Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манас эпосу боюнча суроо жооптор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Манас эпосу боюнча суроо жооптор

Манас эпосу боюнча суроо жооптор, күтүлбөгөн суроолор Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча түзүлдү. Ыңгайлаштыруу максатында Манас эпосу, кошумча Семетей, Сейтек жөнүндөгү суроолорду жана анын жоопторун алфавиттик тизмеде кылдык, каалаган тамганы бассаңыз ошол тамгага тиешелүү суроолорго алып барат.

Кандайдыр бир суроону же жоопту издөө ишин андан дагы тездетүү үчүн компьютерде CTRL + F, уюлдук телефондо "Поиск на странице" баскычын басып, манас тууралуу суроону жазсаңыз, макалада болсо дароо ошол жерге алып барат. Мисалы: CTRL + F басабыз дагы, жазабыз "Манастын таятасы ким" деп ENTER басыңыз. Эгер татаал болсо, мындай эле издеңиз.

Бул жыйнакты жакшыртууга силер дагы салым кошсоңуз болот, ал үчүн суроосун жана жообун пикир кылып жазып коюңуз же түздөн түз макаланы өзгөртүңүз. Семетей жана Сейтек эпостору боюнча шилтемелер төмөн жакта.

А

Ажыбай менен Жанаалынын кандай жакындыгы бар?Ажыбай менен Жанаалынын жакындыгы экөө тең, Чамбыл-Белди жердеген түркмөн болушкан.
Аба ырайын өзгөртүүчү магиялык заттын аталышы?Жай таш
Абдылданын лакап аты?Ажыбай
Абыке канча бир тууган?Манасты кошкондо 8
Абыке, Көбөштүн энеси ким?Бакдөөлөт
Абыкенин аталаш агасы?Манас
Абыкенин атасы?Жакып
Абыкенин таятасы ким?Чаян
Адамдүктү ким атып өлтүрөт?Кутубий
Ажыбай эмне себептен жерин таштап Манаска келип кошулат?Ажыбай жерин таштап Манаска келип кошулгандыгынын себеби; атасы Аргын кан сан карамдын баарысын, арам ишке чачтың деп, баласына кас чыгат. Эпосто мындай айтылган жайы бар: атасы каарын салганда, малыңды өзүң алгын деп, малын таштап кетиптир, муну менен Аргын кан, балалыктан кечиптир, Ажыбай жалгыз, түрмөн көп,өлбөгөн жерде калышып, атасы менен ал чиркин, тынбастан 6 ай салышып деп айтылат.
Ажыбайдын баштапкы аты?Абдылда
Ажыбайдын тулпары?Карткүрөн
Азиз кандын жалгыз баласы?Алмамбет
Айбанбозду Манаска ким берет?Кошой
Айбанбозду эпосто дагы кантип атайт?Көкжорго
Айган Манастын кайнатасыбы?Ооба, кайнатасы
Айгандын канча аяры болгон?Капыя, Жетиштүк, Чабыра, Нардуба
Айгандын кызы?Алтынай
Айжаңжун кызыБирмыскал
Айчык дөөнүн баласы?Байжигит
Айышкожо Чынкожонун инисиби?Ооба
Ак келтени Манаска ким берет?Айкожо
Акаярдын тулпарыНескаранын тулпары Чоңкүрөң
Акбалта баштаган 40 үйлүү кыргыз канча жылдык план менен иштөөгө өтөт?Акбалта баштаган 40 үйлүү кыргыз 8-9 жылдык план менен иштөөгө өтөт. Кетмендеп жерди оёлу, кайран жан өлүп кеткиче, кең-кесири тоёлу,8,9 жыл болсун, жан аябай турушуп, кара жер менен урушуп, алтындын кенин казалы, аштыкты мыктап айдайлы, чекеден терди агызып, кара жер менен алышып деп айтылат.
Акбалта эмне себептен Сары-Колго кетем дейт?Анткени Акбалта башынан Сары-Колдо жашаган. Ал кытайлар кыргыздарды чапканда, паана издеп Жакыпка келип кошулган. Эми Манаска бел байлап, ишенип, Сары-Колума барып, жай турмуш кечирейин дейт. Балам, Манас өзүңдөн, бир буюм сурап турамын, сагынам Сары-Кол жеримди, көп эстейм нойгут элимди, куп тиленем зор Манас, мурадыма барайын, куп белек кылып, сен берсең, Кутубийди алайын.
Акбалта эмне себептен таап алган уулун ачык айтпай Маркатай төрөдү дейт?Зарлап жүргөн Акбалта Медияндын чөлүнөн бала таап алып, жаныдагыларга: Курдаштарым, досторум, чекемде жалгыз көздөрүм, айтып турган сөздөрүм, бала таап алды деп, бир адамга билгизбе, бир адамга туйгузба, айтпаска куран кармап бер, ук буудай унун чайнап бер, байбичем эркек тууду деп, жар салайын элиме, той кылайын жериме дейт. Анткени эртең уулум чоңойсо, бакма бала дедиртпей,өз баламдай эркелеп,өз баламдай чоңойсун деп ой кылат.
Акбалтанын аялы?Сулайка
Акбалтанын небереси?Канчоро
Акбалтанын тулпары?Акбалтанын тулпары Кулагер болгон. Ажал жетсе өлөм деп, амалым болсо Кутуга, караан болуп берем деп, ак селдеси казандай, айкырса үнү азандай, Кулагерге камчы уруп, Акбалта жетти болушуп деп айтылган жайы бар.
Акбалтанын уулу?Чубак
Акбалтанын чоң атасы?Аскар
Акеркеч Семетейдин эжесиби?Жок, тайежеси
Акеркечтин өмүрлүк жары?Көкчө
Акжолтойдун атасы?Кутубий
Акжолтойдун тулпары?Кулунсур
Акжөөкөр кимдин мылтыгы?Кошойдун
Аккелте деген эмне?Мылтык (жандуу мылтык)
Акунбешимдин аяры ким?Боон
Акундун уулу ким?Тунарык
Акылай Манастын жарыбы?Ооба
Акылманы ким?Бакай
Акынбектин уулу?Меңдибай
Ала-Тоонун мурдакы аталышы?Тянь - Шань
Алмамбет жөнүндө Манастын түшүн ким жооруйт?Ажыбай
Алмамбетгин атасы ким?Соорондук
Алмамбетгин уулу?Күлчоро
Алмамбеттин атасы салдырган шаар?Туңша
Алмамбеттин зайыбы?Арууке
Алмамбеттин Саралага чейинки тулпа- ры?Кьшжээрен
Алмамбеттин тону?Саринжи же Сарытон
Алмамбеттин чоң атасы ким?Солобо
Алманбет Бээжинге канча жыл кан болгон?Алмамбет Бээжинге 21 кан болгон. Эпосто мындай айтылат: Кечээ Азизкандын Алмамбет, салуулу коргон там болуп, сандыргалуу Бээжинге,21 жыл кан болуп, Бээжиндеги алтын так, Алмамбет минип келген эмеспи, ай-ааламдын баарысын, билип келген эмеспи.
Алманбет Бээжинге чалгын чалаарда эмне үчүн Карткүрөңдү сурайт?Алмамбет Бээжинге чалгын чалаарда Карткүрөңдү сураган себеби;Ажыбайдын Карткүрөң, асыйын санап келгенде,60ка толгон кез. желгенине жел жетпейт, жетик күлүк Карткүрөң, басканына мал жетпейт, малдан күлүк Карткүрөң, чыңдашкан жоого кез келсе, чылбырын тартып талдырбайт, чындап кудай урбаса, мингенин жоого алдырбайт. бетеге чалып кайрылбайт, белгиленген кишидей, бир көргөн жолдон айрылбайт, артык тулпар Карткүрөң деп сураган жайы бар.
