семетейден өч алуу үчүн, Кыязды тукуруп кат жазат: « Канкордун уулу Семетей, агаң Толтойду өлтүргөн, Толтой өчүн алып кал, казатка минер Тайбуурул, тартууга кеткен убагы, Буурулу жок колунда, баатыр болсоң эр Кыяз, кыргынды кызык сала көр, жол үстүндө сүйрөтүп, даңгыттарга жара көр,- деп кат жазган жайы бар. |
Акун кан эмне себептен Манас менен бел куда болот? | Акун кан Манаска мындай дейт:Кандагай шымдын айынан, калдайган аба Кошойдон, батасын анык алдыңыз, буйруса Манас кабылан, балалуу болор чагыңыз, белесченин белинен, пери ойногон жеринен, пери кыз таап алгамын, балалуу болсо Манаска келин кылып берсем деп, кудай таала жалгызга, убада кылган жерим бар, таап алган кызыма, бел куда боло калыңыз, кудай берди баланы, келин кылып алыңыз ,-деп экөө куда болгон жайы бар. |
Акун кан эмне себептен Чынкожо, Толтойду сексен күндөн кийин келсин дейт? | Оогандын каны Акункан, Чынкожо менен Толтойдун жазган катын окуду, акыл ойлоп отурду, көкжалдын уулу Семетей, Таласка көчүп келген го, Шыгайдын уулу Чынкожо, артыкча кордук көргөн го, кордугуна чыдабай, Толтойго кирип келген го, Толтойду мага тукуруп, баштаган го дүмөктү, 80 күндө алгын деп, чылбыр чайноо кылайын, 80 күнү болгуча, наркты билсе Семетей, энчилүү зайбын колго алар деген ойдо айткан. |
Акылай эмне себептен Көбөшкө тийип кетет? | Акылай Көбөшкө тийип кеткен себеби; Айкөлдүн зайыбы Акылай , акылы жок капыр ай, сүйлөсө кеби далай бар,үтүрөң тентек, орой жан,- деп айтылат. Ал Манастын өлгөнүнө көп кайгырып отурбайт. Айкөлдүн 40 кыркы боло электе Көбөшкө тийип алган жайы бар. |
Алеңгир жаа, сур жебе | Ажалдуу жаа, ажал жок |
Алма кезек | Алмашуу, кезектешүү |
Алманбет аткан Куу кулжадан бала калганбы? | Алмамбет аткан Куу кулжадан бала калган. Эпосто мындай айтылат: Кечээ Каканды Алмам чалганда, кароолдогу кулжаны, Алакең атып алганда, кызыталак Куу кулжа, балдырканын таштаптыр, балдырканы чоңоюп, 7 жашка толду дейт, апасынын ордуна, Бээжинге кароол болду дейт,-деп Бакай Семетейге айткан жайы бар. |
Алманбет каза тапкан соң Бурулча эмне себептен Бээжинге качкан эмес? | Алмамбет каза тапкан соң, Бурулча Бээжинге качпаган себеби; 3 күнгө толбой Күлчоро, энесинен айрылып, жетим болуп калыптыр, байкуш энең Бурулча, мойнуна тумар тагыптыр , Алмамдан калган туяк деп, алдейлеп жакшы багыптыр,өлгөндөн калган баланы, медер кылып алыптыр, Бээжинге кетпейт бул шордуу, Алмадан туяк барынан,-деп айтылат. Демек, Алмамбеттин баласын таштап кете алган эмес жана кытайга да Күлчорону алып бара алган эмес. |
Алманбет сырбараңга кантип ээ болгон? | эр Алмамбет көкжалың, 40 уруу кытай Бээжиндин, бир кандыгын бергин деп, камап барган кезинде, ошондо так кайтарган Сырбараң, казыналык зор мылтык, тартуу кылып Эсенкан, Алакеңдин өзүнө, берип салган эмеспи деп айтылган жайы бар. |
Алманбет уста болгонбу? | Алмамбет уста болгон,өзгөчө ээр жасаган, Алмамбет кылгын Аккаңкы, Аккулага чак каңкы, алдыңкы кашы ак алтын, арткы кашы чылк күмүш, эки каптал эн темир, усталыгын мындан бил, адамга жайлуу, атка ыктуу, ширетилген эң мыкты деп айтылган жайы бар. |
Алты сай | Алты бөлөк |
Алтынай эмне себептен Темирканга ыйлап сабылат? | , Семетей Таласка аттанып жатканда, таенеси Алтынай, Темирканга жалынып: Айланайын Темиркан, малга кароо жан элең, ушу турган Актулпар, жетимиңе мингизгин, ата экениң билгизгин, таарынып бала кетпесин дейт. Муну укканда Темиркан мунара чыкты эми, Семетейдин караанын азыр чындап көрдү эми, сөлөкөтү-сөөлөтү атасындай көрүндү, кыйылып ичтен турса да, ордодогу Актулпар, тартуу кылып балага, Темирканың берди эми деп айтылат. |
Атасынын мүлкүн сураган Семетейге Көбөш кандай жооп кылат? | Атасынын мүлкүн сураган Семетейге Көбөш, ачууланып күүлөнүп мындай дейт: « Темиркандын шаарына, тентип кеткен жетим кул, атамдан калган мүлк бер деп, айтып турган сөзүн көр,өлтүрүп башын кыяйын,өрт өчкөндөй кылайын, сенин атаң канкордон, не калган деп турасың, кула чолок бээ калган, курттаган жалгыз төө калган, жырык кара уй калган, жыртык кара үй калган, сенин атаң келесоо, ар ким менен урушуп, догурунуп жүрүүчү,- дейт |
Бадана | Темир тон |
Бадам минген Күжүрмөн кимдин тоюнда каза табат? | Бадам минген Күжүрмөн Кыяздын тоюнда каза болот. Кыяз Айчүрөктү алдым деп той кылганда эр сайышка Күжүрмөн менен Карадөө чыгып, Карадөөдөн өлүм болуп калган жайы бар. Эпосто: Күжүрмөндү Карадөө, күпүп муштап өттү эле, болумсуган Күжүрмөн, тоо кулаган эмедей, тулпарынан кулады, жер боортоктоп сулады,- деп айтылат. |
Байчоро канча жашында Манаска келип кошулат? | Байчоро Манаска он төртүндө келип кошулат. Манас Көзкамандардан ууланганда 40 чоросу жанында жок экенине арман кылып, баарын атап чыгат. Ошондо Байчорону мындай дейт:Колу күчтүү Байчором, эрдигинен оолуккан, он төртүндө жолуккан, качырып найза сунсачы, Байчором келип турсачы деген жайы бар. |
Байчоронун тулпары? | Байчоронун тулпары- Аксур болгон. Эпосто мындай делет: Кош олоңдуу Байчоро, Аксур менен чуу коюп, жамбыны атып өткөнү. |
Бакай Африкага барганбы? | Бакай Африкага барган. Ал Манасты издеп 12 жыл жер кезет. Манаска жолугуп мындай деген жайы бар: Айкөлүм сени таба албай, 12 жыл жер кездим, Жердин түбү - Желпиниш, жетик атың укканда, 7 жыл мындан карадым, Медияндын беш бурчун, 5 айланта чалгамын. Кургагы жок көл көрдүм, бир тамчы суу табылбас, Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум, 40 күнчүлүк чөл көрдүм. Ат бороюн сыдырдым, ааламдын баарысын, шерим, сени таба албай, издеп жүрүп кыдырдым. Атым болду ыргайдай, битим болду торгойдой,-дейт. Ит-Өлбөстүн Кызыл-Кум, 40 күнчүлүк чөл бул – Сахара чөлү.(бул жооп 100% туура экенине кепилдик жок) |
Бакай Мурадылдын Кылжээрдесин соогат деп жүгүргөн Күлчоро, Канчорого эмне үчүн берген эмес? | Бакай Мурадылдын Кылжээрдесин соогат деп жүгүргөн Күлчоро, Канчорого мындай дейт: Айланайын балдарым, олжого тийген кылжээрде мал болуучу ат эмес, бирөөнүн тону тон болбойт, бирөөнүн аты ат болбойт, качан болсо бөтөн мал, жери түшүп эсине, качып кетет элине, андан көрө балдарым, Кылжээрдени соёлу, жарты тоют бололу,- деп атты курмандыкка чалышкан жайы бар. |
Бакай сууда сүзгөндү кайдан үйрөнгөн? | Жооп:Бакай бала кезинен агын дайра көп кечип, адис болгон. Эпосто минтип айтылат: Бала күндөн Бакайың агын дайра көп кечип, адис болгон эмеспи,өзү суучул кургуруң, Сыр-Дайрага келгенде, 3 мискинди абайлап, суудан аман өткөрдү деп айтылат. |
Бакай эмне үчүн кайынжуртуна барган эмес? | Анткени, Бакай Көрпаянды Жаналы, Карачтан күч менен тартып алган, ал турсун, Наркызыл тулпарын да олжолоп алып, кордук көрсөткөн. Ошол себептүү ал кайын журтуна барган эмес. Анын барбаганын Семетейге жолуккандагы окуядан билебиз. Семетей, Бакайды сынап, Жаналы, Карач уулумун десе, ишенип калат. |
Бакай эмне үчүн Семетейге катуу сөз айтат? | Анткени, Семетей Бакайды сынап Семетейди өлдү деп айтат, бул кабарды укканда,үндөн кетти кан Бакай, эки көзү алайып, тилден кетти кан Бакай, эт бышымдай убакыт, өзүнө келбей шалдырап, сүлдөн кетти кан Бакай: кара оозуңа кан толуп, кайрылгысыз күнгө кел, кудай демин суутуп,өзүң Семетей өңдүү түргө кел, күйөрүңдөн айрылып,өзүң мендей түргө кел деп каргаган жайы бар. |
Бакай, Семетейдин казат ачаарын Коңурбай кайдан билген? | Коңурбай Карагулга мындай дейт:Кабарчыдан кеп уктум, баягы канкор Манастын, жетими өсүп жетилип, Бээжинде жаткан биздерден, Манастын кунун кууйт деп, мени менен ал чиркин бир беттешип калат-дейт. Баякы Бакай өлбөсө, кыямат жүзүн көрбөсө, Семетейди ээрчитип, алып келчү неме эле,- дейт. Бакай менен Семетейдин келээрин кабарчыдан уккан. |
Бакайга Тайтору менен Акборчукту ким берет? | Бакай Тайторуну Эштектердин Жамгырчысынан алат, Тайторуну Манастын көзү өткөндө, Катагандын кан Кошой, азалап алып келген аманат калган мал болот, Акборчук жайын сурасаң, Мекенин каны Калыйпа, Манаска тартуу берди, алып келип эр Манас, Чыйырдыдай энеге, берген эле энчилеп, ойронуң Манас өлгөндө, октосун үзүп Акборчук, кайып болгон ошондо, Бакайга азыр кезикти, желкайып мал Акборчук. |
Бодокандын баласы? | Бодокандын баласы Бозуул болгон. Эпосто мындай айтылат: Бодокандын Бозуулга, болбой Сайкал жетиптир, жеткен жерден жетөөнү, көмө коюп өтүптүр. |
Боз кисе деген эмне? | Боз кисе деген белге курчап ала турган, ичине керектүү дары, дармек сала турган буюм. Манастын боз кисеси асмандан түшкөн. Эпосто мындай айтылат: Асмандан түшкөн боз кисе, кан атам көкжал эр менен, кадимкидей дос кисе, кыйкырып белге чалганда, 40 чилтен жолдош бир болгон, айкырып белге чалганда, арстан сындуу күч толгон. |
Бокмурун кадырлап чакырбаган ашка Манас эмне үчүн барат? | Бокмурун кадырлап чакырбаган ашка Манас барган себеби; Бокмурун үчүн эмес, бусурман элин капырлар чаап, такыр талап кетпесин деп, элин азаптан ажыратып алайын деп барат. Кошой жаш Айдарды чаптырып, мындай дейт: азганакай бусурман, кайнап жаткан калмактан, ажыратып алсын де, түгөл кара калмактар, түпкө чогуу жетти де, түп көтөрө кыргызды, түгөтө чаап кетти де,- дейт. |
Бокмурун эмне себептен атасынын керээзин өз оозунан укпайт? | Бокмурун атасынын керээзин өз оозунан укпай калган себеби;Бир ордунда туралбай, Көкөтөйдүн көп дүйнө,өлгөнүмчө жете деп, зарып кылып чачыптыр, Мааникерди миниптир, төгөрөктүн 4 бурчун, 4 айлана кыдырып, катын издеп жүрүптүр, ошол кезде атасы, кан Көкөтөй өлүптүр,-деп айтылат. |
Бокмурун эмне себептен Баймырзаны кагып коет? | Жооп:Анткени Баймырза Бокмурунга мындай дейт: Капырларды чакырып, балалык кылып турасың, ар уруу журт чогулса, ашыңа тоюп албасын, кордукту анан салбасын, алакандай бусурман, кара калмак, кытайың , кызыл уук кылып албасын, Бокмурун мындай иш кылсаң, көпкөндүк болот мунуңуз,- дегенде, Бокмурун Баймырзаны кагып коёт «Минериң сенин кара тай, ичкениң сенин кара чай,өз ашыңды өзүң бил, акыл айтып отурбай, Баймырза какбаш жолго кир» деп жемелейт. |
Бөлөкбайдын жолдошу куюн көтөн Энтери качан казат табат? | Энтери Манас өлгөндө, 6 арамдын чапкынында каза табат. Манас өлгөндө Абыке менен Көбөш анын курал-жарак каткан казынасын талашат. Казына башы Бөлөкбай, көп дүйнөсүн алдырып, жолдошторун ээрчитип тоо аралап бекинип күн өткөрүшөт. Кароолго Куюн көтөн Энтерини коёт. Чыканактап уктап калган Энтерини, Абыке, Көбөш башын жара чаап каза кылып коюшат. |
Букарга барган Каныкей эмне себептен Семетейди өзү багып өстүргөн эмес? | Анткени, бул 1-ден Манастын керээзи болчу. Колуңдагы баланы, Ысмайылга бере көр, жетимдигин билбесин, аталуудай тайраңдап,өксүк билбей чоңойсун, жашы 12ге келгенде, ата жайын туйгузгун, кайра Талас көздөгүн деген. 2-ден бул Манастын уулу экенин душмандар билип калса, баланы мертинтип койбосун деген Каныкейдин сак-сактоосу болгон. Ошондуктан Ысмайылга берген. |
Букарга качкан Каныкей, Чыйырдыны Бакай эмненин жардамы менен табат? | Букарга качкан Каныкей менен Чыйырдыны Бакай Манастан калган Кумайыктын жардамы менен табат. Каныкейден кабар алмакка ордого келсе, таланып-чабылганын көрүп, көзүнүн жашын тарта албай ыйлайт. Бирок, отко салса күл болбос, олжого түшсө күң болбос, Каныкей балам качкандыр, аман болсо артынан, издеп таап барайын деп, Кумайыкты чакырып, касиетиң билгизчи, жетим менен жесирдин, изин таап сен берчи дейт. |
Букардагы кожолор Караканга эмне себептен арызданып барат? | Анткени, Семетей абдан тентек чыгып, кожо менен молдолорду мечитке камап, баарын бирдей сабайт, ошондо кожолор Караканга келип: Кожолорду, молдону, кокуйлатып сабады, таксыр, жаман көрсөң, жаман көр, береги жетимиңди тыйып ал, бу жетимди тыйбасаң, капкалуу Букар калың шаар, калаасына конбойбуз деп Семетейдин тентегин арызданып келишет. |
Букардан Таласка көчкөн Каныкей эмне үчүн Акборчукту минип келбейт? | Темиркан сай буудандын баарысын чубатуудан өткөрүп, каалаганың алгыла дегенде Каныкей, аркасы бийик, зээри пас, куланды кууса куткарбас, куйругу саяң, жалы аз, салышкан жоого болгон маш, Каракашка аргымак, ошону тандап алды эми,- деп айтылат. Акборчукту минип келбеген себеби Каракашка аргымакты өзү каалап тандап алат жана ошону минип келет. |
Букардан Таласка Семетей канча адам менен көчкөн? | Букардан Таласка көчкөндө Семетей 88 адам менен көчкөн. Эпосто мындай айтылат: Кең Букардын шаарынан, көрсө көңүл бөлүнүп, көч үстүндө көп дүйнө, кызыктырып көрүнүп, Манастын уулу жетимиң, Таласка көчүп баратат, 88 жан болуп,-деп айтылат. |
Букардан Таласка чыккан Семетейге Кокондуктун кол салуусуна эмне себеп болгон? | Анткени Манас тирүү кезинде, Коконго кордук салчу экен, алты миң жамбы, миң кундуз, алым алып турчу экен, ал алымын бербесе, айтканына көнбөсө, билгенин Манас кылчу экен. Ошондуктан Кокондуктун Кушбеги Манаста өчү бар болгон. Семетей Таласка келе жатып Кокондуктарды аралап өтөт. Ошондо Семетейди көрүшүп, Манастын жетимин кармап алып жайлайлы деп кол салышкан жайы бар. |
Букарды ким көмүр менен камсыздаган? | Букарды көмүр менен Темиркандын иниси Сары таз камсыз кылып турган. Темиркан ай сайын 80 төөнүн көмүрүн алып турган. 80ден бирөө кемисе, Сары таз байкуш куруучу деп айтылат |
Букарлыктын Каныкейди тааныбай калуусуна эмне себеп болгон? | Букарлыктардын Каныкейди тааныбай калган себеби; Тайторусун чапмакка, эркек киймин кийди эми, көк темирден туулга, көтөрүп башка кийди эми, Манастан калган боз кисе, кынай белге чалды эми, Алмамбеттин сырбараң, айдалыга салды эми, кыпкызыл болот Сыр найза, кыя тартып алды эми, бөксөрбөгөн ок-дары, Акборчукка салды эми, зың-зың этип кенебей, Тайторусун жетелеп, касабасы калкылдап, жабдыгынын баарысы, бой –боюнда жаркылдап, муну көргөн Букарлык ким экенин тааныбай, аң-таң болуп калды эми деп айтылат. |
Булдурсун | Камчы |
Бурулча жаткан жууркандын саны? | Жашым ойноо секелек, 12ден өтө элек, кутпа жакка тарттырган, алтын түрдүү көшөгө, 34 жууркан 10 жаздык, Бурулчанын төшөгү, алты тейтей, сегиз кыз, эрке кыздын нөкөрү деп айтылат. |
Бурулча түшүндө көргөн Алманбеттин тек-жайын алгач кимден угат? | Жуманын Кадыр түнүндө, уктап жаткан түшүмдө, олуяттын өзү экен, Алмамбет жайын өзүмө, айтканы келген кези экен: Ай-ай, балам Бурулча, айтканым жакшы билгин деп, урдун кызы сен элең, урдун уулу Алмамбет, бу дүйнөдө жыйганың,өлүп калса ыйманың, Азизкандын Алмамбет, кошулгун балам, сен ошол деп айтат, муну угуп Бурулча, Алмамбет жайын билүүгө, буттап алтын зер берип, билгичтерден сурадым, сарай багып отурган Луңкөдү деген балбаны Алмамбет жайы мындай деп айтып берди укмуш кеп. |
Бурулча эмне себептен Алманбетке жолдош болууну самайт? | Бурулчанын Алмамбетке жолдош болууну самаган себеби; Жуманын Кадыр түнүндө, уктап жаткан түшүмдө, олуяттын өзү экен, Алмамбет жайын өзүмө, айтканы келген кези экен: Ай-ай, балам Бурулча, айтканым жакшы билгин деп, урдун кызы сен элең, урдун уулу Алмамбет, бу дүйнөдө жыйганың,өлүп калса ыйманың, Азизкандын Алмамбет, кошулгун балам, сен ошол деп айтат, муну угуп Бурулча, Алмамбетке жолдош болууну самайт. |
Бурулчанын канча агасы болгон? | Эсенкандын эркек уулун сурасаң, 34 уулу бар экен, 34 калдай кенжеси, каарынан кан чыккан, кабарынан жан чыккан, этегиме кытайча чийип кат койгон, 34 агам, эр атам, атымды Бурулча деп ат койгон,- деп айтылат. Бурулчанын 34 агасы болгон. |
Бурулчанын сулуулугу дагы кайсы багытта таанылган? | Жашым 12ге келгенде, кебездей белим ийилген, Эсенкандын эрке кыз, эби жок сулуу экен деп, Бээжиндик кара кытайдын бичигине чийилген,- деп Бурулчанын айтканы бар. |
Буулум | Кездеменин бир асыл түрү |
Даңза китебине эң сулуу деп ким катталган? | Даңзага эң сулуу деп Эсенкан кызы Бурулча катталган. Эркелигим эл-журтка, маалым болуп билинген, сулуулугум Какандын, даңзасына чийилген,- деп айтылат. |
Даңкан | Аттын туягы ташка тийгенде чыккан учкун |
Дүмөктүү, дүмөк | Айбат кылуу, кыр көрсөтүү |
Жаалысы | Жайыл жайылы |
Жакып Семетейди канча жашына көрөт? | Жакып Семетейди 98 жашында көрөт. Эпосто мындай айтылат: Туйгунум Манас өлгөндө, ичпейин деп ант кылдым, чоң атаң кан Жакыптын 98 жашы эле, ушуну ичпейин деген аш эле,- деп уу берип жатып айткан кеби бар. |
Жакып эмне себептен Кыргылчалдын бузук тилине ишенип кетет? | Жакып калыс караганды билбеген, кара ниет, бузуку адам болот. Ал башынан эле Манаска каршы болчу. Жумурткадан кыр издеп араң турган Жакыпка Кыргылчалдын ушагы майдай жагып, шылтоо табылат. Бул шылтоону пайдаланып, 6 арамды Каныкейге каршы тукурат. |
Жамгырчы эмне себептен Бакайга Телкызымды ал дейт? | Баатырдардын атын тартуу кылганы бул –кечирим суроо маанисинде болгон. Бакай Манастын жылкыларын издеп Жамгырчынын ордого барса, Жамгырчы өзгөрүлүп, таанымаксан болуп кыйкырат. Ошондо жиндеген Бакай, Жамгырчыны аттан көмө сайып, башын кесип аларда, абакелеп жалынып, кайната көрбө шорумду, калтыр аба жанымды, Манас кандын сан жылкы, астыңа салып берейин, сан жылкы жакпай баратса, Телкызыл тулпар берейин дейт. |
Жамгырчы эмне себептен өзгөрүп кетет? | Манас каза тапкан соң, Эштектердин Жамгырчы, темирден тонду кийиптир, Телкызылды миниптир, 6 арамга кошулуп, Манастын атын кетирип,”Көбөштөп” ураан чакырып, байкап көрсө Жамгырчы, байы өлгөн кулдай барбайып, ээлик болуп жылкыга, чаначтай мурду дардайып, кашатка Бакай барганда, таанымаксан түр салып, сен кимсиң деп бакырат. |
Жанаалы, Карач качан каза табат? | Семетей Таласка көчүп келатканда, Абыке, Көбөш, Жанаалы менен Карачка, алакандай кат берип, 6 күлүк ат берип, Кыргылчалды чаптырып, жолдон кармап жетимди, чаап алсын деп айттырат. Эзелтен кектүү эки кан, жолдон тосуп баланы, кызыкты мындай баштады. Манастын уулу Семетей, ойкуп-ойкуп алганда, ондон-бештен бир өлүп, бет алыша түшкөндө, Жанаалы, Карач кан өлүп,- деп айтылат. |
Жараланган Семетейге бара жаткан Айчүрөк Бакайды кайсы жерден көрөт? | Жараланган Семетейге бара жаткан Айчүрөк Бакайды Эчки-Өлбөстүн эки чат,Үч-Жыргалаң, Чоң-Көңүздөн көрөт. Эпосто мындай делет: Эчки-Өлбөстүн эки чат, эңкейип учуп сыдырып,Үч-Жыргалаң, Чоң-Көңүз, бою менен кыдырып, керүүлөй учуп, көз салса, коктудан түтүн бөлүнөт, көгөрүп чатыр көрүнөт, байкаса Бакай абасы, жүргөн экен күйпөлөп. |
Жараланган Семетейди Айчүрөк кайсы жерден көрөт? | Жараланган Семетейди Айчүрөк Эчки-Өлбөстүн эки чат,Үч-Жыргалаң, Чоң-Көңүздөн көрөт. Эпосто мындай делет: Эчки-Өлбөстүн эки чат, эңкейип учуп сыдырып,Үч-Жыргалаң, Чоң-Көңүз, бою менен кыдырып, керүүлөй учуп, көз салса, коктудан түтүн бөлүнөт, көгөрүп чатыр көрүнөт, ошол кезде Семетей, Ардай болгон Буурулду, аттанып жакшы мине албай, азаптуу көкжал жүрө албай, жаткан экен жаралуу деп айтылат. |
Жедигер | Уруу аты |
Жез баракел тон кийген атактуу балбан? | Жез баракел тон кийген, жел жетпес күлүк ат минген, жоболоңдуу кысталак, жоо дегенде камынып, Шыпшайдар уулу Орокбаш, мунун атасын Манас өлтүргөн, -деп айтылат. |
Жолой менен күрөшүүгө эмне үчүн Манас чыккан эмес? | Кошой Манаска Жолойго каршы өзүң чык дегенде Манас мындай дейт: Өзүм Манас болгону, Манас атка конгону, алчайып атка мингени, аколпокту кийгени, ат үстүндө мыкты элем, жөө күрөшкө жок элем,-деп чыккан эмес. |
Жылкы тийген Семетей эмне себептен Тайбуурулду минип Карагулду кууйт? | Жылкы тийген Семетей, Тайбуурулду минип Карагулду кууйт. Карагулга алданып, Чоң Кыйды атты минип, Күрпүлдөктүн Сары-Суусун кечкенде, минген аты чобур болуп, ажырап калат. Ошондо алданганын түшүнгөн Семетей, Тайбуурулду чакырат. Тайбуурул келип, суудан Семетейди алып чыгат. Карагул келип, укурук менен Семетейди чапканда, Семетей Карагулду Тайбуурулга жайдак минип кууп жөнөйт. |
Зулпукордун башка кылычтардан артыкчылыгы? | Асмандан түшкөн алты курч, Манас алган Зулпукор, кызыгып кындан тартканда, кан ичпей кайра кирбеген, Зулпукор кындан чыкканда, кан иче турган салты бар, кадырлуу кылыч Зулпукор, 1000 байталдык баркы бар деп айтылат. |
Испийан | Кылычтын түрү |
Кайгуул | Чалгын |
Калча | Кул, кызматкер |
Каканга казат ачаар Семетейге Бөлөкбай айбалтаны кайсы жерден жасап берген? | Каканга казат ачаар Семетейге Бөлөкбай айбалтаны Кайыпчынын-Тоосунан жасап берген. Эпосто мындай айтылат: Калайманды Бээжинге, салат го деп жүргөмүн, казынанын оозунан, чын жасадым айбалта, Кайыпчынын-Тоосунан, аргын менен кыргыздан, алымды мыктап алгамын, көп дүнүйө коротуп, айбалта сага жасадым,-дейт. |
Камка | Кездеменин бир түрү |
Кандагай | Кайыш шым |
Канчоро Чубактын кайсы аялынан төрөлгөн? | Канчоро Чубактын Алтынай аттуу аялынан төрөлгөн. |
Канчоро эмне себептен Семетейге карата кас санайт? | Канчоро Семетейге кас санап калган себеби: Чынкожо менен Толтойду жеңип, аттарын олжолоп алганда, Чынкожонун тулпарын береби деп кааласам, атасына багыштап, ай туякка чалды эле, Толтойдон калган Суркоён, Суркоёндун чылбырын, Күлчорого жакка ыргытып, Күлчорону өзүмдөн жакын санап койду эле,- деп ичинде арам сактап, кас санап калган жайы бар экен. |
Канчоро, Кыяз жасаган казатта Семетей эмне себептен кайып болуп кетет? | Канчоро, Кыяз жасаган казатта Семетей кайып болгон себеби; жоого камылгасы жок турган учурда, Кыяз казат ачып келип, Канчоро ага көз көрүнөө кошулуп кетет. Семетейге каршы кол салып келатышканда, күндүн чаркы бузулуп, тоо-тоодон туман кабылып, кудай бетин көрсөтпө, коктудан шамал табылып, Семетей кайып болуптур, перинин кызы Көкмончок, Кайыпчынын тоосуна, ала качып кетиптир,- деп айтылат. |
Каныкей Абыке, Көбөшкө тийип кетсе болбойт беле? | Каныкей Абыке, Көбөшкө тийип кеткидей жөн адам эмес болчу. Ал Манасты Манас кылган, Манастан калган тукумду эр жеттирип, эл-жерине кошо турган эл ишениминдеги эне болгон. Абыке, Көбөшкө тийгенден көрө ага өлүм артык болгон. Кумпайдан туулган падышам, каргадан туулган иттерге, буюмун кантип бастырам, бу көрөкчө өлөйүн, туулбай туна чөгөйүн деп 6 арам менен чабыша кеткен жайы бар. |
Каныкей Акборчукту эмес эмне үчүн Тайторуну чабат? | Каныкей Акборчукту эмес Тайторуну чапкан себеби; Тайтору 60 асый болгуча, азуусу өйкөп карыбас, жарышка салса камсыкпас, кайып сындуу буудан болгон. Ал эми Чыйырдыга энчиленген Акборчук, жол жорголуу, жанга тынч, койчо чурап жорголойт деп айтылат. Акборчук жорго болгон. Ошондуктан Каныкей кайсы тулпарды чабууну жакшы билген. |
Каныкей Букарга качканда эмне себептен Чыйырдыны ала кетет? | Каныкей Букарга качканда Чыйырдыны ала кеткен себеби; Букарга тентип барганда, кимди меке кыламын, айзага таккан желек деп, асылдан калган белек деп, касиеттүү кыргыздан кармай чыккан белек деп, көрүп койсом көөнүм ток, энеке сенден бөлөк мекем жок, баана кылар урмекем, батасын берер энекем деп ала кеткен жайы бар. |
Каныкей Жамгырчынын тулпары? | Эштектердин Жамгырчы, темирден тонду кийиптир, Телкызылды миниптир деп айтылат. Тулпары Телкызыл болгон. |
Каныкей Канчоронун түбү бузуку чыгаарын билди беле? | Каныкей Канчоронун түбү бузук чыгарын билип, Семетейге мындай деп айткан: « Күлчоро сүт эмгенде, аппак ууз сүт чыккан, Канчоро сүт эмгенде, кара коюу кан чыккан, байка балам, кебимди ук, зилинде бул Канчоро, душман чыгат өңдөнөт, жаштайында арамды, тындым кылып салгын дейт». Бирок, Семетей энесинин сөзүн элебей койгон жайы бар. |
Каныкей маданият адамдарына кандай маани берген? | Каныкей маданият адамдарына 14 жашында кыз падыша болгон кезден тарта абдан чоң маани берип,өз жанына алып, алардын өнөрлөрүнө чоң маани берген жайы бар. Эпосто Ысмайылдын мындай дегени бар: «Эжекем Каныкейдин жанында, 30 келин, 30 кыз, салымына салчу эле,өң шайырдын баарысын, эжекем бек чогултуп алчу эле, 90 келин, 90 кыз, эжекемдин жанында, толукшуп ойноп турчу эле. Шайырлар булар- маданият адамдары болгон. |
Каныкей саяпкер болгонбу? | Каныкей анык саяпкер болгон. Анткени, төлгөгө чапчу тулпарын, күн мезгили келгиче, күрүчтөн күрмөп жем берип, күндө терин алды, арпадан аса жем берип, айда терин алды эми, түнүчүндө тынч албай, сасык терин алды эми, таң ашырып бууданды, 10 бетеге, 80 чөп, эби менен жедирип, суутуусун чыңдады, чырм этип уйку албады деп айтылган жайы бар. |