Алманбет Сараланы курмандыкка чалат деп Манас эмне себептен улам ойлонот?Алмамбет Шуутудан Аруукенин ай күнү жетип турганын, Алмамбетти тез келсин деп айттырганын угуп, сүйүнгөндөн ыйлап келаткан болот. Аны Манас алтын тактын үстүнөн ала коюп дүрбүнү, чыгырыгын имерип, чын көзүнө жиберип, Алмамбетти көрүп, чочуп кетип, Ажыбайды чакырат. Сүйүнгөндөн Алмамбет Сараладай бууданды ай туякка чалбасын, бачым барып Алмама, Сараланы сойбо де,- дейт.
Алманбет эмне себептен Чубакты чалгынга жолдоштукка албайт?Алмамбет Чубакты чалгынга албаган себеби; көп кол алып нетейин, чыканактап калбаган, чырм этип уйку албаган, сунганын кайта тартпаган, сумсайып жоодон качпаган, Сыргакты берчи кетейин,12 кол бусурман, чубатууга салганда, тандап жолдош алганда, не муратка жетемин, жалгыз башы мин эрлик, Сыргакты берсең кетемин деп, башка чоролорду жолдоштукка алган эмес.
Алманбеттин сөөгү эмне үчүн Чеч-Дөбөгө коюлган?Адамдан эстүү жаныбар, уй куймулчак Сарала, Алманбеттин сөөгүн, аман-эсен жеткирди, Бакай төрө колуна, Алманбеттин сөөгүн, алып жүрүп кайран шер, төгөрөктүн 4 бурчун чалып жүрүп кайран эр, Ат-Башыга келгенде, ылайык деп ушу жер, Чеч-Дөбө жолун ойду дейт, Азизкандын жалгызын, Чеч-Дөбөгө койду дейт, Сараласын сойду дейт, муну менен Чеч-Дөбө үлкөн мазар болду дейт деп айтылат.
Алооке Анжыянды канча убакыт башкарган?Алооке Анжыянды көп убакыт башкарган. Манас Алоокеге келатканда аярлары мындай дейт: Ак үйлүү турдук канча жыл, кечигип туруп нетели, алдырып салды кытайың, жүр, Алөөкө, кетели!Азыр кетсек жаңжал жок, уламадан уласак, билгичтерден сурасак, ушу Манас канкорго, укурук кайырар калган жок, Маргалаң бизге жер эмес, Манас бизге эл эмес, мында туруп нетели, жүр, Алөөкө, кетели! -деген жайы бар.
Алооке башка тамакты эмес эмне үчүн ылаңманды жакшы көргөн?Кулуну бар качырдын, кулунун союп бой кылып, керик, качыр, тулпарды, кержектетип байлатып, момо токоч ылаңман, жан казанга кайнатып, жаткан экен Алооке, көкжал баатыр Манастан, кутулдум деп ой салып деп айтылат. Алоокенин сүйүп жеген тамагы момо токоч ылаңман болгонунун себеби;кытайлардын улуттук тамагы болгон.
Алооке билим алганбы?Алооке окуп билим алган. Манастын чоң атасы Каракан өлгөндө Алооке келип, аргын менен кыргызды төбөсүнөн басканда, Акбалтанын айылын такыр талап алганда, Акбалта качып чыгып, Жакыпка келип минтип айткан жайы бар: «аты Алооке чоң пааша, айзакердин ыктуу экен, ажайыптан окуган, акылы жетик кан экен, каарланган капырга, каяша берген оңобу, бизге каран күн мынча болорбу»деп айткан жайы бар.
Алооке бирөөдөн буйрук алып анан кыргызга кол салганбы же өзү билип элеби?Алооке кытайдын түпкү кандары Эсенкан менен Карыкандан буйрук алып анан кыргызга кол салган. Эпосто мындай айтылат:Алооке менен Молто кан, Бээжиндин Кары канынан, буйрук алып шаарынан, кан талоосун кылууга, камданган экен каркыбар, кара бурут кыргызды, калтырбай чогуу кырууга, камданган экен каркыбар.
Алооке эмне себептен Анжыяндан качат?Алооке Анжыяндан Бээжинди коздөй качкандыгынын себеби; Алоокенин 6 жылдык болорду азыр айтып берүүчү 80 аяры болгон. Алар бичигин тиктей калышып, Манастын келе жатканын билишип, Алоокеге айтышат:кабарыңда бар бекен, кадимки Манас зор келет, кызыталак бурутка, чабышып чама келе албайт, кечигип туруп нетели, жүр Алооке кетели дейт. Бул сөздү угуп Алооке, ашып-шашып антаңдап, качып калды Бээжин жак.
Алооке эмне себептен Бээжинге кире качпай Чоң Ак-Чийге конуп өргүү алат?Алооке Бээжинге кире качпай Чоң Ак-Чийдин боюна өргүү алганынын себеби,1-ден Манастан кутулдук деп ойлошкон. 2-ден көөлүктөрү абдан чарчап жүрбөй калган. Анткени алтын-күмүш, дилдени көп артып, жүктүү кетип жатышкан. Ошондуктан мал өргүтүп,өзүлөрү эс алып, Бээжинге качып келген түр менен эмес, жайбаракат түр менен кирели дешкен.
Алооке, Молто кан 95 төөдөгү алтынды алгандарды эмне үчүн сот жоопкерчилигине тарткан эмес?Алооке, Молто кан 95 төөдөгү алтынды алгандарды сот жоопкерчилигине тартпаган себеби; калың журттун баары күнөөлүү эмес, арасынан кыңыр иш кылган бирөө бар, булардын баарын кырганда, не муратка жетебиз, андан көрө биздерге, букара болчу эл керек, жан сактоого жер керек, алым алып турууга, казынаны жыюуга, калың кара эл керек, буларды жан-жабылта көчүрүп, туш-туш жакка чачалы., чогуу койсок бир жерге, эгерде бизди соо кылбайт.
Алоокенин канча уулу болгон?Алтымыш
Алоокенин кенже баласы?Коңурбай
Алты бакан катышкан кыз - жигиттин оюну?Селкинчек
Алыке кимдин баласы?Кошойдун
Алымсарыктын чоң атасы?Сейтек
Алымсок, Атойнок булар кимдер?Алымсок менен Атойнок булар Манастын жанындагы 40 баланын ичиндеги жөкөрлөрү болчу. Эпосто мындай айтылат:40 баланын мыктысы, Кутубий менен Көкбөрү, Алымсок менен Атойнок, арслан эрдин жөкөрү.
Аралык кандай өлчөнөт?Тай чабым, кунан чабым, ат чабым
Арбалдай кимдин баласы?Үсөндүн уулу
Аруукенин апасы?Анал
Аруукенин атасы?Кайып бек, Байн кан
Арчаторуну Манаска ким тартуу кылат?Бокмурун
Аскер башчысы?Алмамбет
Ат жыгылып турганча акыл тапкан чоро?Серек
Ат ордуна төө минген кимдин эли?Шооруктун эли.
Атан кимдин балбаны?Алтайдын балбаны
Ат-Башынын мурдакы аталышы?Лангү-Төбө же Лангү-Таба
Атемир кайсы шаардын ханы?Кыйба
Атемирдин Манаска бергең кызы ким?Санирабига
Атемирдин эли?Кыйба же Тажик
Атка артып жүрүүчү чоң мылтык?Жазайыл
Ач албарс кимдин кылычы?Манастын кылычы
Аюудан кайра тартпаган, жолборстон кайра кайтпаган жаныбар?Аюудан кайра тартпаган, Жолборстон кайра качпаган жаныбар бул-Манастын Кумайыгы болгон. Аюудан кайра тартпаган, жолборстон кайра качпаган, Арслан Манас көк жалың, Кумайык таап бакырып, Абакеси Бакайды:«Бачым кел!» - деп чакырып деп айтылган жайы бар.