Каныкей Семетейге арнап тиккен өтүк? | Кайран энең Каныкей, Семетейим киет деп, жасап жүргөн соору өтүк, бил териси булгаары, бадышадан өөдөрөк, көрсө кишинин мээрин кандырган, кызыл алтын, жакуттан, такасына салдырган, ашагандан машаган, кош ойдуруп жиберип, кыргызча кылып жасаган, Каныкей кылган бут кийим, Семетейге кут кийим деп айтылган жайы бар. |
Каныкей соолуп калган Кең-Көлчүктү эмненин жардамы менен сууга толтурат? | Каныкей соолуп калган Кең-Көлчүгүн кудуреттин күчү, Манастын арбагынын колдоосу менен сууга толтурат. Чыйырды мындай кеп айтат:Оо, кагылайын Каныкей, колуңду сууга малып ал, Олуятка жалынып, кол дааратың алып ал, кара чымды каңтарчы, Кабылан Манас колдо деп, кутпаны карап аңтарчы,-дейт. Каныкей кара чымды каңтарса, чындап Манастын арбагы колдоп Кең-Көлчүккө суу толот. |
Каныкей чет өлкөдө окуганбы? | Каныкей чет өлкөдө окуган. Темиркандын мындай деген жайы бар:Ушу турган Каныкей, 12 кыздын кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси, Калыйпа кирип кат алды, канзаададан бата алды, ургаачы жолборс атанды, 14 жашка келгенде, Багдад менен Мисирден, сегиз ай мындан окуду, мунун атагын уккан чочуду. |
Каныкей эмне себептен Кайыпчынын Кара-Үңкүргө түнөйт? | Анткени, Бакай 3 мискинди, Сыр-Дайрадан аман-эсен өткөргөндөн кийин, мындай дейт: Кара-Кырдын Кара-Үңкүр, бусурманга даана үңкүр, олуя атам жаткан жер, карып-мискин качканга, медет кылчу кутман жер, мунарык түшкөн бел ошол, муңдуулар жаткан жер ошол, балам ошол үңкүр ичинде 7 күн тыным алгыла, мен артка барып силерге, бирдеме таап келейин деп Кара-Кырдын Кара-Үңкүрүнө жайгарып кеткен жайы бар. |
Каныкейге арачыга эмне себептен башка чоро эмес Кыргылчал баштап барат? | Кыргылчал Манас тирүү кезинде эле, көп ушакты таратып, баатырларды уруштуруп койгонго маш болчу. Бул жолу да Каныкейди Текечинин Ормонбеги алган жатыптыр деп жалган кеп айтып келет. Ошондо Жакып кан буйрук берет:Кыргылчал менен Тазбаймат, азыр экөөң барасың, бейжай долу немени, алтооңдун бирин аласың дейт. Каны буйрук кылганда, кайран Кыргыл канетсин, жанына жолдош алды эми, кан Манастын ордого, салып жетип барды эми деп айтылат. |
Каныкейдин Букарга качуусуна эмне себеп болгон? | Каныкейдин Букарга качуусуна Манастын өлгөнүнө 40 күн толбой туруп, 6 арамдын Каныкейге кол салышы, 6 арамдын бирөөнө тийбесе, жыртык кара үй берип, жырык кара уй берип, алкымдагы бадачыга саанчы кылып кордойлу бул долуну деп убадалашкан. Манастын керээзи боюнча Каныкей өзү деле Букарга кетмек, бирок, ага жеткирбей 6 арам качууга мажбур кылышат. |
Каныкейдин эжелерин санап бергиле? | Эр Көкчөнүн Акеркеч, Ормонбектин Оюмкан, Музбурчактын Бурулкан, Жамгырчынын Жайнаке, Теке алган Айнаке. |
Кара дөө кичинесинде кантип аман калган? | Олжого түшүп келген Кара дөөнү Канчоро кармап алып оң далысын оюп, кордук кылганда, Жедигердин эр Куту, ак пейилдүү жан экен, багып алып баланы, атын коюп Кара дөө, бир адамга билгизбей, кирдүү кийим кийгизбей, аман-эсен чоңойтот. |
Карагул Бозбаланын түшүн кандай кабылдайт? | Карагулдун жылкычысы Бозбала мындай дейт: Түндө көргөн түшүмдө, каары бетине айланган, Манастын уулу Семетей, кара саат ошо келиптир, каарды катуу баштаптыр, баарыбызды тырайтып, такыр кырып таштаптыр дегенде, ачууланып Карагул: «Түшүң түлкү богу» деп, кол-аягын байлатып, токмоктотуп –сабатып, кулактан кармап жулдуруп, жылкычыга урдуруп, сабаткан жайы бар. |
Карагул ооруп калса 40 жайсаңы кантип баккан? | Каталдын уулу Карагул, кара саат мына бул, кардыгын катуу билгизет, табарсыгы ооруса, кыркылып кеткен чочкону, көтөрүп алып ошондо, 40 жайсаңы сийгизет, кысыр эмди тай союп, казы кертип, жал коюп, мээнет кулдун өзүнө, аш-тамагын жай коюп, аңгемени арттырып, 60тай жылкычы, тегиз жомок айттырып,- деп айтылат. |
Карагул Семетейди кантип бал тилге салат? | Каталдын уулу Карагул, кара саат мына бул, Семетейге кармалып, алдап турду кытай кул:Эй Семетей кулунум,өчкөн отум тамган бейм, өлгөн жаным тирилип, кудурет берип салган бейм, менин жайым сурасаң, атамдын аты Бай болот, түпкү жайын сурасаң, ошо Каракандын баласы, кара кытай сан манжуу, Каракандын балдарын, канакарап кылганда, айдалып келип каканга, калып калган атакем, атым Жоодур баатырмын, чуңкурга салсаң ор мына, жылкыга тийсең жол мына, мындай сөздү укканда, Семетей чындап ишенди, Коңурбайдын аты деп, минип калды чобурду, ардай болгон Арбуурулду, кошуп салды кытайдын, алдап турган кулуна. |
Карагул эмне себептен Дыңша-Талаадан кытайдан жардам күтөт? | Карагул Дыңша-Талаадан жардам күткөн себеби;ал жерде чалгынчы, кабарчылар жүрөр жер болгон. Ошолор көрсө каршы алдымдан чыгар, Семетейден ажыратып алар деп жардам күтөт. Эпосто: Ошол кезде Карагул, качып кетип баратат, Дыңша-Талаа келгенде, кабарчысы угар деп, ит болбосо чалгынчы, каршы алдымдан каршы чыгар деп, канкордун уулу чунактан ажыратып алар деп, бакырып кетип баратат,- деп айтылат. |
Карагулдун башкалардан кескин айырмаланган өзгөчөлүгү? | Карагул жайын сураба, эпсиз чечен, жадыгөй, 70түрлүү тил билет, качан да болсо пендени, алдай жүргөн адаты. жазы жаак, жалпак тил, жаңылбас кулдун бири ошол, мунун эр экени билинген, Бээжиндеги кытайдын даңзасына чийилген,-деп айтылат. Душманын бал тилге салып алдап койгону менен айырмаланган. |
Каракан эмне себептен Семетейди Букарга кан шайлайт? | Букарга кан кылгандыгынын 2 жүйөсү бар. Биринчиден, ай-ааламды башкарган асыл кандын тукумун, көп катары колдонуп, тегин кордоп койбоюн, арбагын сыйлап Манастын, журт атасы кылайын дейт. Экинчиден Семетей 12ге келгенде, күйүп турган от болду, мындай тентек жок болду, тентегин тый деп балаңдын, калың Букар топтолду, журт атасы болгондо, коер бекен тентегин, калайык ээси болгондо, жоер бекен кордугун, таажы кийсе башына таштаар бекен зордугун деп Семетейди кан көтөргөн жайы бар. |
Каракан эмне үчүн билбеске Семетейдин тоюн өткөрөт? | Жоп: Семетей 12ге келгенде тентегинен Букардын элин жадатат. Караканга даттанып келген кожо, молдонун изи суубайт. Ошондо Каракан ойлонуп, дилинде арбагы ыраазы болсун деп, Манастын ашын берейин дейт. Акылсыз чабал адамга, баламдын тоюн берейин, алтын таажым кийгизип, алтын такка мингизип, кан көтөрүп алайын, калайык ээси болгондо коёр бекен тентегин, журт атасы болгондо, коёр бекен кордугун,- деп той өткөргөн жайы бар. |
Каракан эмне үчүн Манастын ашын берет? | Каракан Манастын ашын берген себеби; Манастын өлгөнүнө 12 жыл болсо да, кара ашы өтө элек болот. 6 арам арбакты унутуп, аш бергенди ойлошпойт. Ошон үчүн наркты билген Каракан, Манастын арбагы ыраазы болсун үчүн, билгенге Манастын ашы, билбегенге Семетейдин тою,-деп калктын баарын жыйдырып, аш өткөргөн жайы бар. |
Карачанын башка адамдан өзгөчө артыкчылыгы? | Карачанын башка адамдан өзгөчө артыкчылыгы; Баатырлар минген айтылуу тулпарлар Карачанын жылкысынан чыккан. Аккула, Алгара, Чалкуйрук, Куу казык, Көкчебич, Мааникер, Карткүрөң, Телкызыл, Тайбуурул –баары байтал бээнин кулуну делген жылкынын балдары. Демек, Карача артыкча саяпкер болгон. |
Кардыгачтын жардам сурап келгенине Семетей кандай жооп берет? | Кардыгачтын жардам сурап келгенине Семетей мындай дейт: Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок, атамдан ордуна мен барып жардам беремин, жетик Бакай абамды, жол баштатып албасам, алышкан Ак дөө, Көк дөөгө, жетип кыргын салбасам, Кардыгач эжем, жездемди, ажыратып албасам,-деп айтат. |
Кардыгачтын Телкызылын ким аткан? | Коңурбай Чубактын катына ишенип, Манаска согуш ачкан казатта, абама тээк болом деп Кардыгач да кытайлар менен кармашат. Ошол согушта Кардыгачтын Телкызылын Каражой атып өлтүрөт. |
Карымбай Жамгырчыга эмне деп кордук көрсөтөт? | Карымбай Жамгырчыга Манастын Акборчугун бер деп кордук көрсөтөт. Эпосто Жамгырчы Бакайга минтип айткан жайы бар: Кара ниет Карымбай, ошондон көрдүм кордукту, канкор Манас барында, сураса бербес Акборчук, суук укурук салам деп, жалынса бербес жоргосун, талаадан тартып алам деп, айламды жаман кетирди, Манастан калган Акборчук, Чыйырдыдай энеге, энчиленген Акборчук, аманат бердим ала кет дейт. |
Келенгер | Чок чачпак |
Кең-Көлчүк эмне себептен соолуп калат? | Каныкей менен Чыйырды Букарга качып келатып, Кең-Көлчүктүн соолуп калганын көрүшөт. Ошондо Чыйырды мындайча жоруйт:Кең-Көлчүк соолуп калганы-көкжалың Манас өлгөнү, терегиң куурап калганы-кордук салып өзүңө, 6 арам малды бөлгөнү, чынарың куурап калганы- тайган иттей желгениң, Таластан качып келгениң дейт. |
Кирпил | Уялчаак, жарамсыз |
Кисе | Ок баштык |
Кичи Казатта Коңурбай жеңилерде Карыканга ким кабар айтып барат? | Кичи казатта Коңурбай жеңилерде Карыканга кабар жеткирген Чадоокер деген балбан болгон. Эпосто мындай айтылат: Айласы кеткен Коңурбай, Бээжиндин Карыканына, алакандай кат берип, алты күлүк ат берип, атка оюнчу, жөө күлүк, Чадоокерди жиберип. |
Кичи Казатта Коңурбай Семетейге кандай сунуш киргизет? | Кичи казатта Коңурбай Семетейге жекеге чыгып жатып мындай дейт: «Мени сайып сен алсаң, дегениңе көнөйүн, Чынмачындын Бээжиндин, чын 40 уруу журтумдун, мал-башынын баарысын, балам, сага берейин, улуктуу Дыңша элиме, кан көтөрүп алайын, сени сайып мен алсам,өзүмө уул болуп бер, Чет-Бээжин бойлой конуп бер, намыс кылбай, ар кылбай,өзүңдөн тукум алайын, бала кылып алайын,- деп сунуш киргизет. |
Кичи Казатта коңшу кандардан кол алып, Коңурбайга такаат берели деген Бакайдын кебине Семетей эмне себептен каршы болот? | Кичи казатта Семетейге Бакай мындай дейт: Кытай милек, биздер аз, айтканым балдар, билип ал, кандарга кабар салалы, жеткилең кол алалы, азар түмөн кол менен, кан Коңурбай баатырдан, анан өчтү алалы. Муну укканда Семетей, безге сайган эмедей: Кокуй аба, не дейсиң, Манастан туулбай жерге кир, кан Конурбай калчадан, качып кетти дедирбей, качып жүрүп өлгүчө, кармаш кылып өлөйүн, айылы алыс, жери ыраак, ал журтуңдун баарына, кантип кабар берейин, атамды сойгон Бээжинге,өлүшпөй кантип кетейин, кегимди алып |
Коёнаалы каза тапкан жер? | Көкбөрү менен Коёнаалы, Таластан чыгып бул экөө, Анжыянды басыптыр, Кара-Кумду ашыптыр, ар жагында Чамбыл-Бел, Чамбыл-Белге барганда, Жанаалы, Карач эки кан, Көкбөрүгө жоо экен, түркмөн каптап жетиптир, болжолсуз уруш болуптур, Коёнаалы жашайдар, урушта каза болуптур деп айтылат. Коёнаалы Чамбыл-Белде каза болот. |
Коёнаалы эмне үчүн өлөөрүн билип айкөл Манаска кезигет? | Манас өлөөр алдында жатканда, баатырлардын баары келип, Манас менен көрүшөт. Ошондо атасын ээрчий келген Коёналы жашайдар да: «Мен да кирип аяш атама, бир көрүшүп калайын» деп кирип баратканда, Каныкей кармап калып: «Кагылайын кулунум, аяш атаң Манастын, көзүндө заары бар, көзүнүн нуру кайта элек, карап койсо кулунум, эгерде эки болбойсуң, койгун уулум кирбегин» десе, болбой: « Аяш атам жанынан, менин жаным өөдөбү, алчу болсо атама, оо дүйнө бирге барайын» деп кирип кеткен жайы бар. |
Кол | Кошуун |
Коңурбай ак куу кейпин кийип жар издеген Айчүрөктү кармап алса эмне кылмак? | Коңурбай ак кууну көрүп,өзү жадыгөй каапыр, анын кыз экенин билип коёт. «Асмандагы ак кууга, азапты мыктап салайын, аткылап колго түшүрүп, колукту кылып алайын» деп Алгара санга бир салып, Очогор менен көп атып, Айчүрөк кууп алды деп айтылат. |
Коңурбай Алгараны эмне себептен Карагулга тапшырат? | Душман келет деп ойлобогон Коңурбай жылкычы башы Карагулга мындай дейт: Кулжа, өрдөк, куу түлкүм, катуу карап кароолду, жатышат койгон жеримде, улуу Бээжин кызык шаар учуна чейин кыдырдым, түгөл Бээжин түпкү шаар, түбүнө чейин кыдырдым, Алгараны тындырбай, мен ашпаган бел калбай, мен баспаган жер калбай, ашуу ашып, таш басып, арык болду Алгара, ашкере каны коюлуп, карып болду Алгара, кыйла жерди кыдырдым, кармашар душман калган жок, ошон үчүн ушу жыл, Алгараны агытам, нык семирсин арман жок деп жылкыга кошкон жайы бар. |
Коңурбай Каныкейдин кайсы буюмуна өтө таң калган? | Жебенин огу жетпеген, жеткилең кымбат боз чепкен, кызыл чоктуу кыргында, кынап берген боз чепкен, теңкерип чети оңбогон, түк жыртылып койбогон. Кыйын ыртык Коңурбай, ушул турган боз чепкен, боз чепкенге таң калган: «Күлазык ичкен дарысын, алда күмүрөй катын Каныкей, жасап берген экен ээ, ок өтпөстүн баарысын». |
Коңурбай менен Карагул качан каза табат? | Коңурбай менен Карагул кичи казатта каза табат. Карагулду Канчоро өлтүрөт. Ал эми Коңурбайды Күлчоро алдап, атынан ажыратат, Семетей башын кесип алат. |
Коңурбай Семетейди көргөндөн кийин турмуштук кандай сабак алат? | Коңурбай Семетейди көргөндө көңүлү бошоп, боорукерлик сезими ойгонот. Атып алса да биротоло тындым кылганга колу барбай, аталык сезим, аёо сезимдери пайда болот. |
Коңурбай эмне себептен Алгарага куйрук тактырат? | Алгаранын куйругун Семетей жулуп алганда, Коңурбай куйрук тактырган себеби мындай айтылат: «Астымдагы Алгара, кучак куйрук көркү жок, кай бетим менен минейин» деп ошентип Коңурбай, намыс кылып эр чочко, Алгаранын куйругун, алтын менен жасатты, алтындан куйрук кердирди, аны кылган устага, көп дүнүйө бердирди,- деп айтылат. |
Коңурбай эмне себептен Семетейге уруш кылып отурбай атасынын кунун берсем деп ойлонот? | Анткени, Семетейдин жылкы тийгенин уккан Коңурбай, жылкыга келсе, Семетей ат үстүндө уктап калган болот. Ошондо Семетейдин баатырдык сынына көңүлү толгон Коңурбай мындай деп ойлонот: «Алда балам, кантейин, телегейи тең экен, шай колдогон неме экен, эрдиги эпсиз шер экен, жоо болбостон балага, дос болуучу эме экен, дегенине көнсөм ээ, ушу бала тил алса, атаң Манас куну деп, Чет-Бээжиндин кандыгын, эли менен берсем ээ деп ойлонот. |
Коңурбай эмне себептен Семетейди бир тындым кылган эмес? | Коңурбай Семетейди аткандан кийин, башын кесип алайын деп жанына жетип барат. Бирок, баатырдык сынын кыя албай, колу барбай туруп калат. Эпосто мындай айтылат: Кылычты колго ала албай, асты колу бара албай, ата, чиркин кантем деп, Алоокенин Коңурбай, туура эсебин таба албай, мына ошентип турганда, Алмамбеттин Күлчоро, чаап жетип келгени,- деп айтылат. |
Коңурбай эмне себептен Семетейди дароо аткан жок? | Коңурбай уктап жаткан Семетейди көрүп ойго батат: алда, балам, кантейин. Телегейи тең экен, шай колдогон шер экен,... кара буурул ат минген, менин уулум болсочу,... кыямат кеткен Манастан, өзүнөн кыйын айбаттуу, туяк калган экен го, кан көтөрүп Бээжинге ала турган уул экен-дейт да, кайтадан эр Манастын тукуму маа жакшылык кылабы.. жоо аяган жаралуу-деп Очогорду октоп атып жиберген экен. |
Коңурбай эмне себептен Таласты камап уруш ачат? | Коңурбай Таласты Камап уруш ачкан себеби: Семетей тирүү болсо, баары бир атасынын кунун куубай койбойт. Ошондуктан, аскерим колдо турганда, көп кол менен каптатып, тындым кылып салайын, -деген ой менен Таласты камап уруш ачат. |
Коңурбай эмне себептен Эсенканга арызданып барат? | Коңурбай Эсенканга арызданып келген себеби; Кан-Жайлакты Коңурбай Азизкандан тартып алган болчу. Аны кайтарып алам Алмамбет Коңурбай менен урушат. Ошондо Алмамбеттен таяк жеген Коңурбай Эсенканга келип, Алмамбетти тыйып ал деп арызданат. |
Кочкор өрөөнү эмне себептен Кочкор болуп калган? | Семетей Таласка келгени, 6 арам менен 40 чородо тынчтык жок. Абыке, Көбөш көп кол курап Семетейге катылып, ал согушта Абыке менен Көбөш каза табат. Андан кийин 40 чоро 2 жолу кытайды көздөй Коңурбайга чоро болобуз деп качышат. Экинчи качканда Семетей: Атаңдын көрү 40 чоро, кыялы бузук ит чоро, кой дегенге көнбөйсүң, эми өз убалың өзүңө,- деп баарын кырып салат. Жердеген эл кочкордой койгулаша берсин деп, ал жерди «Кочкор», «Чыйбыт» койдурат. |
Кошой эмне себептен атасына аш берем деген Бокмурундун сунушуна каршы болот? | Көкөтөйдүн көп дүйнөгө карк болгон Бокмурун Кошойго кеңешип мындай дейт: «Кан Көкөтөй ашы деп, капыр менен бусурман, калктын баарын жыямын, калайыктын баарысын, дүңүм менен басамын, 7 жылы той кылып, капыр менен бусурман, тойдура турган алдамын» дегенде Кошой: Балам капырларды чакырып, кайнатып алба шоруңду, кытай менен калмактын, түбүнөн бери кыргызда, түтөгөн катуу өчү бар. Андай болсо Бокмурун Манаска кабар айттыргын, капырларга тең келчү, Манасты ашка алдыргын дейт. |
Көзкаман көтөргөн Очогор мылтык канча октуу эле? | Көзкаман көтөргөн Очогор мылтык 12 октуу болгон. Эпосто мындай айтылат: Көзкамандын мылтыгы, 12 дүрмөт Очогор, ойрон энең долуну, он эки катар дагы атып, ок тийгенде шор катып, чаначтай кызыл кан болуп, Көзкамандын кордугу, көкүрөктө зак болуп деп айтылган жайы бар. |
Көзкаман тууралуу айткан Каныкейге Манас эмне үчүн ишенбей коет? | Көзкамандарды зили душман деп айткан Каныкейге Манас абдан ачууланып:Бузук кеп айтып турасың, тууганым келсе душман деп,өсөк ишти кыласың, сөзүңө кирсем ой, катын, куу башты жалгыз кыласың, түбүбүз бирге тууганды, сен душмансынтып турасың,- деп булдурсун менен чаап жиберет. |
Көзкамандар Манастын сыйына ыраазы болуп тынч жашаса болбойт беле? | Көзкамандар Манастын сыйына ыраазы болуп жашай берсе болмок. Бирок алар ошол сыйды түшүнгөн жок. Алар бүт дитин калмакка буруп кетишкен. Тууганга ырайым кылуу деген сапат такыр калган эмес. Карыкандан буйрук алып, Манасты өлтүрүп, башын алып келүүгө кылычтын мизин жалашып, антташып, шерттешип келишкен. Ошон үчүн алар кыңыр ишин жасашты. |
Көзкамандардан ууланган Манаска Акаяр эмне үчүн дароо жардамга келген эмес? | Көзкамандардан ууланган Манаска Акаяр дароо жардамга келбеген себеби; Акаяр келген кезде Манас коңгуранып, 40 чоронун эрдигин айтып жаткан болот. Аны уккан Акаяр кымбатым Манас мени эсепке алса, кыйкырып уруш салайын, ушу турган калмактан ажыратып алайын деп күтүп калат, качан Акаяр деп атаганда, кыдырата карабай, кылча жанын аябай, ажыратып Айкөлдү, алып кетти Акаяр деп айтылган жайы бар. |
Көзкамандын тулпары? | Көзкамандын тулпары, жылкыдан артык Коңкулбоз, ээрин алып жайдактап, алтын бурма чидерди, алып келип баймактап деп айтылат. Көзкманадын тулпары-Коңкулбоз болгон. |
Көкөтөй канча жашында уулду болот? | Көкөтөй 75 жашында уулдуу болот. Эпосто мындай айтылат: Журт атасы атасы Көкөтөй, баласыз болуп калыптыр, 75ке келгиче, бала көрбөй калыптыр, 75ке келгенде, 70 жигит кошчу алып, салбырынга барыптыр, саякат кылып жүргөндө, Медияндын чөлүнөн, Бокмурун таап алыптыр. |
Көкөтөйдүн ашы эмне үчүн Каркырада өтөт? | Көкөтөйдүн ашына ылайыктуу жер деп Каркыраны тандаган себеби; Кошой мындай дейт:Атбороюн сыдырып, ай-ааламдын баарысын, айланып жүрүп кыдырып, мен көргөмүн далай жер, аты угулат Каркыра, артыкча башка ошо жер, мүдүрүлөр аңгек жок, суу жеп кеткен кемер жок, бир тоголок ташы жок, сай-сайынан шаркырап, миңдеп булак куюлат, бейиш өңдүү Каркыра, кен тамаша салчу жер деп айткан жайы бар. |
Көкөтөйдүн ашына камылга көргөн Ташкенттик эмне үчүн койлорун Козу-Башы, Копого семирткен? | Көкөтөйдүн ашына камылга көргөн Ташкенттиктер койлорун Козу-Копого семиртишкен. Анткени Козу-Башы, Копо өзүнүн аты айтып тургандай койго ылайык жайыт болгон. Чөбү белден буралган, топурагы туздуу, ал жерде оттогон койлор, семиз жана эти даамдуу болгон. |
Көкөтөйдүн ашында ат чабышка түшкөн кула тайдын ээси ким? | Көкөтөйдүн ашында ат чабышка түшкөн кула тайдын ээси- жаш Кеней болгон. Эпосто мындай айтылат:Жаш Кенейдин кула тай, арманда кеткен тай эле, тай алдыга келди деп, такыр сурап албагын, кемелине келтирбей, дал-дал кылып салбагын. |
Көкөтөйдүн ашында Ачбуудан ала салган жер кандай аталып калган? | Көкөтөйдүн ашында, айтылуу ат чабышта, алдыга озуп Ачбуудан, келе жатат карасаң, Ачбууданды кан Манас капталдан ары тепти эле, күүлөнүп алган бууданың, катарынан 3 катар, ала салып кетти эле, Ачбуудан ала салган жер, ошо күндөн ушу күн Ак-Жар болуп атыкты, деп айтылат. |
Көкөтөйдүн ашында жамбыны башка элдин мергенчилери эмне үчүн ата алган эмес? | Анткени жамбы атыш оюну бул- кыргыздарга эле тиешелүү оюн болго үчүн, алар бул оюнга маш болгон эмес, Көкөтөйдүн ашында капырлар жамбы ата алышпай, «тескери оюн экен» деп түңүлүшкөн жайы бар. |
Көкөтөйдүн ашында Жолойго каршы эмне үчүн Кошой чыгат? | Көкөтөйдүн ашында Жолойго каршы ылайыктуу эч ким чыкпай турганда, Манас Кошойго келип мындай дейт:Абам Кошой карыя, паана кылар олуя,өгүздөй кара калмакка,өзүң түшкүн карыя, бусурмандын ичинен ,өзүңүздөн башкасы, ылайыгы жок экен, Жолойго каршы чыгып бер, чоң намысты алып бер,- деп Кошойду ылайык көрүп чыгарган жайы бар. |
Көкчөнүн тулпары кантип Каканда калып кеткен? | Көкчөнүн тулпары Каканда калган себеби; чоң казатта каза болгон Көкчөнүн тулпары Көгаланы Коңурбай олжолоп алып калат. Кийин Семетей кытайга казат ачып барганда Коңурбайдын жылкысын тийип, Көгаланы Күлчорого мингизишет. Эпосто мындай делет: Кечээ Каканга казат барганда, Айдаркандын Көкчөсү, каза таап калганда, олжодо калган Көгала, зор Коңурбай калчада. |
Кубулу | Кубу, кыбы |
Кумайык Семетейди Ач-Маралдан канча жолу издейт? | Кумайык Семетейди Ач-Маралдан 6 жолу издейт. эпосто минтип айтылат: Ошол кезде Кумайык, барса-барса үрүптүр, Семетейди күтүптүр, Манастан калган жетимим, 12ге толду деп, келер чагы болду деп, Ак эрмендүү Ач-Марал, 6 жолу караптыр. |
Курулган имарат кимдики экенин билүү үчүн кандай белги коюлган? | Курулган имарат кимдики экенин билүү үчүн, ал сарайга ээсинин атын чегип жазып койгон. Мисалы: Бурулчанын ордого кытайча чийип кат койгон, « Эрке кыз Бурулчанын сарай» деп, ал сарайга ат койгон деп айтылат. |
Куу кумпай канча күндө балапан басып чыгарат? | Куу кумпай 32 күндө балапан басып чыгарат. Каныкей Семетейди Таласка узатып жатып мындай дейт: Нарындын башы Чатыр-Көл, ошондо жүргөн куу кумпай, келериң быйыл билгендир, атандан калган Акшумкар, баласын сага бермекке, 32 күн басып, жумурткасын ачкандыр деп айтылган жайы бар. |
Куу өрдөк кароол карап жаткан жер? | Куу өрдөк кароол карап жаткан жер-Суук-Төр деп айтылат. Мисалы: Капыр өрдөк жаткан жер, Суук-Төр дейт атагы, Ит-Кыянын белине, Жекенди көл бетине, кытайлар, Баңпаң дээр экен, кароол көлдүн четине, чыга калып караса,өрттөнүп өлгөн Куу өрдөк, турган экен ордунда. |
Куу түлкү жаткан жер? | Бети кара Бээжиндин, бел байлаган бели бар, бекип жаткан жери бар, ушу жерде капырдын кароолго койгон түлкү бар, Кара-Кыя тушу бар, кара саат ушу бар, ойноп ашчу бел эмес, оңой кытай эл эмес деп айтылат, Куу түлкүнүн кароол карап жаткан жери Кара-Кыянын тушу болгон. |
Куугун түшүп Бакайдын келгенин Көзкамандарга ким айтып барат? | Куугун түшүп, Бакайдын келе жатканын кароолдо турган Желдейбоз айтып барат. « Кан Бакайдын киргенин, кароолдо турган Желдейбоз, катуу көрүп калыптыр, алдындагы тулпарга, камчы басып бакырып, Көзкаман, Көкчөкөзүнө, ураанын айтып чакырып, уруучу буркан уруптур, артыңдан куугун кууптур» деп айткан жайы бар. |
Куюшканы жок ат минген журт? | Куюшканы жок ат минген журт бул-Кокон эли болгон. Эпосто мындай айтылат:Көк кепичин тепейтип, аргымагын чекейтип, Ал Кокондун ак каңкы, куюшканы такыр жок, аттарынын баары айгыр, кызырлуу шерге катылган, бул сарттарда акыл жок,- деп айтылат. |
Күжүрмөндү жеңген Кара дөө эмне үчүн байгесин алган жок? | Анткени Карадөө эр сайышка байге алам деп түшкөн эмес. Анын максаты төлгө кылып эр сайышып көрөйүн, мөрөй алсам эгерде, Айчүрөк жеңем, эркек уулдуу болуп, Семетей абамдын жолун улайт, эгер жеңилип калсам, ажалдан мурда өлөйүн деп төлгө кылып ырымдап чыккан. Ошондуктан , төлгөсү төп келгенге сүйүнүп, элге бөүп берген жайы бар. |
Күлчоро балалыгында көп ойногон оюн? | Күлчоро балалыгында көп ойногон оюн бул-чүкө оюну болгон. Эпосто мындай айтылат: Бадачыны аралап, алачыкты бааналап, тамашага батыптыр, бадачынын балдарын, жыйып алып Күлчоро, чүкө атышып жатыптыр. |