Б

Бабатай менен Орозду бир тууганбы?Ата бала
Багыштын тулпары?Суркийик
Багыштын уулу?Толтой
Багыштын эли?Жедигер
Байдын балдары ким?Бакай, Тайлак
Байдын канча уулу бар?2 уулу бар
Байжигиггин атасы?Айчык
Байжигитгин ажырашаяк берген жери?Алтай
Байжигиттин тою кайсы жерде өтөт?Алайда
Бакай аккелтени карагайга катпай өзү менен кошо ала жүрсө болбойт беле?Артык мылтык аккелте, көк жалым Манас алса деп, сага арнап жүргөмүн, асылым сени таба албай, жердин баарын кыдырдым, токумдай болгон коо таппай, томуктай болгон тоо таппай, түзгө чыккан карагай, кулундуу бээден сойгомун, как эткенден карга жок, кук эткенден кузгун жок, ээн экен жери деп, касиеттүү Аккелте, салыкка салып койгомун дейт.Өзү менен ала жүрсө болмок, бирок ээн жерден эч ким тийбейт деген ой менен жана качан Манасты тапканча беките турайын деген ой салыкка салып кетет.
Бакай Бээжинге жети сапар барганда кытайлар эмнеге кармап алган эмес?Бакай Бээжинге 7 сапар барганда кытайлардын кармабаган себеби;Бакай жер кезип, Манасты издеп жүрүп абдан арыктап, жүдөгөн, баатырдык сыны калган эмес, атым болду ыргайдай, битим болду торгойдой дейт. Ошондуктан кытайлар жүргөн-турган бирөөдүр деп ойлошкон.
Бакай кантип балбан аталган?80 алп менен 90 алпты Чоюн алптан ажыратып алганда балбан Бакай атанган. Эпосто мындай айтылат: Жер үстүн жеке ээлейм деп, кара тажаал Чоюн алп, кылмыш кимде дебестен, жан бүткөндүн баарысын кыра турган болгондо,80 алп менен 90 алп , беттешкени Чоюн алп, арстан Бакай барыптыр,7 күн тынбай урушуп,80 алп менен 90 алп, Чоюн алптын колунан ажыратып алыптыр. Алптардан тегиз бата алып, балбан Бакай атанып деп айтылат.
Бакай кимдин башын алат?Дүбүрөнүн
Бакай Манаска канча жашында кошулат?28 жашында
Бакай Манастан канча жашка улуу?9 жашка улуу
Бакай, Тайлактын атасы ким?Бай
Бакайдын атасы?Бай
Бакдөөлөттүн атасы ким?Чаян
Бакдөөлөттүн түпгүн ким жооруйт?Дамбылда
Бала үчүн бардыгына даяр болгон Жакып эмне себептен уулунан малды жакын көрүп калат?Анткени Манас абдан шок чыгат, ал калмактын 12 баласын өлтүрүп койгондон баштап, Жакып калмактар малымды суудай чачат го, 4 түлүктү калтырбай, такыр талап алат го деп малынын күйгүлтүгүн тартат, андан тышкары Манас Ошпурда жүргөндө балдарга мени төрө дегиле деп малды эсепсиз союп коротот, Манастын мындай кылыктарынан кийин мал кундүү Жакып уулунан малды жакын көрүп калат.
Баланы колдоочу пири?Умай эне
Баласы канжар тагынган, кыйкырык салып жабылган эл?. Баласы канжар тагынган, кыйкырык салып жабылган эл бул-түркмөн эли болгон.Өзү түркмөн бусурман, Жоо жагына камынган, Жолуң каткан эл экен, Баласы канжар тагынган, Кызыр чалган абаңа, Кыйкырык салып жабылган деп айтылган жайы бар.
Басанкул кимдин колунан өлөт?Таноонун
Батасы журтту байыткан деп эмне себептен Кошойду айтышкан?Анткени Кошой атабыз касиеттүү адам болгон. Зайыппуруш атанып, Баба кары алдынан, басып кирип бата алган. Мындан тышкары кыргызда улуу адам бата берет, Кошой атабыз дөөлөттүү карылыкта болчу.
Баяндын апасы?Бакдөөлөт
Баянчоор дагы кандай ат менен эскери- лет?Мамачоор
Бел куда салты менен кимдер баш ко- шот?Семетей менен Айчүрөк
Билерик кайсы жерден колго түшөт?Эсенканга Нескара Билерикти кантип колго түшүргөнүн мындайча баяндайт. Чай алган тоонун кентинен, алтын казчу Чай-Тоонун, түгөнгөн ары четинен, Чоң-Туңшанын четинен, Кулан-Талаа бетинен, жекене белге курчандым, жеке кирип кол салдым,41 күнү согушуп, кадырлуусун кармадым деп айткан жайы бар.
Билерик кайсы кызды сүйүп калат?Нургузарды
Билерикти ким куткарат?Кошой
Билериктин тулпары?Билериктин тулпары Кылжээрде болгон. Эпосто мындай айтылат:Айкожонун Билерик, минген аты Кылжээрде, ошо согуш ичинде, Кылжээрде жүрөй болкулдап, жүрбөй калган себеби;булчуңун булгай ок тийип деп айтылат.
Бир элди басып алууда кытайдын канына сиңген адаты?Алооке менен Молтонун добушунан жан чыгат, бет алдына барганды, бейпай салып жадатат, чындап жини кармаса, калдайларга сабатат, букарасын сабамак, бул кытайдын түбүнөн берки адаты деп айтылат. Басып алган элди аёосуз сабаган адаты болгон.
Бодоң кимдин аяры?Оргонун аяры
Бозуул Кыргыл чалга он башы болгонбу?Ооба
Бозуулдун өз аты?Чыңаалы
Бокмурун качан каза табат?Бокмурун Манасты Коңурбай жарадар кылгандан кийинки Чоң-Казаттын согушунда Каражой уулу Кожожаштын огунан каза табат. эпосто мындай айтылат:Каражой уулу Кожожаш, ошо мерген келгенде, Музбурчак, Көкчө кан өлүп, Улаккандын Сыргагы, Көкөтөйдүн Бокмурун, ок жаңылып, ал өлүп.
Бокмурун кимдин баласы?Көкөтөйдүн баласы
Бокмурундун жолдошу?Өңкөй баатыр
Бокмурундун кайнатасы?Түлкү
Бокмурундун кайненеси?Бегайым
Бокмурундун канча бир тууганы бар?11 эжеси бар
Бокмурундун Манаска тартуулаган аты?Арчатору
Бокмурундун эркек бир тууганы барбы?Жок
Болот кимдин баласы?Акбалтанын
Боокенин атасы?Апооке
Боокенин кенже иниси?Коңурбай
Бөйөндүн уулу?Чаян
Бөйөнкандын урпактарын санап бергиле?Бөйөн кандан Чаян кан, Чаян кандын Түмөн кан, Түмөн кандан Огой кан, Огой кандан Бала кан, Бала кандан Тара кан, Тара кандан Кара кан, Кара кандан Жакып, Жакыптан Манас деп айтылган жайы бар.
Бөлөкбайдын атасы ким?Көчөгөр
Бөлөкбайдын атасы?Акжолтой
Бөлөкбайдын түпкү теги кайсы жер деп айтылат?Кырымдан келген Бөлөкбай деп айтылат. Бузулган дүрбү айынан, жердин бетин чалдырган, кыйыр-кылым элинен, кыйын уста Бөлөкбай, адейи аны алдырган. Кырымдан келген Бөлөкбай, көөрүк басса козголгон, Дөөтү менен дос болгон деп айтылган жайы бар.
Булуттун пири?Бууракан
Бурулча Алманбетти эмнеге кытайга кармап берген жок?Анткени Бурулча Алмамбеттин келерин көп жылы күтүп, ашык болуп жүргөн жан болот. Ал Алмамбетке мындай деген:Нурдун уулу сен элең, нурдун кызы мен элем, кара динден ак болгун, капырдан качып жат болгун, кара чачым түйөйүн, ислам кеткен Алмамбет, качан аман келет деп,өзүңдү күтүп жүрөйүн деген убадасы бар болчу. Ал ошол күнү Алмамбеттин келерин билип, капканын оозун ачып коёт.
Буудайбек кимдин зайыбы?Көкчөнүн
Бүгүнкү Эркеч - Тамдын баштапкы ата- лышы?Тунша - бел