Күлчоро менен Канчоро эмне себептен талаадан жоголгон акшумкардын жайын үйдө калган Чачыкейден сурамакчы болушат? | Акшумкарды ким ала качканын Чачыкей билерин Канчоро менен Күлчоро билишет. Анткени Семетей Акшумкарын алып Ала-Көлгө жөнөгөндө, Чачыкей каршы болуп Семетейге жалынат, бирок Семетей макул болбой, Чачыкейди булдурсун менен чаап жиберет, ошондо Канчоро менен Күлчорого мындай дейт: Төрө менен шумкарды, экөөнү мыктап сактай көр, кууга кушун салдырба, куу була жатса алдырба, экөөнүн бирөө жоголсо, көрүнбөгүн көзүмө, жакын келбе өзүмө деген, ошондон улам чоролор жеңемде бир мандем бар деп билип койгон жайы бар. Ошондуктан ак шумкар жайын үйдө калган Чачыкейден сурамакчы болушат. |
Күлчоро эмне себептен арамдык кылган Канчоро, Чачыкейди кечирет? | Күлчоро Канчородон далай азапты тартса да кечирип, эл бололу деп барган себеби: жылгындуу Кең-Кол, Капка-Таш, кайрылып өрдөп конууга, кайрадан тууган болууга, эсилден калган эл-журтту, эңкейтпей жыйып алууга, айтканга көнсө Канчоро, кан көтөрүп алууга, кан аба деп Күлчоро, Канчорону бел кылып, белге таңуу кылууга, астына барды сабылып, абакелеп жалынып:кекти сууга салыңыз, асыл абам тилимди ал, ырыс алды –ынтымак, бирдикти койсок бир жерге, катылып бирөө келеби, кармашып душман жеңеби, күтүп ал аба өзүмдү дейт. |
Күлчоро эмне үчүн Актелки менен чалгын чалбайт? | Күлчоро Айчүрөктүн чатырга, кабарын андан алууга, кеп кылбай кечүү чалууга жөнөп калат. Ошондо мындай дейт: Астымдагы Актелки, ашуу тоону көп басып, туягы мукур ит эле, ашуусу бийик тоо келип, учуп өлүп жүрбөйүн, кагылайын абаке, Буурулду берчи минейин,- деп Актелкинин туягы мукур деп чалгынга минбей, Тайбуурулду минип кеткен жайы бар. |
Күлчоро эмне үчүн Кара атка ногойдун энин салат? | Анткени Чынкожого Семетей Бакайды, Күлчорону, Канчорону элчиге жиберет. Түбүбүз бирге тууганбыз, караан болуп өзүмө, Коңурбай өчүм алууга, казат ачып барууга, медет болсун өзүмө деген сөзүнө көнбөй, өсөк сөз айтып күпүлдөйт. Ошондо Чынкожого жинденген Күлчоро сыртка чыгып, Чынкожонун Кара атына, ногойдун энин салып коёт |
Кыйгактуу найза | Теги жок найза |
Кыргыз баатырларын сынга алган Нескара Музбурчакты кимге күчү тең экен деп сынайт? | Көкөтөйдүн ашында кыргыз баатырларын сынга алган Нескара Музбурчакты Шибээнин каны Ороккырга күчү тең деп сынаган жайы бар. Эпосто: Буудайыктын Музбурчак, алагар көзү чолпондой, ай кулагы калкандай, мойну жоон бүт экен, бүткөн боюн карасаң, 90 эрдин күчү экен, Шибээнин каны Ороккыр, Ороккырга тең экен,-дейт. |
Кыргылчал эмне себептен Манастын ордуна кан болууну самабайт? | Кыргылчал Манастын ордуна кан болууну самабаган себеби;Ал өзүн кандыкка ылайыксыз экенин билчү. Ар дайым бузук сөз сүйлөп, ушакка жакын болчу, ал эми ушак сөз көбүнчө аялдарга мүнөздүү көрүнүш. Ошондуктан ал кан болом деген күнү деле, эч ким колдомок эмес.(бул жооп 100% туура экенине кепилдик жок) |
Кыргылчал эмне себептен улам каза табат? | Байдын уулу Баймырза каза тапканда, Семетей Сары канды Абыке, Көбөш жана 40 чорого кабарга жөнөтөт. Жолдон ак ниеттүү эр Шууту жолугуп мындай дейт: Абыке, Көбөш кол жыйнап, Семетейге каршы кекенишип турушат. Азыр сени көрүшсө, жөн койбос бекен арамдар дейт. Сары кандын келгенин көрүп 40 чоронун баары жин ургандай жабылат. Ошондо Сары кан Кыргылчалды, Үрбүнү, Тазбайматты жайлап салган жайы бар. |
Кырк чоро Манасты ууландырган Көкчөкөздөрдү кайсы жерден кууп жетет? | Кырк чоро Көкчөкөздөрдү Кара-Кырдан кууп жетишет. 40 чоро менен кан Бакай, төбөсүнөн Кара-Кыр, Кара-Кырды ашты эле, баякы качкын Көзкаман, төбөсүнөн басты эле деп айтылат. |
Кырымдыл уулу Мурадыл эмне үчүн Семетейге кол салбайт? | Семетей кытайга казат ачып бараткан жолдо, чатыр тигип уктап калышат. Ошондо Мурадыл Семетейдин келгенин Жөөжелдетинен угуп, кароолго чыгып караса, сөлөкөтү-сөөлөтү кан Манастай көрүнүп, акыл ойлоп Мурадыл, бул атасын тарткан анткорго, алышкан менен ал жетпейт, күрөшкөн менен күч жетпейт, кармачу болсо кокустан, бурутка байлап кетет го, андан көрө булардын аттарын тийип алайын,-деп Семетейден коркуп кол сала албай, аттарын алып кеткен жайы бар. |
Кыяз эмне себептен Айчүрөктү алууга бел байлайт? | Анткени, Кыязды Канчоро тукурат, Айчүрөктү олжолоп алып, илгерки кекти ал, Толтойдун зайыбын Чачыкейди Семетей тартып алган. Сен Семетейдин зайыбын олжого алып, бир мактанып кал,- дейт. Муну уккан Кыяз Айчүрөктү алууга бел байлайт. |
Лөк | Нар, төө |
Мажилис деген сөздү чечмелеп бергиле? | Мажилис деген сөз-жыйын куруу, кеңеш кылуу дегенди түшүндүрөт. Эпосто мындай айтылат: Кан Көбөштүн ордого, Абыкенин керүүгө, мажилис салган жерине, бакырып кирди эр Шууту деп айтылат. |
Манас аталышындагы жер-суу аттары качантан баштап бериле баштаган? | Мангас аталышындагы жер-суу аттары «кичи казатта» айтылат. Семетей Коңурбайдан ок жеп жарадар болгондо Бакай мындай дейт: Чамабыз чарчап ал кетип, Манастын уулу төрөнү, жарадар кылып минетип, Таласты көздөй бет алып, мындан ары жол жүрсөк, Кош-Серүүн жонун ашабыз,Үрүмчү, Манас эки шаар, эки шаарды ашабыз,-деп айтылат. |
Манас Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен жекеге чыкканда эмне үчүн Аккуланы минип чыкпайт? | Манас Көкөтөйдүн ашында Коңурбай менен жекеге чыкканда Аккуланы минип чыкпаган себеби жеке сайышка Коңурбайдын чыгарын билген эмес, Аккуланы ат чабышка кошуп жиберген. Эпосто Манастын мындай деген жери бар:Кызыталак куу дүйно таппай койбой не болдум, кагышка минер Аккула, чаппай койбой не болдум, кара кытай манжуунун, эр экенин көзүмө, илбей калган экемин, кан Коңурбай капырдын, бул сайышка чыгарын, билбей калган экемин,- деп Сараланы минип чыккан жайы бар. |
Манас өлөөр алдында Каныкейге кадырлуу сырым билчү элең деп нени эскертет? | Коёнаалы Манаска киргенде, Манас ага көз артып, баатыр болот деп айтат. Ошондо Каныкей Коёнаалыга Манастын көзү тийгенин билип: «Оңбогон көкжал оңбодуң, Коёнаалы чунакты, ала кетет окшодуң» дегенде, Манас мындай дейт: « Каныкей, сен менин кадырлуу сырым билесиң, эки көзүм жумулуп, кутпага мойнум кыйшайып, акка моюн сунганда, киргизсең болмок баланы, алда берен балам ай, 7 күндөн калбайт го» дейт. Кадырлуу сырым билесиң дегени- көзүмдө заарым бар экенин билесиң дегени. |
Манас Таластын кайсы жеринде каза табат? | Кечээ кең Таластын оюнда, жылгындуу Кең-Кол боюнда, Кең-Шордо Манас өлгөндө деп айтылат. Таластын Кең-Шорунда каза табат. |
Манас эмне себептен Бакайга топ жыйынга аралашпа дейт? | Манас өлөөрүндө Бакайга:куу сакалың чубалтып, кузгундай көзүң кызартып, топ көрүнсө барба деп, жыйынтак-жыйын эл болсо, жолобогун аба деп, төрөсү өлсө карыга, төөсү жакын болуучу, жетимимдин төөсүн кайтарып бергин аба деп керээз кебин айткан. Анткени баркыңды билбес жаманга жакындашып не пайда, акылы жок кемпайга, акыл айтып не пайда, сөз билбеген жамандан, бир күнү шагың сынбасын, андан көрө абаке, топ жыйынга барбагын дейт. |
Манас эмне себептен Каныкейге Букарга кач деп керээз айтат? | Манас Каныкейди Букарга кач деген себеби;Менин көзүм өткөн соң, Кең Талас сага жер болбойт, жердигинде башка өскөн 40 чоро, жалынсаң сага журт болбойт, 6 арамдын кай кылыгын айтайын, чалгырты турат көзүндө, чамасы келсе ал иттер, чалганы турат өзүңдү, эри өлгөндө катынга, төркүнү жакын болучу, жыйылуу мүлкүң чачып кет, Букарды көздөй качып кет деп керээзин айткан. Бул Семетейди жана өзүңдү душмандардан сактап, төркүнүңө баш калакала дегени болчу. |
Манаска таарынган Чубакка Акбалта эмне деп акыл айтат? | Манаска таарынган Чубакка Акбалта мындай деп акыл айтат: Ушакка кирген оңобу, убара сөзгө ишенген, дин бусурман болобу, каймана сөзгө ишенип, качып келген оңобу, баатыр да сендей болобу, ошол Манас барында, силерге укурук кайрар калган жок, Кырктын башы Кыргыл чал, ойлогону бузук чал, бузуку сөзгө ишенип, бурулуп кетиш болобу, балам, тилимди угуп, Манаска, кечикпестен кайра бар,-дейт. |
Манаста айлык берүү түшүнүгү болгонбу? | Манаста айлык берүү түшүнүгү болгон. Мисалы: Каныкей жоо кийимдерин тигүү үчүн көзгө атар мергендерди жана чебер-уздарды жалдап иштеткен жана аларга айлык төлөгөн. Эпосто: Ашагандан машаган, 40 чорого кандагай, Каныкей жеңең жасаган, ашаткыга салдырып, боёгун болжоп кандырып, көлөкөгө кургатып, айлыгына ат берип, күндүгүнө зер берип, мына ошентип жасаган. |
Манаста бий өнөрү кайсы учурларда бийленген? | Манаста бий өнөрү салтанаттарда, жеңиштерде, тойлордо бийленген. Мисалы: Көзкамандар Манасты өлтүрдүк деп ойлошуп, сүйүнгөндөн салтанат уюштуруп, бийлешет: Манасты сойгон ойну деп, калмактары былкылдап, катуу бийлеп алыптыр,- деп айтылат. |
Манаста Иерусалим кайсы окуяда айтылат? | Манаста Иерусалим Семетей Таласка келип, атасынын күмбөзүнө келгендеги окуяда айтылат. Ал атасынын күмбөзүнө Каныкей тарттырган «Чон казатты» чагылдырган сүрөттөрүн көрүп, энесинин айткандарын элестетип мындай дейт: «Самоору алтын, чайы арзан, Ысламдын шаарында, кечээ алакандай дин ыстан, чубатууга салганда, аяш атам Алмамбет, Сыргакты тандап алганда, буларды тарткан сүрөткө»,- деп айтылат. Ыслам шаары бул-Иерусалим болгон. |
Манаста орустун канча уруусу бар экени айтылат? | Манаста орустун 10 уруусу айтылат. Барча журтка Каныкей, эне болгон эмеспи, кан Көкөтөй ашында, калың жыйын башында, оозу түктүү орустун, он уруусу келгенде, кызыл чоктуу кытайдын, кырк уруусу келгенде, калайыкты жыйганда, капыр менен бусурман, карчылдашып турганда, ошондо кайран жеңең Каныкей, арстандыгын билгизип, уруу-уруу эл күтүп, конок кылган эмеспи деп айтылат. |
Манастан калган 40 чоро эмне себептен Көбөш тарапка өтүп кетет? | Жооп:Манастан калган 40 чоро, кыркы 40 жерден келген ит чоро деп айтылат. Аларды былк эттирбей кармап турган бул-Манас болчу. Манастын көзү өткөн соң, алардын анык жүзү ачылат. убада-шертти унутуп, бат эле Көбөш тарапка өтүп кетишет. Булардын ичинен адамгерчиликти сактаган, Шууту менен Ырчуул гана буларга кошулбай коёт. |
Маңкүштүн уулу? | Маңкүштүн уулу Чоңтикен болгон. Эпосто: Маңкүштүн уулу Чоңтикен, ким көрүнсө жайлаган, он эки батман чоюнбаш, белге кынай байлаган,- деп айтылган жайы бар. |
Молдосан деген ким? | Молдосан Букардагы катчы бала болгон. Ал Семетейдин тоюнда ат чабышта аттардын эсебин алган. Эпосто мындай айтылат: Букардагы Молдосан, артык катчы бала экен, ат каттаган ал болду, катын окуп караса, 643 ат болду. |
Молто кандын кызы? | Молто кандын кызы Манастын аялы Карабөрк болгон. Эпосто мындай айтылат: калмактын каны Молто кан, Молтону жетип кырганда, кызыкты мындай кылганда, Молтонун кызы Карабөрк, тартып алгам олжого,- деп айтылат. |
Мурадыл 14 атты кайсы жерге тийип кетет? | Мурадыл 14 атты тийип кеткен жер мындай деп айтылат: Түп көтөрө токмоктоп, 14 атты Мурадыл, түгөл тийип кеткени, Чаар-Жонго жашырып,Үч-Кашканы ашырып, Сары-Жазды бастырып, тийип кетти аттарды. |
Мурадыл кайсы кагышта каза табат? | Мурадыл «кичи казатта» Күлчоронун колунан каза табат. Эпосто мындай айтылат: Алмабеттин Күлчоро, кармашканы ошондо, Кырым уулу Мурадыл, шай колдогон эр немең, көмө коюп өттү эле, кытайлардын Мурадыл, аттын учуп түшкөнү, жетип барып ошондо, кырааның башын кескени. |
Мурадыл минген Керкүрөң кайсы тулпардын тукумунан? | Кырымдын уулу Мурадыл, опсуз жайчы мына бул, астындагы Керкүрөң, артык тулпар жаныбар, Тор-Айгырдын баласы деп айтылат. Демек, Керкүрөң Тору-Айгырдын тукуму. |
Мурадыл эмне үчүн кыргызга кек сактаган? | Мурадыл кыргызга кек сактаган себеби; чоң казатта Мурадылдын атасы Кырымды Алмамбет менен эр Сыргак башын кесип, мерт кылган. Ошондо жетим калган Мурадыл, кыргызга кек сактап калган жайы бар. Эпосто: кытайга кыргын салганда, кызыл айза Кырымды, Алмамбет менен эр Сыргак башын кесип алышкан, анын уулу Мурадыл, кыргызга кыргын салам деп,өлүп кеткен атамдын, барып өчүн алам деп, кекенип жүрөт деп уктум,- деп Бакайдын айткан жайы бар. |
Мурадыл эмне үчүн Семетей менен Бакайдын атын тийип кеткен эмес? | Анткени Семетей менен Бакайдын аттары байлануу болот. Канчоро менен Күлчоро башка 14 атты бош айдап коюшат. Бош аттардын баарын Мурадыл тийип кетет. Байлануу болгон үчүн Семетей менен Бакайдын аттары калып калат. Эпосто: Семетейдин Нарбуурул, Бакай кандын Көкчолок, байлануу экөө калганы, бош аттардын баарысын, түп көтөрө Мурадыл, айдап кетип калганы. |
Мурадылга атын алдырып ийген Канчоро казаттын жүрүшүндө кайсы тулпарды минип келет? | Мурадылга атын алдырып ийген Канчоро казаттын жүрүшүндө Коңурбайдын жылкысында жүргөн Кулансурду минип келет. Кулансурду кулунунда Коңурбай олжолоп алган болот. Түбү Алмамбеттин жылкысы болот. |
Нескара Көкөтөйдүн ашына чейин Мааникерди көргөн эмес беле? | Нескара Көкөтөйдүн ашына чейин Мааникерди көргөн эмес, бирок, анын айтылуу даңазасын уккан, анткени Бокмурунга мындай дейт:Көкөтөйдүн Мааникер, күлүктүгүн мен уктум, манжуу, кытай элим бар, Мааникерди бербесең, бурут сенде кегим бар,-дейт. |
Ойрот | Уруу аты |
Орунбордун кайсы буюму артыкча атакка ээ болгон? | Орунбордун буласы артыкча атакка ээ болгон. Эпосто мындай айтылат: Орунбор менен Маргалаң, орто жерин чалдардым, ошондон бери буланы, баатырларга алдырдым,-деп айтылган жайы бар. |
Өкүл ата Карымбай эмне себептен Каныкейге жардам көрсөтпөйт? | Букарга качкандагы жолдо Каныкей Семетей, Чыйырды абдан ачка болушат. Ошондо Каныкей талаадан торпок көрүп, кармап ызык кылалы деп кууп кармап алат. Көрсө ал торпок Карымбайдыкы болот. Каныкей ага жалынат, өкүл ата, торпогуң берчи соёюн,- деп. Бирок Карымбай кишичилиги жок, наадан адам болгон. Ал Каныкейге ачуу тилин тийгизип, камчы менен чаап жиберип, торпогун алып кетип калат. |
Саадак | Жаа |
Сазан алптын тулпары? | Сазан алптын тулпары- Сарыкер болгон. Сарыкер минген Сазан алп, Карагер минген Каман алп деп айтылган жайы бар. |
Сары кан кайсы элге кан болгон? | Сары кан Аргын элине кан болгон жайы бар. Эпосто мындай айтылат:Үч-Кошойдун боюнда, абасы Бакай дагы бар, Аргын каны Сары кан, акыл табар дагы бар. |
Сары кан эмне үчүн башка тулпарды албай Туучунакты алат? | Сары кан Тучунакты алган себеби; Агынайдын Туучунак, тулпарлыгын билүүчү, менин атым болсо деп, тилек кылып жүрүүчү, Туучунак жайы мамындай, чууга кирсе шашпаган, айгайлаган чуу чыкса, аңыраңдап шашпаган, кагышка минсе камсыкпас, сайышка минсе майышпас, мына ошондо Сары кан: «Жанга өлчөөлүү тулпар деп» Туучунакты тандаган, - деп айтылат. Сары кан башынан эле Туучунакты менин тулпарым болсо деп каалап жүргөн. |
Сары таз эмне үчүн көмүр казган? | Сары Таз Темиркандын иниси болгон, бирок алар так талашып 7 жыл согушуп, бири-бирине кас болуп калышкан. Кандыкты Темиркан. алган соң, Сары тазды журтка жолотпой, атынан айрып жөө кылып, Күлешендин Күл-Токой, көмүр өчүртүп көө кылып, ай сайын 80 төөнүн көмүрүн, алым берип туруучу, антпесе, Сары таз байкуш куруучу деп айтылат. |
Сары таз эмне үчүн Семетейге ата-тегин эрте айткан эмес? | Сары таз Семетейге ата-тегин эрте айтпаган себеби; 12ге келишин күтүп жүргөн. 12ге келди деп, тилегим кудай берди деп, Семетейге жолугуп, ата-тегин айтканы, күтүп жүрөт Сары таз деп айтылган жайы бар. |
Сасык | Камал, курчап алуу |
Сегиз кандын элчиси Семетейди эмне үчүн ак үйлүү кылууга сурайт? | Семетейдин атасынан артык баатыр болгонун 8 сегиз кан көрүп,өлөңдүү жерге өрт койгон, өрттөнгүрдүн тукуму, акыры бизди соо кылбайт, кармашкан менен ал жетпейт, андан көрө жетимди, амал менен акырын, жер соорусу Маргалаң, Ак үйлүү сурап алалы, күпчөккө салган бозону, күйдүргөн уу ошону, алдап берип балага, башын кесип алалы, Абыке менен Көбөшкө, сүйүнчүлөп баралы деп, антты бекем кылышып, Темиркандын астында, сүттөн таза көрүнүп, Ак үйлүү сурап Семетей, келип турат көрдүңбү деп айтылат. |
Сексен жыл сууга чыласа, серпилип чети койбогон буюм? | Бул буюм кандар колдонгон зор килем болгон. 40 жылы сууга таштаса, кылайып чети оңбогон, 80 жыл сууга чыласа, серпилип чети оңбогон, аркагы жибек алтындан, эриши майда кымбаттан, токулган жакут кымкаптан деп айтканы бар. |
Семетей Абыкеге энесин алып берем деп жүргөнүнө карабай алар эмнеге кастык кылышты? | Семетей Абыкеге энесин алып берем деп жүргөнүнө карабай кастык кылышат. Анткени;Семетей атасынын ордуна кан болсо, бизден бийлик кетет, мурдагыдай алым-салык алып жыргай албай калабыз деп душмандардын баарына алакандай кат берип, 6 күлүк ат берип, жетимди кармап алууга, курмандыкка чалууга, андан кийин ушулар, аргын менен кыргызды, камчыга ченеп бөлүүгө, убаданы бек кылып,өлүп кетер шерт кылышат. Ошондуктан Абыке, Көбөш көп кол менен келип кол салат. |
Семетей айхайлаткан балбан ким? | Семетей Букарлыктын намысын талашып, Кокондук Төөбалбанга каршы күрөшкө түшөт. Чап билектен алышып, багалактан чалышып, төрөнүн уулу Семетей, Бардыгер күчүн салды эми, Төөбалбандын билегин , такыр сууруп алды, булкамын деп булка албай, тыбырады Төөбалбан, ай-хай, ай-хай, ай-хайлап, чыркырады Төөбалбан деп айтылат. |
Семетей акшумкарды издеп канча адам менен чыгат? | Семетей акшумкар дайнын уккан соң, Ооганга 25 адам менен аттанып чыгат. Эпосто мындай делет: Өңкөй кандын балдарын, аксакал эмес жаштарын, жатарга алтын чоң чатыр, аш кайнаткан кол бакыр, ат баккан 6 мураптыр, так 25 жан болуп, Ооганга кетип баратыр. |
Семетей атасы Манастын сөөгүн өз көзү менен көрөбү? | Семетей атасы Манастын сөөгүн өз көзү менен көргөн. Ал Бакайга жолуккандан кийин атасынын күмбөзүнө барып, ичине кирет. Ал мындай сүрөттөлөт: Айкөл атам султанга, аныктап көзүм салганда, күлүмсүрөп көз жуумп, жаткан экен кан атам, көп майирван жолдошко, баткан экен кан атам, атам жалгыз ал эмес, жалгыз жатар кан эмес, көп кызыкка батыптыр, жанында 6 адам бар, катарлашып жатыптыр экен делет. |
Семетей атасынын касиети колдоорун кайсы белгисинен билген? | Жооп:Семетей атасынын касиети колдоорун атасынын күмбөзүнө келгенде күмбөздүн ичи күңгүрөнүп сүйлөнгөндө билген. Анткени энекеси Каныкей мындай деген:Чындап кудай береде, азарын сага саларда, атаң анык колдоп аларда, күмбөздүн ичи күңгүрөйт, белгилери дүңгүрөйт. Бул белгилерди Семетей көрүп, атасынын арбагына ыраазы болот. |
Семетей бала курагынан кийген өтүк? | Семетейдин бутунда, кийип алган кең өтүк, тумшугу өөдө чүйрүйүп, кой тойгондой шору бар, буудан жеңең Каныкей, Букарлыктын өтүгүн бутунан сууруп ыргытты, Семетейге деп жасаган, кызыл алтын, жакуттан, такасына салдырган, кош ойдуруп жиберип, кыргызча кылып жасаган, бил териси соору өтүк, аны бутка кийгизди, мына ошентип Каныкей, эжелигин билгизди деп айтылган жайы бар. |
Семетей бөлүмүндөгү Кичи Казат аталган окуя эмнелерди камтыйт? | Кичи казат аталган окуяда Семетейдин Конурбайга казат ачып келгени, Конурбайдын жылкысын тийгени, Коңурбайдын огунан жарадар болушу, Айчүрөктун ок аттаганы, Коңурбайдын жылкысы үчүн кол жыйнап аттанганы, кыргыз менен кытайлардын урушу, Коңурбайдын Таласты камашы, Коңурбай, Карагул, Незкаранын өлүмү, жб. камтыйт |
Семетей бузукулук кылган 40 чорого эмне үчүн күмбөз салдырат? | Семетей бузукулук кылган 40 чорого күмбөз салдырган себеби; Бакай мындай дейт:Ээ, Манастын уулу жетимим, 40 чоро качкын абаңды, кыйын кууп алыпсың, кыйшыгын бир аз көтөрбөй, кыргын кылып салыпсың, канткен менен 40 абаң, Манастан калган мураапы, жашырып сөөгүн кетпесек, карга-кузгун жем кылып, кашайта көзүн ойбойбу, арбагы бизди сорбойбу,- дейт. Семетей Бакайдын тилин алып, 40 чорого 40 күмбөз салдырат. |
Семетей Букардан Ала-Тоого кетерде Темиркан кандай жарлык чыгарат? | Семетей Букардан Ала-Тоого кетерде Темиркан мындай жарлык чыгарат: Атаңдын көрү жаман эл, катынсыз кетсе бу жетим, каарданып калбайбы, кайра тартса Семетей, калайманды салбайбы, 10 жаштан өйдөкү, 16дан ылдыйкы, кыздын баарын жыйгыла, чубатууга салгыла, артык болсун акылы, тектүү болсун төркүнү, дагы кебим дагы бар, 80 нарга жүк кылып, алтын-күмүш арткыла, Семетейдин энчисин, мына ушинтип тарткыла деп жарлык кылган жайы бар. |
Семетей Каканга казат ачканда Карагулдун чатыры жайгашкан жер? | Катаалдын уулу Карагулдун чатырын Бакай Семетейге мындай деп айткан жери бар: Тээтиги агындуу дайра оюнда, Сары-Суунун боюнда, Күрпүлдөктүн бетинде, Кыр-Кайыңдын оюнда, алтын түркүк чатыр бар, ал чатырдын ичинде, Карагулдай капыр бар, ал Карагул чочкодо, адамдан башка акыл бар. |
Семетей калың кол курабай Каканга казат ачам дегенинин сыры эмнеде? | Семетей элин жыйып, Бээжинге казат ачып, атасынын жана атасы менен кошо кытайлардын колунан өлүм тапкан чоролордун кунун кууйм дегенде Бакай менен Каныкей азыр эрте, бөөдө эл кыргынга учурайт, кийинки жылдан баштап камданалы дейт. Ошондо Семетей: Бүлүк салып калыкка, не муразга жетейин, кайнап жаткан капырга, кан Коңурбай баатырга, жеке өзүм кетейин, ажалым жетсе өлөйүн, кара калмак, манжууга, күрпүңдөшүп көрөйүн, бейпайды бекем салайын, бет алып барып урушуп, атамдын кунун алайын, кубатым келсе калчаны курмандыкка чаламын, кудай берсе Бээжинге,өзүм жалгыз барамын, калың элди зордуктап, не муразга жетейин, кайнап жаткан кытайга, өзүм жалгыз кетейин дейт. |
Семетей кумайыкты кайсы белгисинен дароо тааныйт? | Семетей Кумайыкты алгач көргөндө, мойнундагы алтын каргыдан улам тааныйт. « Энекем айткан кеп эле, келип калса Кумайык, алтындан таккан мойнунда, каргысы болот деди эле. Кумайыктын өзү экен, жолумдан тосуп жаныбар, жолуккан жүргөн кези экен дейт. |
Семетей Таласка келгенде Абыке, Көбөштүн ордосу жайгашкан жер? | Семетей Таласка келгенде Абыке, Көбөштүн ордосу жайгашкан жер -Үрбүстүн башы Көк-Жайык, Абыке, Көбөш арамдын, Паана кылар жери ошол деп айтылат. |
Семетей Таласка көчөөрдө калың кол берейин деген Темирканга эмнеге макул болбойт? | Семетей Таласка кочүп жатканда, Темиркан ич эңшерилип, кыйылып, Букардан калың кол берейин дейт. Бирок Семетей: «Кокуй, таята не дейсиң, бул сөзүңдү түн уксун,өз элиме кол алып, чаап алчу немедей, кантип каптап барамын, кытайга колду салгансып, калың Букар эл жыйнап, кантип басып барамын, а көрөкчө таята,өзүм жалгыз кетейин дейт |
Семетей төрөлгөндө чоң керемет көрдүк деген алты аялдын аттарын санап бергиле? | Семетей төрөлгөндө чоң керемет көрдүк деген алты аял булар: Алмамбеттин Арууке, Бакай кандын Көрпөжан, эр Чубактын Алтынай, Ажыбайдын Алымкан, эр Шуутунун Бурмакан болгон. |
Семетей эмне себептен Бакайды сынамакка алат? | Энем Каныкей айткан кеп эле, атаң Манас көкжалдан Бакай баатырыраак деди эле, бөлөкчө кептен салайын, мунун ичинде сырын алайын, атамдан артык шер болсо, паана кылып алайын, маанисиз бир чал болсо, тындым кылып салайын, көп кейитпей кедейди, курмандыкка чалайын,өзсырымды жашырып, ушу турган Бакайга бөлөксүнүп барайын деп ойлрнуп Семетей, Жанаалы, Карач уулумун, өткөн өчту кууймун, коз тийип өлгөн Семетей, кошо өлгөн Чыйырды деп сынап турган жери бар. |
Семетей эмне себептен душмандын жеринде жүрсө да жоодон кенебей ок өтпөс тонун чечип, жайбаракат эс алат? | Анткени, жоо келбейт деп ойлогон жана өзү жоодон корккон эмес. Эпосто мындай айтылат:Эрдик менен көөдөктү, Эгем Таалам кабаттап, берсе керек ченебей, «Эңкейип кеткен эр манжуу, эми кайдан келсин деп» кийген тону аколпок, бүчүлүгүн чыгарып,өлөмүн деп санабай, ат үстүндө ыргалып, алп уйкуну салды эми деп айтылат. |
Семетей эмне себептен Карагулду жок кылбай Алгаранын куйругун жулуп алат? | Семетей эгер жоо-жарагы колунда болсо, Карагулду жок кылмак, Ал алданып калганын билгенде, жоо-жарагы жок, атын жайдак минип, Карагулду кууйт. Кытайдын дарбазасынан кирип кетерде, Алгараны куйруктан алып, көк бөрү кылып тартып жулуп алган жайы бар. |
Семетей эмне себептен тентек чыгат? | Баатыр болчу бала тентек чыгат. Анткени атасы Манас дагы кичинесинде, 7ге жашы келгенде, күйүп турган от болду, күлдүү кыргыз ичинде мындай тентек жок болду деп абдан тентек чыгат. Семетей да атасын тартып, кожону көрсө сабады, эшенди көрсө байлады, тентегинен Семеңдин, Букардын эли жадады деп айтылат. |