Д

Дагар кыздын эжеси?Оронгу
Дандан менен согушкан балбан?Күнөс
Дарыгердин пири?Улукман
Дарыгери ким?Момунжан
Дебегинин апасы?Бакдөөлөт
Доолат, чүчтө, дүрүйө булар эмне?Кездемелер
Дүбүрө кандын 4 аяры?Көйүш, Бөгүш, Сагуш, Тактакыяр аяр
Дүбүрө кандын 4 аярынын башчысы?Сонон аяр
Дүбүрөнүн башын ким алат?Бакай
Дүрбүнүн башкача аты?Турнабай

Ж

«Желкесинде 70 чычкан сороңдойт», - деген сөз ким жөнүндө айтылат?Он бир дуу-дуунун бири Оронгу
Жаангер кожонун аялы кайсы жерден?Мисирден
Жаангер кожонун баласы?Билерик
Жаангеркожо канча жашта болгон?885 жашта болгон
Жабуул кимдин уулу? .Шыгайдын
Жакып алгач Шаканды алганбы же Чыйырдыныбы?Шакан менен Чыйырды бир эле адам болгон.Өзүнүн аты Шакан. Ал Жакыптын агасы Чыйырдын аялы болгон. Чыйыр өлгөндөн кийин жесир жеңесин салт боюнча Жакыпка нике кыйышат. Чыйырдын аялы деп жүрүп, Шакан аты өчүп, Чыйырды атыгып калган.
Жакып баласын кимге малайлыкка берет?Ошпурга
Жакып кайсы учурда күн менен айды чакмактайт?Жакып жуманын кадыр түнүндө, түн ортосу мезгилде, уктап жатып түш көрөт, түшүндө жакшы иш көрөт, оң кол менен бир чапчып, күндү кармап алыпмын, сол кол менен бир чапчып, айды кармап алыпмын, күн менен айга аралаш, мен чакмак уруп алыпмын, бул эмине болучу, бул түшүмдү жоручу деп айткан жайы бар.
Жакып Манаска аял алып бериш үчүн жанына кимдерди алып жөнөйт?Меңдибай, Бооке, Жооке.
Жакып тойдо баш байгеге канча кызыл нар, жылкы, кой саят?500 кызыл нар, 2 төөгө жүктөлгөн алтын, 500 жылкы, 1000 кой, аяк жагына 6 кара 80 кой, 30 атка байге коюлган.
Жакып тоюна кайсы урууларды чакырат?Кыпчак, алчын,үйшүн, найман, абак, аргын, сарт,тыргоот, калмак, маңгул, кытай
Жакып төрөлө элек уулуна кандай ырым кылат?Кула бээни ырым кылган
Жакып уулду болгондо канча чыгым короткон?Жакып уулдуу болгондо көп чыгым короткон. сүйүнчүлөп келген Акбалтага малды абдан арбын берген, андан сырткары эркек бала көрдүм деп, бээ баштаган беш жүздү, уй баштаган үч жүздү, санат жетпес кой союп, кой сойгондо мол союп, кочкор сою той кылып, адам билбес ой кылып, Жакып байдын далай мал, тойго зарып кылынып деп айтылат.
Жакып: «Уул болсо сүйүнчүлөп келгиле, кыз болсо келбей эле койгула», - деп эмнеге кырк күлүк ат байлатып кетет?Кабарчыга
Жакыпка Чыйырды төрөдү, - деп ким сүйүнчүлөп барат?Акбалта
Жакыпты ким тилдеп, камчы менен орой- го тартып жиберген?Кортук
Жакыптын бажасы?Айдаркан
Жакыптын байбичеси ким?Чыйырды
Жакыптын Бакдөөлөттөн канча баласы бар?7 баласы бар
Жакыптын жеке бункери болгонбу?Жакыптын жеке бункери болгон. Бул Алтайга келгени, сан кара күтүп бай болуп,4 түлүгү шай болуп, абаң Жакып көкжалдын, алтыны 7 там болуп, бичик чийип, кат алып, бай Жакып деп аталып деп айтылат. Демек,7 там алтынын бункерге сактаган.
Жакыптын жылкычысы ким?Ыйман
Жакыптын кайнаталары?Эштек, Чаян
Жакыптын канча жылкысы, уйу, төөсү, койлору болгон?38000 жылкы, 80000 кой, 6000 төөсү, 7000 уйу болгон.
Жакыптын койчусу ким?Ошпур
Жакыптын кызы?Карлыгач
Жакыптын кыштоосу?Терек-Төө
Жакыптын токолу ким?Бакдөөлөт
Жакыптын төөчүсү ким?Сарбан
Жакыптын Туучунак атын ким издеп кеткен?Меңдибай
Жакыптын түшүн ким жооруйт?Байжигит
Жакыптын уйчусу, бадачысы ким?Байбол
Жакыптын уулунан кенебеген Эсенкан эмне себептен Кочкуну жиберет?Анткени Эсенкан кытайдын даңзасына чийилген Манасты кармап орго салганбыз деп кенеген эмес, бул Чоң Жиндиге Кочкунун алы жетер деп, 700 балбан кошуп жөнөткөн. Кочку да оңой балбан эмес болчу. Кочку жайын сураба, миң балбандык түрү бар, алышканды койбогон, бир чочконун этине, бир жегенде тойбогон деп айтылат.
Жакыптын Чыйырдыдан канча баласы болгон?Манас, Карлыгач
Жамгырчынын атасы?Эштек
Жамгырчынын жээндери?Манас, Көкчө
Жанаалы, Карач кайсы элдин каны?Жанаалы, Карач эки кан,өзү түркмөн бусурман, Чамбыл-Белди жердеген, чабышып пенде жеңбеген деп айтылат. Жанаалы, Карач түркмөн элинин кандары болушкан.
Жапактын атасы ким?Шыгай
Жараланып шашып келе жаткан Сыргакты Бакай эмне себептен ал кейпин колго көрсөтпөйт?Жараланып шашып келаткан Сыргакты көрүп Бакай:Кокуй Сыргак тура тур, жаралуу барсаң көп колго, табасы антип канбайбы,12 сан бусурман, баары бизге өз эмес, эркине койбой аларды, айдап келдик Бээжинге, дарылдап сырын айткыдай,12 кан дос эмес,- деп камчы менен Сыргакты как чекеге чаап жиберет. Айбалтанын уусу чыгып, себеп менен медеттен сыйпап, Сыргакты кадимкидей түргө келтирет. Эми баргын көп колго, сүйүнчү айтып кабарла, Манас Бээжинди алды деп айткын, алтын менен күмүштү, жүктөй албай калдык де дейт.
Жарды жүрүп байыган, жалгыз жүрүп көбөйгөн деген ыр саптары кимдерге таандык?Бул саптар Кошой атабызга таандык. Эпосто мындай айтылат:Абаң Кошой карыя, адамдан бөлөк олуя, батасы журтту байыткан, пайгамбар чалыш карыя, жарды жүрүп байыган, жалгыз жүрүп көбөйгөн, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган деп айтылган жайы бар.
Жебе салуучу кап?Саадак
Жезнай деген эмне?Музыкальнс үйлөмө аспап
Желкайыптын кулуну атыккан тулпар?Желкайыптын кулуну бул Аккула болгон. Эпосто Карача Манаска Аккуланы сатып жатып мындай деген жайы бар: Аккула жайын айтайын, бекер куйрук жал эмес, кара жылкы дулдулу, Желкайыптын кулуну, Жет-Кайт минсең арыбайт,70 асый болгуча, азуусун өйкөп карыбайт.
Желпиниште өскөн Бакай тууган издеп убара болбой эле өз тиричилик кыла берсе болбойт беле?Анткени Бакай 17ге чыкканда, ак сакалчан думана кезигип мындай деген: Ой Бакай кулак сал,өзүңө жолдош болучу, берен Манас шериң бар, акыры тапсан Манасты, аркасы бийик бел ошол, айыл консоң Манаска, телегейиң тең ошол,өөдө чыксаң өбөгүң, ылдый түшсөң жөлөгүң, таап алсаң Манасты, мураа болот өзүңө дейт. Ошол күндөн ушул, күн өзүңдү издеп жүрөмүн дейт.
Жеңи жок кийим?Күрмө
Жер астында сексен алптан бата алган балбан?Бул- Бакай болгон. Жер астынан 80 алп, жер үстүнөн 90 алп, булардан тегиз бата алып, баатыр Бакай атанып, келген Бакай эмеспи деп айтылган жайы бар.
Жердин пири?Жер Эне
Жети кан Манастын алдына барганда эмне себептен маселесин ачык айта алган эмес?Манасты чаап алам деп, жээлигип келген 7 кан, кан Манасты көргөндө, тилден калды күңкүлдөп, Эштектерден Жамгырчы мындай деди бүжүрөп: байлоочу болсоң кол мына, кыруучу болсоң биз мына, ашуусу аскар белдерден, аркар атып жеп келдик, арслан Манас барында, атактуу Бээжин жер менен, атышалы деп келдик, кызыл чоктуу кытайды кырып берер деп келдик, Чалыяр жетпес Бээжинди, чактап берер деп келдик, алыска кийсе баатырга, тон бололу деп келдик, душманды көздөй жол тартса кол бололу деп келдик.
Жети кан эмне себептен Манаска каршы чыгат?Үйрүлмөнүн сазына,үйрүлүп жыйын кылышты, жыйын кылган себеби, Манасты басмай болушту, төбөсүнөн басалы,4 түлүгүн чачалы, тийип алып бээсин, чыгаралы Манастын капкайдагы кээсин, Каңгайдан келген чорону кан кылганын көрдүңбү, качып келген бузукту, тең кылганын көрдүңбү, оюна койсок кутуруп, калайыктын баарысын, билемин деген эрки бар, эсебин чындап табалы, канкордун жинин кагалы деп Алмамбетти кан көтөрүп, бийлик бергенине ичтери тарып, каршы чыккан жайы бар.
Жигиттин пири?Шаймерден
Жолдун пири?Жолдубай
Жолой канча төөгө чай жүктөп барган?900 төөгө жүктөгөн
Жолой менен Дөңгө эмне себептен Манасты кармап кете алган эмес?Эсенкан Манасты кармап келгиле деп, Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып он миң кол аткарат. Бирок алар Манасты кармап кете алышпайт. Манас Дөңгөнү баш кылып, кытай колун бүт кырат. Жолой качып кутулат. Себеби күч жагынан Манаска эч ким тең келе алган эмес.
Жолой, Дөнгө эмне себептен түз кирип кол сала албай амал колдонот?Жолой менен Дөңгө түз кирип кол сала албай амал колдонгонунун себеби; биринчиден 40 үйлүү кыргыз деп тоготкон эмес, экинчиден Манастын дайынын уккан соң, алдын-ала сынап, 40 нарга кымбат буюм жүктөтүп,6 сартка айдатып, аркасынан 200 балбан жөнөтүп, Жакыпты ууру туткула деп амал үйрөтүп жөнөтүшөт.
Жолойдун тулпары?Ачбуудан
Жондук менен Жолойдун кандай жакындыгы бар?Жондук менен Жолойдун жакындыгы - булар калмак болушкан.
Жообузар кимдин баласы?Кара күндүн баласы
Жумгалдын абалкы аты?Буйда-Суу
Жылкы тийген баатырлардын жайын уккан Коңурбайдын жалгыз арманы?Алмамбеттин жанында Сыргак болбогондо Алмамбеттин башын кесип, Карыкандан Бээжиндин бир кандыгын сурап алмакмын деп арман кылат.Өз башын өзү койгулап, ыйлап жатты Коңурбай:«Кара зоонун башынан, Алмамбетти саярда, башын кесип аларда, каскак болду эр Сыргак. Сыргактын телегейи тең экен, Арбактуу Манас дебесе, Манасынан эр Сыргак, айза сайым эр экен. Алмамбетти өлтүрсөм, албайт белем чоң кандан, сураган сурак кандыгын», - деп, ошондо муну айтып, жаралуу болуп Коңурбай, арманда качып баратты деп айтылат.
Жылкынын пири?Камбар ата
Жылкычы башы Канжаркол эмне себептен ала айгырына кум артынып жүргөн?Жылкычы башы Канжаркол ала айгырына кум артынып жүргөн себеби; салмак бассын, оор болсун үчүн кум артынып алган. антпесе ала айгыр куштай учуп, ала качып кетчү жылкы болгон. Эпосто мындай айтылат:астындагы ала айгыр, жаман күлүк ал айгыр, жайып ийсем оозун, куштай учуп кетет деп, кутургурду карасаң, кум салынып алыптыр.
Жырынта оттук сураган Манаска оттугун берип турса болот беле?Жырынта оттук сураган Манаска оттугун берип турса болмок, бирок ал Манасты киши ордуна теңебей: атаа курган бурут, атаа курган кыргыз деп бербей коёт. Бул анын бөлөк эл, тентип келген эл деп кемсинткени болчу, ызаланган Манас аттан оодара тартып, оттугун тартып алган жайы бар.

И

Илийи бичик деген эмне?Илийи бичик деген кара кытай, калмактардын дин китеби.
Ит агытып куш салуу дегенди дагы кандай айтабыз?Салбуурун
Итаалы элинде, калкында ким жашайт?Жайнак