Семетей эмне себептен Чынкожого элчи жиберет? | Семетей Шыгайдын уулу Чынкожого чын пейили менен тууган болуп биригели деген ойдо Бакай менен Ормонбек, Күлчоро менен Канчорону элчи жиберет. Шыгайдын уулу Чынкожо, түбүбүз бирге уялаш, тең атабыз тең тууган, тегибиз бирге бир тууган, Чынкожо кирсе эбиме, белди бекем бубамын, Бээжиндеги Коңурбай, атамдын кунун кубамын деген ойдо элчи жиберген жайы бар. |
Семетей эмне себептен эжеси Кардыгачты бир көрүп тааныган эмес? | Анткени Семетей Букарда чоңоюп, Кардыгачты мурда көргөн эмес. Ошондуктан жолунан чыккан Кардыгачка найза сайып, качырып кирет. |
Семетей эмне үчүн Айчүрөктү укпай казатка аттанат? | Айчүрөк Семетейге мындай дейт: Төрөм, Бээжинге барсаң өлөсүң, элиңди качан көрөсүң, Каканга барсаң өлөсүң, кайрылып качан келесиң, казатка азыр камың жок, кабылан төрөм, тилимди ал,- дегенде, атасы көкжал Манастын, как өзүндөй шер немең, катындын сөзүн укчубу, эрдиги бар, бар эси жок, бүгүн өлүп калууга, аны менен иши жок, алакөөдөн артык шер, Айчүрөктү булдурсун менен чаап жиберип, жөнөп кеткен жайы бар. |
Семетей эмне үчүн Кардыгачты элге барбай артка кайт деп кайрылат? | Анткени, Кардыгач 6 арамдын бузугун, 40 чоронун кылыгын угуп, Абыке, Көбөш карысын, кашайта көзүн оёюн, карансыз бузук иттерди, калтырбай баарын соёюн деп чамынат. Бирок Семетей эжесин токтотуп, кыйратып кырып ийгидей, кытайдан келген жоо эмес, эбине келсе баарысы, туугандык жайын түшүнөр, эжеке сенин төркүнгө, кол салбай турган затың бар, ургаачы деген атың бар, босогоң бөлөк эжеке, Желпиништей жериңе, кайрылып кайра бара бер,- деп айткан жайы бар. |
Семетей эмне үчүн Орокту жок кылат? | Семетей Таласка көчүп келатканда Ындыстандын Орок балбаны кол салат. Аны Абыке, Көбөштүн кутуму менен 4 кан эли атайын Семетейди тындым кылып бер деп алдырышкан. Бирок, Семетей Орок балбанды Кылжээрдеден көмө сайып, башын кесип алган жайы бар. |
Семетейге алышып алы келбесин билген Абыке, Көбөш эмнеге кайра каршы чыгат? | Семетейге алышып алы келбесин билген Абыке менен Көбөштүн кайра кол салышынын себеби; Эйбит таздын эр Үрбү, эр Көкчөнүн Үмөтөй, Музбурчактын Буянбек, Алты-Шаардан Алабек, булардан азар-түмөн кол алып каптап киришет. Алардын оюу көп кол менен Семетейди жеңип алабыз деген. |
Семетейди алдаган соң Карагулдун алгачкы аракети кандай болгон? | Семетей Карагулга алданып, атсыз калганда, Карагулдун алгачкы аракети, жылкыны болүп айдап коюп, Семетейдин башын кесип алайын, канкордун уулу капырды, тындым кылып салдым деп, Каканчындын канына, кан Коңурбай алдына, сүйүнчүлөп барайын, берип калса мен өзүм, Чет-Бээжин канын алайын,- деп Семетейге кол салат. |
Семетейди дарылоого аттанган Айчүрөк эмне себептен жалгыз аттанбайт? | Семетейди дарылоого аттанган Айчүрөк жанына Быйты кызды алып алат. Анткени Быйты кыз-жаман менен жакшыны айра билген сынчысы, ажал, азап, өлүмгө, туу түбүндө турчусу болот. Айчүрөк Быйты кызга мындай дейт: Ырас болсоң сен Быйты, керегиң азыр көрөмүн, эсен болсо чоң төрө, касиетим билгизем, береним өлүп кан жутсам, сени жерге киргизем дейт. |
Семетейди үйлөндүрүүдө эмне үчүн башка кыз эмес Чачыкейди тандашат? | Темиркан Семетейге Чачыкейди алып берген себеби: калкка кабар салгыла, 16дан ылдыйкы, 10 жаштан өйдөкү, тектүү жердин кыздарын, такыр жыйып алгыла, чубатууга салгыла, Букардагы Көлөйкан, өзү сынчы көзү ачык, алып чыкты бир кызды, жетелеген ал кызы, тектүү жердин кулуну, Шаатемирдин кызы экен, Шаатемир кызы Чачыкей,өзү бала секелек, өрүмгө чачы жетелек деп айтылат, Чачыкейди тектүү жердин кызы деп алып берген жайы бар. |
Семетейдин жарасын кантип айыктырат? | Коңурбайдан жара жеген Семетейге Бакайдын айтуусу боюнча, Айчүрөктү алдырышат, Айчүрөк Аккуу болуп учуп келип, ок аттайт. Кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы, чымырканып, чыркырап, чын Кудайлап буркурап, Манастын уулу төрөнүн огун аттай салды эле, ичиндеги болот ок, аттаганда шарт коюп, жарадан түшүп калды эле, Каныкей берген кайнатма кара дарыны, сырт жагына тийгизип, кырма кызыл дарыны, кырктай чымчып септи эле, эбеп-себеп дарыны, эзип берип калды эле, ооруган жери басылып, умачтай көзү ачылып деп айтылат. |
Семетейдин Таласка келгенин Баймырза кандай кабылдайт? | Семетей Таласка келгенин Баймырза абдан кубануу менен кабылдайт. «Тоодой көкжал Манастан, тозорго калган Семетей, белестей көкжал Манастан, белекке калган Семетей, бозала кыраан болпоңум, боздотуп келген чолпонум» деп көзүнө жаш алып, 9 кара буканы, кескилетип жиберип, той өткөргөн жайы бар. |
Семетейдин Таласка келгенин Бакдөөлөт кандай кабылдайт? | Семетейдин Таласка келгенин Бакдөөлөт Жакыптан угат. Жакып Бакдөөлөткө Семетейге уу даярда дегенде, Бакдөөлөт каршы чыгат: « Оңбогон какбаш оңбойсуң,өз балаңды өлтүрсөң, эгерде эки болбойсуң, тулпардан калган туякка, кантип ууну бересиң, сенин бул ишиң калсын талаада, 6 уулуң биригип, жалгыз Манаска кетсин садага, Манасым кетти күн кетти, байкасам, кадыр түн кетти» дейт. Семетей Жакыптын үйүнө келгенде, Бакдөөлөт боздоп ыйлап сабылып, Семетейге кагылып, жетимим деп байбиче, жетине албай чыркырап деп айтылат. |
Семетейдин Таласка келгенин Шууту кандай кабылдайт? | Шууту Семетейдин Таласка келерин жыл эсептеп күтүп жүргөн болот. Аман жүрсө жетимим, быйыл 12ге толгондур, эрешен тартып, эр болуп, эр уулу менен тең болуп, атасындай болгондур дегенде, Бакай «сүйүнчү» айтат. Шууту сүйүнгөндөн көзүнө жаш алып, Семетей менен көрүшөт. |
Солоон элинин башка элден айырмачылыгы? | Солоон элинин башка элден айырмачылыгы;Боз мунарык чөлү бар, ошол чөлдүн бетинде Солоон деген эли бар, түн ичинде бекитет, тосуп салган тамы бар, Солоондун түрүн сурасаң, сокудай сүйрү башы бар, аркасында жайылган, сокбилектей чачы бар, бардыгер кыйын санаты- жылан, чаян, кескекти, бака көрсө талаадан, кууруп жеген адаты. |
Сыргактын Наркескенин кийин ким алган? | Сыргак алган Наркескен Бөлөкбайдын колунда калат. Эпосто мындай айтылат: Чубак алган Жойкума, Канчоронун колунда, Сыргак алган Наркескен, Бөлөкбайдын колунда, мурунку өткөн эрлерден, мураага калган 6 курч. |
Сыргактын өзүн көрсөткөн алгачкы эрдиги? | Сыргак Көзкамандар окуясында, Көкчөкөзгө жеке сайыш кылганда алгачкы эрдиги көрүнөт. 7 күн тынбай сайышып, тирелишип турушуп, тиктешип минтип урушуп деп айтылат. |
Сыргактын сөөгү коюлган мазар? | Атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак, Улаккандын эр Сыргак, Кожожаштай мергенге, Чон-Казатта аттырып, күн күнүндө күбүлгөн, жаш чагында жайраган, казатта шейит болду деп, Шыйкоо деген мазарга, ал Сыргакты койду эле, муну менен ал Шыйкоо,үлкөн мазар болду эле деп айтылат. |
Тайбуурул эмне себептен мезгилге жараша кубулуп турган? | Ардай болгон Арбуурул, жай түлөгүн алганда, кызыл буурул жаныбар, кыштын күнү болгондо, кара буурул болуучу деп айтылат. Тайбуурул түлөгөндө кызыл болуп өзгөрүп, ал эми кышкы жүнү өскөндө кара болуп өзгөрүп турган. |
Тайтору 300 аттын соңуна кайсы жерден жеткен? | Тайтору Кең-Мойноктун жонунда, башын жерге сала албай, аркардай арыш ала албай, келе жатат бууданың, Кең Кырымдын жонунда, санап көрсө ошондо, 300 аттын соңунда деп айтылат. |
Тайтору 60 аттын соңуна кайсы жерден жеткен? | Сүйүнгөндөн чыркырап, ыйлап ийип буркурап, дүрбү салып караса, Ит-Торпунун жонунда, Кезең-Кырдын боюнда, санап көрсөм Тайтору, келе жатат бууданың, 60 аттын соңунда деп айтылат. |
Так текей | Текенин мүйүзүнөн жасалган оюнчук |
Текөөрү темир, тээги кез, тегереги эки кез, көзү кара көк шал бут. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат? | Атаңдан калган мураапы, Акшумкар сынын айтайын, текөөрү темир, тээги жез, тегереги эки кез, көзү кара көк шал бут, көргөндөн кайра тартпаган, кууну көлдөн учурбайт, канатын жыйып шукшурбайт деп айтылган жайы бар. Бул- Манастын Акшумкары. |
Темгил | Тер, ала тер |
Тийсе болот | Заар, уу аты |
Темиркан эмне себептен Каныкейди ат чаппа деп тыйып коет? | Темиркан Каныкейдин ат чабарын билип, кейип-кепчип ардыгат: Оо, Каныкей кулунум, бел байлаган белиң жок, бегирек атың чабуучу, белесте турчу кыйкырып, белгилүү Манас шериң жок, жесир жүрүп кулунум, жээликпегин жөнү жок, байгесине кызыгып, жок азарын тарттыңбы, кан башым менен мен өзүм 4 тулпар чаптым, көздөп ал, байгеге чыгып келишсе, баш байгесин өзүң ал, кулунум менин тилимди ал,- деп тыйып койгон жайы бар. |
Темиркан эмне себептен Каныкейди Букардын бир бурчуна башчы кылат? | Темиркан Каныкейди Букардын бир бурчуна башчы кылганынын эки жуйөсү бар. Биринчиден, Каныкей кыз кезинде эле такка минип, эл бийлеген баатыр кыз болгон, экинчиден, кандын зайыбы болуп, канынан ажырап, башына күн түшүп турган чакта, төбөсүн бийик кармайлы, жер каратып албайлы деп, Букар журтун чогултуп, 900 түтүн элине кан көтөргөн жайы бар. |
Темиркан эмне үчүн Сары таздан чоочулаган? | Сары Таз Темиркандын иниси болгон, бирок алар так талашып 7 жыл согушуп, бири-бирине кас болуп калышкан. Сары таз Күлешендин Күл-Токоюнда көмүргө ээлик кылып, жалгыз токойдо калган. Токойго Семетей, куш агытып, ит салып, бат-бат бара турган. Темиркан чочуган себеби; Сары таздын мага бузукусу бар эле, балага ата-тегин айтып, көөнүн бузуп койбосун,-деп, Семетейге, Күл-Токойго барбай жүр, күлүп шумкар салбай жүр деп тыят. |
Токушкердин бут кийиминин өлчөмү? | Коңурбайдын балбаны Токшукердин бут кийиминин өлчөмү-6 карыш деп айтылат. Токшукер жай ушундай, чоңдугу тоонун теңиндей, түлөгөн жору каштанып, түсү суук неме экен, чоң өтүктүн таманы, 6 карыш сере экен. |
Толтой кимдин колунан мерт табат? | Толтой Күлчоронун колунан мерт болот. Эпосто мындай айтылган жайы бар:Жедигердин Толтою, жыгылып жерге калганы, жетип барып Күлчоро, жанындагы жойкума, кынынан сууруп алганы, Багыштын уулу Толтойдун, башын кесип алганы. |
Толтой эмне себептен Күлчородон качат? | Толтой келе жатканда Күлчоро аккелте менен атат. Аккелте үнүн укканда Толтой аң-таң калып, токтоп калат. Асты жагын караса, Күлчоро келе жаткан болот, сөлөкөтү-сөөлөтү Манас кандай көрүнүп, курчоо салып чорого, Манас кандын 40 чоро, кошо колдоп алыптыр. Ошондо Толтой Күлчоро жетсе соо кылбайт, азапты минтип көргүчө, ай талаада өлгүчө, тобума кире качайын, Акундун кызы шуркуя, казып койгон ору бар, камдап койгон эри бар,- деп урушпай жатып, Күлчородон качат. |
Толтой эмне себептен Чынкожонун тилине кирип кетет? | Толтой Чынкожонун тилине кирип, анын айтканы менен болгон себеби; өзүндө терең акыл жок,өөдүр-дөөдүр жан болот. Ошондуктан Чынкожонун башкаруусу менен иш кылат. Эпосто мындай айтылат: Каныбыз Толтой кабылан,өөдүр-дөөдүр жан эле, ушу Кожонун тилин алат го, кордукка салып бул элди, такыр кырып салат го. |
Төрткүрөңбектин эркеси атыккан чоро? | Жооп:Төркүрөңбектин эркеси бул- төмөнкү кандын Төлгөчү, Төрткүрөңбектин эркеси, акжолтой ашык Төлөгү деп айтылат. Бул Төлгөчү Төлөк болгон. |
Төштүктүн канча аялы болгон? | Төштүктүн 4 аялы болгон. Айчүрөк ак куу болуп учуп кандарды сынаганда Төштүккө мындай баа берет: карып калган жан экен, карап турсам колунда, 4 аялы бар экен, болбосо Төштүк олуя, кожозаада жан экен. |
Түбүм чалчык суу болуп, булаксыз болгон экенмин. Кайран башым кор болуп, туяксыз кеткен экенмин деп Бакай эмне себептен кайгырат? | Бакай уулу Байтайлакка суу жүрөк экендигинен улам ичи чыкпай калат, Семетей келип сүйүнүп, сүйүнгөндөн Бакайың, сүйүнчү айтып чапкылап, айлына кетип баратат, атасын көрүп Байтайлак, душман каптап келген го, артынан кууган го, тоону беттеп качалык, жылкыны бүтүн айдайлык деп ошентип Байтайлак элдин баарын дүрбөтүп, качкыла деп кыйкырып, коён жүрөк Байтайлак, элдин үшүн кетирип, Бакай жетип баласын, булдурсун менен бир койду:түбүм чалчык суу болуп, булаксыз өткөн экенмин, кайран башым кор болуп, туяксыз өткөн экенмин деп ичи чыкпай калган жайы бар. |
Түктүү таман Түкүбайга каршы эмне үчүн Агыш чыгат? | Түктүү таман Түкүбайга каршы эч ким чыкпай турганда, Каныкей эр Агыш чыксын деп айтат: «Мен көргөндө эр Агыш, бүткөн бою тарамыш, керекке жарар эр экен, кең пейил тууган шер экен, Түкүбайдай балбанга, күрөшүп намыс алганга, артык Агыш эр эле, капыр менен бусурман, карчалышып турганда, намыс алар шер эле,- дейт. Каныкейдин сунушу боюнча эр Агыш чыгат. |
Тынар | Куш падышасы |
Укулу | Болоттун эң асылы |
Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы жүйөөлү беле? | Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы жүйөсүз. Ал менин атам Көкчөнү Манас Бээжинге алып барып өлтүргөн. Семетей атасынын кунун кууп Коңурбайды өлтүрдү. Мен да атамдын кунун Семетейден аламын дейт. Бул дооматы жүйөсүз. Анткени, Көкчөнү Манас өлтүргөн эмес, ал калың кол менен чоң казатка барып, кытайлардын колунан окко учкан. Эгер Манас өлтүрсө, Семетейден кун кууса жүйөөлүү болмок. Бул кылыгы көрө албастык болгон. |
Үмөтөйдүн Семетейге болгон таарынычы? | Көкчөнүн уулу Үмөтөй, чоң казатта Манас менен барып окко учкан атасынын кунун Семетей төлөбөй жүрөт деп таарынган. |
Үртүк | Ат жабуу |
Үч кан эмне себептен Бакайга доо кылат? | Текечи, Шыгай, Жамгырчы ушул үч кан чогулуп, Бакайга доо арткан себеби;Жоргонун –Бели үч бөксө, ашырган Бакай экен го, жоболоңдуу бейбакты, качырган Бакай экен го,- деп Каныкейди Букарга Бакай качырды деп доо артышат. |
Чапчак | Бозо ачытуучу, малма салчу жыгач челек |
Чарбак | Гүлбак |
Чачыкей Айчүрөктүн жайын эмне үчүн Семетейге айткан жок? | Чачыкей Айчүрөк жайын Семетейге айтпаган себеби; Семетей билчү эмес, Айчүрөк анын бел куда болгон зайыбы экенин. Чачыкей муну Семетей билбеген бойдон калсын, эгер билсе, Айчүрөктү алып алат деген ичи тардык менен айткан эмес. |
Чачыкей согуш өнөрүн билгенби? | Чачыкей согуш өнөрүн билген, ал Күлчоро ак шумкардын дайынын сурап келгенде, ачуусу менен бычак ала жүгүрүп, Күлчоронү кууп чыккан жайы бар. |
Чоң Бээжиндин эки капкасынын ортосундагы аралык? | Чоң Бээжиндин эки капкасынын ортосу-атчан жүргөн адамга 40 күнчүлүк жол экен деп айтылат. Эпосто: 40 эшиктүү Чоң Бээжин, бул эшик менен тиги эшик, атчан жүргөн адамга 40 күнчүлүк жер экен, 40 эшиктин ортосу, айланасы чынар-бак, ортосунда алтын так,- деп айтылган жайы бар. |
Чоң Чуйгучу кары эмне себептен Бакайга каршы аттанат? | Анткени «кичи казатта» Бакай, Семетейлер Мурадылдын колун кырып, жеңип баштаганда, Мурадыл аскерлерине буйрук берет, Бакайды каптагыла деп, ошондо Чоң Чуйгучу кары да Бакайды көздөй аттанат. Эпосто: Балбандарын бакырып, ыйлап чыкты Мурадыл, кылча калбай жалгызың, «Бакайды көздөй бетте деп» Чоң Чуйгучу карысын, канынан буйрук алган соң, балбандарың не кылсын,- деп айтылат. |
Чубак эмне үчүн Болот аткан конгон? | Ак той берип Акбалтай, аалымдарын жыйнатып, атын Чубак коюптур, жашы алтыга келгиче, мойнуна тумар тагыптыр, 60 катын алдейлеп, ал Чубакты багыптыр, тентек чыгып ал Чубак, түртүп ийсе балдарды, өлүм кылып коюптур, бу кубаары тентек деп, бөлөк элдин баарысы, Болот атка коюптур деп айтылган жайы бар. |
Чыйырды Букарга барганы Семетейди канча ирет көрдү эле? | Байкуш энең Чыйырды, айкөлү Манас өлгөнү, Букарга тентип келгени, Семетейин көрө элек, 6 ай болгон табында, Ысмайылга бергени, 12ге чыккыча, небересин көрө элек, кулунум деп көп ыйлап, болбой калды энекең. Ошондо Каныкей, Семетейге “иничек” деп кайрылып, Чыйырдыга көрсөтүү үчүн ордосуна чакырып, батасын алган жайы бар. |
Чыйырды эмне себептен ажалдан мурда каза табат? | Чыйырды ажалдан мурда каза болгон себеби; Семетейди өлдү деп укканда,»Кымбаттан кантип калам деп» алты миң нар, миң тайга сатып алган актинте, кынынан сууруп алды эми, кыйсүбөөгө малды эми, өзүн-өзү байбиче, күйүтүнө чыдабай, жара тартып салды эми деп айтылат. |
Чындап сайса өлгөн жок, чымынча да көргөн жок. Качырып сайса өлгөн жок, караан сындуу көргөн жок - сөз кайсы окуя жөнундө болуп жатат? | Бул сөз «кичи казатта» Токшукер менен Күлчоронун урушунда айтылат. Качыр минген Токшукерге каршы Күлчоро жекеге чыгып, озунуп найза саят. Токшукер Күлчоронун сайган найзасын «Чындап сайса өлгөн жок, чымынча да көргөн жок. Качырып сайса өлгөн жок, караан сындуу көргөн жок» деп тоготпой койгон жайы бар. |
Чынкожо эмне себептен Кебез-Тоону жердеп калган? | Кан Манастын барында, журт бузулуп кетпеске, Кең Сары-Колду жердеген, атагы ойгут эл деген, Ойгуттун каны Акбалта, Ак үйлүү сурап алыптыр, Шыгай менен Чынкожо, буйругу менен кудайдын, Кебез-Тоодо калыптыр, ошо менен бул тууган бөлүнүшүп калыптыр, атасы Шыгай өлгөн соң, ыраакташып калыптыр деп айтылат. Кебез-Тоодо чонойгон. |
Чынкожо эмне үчүн Семетейге кошулбай коет? | Чынкожо Бакайлар арага барган кезде мындай деп аткан жайы бар: Теги бузук жетимди, кантип барып эр кылам, тоо ортосу Таласты кантип барып жер кылам, эрдигим ашык күлкана, Манастын эселек уулу жетимге, айыл конбойм букара деп кошулбай коёт. |
Чынкожо эмне үчүн Толтойдун элине көчүп барат? | Чынкожо Толтойдун элине көчүп барган себеби; элчиге келген Күлчоро Чынкожонун Кара атынын кулагын кесип, ногойдун энин салып, жолдон жылкысын тийип кетет, ошондо Чынкожо мындай дейт: Укурук тийбес Кара атты, кулдарга жайдак мингизип, кордук көрдүм мынчалык, Жедигердин эр Толтой, ошого кирип кетейин, жер майышкан кол алып, тентип кеткен жетимдин, Акун кан анын кайны эле, Айчүрөк анын зайбы эле, катынын тартып алайын, 7 жыл тынбай салышып, Семетейди соёюн,- деп көчүп кетет. |
Чынкожо, Толтой эмне себептен Ооганды камайт? | Чынкожо Толтойду минтип көкүтөт: Шаатемир кызы Чачыкей, сенин кудалашкан зайыбың, алдырып ийип жетимге, кантип карап турасың, андан көрө сен Толтой, Акун кан кызы Айчүрөк, ал алуучу кыз эле, ошону тартып алгының. Анда Толтой күүлөнүп, Жедигердин элин топтоп, Акун кандан Айчүрөктү күч менен тартып алууга Оооганды камаган жайы бар. |
Шайбарлата | Алчактата |
Шайымбеттин тулпары? | Шайымбеттин тулпары- Аккөкүл болгон. Эпосто мындай айтылат: Жамгырчынын Шайымбет, бу да уулдун шайыры, Аккөкүлдөй ат минип, Семетейдин жанында, коштоп жүргөн баатыры. |
Шөкүлө кайсы учурда кийилген? Окуядан мисал келтиргиле? | Шөкүлө үйлөнүү –үлпөтүндө кийилет. Кыз күйөөгө узап жатканда, шөкүлө менен чыккан. Мисалы: Семетей Букардан Чачыкейге үйлөнүп Таласка көчкөндөгү окуяда Чачыкейдин шөкүлө кийип келатканы мындайча сүрөттөлөт. Эрке келин Чачыкей, кызыл-тазыл кубулган, кырмызыдан кийгизип, жашыл ала көрүнгөн, жалаң жибек кийгизип, төбөсүнө Чачыңдын, Шөкүлөнү кийгизип, Шөкүлөнүн жээги, кызыл алтын көрүнүп, аркасында чач кабы, 6 бөлөк төгүлүп. |
Шууту эмне себептен 40 чорого Коңурбайдан куугун келди деп чуу салат? | Шууту 40 чорого Коңурбайдан куугун келди деп чуу салганда, баары анталаңдап жүгүрүп, жоо-жарагын алышып, азыгын мыктап артышып, жоонун жолун тосууга, жан айласын кылууга аттанып чыгып кетишет. Ошондо Бакай Семетейге мындай дейт: Атаңдан калган 40 чоро, кызык кылып Шууту кул, жумшап ийди баарысын, ордосунда ойлосом, Абыке, Көбөш эр калды, баса түшүп сүйлөшүп, чыгаралы арманды, атаңдан калган көп мүлктү белекке бер деп айталы дейт. |
Шыпшайдардын уулу Күлчоро менен канча жашында күч сынашат? | Шыпшайдар уулу Орокбаш Күлчоро менен 26 жашында күч сынашат. Эпосто мындай айтылган жайы бар: Орокбаш жайын сурасаң, 26га илинип, жаңы келген кези экен, качырганы камандай, кыйкырыгы чочконун, кызыл мунар шамалдай,- деп айтылат. |
Шаяң | Жердин аты |
Ысмайыл Каныкей тапшырган Семетейди эмне себептен багып алат? | Ысмайыл Каныкей тапшырган Семетейди багып алган себеби;кан тукуму жетим өсүп кордолбосун, кандын баласын канзаададай багайын, төбөсүн бийик кармайын,өз баладай карайын деп багып алган жайы бар. |
Ысмайыл эмне үчүн Семетейдин күрөшкө түшүүсүнө каршы болот? | Семетей Букарлыктын Акбалбаны Кокондуктун Төөбалбанынан күрөштө жеңилип калганына арданып, Төөбалбанга каршы күрөшкө чыкмак болот. Ошондо атакеси Ысмайыл мындай дейт: Кокуй жалгыз, канетет, кан күрөшпөйт балбанга, Төөбалбан менен күрөшүп, уят болуп каласың,- деп кан башыңды пас кылба, кан каадасын сакта деп каршы чыккан жайы бар. |
Ысык-Көлдөгү Боз-Учуктун атын ким койгон? | Ысык-Көлдөгү Боз-Учуктун атын Алмамбет койгон. Бакай Семетейлер менен Бээжинге казат аттанып баратканда Ысык-Көлгө кез келип мындай айткан жайы бар. Бээжиндин жолун чалганда, асылым Алмам экөөбүз, ушу жерде болгонбуз, береги түгөнгөн тоонун урчугу, боз адырдын тумшугу,өндүр булак бел эле, кабылан Алмам ат койгон, Боз-Учук мазар дээр эле, бери жагында боз дөбө, баатыр Бакай абакең, кароол карап жаткан жер. |
Эзели каяша укпаган Коңурбайга тил кайтарган баатыр? | Эзели каяша укпаган Коңурбайга тил кайтарган баатыр бул- жалгыз көз элинин балбаны Маты дөө болгон. Ал Семетейдин колунда болгону 5 киши экенин көрүп, Коңурбайга мындай деп каяша айтат: Токсондогу чагында, сакалынын агында, каптап келди бурут деп, калп айтканын кантейин, кырып кирди бурут деп, кытайдын элин бүт айдап, алдаганын кантейин дейт. |
Элеман эмне үчүн саканы жети баштуу кемпирге берет? | Элеман Төштүктүн сакасын 7 баштуу кемпирге берип койгон себеби; өз жанын сактап калганга, келининен саканы алып, 7 баштуу кемпирге кармата салган жайы бар. Эпосто мындай айтылат: Төштүктү жок кылууга жалданып келген желмогуз, Эламанды камаптыр, 7 күнү сабаптыр, куур теридей ий болуп, курган чалың жадаптыр, жан соогалап Эламан, Эр Төштүктүн сакасын, келининен алыптыр, кемпирге бере салыптыр деп айтылган жайы бар. |
Элкин | Элким, ээн — эркин |
Эмне себептен Үргөнчтөн алгач Канчоро эмес Күлчоро чалгын чалмак болот? | Семетей Үргөнчтөгү Айчүрөккө дүрбү салып отуруп, эки чоросуна кимиң барып келесиң, акшумкар дайнын билесиң деп сураганда, Канчоро мындай дейт: Кенебей кечүү чалбаймын, келиндер менен эбим жок, кечүү чалам деп жүрүп, кесиретке калбаймын, кыялап жолуң чалбаймын, кыздар менен эбим жок, кыяны чалам деп жүрүп, кылмышкы минтип калбаймын деп кесе айтып барбай коет. |
Эр Кутунун минген тулпары? | Эр Кутунун тулпары- Сурбузул болгон. Эпосто мындай айтылат: Жедигердин эр Куту, Карадөөнүн багып алган атасы, Сурбузул менен желди эле, Карадөөгө кайрылып, жаңыдан найза берди эле. |
Эрөөл | Кыр көрсөтүү, жоого аттануу |
Эсенкан эмне себептен Алманбетке 40 кандыктын бирин берген эмес? | Алмамбет Эсенкандан 40 кандыктын бирин сурап барганда Эсенкан мындай дейт: Сенин балалыгың кеткен жок, жыйырмага жашың жеткен жок, көөдөнгө акыл толгон жок, кан болор чагың болгон жок, чамаң жакшы жеткен жок, балалыгың кеткен жок, -деп азырынча жашсың деп бербей койгон жайы бар. |
Эсенкан эмне себептен Алманбетке тартуу берет? | Эр Алмамбет көкжалың, 40 уруу кытай Бээжиндин, бир кандыгын бергин деп, камап барган кезинде, ошондо так кайтарган Сырбараң, казыналык зор мылтык, тартуу кылып Эсенкан, Алакеңдин өзүнө, берип салган эмеспи деп айтылган жайы бар. |
Эсенкандын калыстыгын кантип билебиз? | Коңурбай Азизкандан тартып алган Кан-Жайлакты Алмамбетке бербеймин деп арызданып келгенде, Эсенкан калыс сөзүн айтат. «Азизкандын Кан-Жайлак, тартып алган жериң бар, а да кандын уулу эле, сен да кандын уулу элең, теги атаңыз тең тууган, тең көрөм экөөң бир тууган, тартып алган жериңиз, уят болот бериңиз деп калыстыгын билдирет. |
Эшенчал Каныкейдин айтканын укпай койсо болот беле? | Эшенчал Каныкейдин айтканын укпай койсо болмок. Бирок Каныкей ага Кара-Деңиз дарыя, Тайторуга жер ошол, бул сөзүмө конбосоң, жолуңан кармап аламын, жол үстүнө сүйрөтүп, даңгыттарга жарамын, кашайта көзүң оёмун, Эшен чал сени соёмун,- деп көкүтөт. Муну уккан Эшен чал, бул долу айтканынан кайтчу эмес, айткан кебин албасам, кашайта көздү ойбосун, тындым кылып койбосун деп коркконунан аттарды Кара-Денизден коё берет. |