К

Каар аярдын баласы?Култаң
Кадообайдын баласы?Чегебай (С. Орозбаковдун в-нда)
Казактын каны Камбардын уулу?Айдаркан
Казактын төрөсү?Айдаркан
Калдандын уулу?Байсабек
Калктын башы?Калкаман
Канчоро менен Күлчоро эгизби?Жок
Канчоронун чоң атасы?Акбалта
Каныкей Айчүрөктүн эжесиби?Кайненеси
Каныкей кимдин жары?Манастын
Каныкей Темиркандын кызыбы?Ооба
Каныкей эмне себептен Манастын сөөгүн жан адамга билгизбей көмөт?Асыл энең Каныкей, Манас ооруп жатканда, камбылдыгын мындан көр, ажайып бейиш өңдөнтүп, жай салдырган эмеспи, асылым төрө жатсын деп, кымбаттынын баарысын шай салдырган эмеспи деп айтылат. Манас өлгөн соң, Кошойго келип мындай дейт: Кабылан Манас ининиз, колу жеткен жерине, кордук кылган жери бар, бөлөк элди коюңуз, ага-тууган алтоонун, чалгырты турат көзүндө, чамасы келсе 6 арам, чалганы турат өзүмдү, абаке, көрүнө койсок Манасты, көрдү ачып албасын,өлүктөн өчүн алчудай, даңгыттарга жарбасын.
Каныкей эмне себептен улам Семетейди Манаска көрсөтпөйт?Манас жарадар келатып, алдынан тосуп чыккан Каныкейге:Алып келчи бер жакка,өлгөндө көргөн баламды,-дейт. Каныкей ага көнгөн жок, баланы шерге берген жок, көргөзбөгөн себеби; Манастын тиктегени тирүү калчу эмес, караган аман калчу эмес, көзүндө калы бар эле, жүзүндө заары бар эле, сырын билген Каныкей, сырттанга бербейт чуркурап деп айтылат.
Каныкейге куда түшүп кулдук уруп бар дегенге Жакып эмне себептен көнгөн жок?Каныкейге куда түшүп кулдук уруп бар дегенге Жакып көнбөгөн себеби; куда түшүп, мал берип, малымды сарп кыла албайм, ансыз Манас зөөкүр уул, Алтайда малым бир чачкан, кемитип менин малымды, кейиткен ушул жанымды, миң карача мал турсун, чычкак улак бере албайм, Манасыңдын айынан малсыз болуп кеткемин, балакеттүү Манасты, балалыктан кечкемин деп малын аяп, көнбөй койгон жайы бар.
Каныкейдин атасыОрозбаковдун вариантында — Атемир, Саякбай Каралаевдин вариантында — Темиркан, ылакап аты — Каракан.
Каныкейдин баласы?Семетей
Каныкейдин жазган катын Шууту алып келээрин Коңурбай кайдан билген?Манас Бээжинге кан болгондон кийин, Коңурбай күндүзүндө тынч албай, түн ичинде уйку албай, аңдыганы Манас болгон. Ал көзү ачык Каныкейдин Манаска кат жазарын, алдыдагы болор ишти Манаска айтарын, Каныкейдин катын окуп Манас кытайлардан сак-сактап абайлап каларын билип, Каныкейдин катын Манаска жеткирбестин айласын кылып, Шуутунун жолун тосуп жүргөн.
Каныкейдин кыз кезиндеги аты?Санирабига
Каныкейдин өтүкчүсү?Алымсөк
Каныкейдин энеси?Акмама
Карагул Алманбеттин келгенин билгенби?Карагул Алмамбеттин келгенин билген. Билген себеби; Алмамбет менен бир окуп, адис болуп зыйкырга, бирге келген эмеспи, мурун жоону көп көрүп, көнгөн калмак эмеспи деп айтылат. Сыйкырдын окуусунда окуп, алдын-ала боло турган ишти билген. Ошондуктан жылкыга келип, Алмамбет менен кармашкан жайы бар.
Карадөөнүн чоң атасы?Кадообай
Каракандын бардык күйөө балдары кан болгонунун себеби?Каракандын бардык күйөө балдары кан болгон себеби; Каракан өзү Букардын каны болгон. Кыздарын да каалап туруп, кандарга берген. Ошондуктан күйөө балдары баары кан болгон. Эпосто: Букардын каны Каракан, касиеттүү жан экен, эркеги жалгыз кызы арбын,12 кызы бар экен,12 кызы ал кандын,12 канга жар экен деп айтылган жайы бар.
Каракандын эгиз уулдары болгонбу?Каракандын эгиз уулдары болгон. Эпосто мындай айтылган жайы бар: кечээ Каракан атаң өлгөндө, оо дүйнөнү көргөндө, Молто менен Алооке, аргын менен кыргыздын жаккан отун өчүрүп, жан-жабылта көчүрүп, Каракандын 8 уул, кээси жалкы, кээси эгиз, эрдиги журтка тегиз уул, Текечи, Шыгай балдары, Ала-Тоо бойлоп качканы.
Карач эмне себептен кызы Көрпөянды Бакайга берген эмес?Карач кызы Көрпаянды Бакайга бербеген себеби;Бакай жалгыз болгон жана кыргыз болгон. Алар Бакайдын кызыр чалган касиеттүү адам экенин билишкен эмес, теңине алышкан эмес. Карачтын кызы Көрпаян, арслан Бакай абаңа, ашык болгон жан эле, бусурмандын шарыят, сөйкө сала баргамын, алтынымды алган жок, азарын мага салган жок, Жанаалы, Карач эки дөө, күнү-түнү 14 күн , айзалашып урушту, кызыр чалган абаңды, ал акмактар билген жок, жалгыздыктын айынан, ала албай кеткем Көрпаян дейт.
Карача кандайлыктан улам Сыргакка чоң ата болушу мүмкүн?Анткени Каракандын 8 уул, кара калмак, кытайлар камчыга ченеп бөлгөндө, Каракандын кенжеси Улакканды Кайып чал ала качып, Нойгуттун каны Карачага алып барып берет. Сыргак Улаккандын баласы, ошондо Карача Сыргакка чоң ата болот.
Карачанын жердеген жери?Көөнө-Турпан четинде, куюлган кутпа бетинде, Лоп дарыя бетинде, ары жагы токой четинде, урааны кыргыз улуу журт, атагы Нойгут эл экен, ал Нойгутту сураган, Карача деген кан экен деп айтылат.
Карачанын эли эмне себептен каатчылыкка туш келет?Карачанын калкына каатчылык келгени-жерин чегиртке талап басыптыр, дан өстүрбөй жегенге, чегиртке мойсоп салыптыр, ошондой балээ келгенде, Карача журту мукурап, туш-туш жакка качыптыр деп айтылат.
Карачтын Наркызылын ким олжолоп алат?Карачтын Наркызылын Бакай олжолоп алат. Эпосто мындай айтылат: Кыябы келип турганда Наркызыл тартып алалы, Карача кандын Наркызыл, туура тулпар мээси жок, жол жорголуу, жанга тынч, айзага камбыл түрсаяк, алыска минер үкү аяк, мындай жылкы табылбайт, муну ойлоп Бакайың, Бозуулду атка жиберди, сураса бербес Наркызыл, суук укурук салып кел, көрүнөө бербес Наркызыл, көрүнбөй барып алып кел, Бозуул барып сурады, кыйылып турган кандардан, Наркызыл тартып алды эми деп айтылат.
Кардыгачтын агасы?Манас
Карыкан Коңурбайды эмне үчүн тыйып коет?Коңурбай атасы Алоокени Манас өлтүргөнүн угуп, ардыгып,өч алам деп Карыканга келет. Ошондо Карыкан мындай дейт: Манаска барсаң өлөсүң,40 кандын эли кытайды, кайрылып кантип көрөсүң, кара көк жал Манаска, кармашар чагың боло элек, күн мезгили 6 жыл,6 жылга толгондо, бедөөнүн жалын өрүп ал, беттешер болсоң Манаска, бул Бээжинден көрүп ал, ага чейин аттанбай, эр Коңурбай тилимди ал деп тыйып коёт.
Карыкан эмне үчүн согуштарда кол баштап өзү барган эмес?Карыкан согуштарда өзү баштап барбаган себеби; ал согуш жайын билген эмес жана Бээжиндин түпкү каны болгондуктан, ал кытай кандарын буйрук менен башкарып турган.
Каткалаңдын кызы ким?Кыз Сайкал
Катыгул кимдин балбаны?Кырымуздун балбаны
Катыктын уулу?Турдакун
Катыран аярга каршы ким найза урат?Эр Баймат
Кедердин уулу?Жолой
Кемек чалдын тулпары?Керчолок
Кемпирге айланган кайсы аяр?Катыраң аяр
Кенендин аялы?Айганыш же Гүлайым
Кенендин бабасы?Манас
Кенендин кертулпарын ким атат?Чоңгөр
Кенендин чоң атасы?Семетей
Кенжуттун каны?Айган
Кер-Көлдү ким жердеп турган?Орго кан жердеп турган
Керчөө тон болобу?Эпосто Кошойдун керчөө тон кийип жүргөнү айтылат. Белгилүү Кошой эр ошол, кененче керчөө тон кийген, кер кабылан ат минген, азар түмөн кол чыкса, айгай салып бир тийген делет. Керчөө тон бул –эң мыкты тон дегенди билдирет. Ал эми керчөө деген сөздүн өзүн алсак, ал-койдун төшүн териси менен алынган бөлүгү. Андан тон болбойт.
Кечилдин каны?Конурбай
Киши кийик болобу?Ооба, киши кийик болгон. Кыргыздар Алтайга айдалган жолдо Ак-Талаанын кереметине кез болушат. Ак-Талаа жайы ушундай, түрлүү-түрлүү жаныбар, жан көрбөс жандын баары бар, киши кийик, төө кийик, таң каларлык укмуш бар деп айтылган жайы бар.
Кишимжандын чоң атасы?Темиркан
Конурбайга Мааникер атгы ким айтат?Жолой
Конурбайдын Манаска тартуулаган аты?Кылкара
Коңгуроолуу Байдын баласы?Кош Абыш
Коңурбайдын атын ким койгон?Коңурбайдын атын кытайдын түпкү каны Карыкан койгон. Эпосто мындай айтылат.7ге жашы келгенде, калдайларды камаган, кызыл чоктуу кытайдын, кыйындарын сабаган, тентегине чыдабай, Чоң-Бээжин журту жадаган, жактырганда Карыкан, эр Коңурбай атаган.
Коңурбайдын улуу агасы?Бооке
Котондун көөнөргөн аты?Көөнө турпан
Кочкунун минген аты?Кочкунун минген аты кызыл жээрде ат болгон. Эпосто минтип айтылат: Бай Жакыптын көп малы, жерди жеди деп угуп, Эсенкандан кат алып, каарданып аттанып, Кочку келди короктоп, кызыл жээрде ат минип, балбандары сороктоп.
Кош башкарган ким?Бала Ыбыш
Кошой бир түндө басып алган шаар?Кашкар
Кошой эмне себептен Кундуз, Талканды эмес Ат-Башыны жердеген?Катагандын кан Кошой деп бекеринен айтылган эмес. Кошой катаган уруусунан чыккан, түпкү жери Кундуз, Талкан болгон. Бирок Кошой бейиштей жер экен деп, Ат-Башыда Чеч-Төбө, Чеч-Төбөнү жер кылып, кайран Кошой абакең, картайган башын эр кылып,-деп айтылган жайы бар
Кошойдун байбичеси, аялынын аты?Арууке
Кошойдун Билерикке берген тартуусу?Коенбоз аттуу тулпарды Кытайлардан тартып алып Билерикке мингизген.
Кошойдун кушу?Кошойдун кушу куу ылаачын болгон. Эпосто мындай айтылат: курган Кошой тийбеген, элде бүтүн бар бекен, куу ылаачын теппеген, кууда бүтүн бар бекен, керкабылан баспаган, жерде бутүн бар бекен.
Кошойдун уулу?Алыке
Көзкамандын кайненеси?Кейчубан
Көк-Артгын абалкы аты?Көп - Арт
Көккоёндун чоң атасы?Урумкан
Көкөтөй керезин кимге айтат?Баймырзага
Көкөтөйдүн атасы?Жанадил
Көкөтөйдүн ашында Жолой кемегеге ки- рип, эт жемек болгондо ким эт бышырып жаткан болот?Сукумбек
Көкөтөйдүн ашында Конурбайды кимдер коштоп чыгат?Бозкертик, Буданчан
Көкөтөйдүн ашында КошойдунЖүзгөн уулу Камалбек
Көкөтөйдүн ашында Манас кимди жеме- лейт?Үрбүнү
Көкөтөйдүн ашында Манас эр сайышка кайсы атты минип чыгат?Көкчөнүн Жармандай атын
Көкөтөйдүн ашында Манасты эр сайышка кимдер коштоп чыгат?Бакай, Төштүк
Көкөтөйдүн ашында талашка калган ат?Мааникер
Көкөтөйдүн ашында экинчи келген ат?Төштүктүн Чалкуйругу
Көкөтөйдүн жердеген шаары?Ташкент
Көкчө ким болгон?«Манас» эпосундагы башкы каармандардын бири. Казактардын каны, атактуу баатыр
Көкчөнүн атасы?Айдаркан
Көкчөнүн байбичеси?Акеркеч
Көкчөнүн баласы?Үмөтөй
Көкчөнүн жоо кийими?Көк күбө
Көкчөнүн тулпары?Көк ала
Көкчөнүн чоң атасы?Камбар
Көкчөнүн энеси?Акконур
Көп чатактын башына айланган аш?Көкөтөйдүн ашы
Көрпөян Бакайды канча жыл күтмөк болот?Көрпаян Бакайды 7 жыл күтмөк болот. Ал Көрпаян байкуштун, бөдөнөдөй кайран көз, бөлөк-бөлөк жаш кетип, ыйлап калган эмеспи, ургаачынын мыктысы, касиеттүү жан эле,7 жыл мени күтүүгө, убадасы бар эле деп айтылат.
Көчөгөрдүн баласы?Бөлөкбай
Кулансарыктын атасы?Кенен
Култан аяр кимге кабар айтат?Орго канга кабар айтат
Култаңдын атасы?Каар аяр
Кумайыктын артыкчылыгы?Аюудан кайра тартпаган, жолборстон кайра качпаган, агытса жанды күлдүрөр, тиштегенин Кумайык, тим эле бөөдө бүлдүрөр, азуулуудан артыкча,үйүрү менен бөрүнү, көз алдыңда түгөтөр деп айтылат.
Кундуз, Талканды ким жердеген?Кошой
Кутубий Телкызылга ээ болгон жер?Кутман жолдош Кутубий, алдындагы Телкызыл, анык тулпар казанат, кайыбынан кабылган, Кулан-Талаа, кум чөлдөн, бурак ат болуп Кутуга, как талаадан табылган деп айтылат.
Куштун пири?Буудайык
Күлдүрдүн уулу?Чалыбай
Күлчоронун зайыбы?Акбала
Күүгүм туман көздөнүп деген ыр сабын чечмелеп бериңиздер?Манас сегизге жашы келгенде 40 үйлүүдөн 40 бала, чагултуп оюн салып жатканда, калмактын 80 баласы келип, тентип келген бурут деп бул буруттун балдарын, буркуратып курут деп, 40 баланы кордой башташат. Ошондо Манастын башына да чокмор тийип өтөт. Майлаган буудай жүздөнүп, күүгүм туман көздөнүп, кырааның салды кызыкты деп айтылат. Күүгүм туман көздөнүп деген сөз-абдан сүрдүү, коркунучтуу, карайып жинденген, каарданып, жаалы бетине чыгуу дегенди билдирет.
Кыз Сайкалдын акреттик жары?Манас
Кызарт деген жердин абалкы аты?Арка - Бел
Кылычтай бычак байланган баатыр?Кылычтай бычак байланган баатыр бул-Буудайык болгон. Кылычтай бычак байланган, ажал жетсе өлөм деп, асыл Манас балага, караан болуп берем деп, кан Буудайык өзу бар деп айтылат. Кошой Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп, Манаска келип кошулган окуяда айтылат.
Кыпчактан Үрбү, Казактан Айдаркан, Үмөттөн Жайсан,Татардан ким чыгат?Татардан Чагоо чыгат
Кыргыздар Алтайга барган соң канча убакыттан кийин алтын, күмүш казып тоо-кен өнөр жайын колго алат?Кыргыздар Алтайга барган соң бир жылдан кийин алтын, күмүш казып, тоо-кен өнөр жайын колго алышат. Эпостон мисал келтирсек:Бул калмакка келгени 12 айга толду эми, акылманы Акбалта, анда туруп кеп айтты, алтындын кенин казалы, капаны минтип ачалы, кайгырган менен болобу, кетмендеп жерди оёлу.
Кыргыздар Алтайга барганда кандай жумуш орундарын аркалаган?Кыргыздар Алтайга барганда калмактарга саанчы жана малчы болуп жалданып иштешкен. Эпосто мындай айтылат: 40 үйлүү кыргыз курган журт, саанчы кирип, сүт ичип, минтип жанын бакты эми, жылкы жайып, күч минип, антип жанын бакты эми, эчкинин тоңгон майын жеп, эптеп амал тапты эми.
Кыргыздарга Алтайга айдалганда басып өткөн жерлер?Артына колу байланып,6 ай мыктап айдалды, толкуган эчен суу кечти, Эчки-Өлбөстөн эңкейди, Кордой менен Маңканды кошо ашып калды эми, Иленин башы Үч-Арал амалсыз кечип барды эми,Өгүз –Ашуу, Тай-Ашуу, Кичи- Жылдыз, Чоң-Жылдыз, тегиз басып алды эми, ары жагы Ак-Талаа, Ак-Талаага барды эми, анын ары жагынан Алтай деген жер тапты деп айтылат.
Кыргыздын алты уругу ооп барган жер?Ооган
Кыргыл чалдын атасы?Саламат
Кыргыл чалдын баштапкы аты?Айнакул
Кыргылчал кандай максатта Чубакты Алманбетке каршы көкүтөт?Кырктын башы Кыргылчал, кыркында көпкөн дыңгыл чал, качан да болсо арамдык, ойлогону бузук чал, Алмамбет, Чубак 2 эрди, чабыштырып таштаса, кол экиге бөлүнсө, табасы канып Кыргылдын, көңүлү болот куунак шат. Алмамбетти бөлөксүнтүп, ага каршы Чубакты көкүтүп, экөөнү уруштуруп, колду экиге бөлүү максаты менен көкүтөт.
Кырк үйлүү кыргыз Алтайда турганда ундун наркы канча баа болгон?Алтайдагы калмактар аштык билбес калк экен, кыргыздар барып, буудай айдап, кочушун койго сатышат, табагын тайга алмашат деп айтылган жайы бар.
Кырк үйлүү кыргыз эмне себептен Алтайда жатып уруша бербей Ала-Тоого кетүүнү максат кылат?40 үйлүү кыргыз Алтайда жатып уруша бербегенинин себеби;Алтай бул душмандардын жери болгон, бөлөк эл, бөтөн жерде айласы жок турушкан. Манас баатыр чыгып, аны арка бел кылып,өз конушубузга кетели деген Акбалтанын акылы боюнча, Ала-Тоого көчүп, жолдо ит урушун салып, аман-эсен өз жерине жетип алса, өлсөк анан арман жок деген ниетте Ала-Тоо көздөп көчүп жөнөшкөн.
Кырк чородогу калк башчысы?Калкаман
Кырк чородогу топ башчысы?Токобай
Кырк чородогу эл башчысы?Эламан
Кырктын башы ким?Кыргыл чал
Кырмуздун уулу?Мурадил
Кытай баатыры Мурадилдин тулпары?Кылжейрен
Кытай падышалары Каражой уулу Шыпшайдарды эмне үчүн оорудан толук айыктырып алган эмес?Келгендерден кеп угам, Каражой уулу Шыпшайдар,өлбөй-житпей чочко кул,8 жылга толду - дейт, кесик оору, - деп угам. Кесигинен бул өлсө, бизге анык бергени, кесигинен айыкса, бизге кокуй болгону. Кесигинен айыкса, кезиккен канча кан өлөт, келген жандын баары өлөт. Шыпшайдардан башкага, алышкан менен алдырбайм,-деп Алмамбеттин айтканы бар. Кытай падышалары Каражой уулу Шыпшайдарды айыктыра албаган себеби;кесик оорусу бул – айыккыс дарт болгон.(жооп жакындатылып берилди, мүмкүн болсо өзүңүздөр да карап көрүңүздөр)
Кытайдын аярлары төрөлө элек Манастын кайсы белгисинен таанып тапмак эле?Манас болсо белгиси, кулак учу тешилүү, сүрүнети кесилүү, оң далынын үсүндө, табактай кызыл калы бар, аркасында баланын, кара көк жал жалы бар, аты Манас коюлган, айлыңда бала барбы деп, жар чакырып сурады,6 күн катар сынады деп айтылган жайы бар.
Кытайдын жарым каны?Алмамбеттин атасы Соорондук
Кыяздын (Кыяс) атасыБагыштын уулу Толтой
Кыяздын (Кыяс) тулпарыТоотору
Кыянгер, Капсаң тоосунун бери жагында жашаган эл?Кыянгер, Капсаң тоосунун бери жагында жашаган эл бул-Шибе эли болгон. Эпосто мындай айтылат. Кыянгер, Капсаң тоосунда, Суук капчыгай оозунда, анын бер жак бетинде, Шибе деген эл экен, жалгызын көрсө карышкыр, алыста койдой жээр экен.
Кыястын аялыЖайнаке, Жанаалынын кызы

М

Мадаңшаңды алганда мынчалык таң калбаган Дөөдүр кимге таң берет?Манас Дөңгө менен Жолойдун амал менен жиберген 200 колун кырганда, арасынан Дөөдүр алп аман качып кутулуп, Жолой менен Дөңгөгө Манаска таң калганын айтат:мен Дөөдүр алп болгону, Дөөдүр атка конгону, Мадаңшаң менен салышып, ордолуу шаарын бузганда, мында мындай болбодум, бүт Бээжинди салсак да, манаска алы келе албайт дейт.
Мажиктин атасы?Кортук
Мажиктин баштапкы аты?Шакум
Малакай калпак деген эмне?Малакай калпак деген кытайлардын сыйкырчы, бал ачуучу төлгөчүсү кийип жүргөн баш кийим. Эпосто мындай айтылат:улук экен Эсенкан,6 жылдык азапты азыр ойлоп билүүчү, сыйкырчысы бар экен, малакай калпак кийүүчү,7 жылдык кекерди, жеткилең ойлоп билүүчү, төлгөчүсү бар экен.
Манас Алтайдан Ала-Тоого келгенде Сары-Өзөндү ким жердеп турган?Манас Алтайдан Ала-Тоого келгенде Сары-Өзөндү эч ким жердеген эмес, ээсиз ээн жер болгон. Эпосто мындай айтылат:Жаныбарым Сары-Өзөн, талаада мунар чаңы бар, түзүндө кулан дагы бар, ат баспаган жер болгон, ошондой жер ээн болгон, алмасы бышып көң болгон, жаңгагы кулап сай толгон, ээсиз, ээн жер болгон.
Манас бабадыйкан менен аштык айдаган соң түшүмүн канча убакыттан кийин алат?Манас Бабадыйкан менен аштык айдаган соң түшүмүн 6 айдан кийин алат. Ал соко жиреп, уругун сээп болгондон кийин алп уйку салып уктап калат.Өзүнө чырм этип уйку алгандай болот, бирок 6 ай уктайт. Ал ойгонсо, буудай орулуп, кызылы тоодой үйүлүп калган болот. Эпосто мындай айтылат: Бабадыйкан боломун, кыйшык ишиң оңдодум, орток аштык салыштык,6 ай,7 ай болгуча, жолдош болуп калыштык.
Манас Бээжинди алган соң 6 ай сурак кылбай кете берсе болбойт беле?Манас Бээжинди алган соң,6 ай сурак кылбай кете албайт болчу, бул анын маңдайына туула элегинде жазылган буйрук болчу. Анын үстүнө ата-бабасынын өчүн алып, кытайлардын кыргыздарга кылган кордугун дал өзүнө кийгизем деген кекенүүсү бар болчу. Сурак кылбай кетип калса, коркту деген сөз болмок. Манас үчүн өлүмдөн намыс күчтүү болгон.
Манас деп ким коёт?Думана
Манас жеке өзү дыйканчылык кылып буудай айдаганбы? Буудай айдаса кандай түрүн айдаган?Манас Таласка көчүп баргандан кийин, атасына таарынып, тууган издеп чыгып кетет. Жолдо думанага кез келип, анын акылы боюнча орток буудай айдашат. Буудайдын аштык түрүн айдашат. Кабылан Манас кебимди ук, орток аштык айдайлы, ошол аштык бышкыча, Боз-Талааны жайлайлы деп Бабадыйкан айткан жери бар.
Манас желмаянга кантип ээ болот?Медияндын чөлүнөн, берендерге жолукту, белестен чыгып 5 киши, Шай атамдын өзү экен, караган кара көзү экен, берениме берем деп, белгилүү төө Желмаян, алып келген кези экен, ал Желмаян жарыктык, асыйы кыркка толуптур, Алда Таала Манаска, бурак кылып коюптур, Желмаян жайы ушундай, Желкайыптын баласы, казатка минсең камсыкпайт, кагыш кылар жерде өскөн, кайрыдин менен кагышсаң, душман менен чабышсаң, буттап болот ок артсаң, күлазыкты мол артсаң, моюнун бурап койбогон, айкөлүм сенин өзүңө, ылактуу мал деди, Шай атам төөнү бергени.
Манас кайсы жерде төрөлөт?Алтайда
Манас кайсы мезгилде төрөлгөн?Супа садык чалыптыр, тараза жылдыз бириндеп, бирөө калбай батыптыр, таң кашкайып атыптыр, жерге жарык тийиптир, ырым кылган кула бээ, Торучаарды төрөптүр, ошол кезде карасаң, сүйүнчүгө Акбалта, Жакыпты издеп келиптир деп айтылган жайы бар.
Манас Каман алптын 60 бууданын алган жер?Манас Каман алптын 60 бууданын алган жер Топурак-Тикен жону деп аталган. Эпосто мындай айтылат:Жолойду колдон качырып, Колот жерди май кылып, Каман алпты жай кылып, Топурак-Тикен жонунан 60 буудан тулпарды, айдап Манас келди эми, жанындагы 40 бала, олжо кылып берди эми.
Манас канча жаштагы баладай төрөлөт?Он беш (отузду тактоо керек)
Манас кимдин колунан өлгөн?Коңурбайдын
Манас кол койгонду билчү беле?Манас кол койгонду билген. Ал башка элдер менен алака түзөрдө: согуш же соода же ынтымакка келүүдө келишим тузүп, кол койгон. Мисалы эпосто мындай делет: Эр Эсенкан кан менен, чийишейин сызыкты, оюна койсом бул кытай, айдай качат малымды, тутанып өлгөн бул чочко, койбойт экен жанымды,- дейт. Чийишейин дегени, келишим түзүп, кол коюп анан уруш баштайын дегени.
Манас менен Жар Манастын жаш айырмасы?Кытайдын балбандары төрөлө элек Манасты издеп, анын ордуна 17 жаштагы Чоң Эшендин уулу Жарманасты кармап кетет. демек жаш айырмачылыгы 17-18 жаш болгон. Эпосто мындай айтылат:Самаркан журту кайгырды, 17 жашка чыкканда, Жарманастан айрылды.
Манас менен Коңурбайдын жаш айырмачылыгы?Манас менен Коңурбайдын жашы тең болгон. Анткени, Манас 12 де кезинде Эсенкандын колун талкалап, Нескара, Жолойлор качып кутулганда, айласыз кытай каны Карыкан кытайдын чебине Коңурбайды жаратып кароолго койгондо Коңурбайдын жашы да 12де болгон. Эпосто мындай айтылат: Алоокенин кенжеси, быйыл 12ге келгендир, Коңурбай аттуу зор уулу.
Манас таятасына жолукту беле?Ооба
Манас төрөлгөндө анын киндигин ким кесет?Дамбылданын зайыбы
Манас төрөлгөндө Жакып канчада эле?50-51
Манас төрөлгөндө үнү канча аралыкка чейин угулган?Тайчабым
Манас төрөлө электе жок кылгыла деп ким айтат?Эсенкан
Манас тууралуу Нескара эн алгач кимден угат?Чабдар атынан
Манас үч жолу кан шайланды беле?Ооба
Манас Шуйкучуну кытай экенине карабай эмне себептен ашпозчу кылып алат?Анткени Манас Шуйкучуну чын бусурман дилине кирди деп ишенип, ашпозчу кылып алган, а Шуйкучу зилинде душман болчу. Эпосто мындай айтылат:Каканчындын Бээжинге, асртан Манас кан болду, Эсенкандын элинен, эсепсиз журтту жыйды эми, 60 күнү той кылып, Шуйкучу деген кытайды, чын бусурман кылды эми, ашмачы болуп Манаска кире берди Шуйкучу, Манастын кылган жоругун биле берди Шуйкучу, алакөөдөк айкөлүң, чын бусурман дили деп, ишене берди Шуйкучу деп айтылат.
Манас эмне себептен 40 чоро күткөн?Анткени, капырга казат баштасак, же душмандан элди сактасак, чалгынды бирге чалууга, чатакты бирге салууга, жыйылган көк жал 40 болсун,40 кыраандын ичинде, коркоктору болбосун, журтту бузгуч эң жаман дүмпеки адам болбосун,40 кыраандын ичинде, качырса жоону койбогон, ааламды бузар мыктууну, айзакерден ыктууну, кагыштан кайра тартпаган, кабылан шерден алдууну, жыялы мындай шумкарды.
Манас эмне себептен Алоокенин сунушуна көнгөн жок?Жанталашып бул акмак, алдаган турган кези экен, маанисиз кара кытайым, балаңды алып нетейин, кандыгыңды албаймын,7 атамдын өчү бар, кылычтап башың аламын, бул Алооке болбосо, чачылмак эмес тууганым, Каканчындын калкы бар, канчадан бери жоо болуп, кан төгүшкөн салты бар, жоо аяган оңобу, Алоокедей капырды, өлтүрбөй койсо болобу деп, Зулпукор кындан сууруду деп айтылат.
Манас эмне себептен Анжыянды эмес Таласты ордо күтүп калат?Эсенкандын 2- жолу жиберген колун жеңип, Манас, Кошой баштаган кыргыздар, Ала-тоого көчүп келатышып,Үйрүлмөнүн сазына 3 күнү өргүү алышат, ошондо абаң Кошой жаркылдап, шумкар куштай баркылдап: Ээ кулунум эр Манас, эки чылбыр, бир тизгин, эми колго алыңыз, Кара-Тоодой кан болгун,40 уруу кыргыз элине, касиеттүү жан болгун, атактуу Талас, Чоң Кең-Кол, жердей көр ушу жериңди, Таласты күтүп, чеп кылгын, күтүп алсаң Таласты, дүнүйөгө чеп ошол, конуш кылгын Таласты, кан көтөрүп биз алдык, Жакыптын уулу Манасты деп бата берет.
Манас эмне себептен Кошойго барып кеңеш курат?Бул акылды Манаска Акбалта айтат:Пир тутуучу эр ошол, билимдүү Кошой шер ошол, белге таңуу бел ошол, кеңешип алып Кошойго, кажылдаган калмакка, анан катыл сен ошол, абаң Кошой артык кан, арка кылар бу бир жан дейт.
Манас эмне себептен кырк чилтен жалгыз жолукпайт?Анткени, Манастын 40 баласы ар дайым жанында арка –жөлөк болуп бирге жүргөн,40 балага 40 чилтен колдоочу болуп келишкен. Алар Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн, максаты:айкашкан жоого киргенде, алдыңа түшүп төтөлөйм, душмандын колун тийгизбей, атыңды өзүм жетелейм деп колдоочу болуп келишкен. Алар Манасты гана эмес,40 баланы кошо даарып кетишкен. Ошон үчүн Манаска 40 чилтен жалгыз жолукпайт.
Манас эмне себептен Шоорук канга казат баштайт?Өзү кытай индиси, белгилүү баатыр Шоорук кан, бусурманга кол салып, Кең кашкардын шаарын,6 жолу чаап чуулатып, Кен Алайдан Нойгутту, катын-кызын олжолоп, келиштире чапты дейт, дүңгүрөтүп нойгутту, түп көтөрө чапты дейт, арбын малын нойгуттун, атаңдын көрү ал Шоорук, олжо кылып кетиптир, кутурган экен ал Шоорук, ошо кандын шаарына казат ачып баралы, кагышты катуу салалы, Нойгутка салган кордукту, так кийгизип өзүнө, тирүү койбой жайлайлы дейт.
Манас эмне үчүн Анжыянга буудайдан башка азыктын түрүн айдаган эмес?Манаста буудай айдайм деген ой жок болчу, ал Бабадыйкандын айтуусу боюнча айдайт да жатып, алп уйку салып уктап калат. Буудайдан башка азыктын түрүн айдоону Бабадыйкан сунуштаган эмес, анткени башка азык эмгекти көп талап кылгандыктан, Манас уктап калгандан кийин Бабадыйканга оор болуп калмак.
Манаска Аккелте менен Ачалбарсты ким берет?Айкожо
Манаска оттугун жулдурган чал?Баянчор
Манаска эмне себептен кырк чилтен шер атагын бере алган эмес?Манаска шер атагын Шай ата берген. Ал эми 40 чилтендин Манаска шер атагын бере албаганын биз мындайча түшүнөбүз. Кадимки адамдардын деле жашы, аксакалы болгондой эле, чилтендерге караганда Шай атанын орду бийик турган. Ошон үчүн Манаска шер атагын Шай ата тапшырган.
Манаста бажы кызматы болгонбу?Манаста бажы кызматы болгон. Ар бир эл өзүнүн чек арасына кароол каратып койгон. Мисалга алсак Кошойдун бажы кызматы мындай айтылат:Ат-Башыда Чеч-Дөбө, Чеч-Дөбөнү жер кылып, Кайран Кошой абакең, картайган башын эр кылып, туура тарткан Кара-Тоо, мындан кароол каратып, кароол башы Кутунай, Кутунайды жаратып деп айтылган жайы бар. Кароол бул-бажы кызматы болгон.
Манаста беш жылдыздуу мейманканалар болгонбу?Манаста беш жылдыздуу мейманканалар болгон. Ал мындайча айтылат:Бөйөн кандан Чаян кан, Чаян кандан Огой кан, Огой кандан Балакан, Балакандан Каракан, Каракан ээлеп турганда, мейкана 5 сарай, берендин жайын сураба, белгилүүсү бир далай, кайратынан жан чыккан, кытайга салган чуулган деп айтылган жайы бар.
Манаста бункер айтылабы?Манаста бункер айтылат. Мисалы Манас Аккуланы сатып алып жатканда, Карача мындай дейт: Аккула жайын айтайын, акыры берен минер, - деп, эркелетип бактырдым, мойнуна тумар тактырдым. бирөө душман кылат, - деп, жер чукутуп бекитип, чуңкур сайга бактырдым. бышты болуп келгенде, башына окто каттырып, колдон чыгып кетпеске, ал октонун өзүнө, он эки чылбыр тактырдым, абайы менен жаптырдым,-деген жайы бар. Жер чукутуп, чуңкур сайга бактырдым дегени – бункерге бактырдым деген мааниде.
Манаста Гиннес рекорддор китеби сыяктуу китеп болгонбу?Манаста Гиннес рекорддор китеби болгон. Ал даңза деп аталган. Рекорд койгон адамдардын аттары ал китепке жазылчу. Мисалы, Жакып опсуз байыганда даңзага жазылганы мындайча айтылат. Байлыгы журтка билинип, улук экен Эсенкан, анын даңзасына чийилип.
Манаста жазаларды аткаруу кызматы болгонбу?Манаста жазаларды аткаруу кызматы болгон. Мисалга алсак: Кара тажаал Чоюн алп кылмышсыз элди бөөдө кырган үчүн Бакай анын атын талкалап, өзүн 40 аркан бою зынданга салган.
Манаста жол куруу, же жаңы жол салуу иштери кандай нукта жүргүзүлгөн?Талынын баарын сулаттык, тамын түртүп кулаттык. Байгамбар баспас Бээжинди, башынан кирип жол салдык деп айтылат. Казат ачып бараткан жерлерине жол керек болгон. Ошондо токоюн кыйып сулаттык, ташынын баарын ураттык, бет алган жерге жол салдык деп айтылган жайы бар.
Манаста канча майрам бар?Манаста 1 майрам бар. Ошол кезде Бээжинге, кытай кайнап толуптур, барганыма Бээжинге,19 күн болуптур, ошол чакта кытайдын, чагаан айы толуптур. Чагаан айы болгондо,40 кулактуу жез казан, көчөгө асып коюптур. ал казандын ичине,40 качыр менен 40 чочко,40 мышык менен 40 итти, союп келип салыптыр. Ар айбандан кырк-кырктан, алып келип туруптур. Алачыктай жез буркан, аса байлап койчу экен, Буркандын айланасына, кайнап кытай толчу экен,- деп айтылат. Чагаан айы бул кытайлардын жаңы жыл майрамы.
Манаста Маамытбек барбы?Манаста Маамытбек бар. Эсенкан Манас төрөлө электе сыйкырчы, балчыларын бал ачтырып, буруттан Манас төрөлөт, ал кытайга кан болот деп бичикке чийилген жазууну окуп, Манасты таап келгиле деп кытай балбандарын кыргызга жөнөткөн кол менен кошо келет. Эпосто мындай айтылат: Кытайлардан чоң Дөөдүр, боз качырчан Маамытбек, атагын көргөн чочуган, ажайыптан окуган, туула элек Манасты, издеп жолго чыкканы.
Манаста отту эмне менен күйгүзгөн?Манаста отту оттук таш менен күйгүзгөн, бул окуя Манас Ошпурда жүргөндө 100 козуну союп, от жакканга оттук жок, Жырынтадан сураса бербей койгондо, оттук ташын тартып алганы айтылат.
Манаста питон айтылабы?Манаста питон айтылат. Кыргыздар Алтайга айдалган жолдо Ак-Талаанын кереметине кез болушат. Ак-Талаа жайы ушундай, чырпыктары чынардай, чынарлары мунардай, кескелдирик жыландай, жыландарын карасаң, 9 кулач аркандай, Алда Таала кудурет, жан жараткан ар кандай деп айтылат.
Манаста пулёмет айтылабы? Айтылса кандай аталат?Манаста пулёмет айтылат. Ал кара мылтык, чогоол мылтык деп аталат. Кара мылтык карс этсе, качпай турган эриң бар, чогоол мылтык чорт этсе, чочубай турган эриң бар деп айтылат.
Манаста фантанды кандай атаган?Манаста фантанды оргуган булак суу деп атаган. Кыргыздар Алтайга айдалганда, жолдо баратып Ак-Талаанын кереметине кез болушат. Жаткан экен Ак-Талаа, ортосунда оргуган булак суусу бар, жылтыргандуу шыбагы, жыргалдуу экен убагы, суу боюнда өзөнү, элкин экен жерлери деп айтылат.
Манаста шайлоо системасы кандай нукта жүргүзүлгөн?Манаста шайлоо системасы колго салуу нугу менен жүргүзүлгөн. Манасты кыргызга кан шайлап жатканда Кошой, ар уруу элдин башчыларына Манастын кан болушун сунуштайт. Алар бир добуштан макул болушуп, ак буудай унун чайнашып, келеме шарып кармашып, макул болушат. Ак кийизге отургузуп, алтын такка мингизип, кан деп буйрук чыгарышат.
Манаста эки каармандын аты айтылганда ыйлаган бала сооронгон деп эскерилет. Ал кайсы баатырлар?Алооке Молто азабы, ажыдаардай толгонду, Алооке келет дегенде, ыйлаган балдар сооронду, каарына тийгенди, кара жердей түз кылат, катуу мүшкүл иш кылат деп айтылган жайы бар.
Манаста эң алгачкы жолу кездешкен атты такалоо боюнча айтып берсеңер?Манаста ат такалоо боюнча эң алгач Алооке менен Молто басып киргенде, Каракандын 8 уул кеңешип, Кара-Тоону бет алып, ой беките конолу, кызыталак кытайдын, баласын уурдап соёлу, буларды ушинтип жүрүп оёлу дешип, сай тулпарды токунуп, шашып камаз окунуп, Кең Кашкар ылдый жакалап, сай буудандын баарысын, кайра баштан такалап деп айтылган жайы бар.
Манастагы боёкчулардын башчысы?Шагылсарт
Манасты кароолчусу?Кыргыл чап
Манасты чапмак болгон Нескара кимдин айылына өтүп кетет?Жайсан
Манастын акылманы?Бакай
Манастын акыреттик жары?Кыз Сайкал
Манастын апасынын аты?Шакан, Чыйырды
Манастын аскер башчысы ким?Алмамбет
Манастын ата-бабалары делген Бөйөн, Чаян кандардын ысымы эмне себептен мындай аталып калган?Манастын түпкү ата-бабаларынын ысымы Бөйөн, Чаян аталып калышынын себеби; Атасынан бабасы, арысландын тукуму, ичсе канга тойбогон, душманына келгенде кабылан сындуу жойлогон, Чаяндай чагып жоо кырган,- деп айтылат. Бөйөн, Чаян деген сөз-душманына заардуу, уулуу, айбаттуу дегенди түшүндүрсө, экинчи тарабынан мыкты, курч дегенди да туюнтат. Ошондуктан Бөйөн, Чаян аталып калган.
Манастын байбичеси?Карабөрк
Манастын далы ачкан чоросу?Агыдай
Манастын дарыгери?Момунжан
Манастын жарчысы?Ырамандын Ырчы уулу
Манастын желеги же туусу кандай өңдө болгон?Манастын туусу кызыл өңдө болгон. ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу деп айтылат. Манас чоң казатка аттанганда Кошойго ат чаптырып мындай деген: Он эки кан бусурман, баарын айдап келсин де, кабылан оозун бурсун де, касиеттүү абакем, бусурмандын кызыл туу, калың кытай бетине, кармап берип турсун де деген.
Манастын жети атасы?Көңүл бургула! жети атасынын аттары жана саны туруктуу эмес, ар кайсы варианттарда ар башка берилиши мүмкүн. Атасы — Жакып хан, чоң атасы — Ногойхан, бабасы — Карахан, бубасы — Кыргыз хан, кубаары — Чаян хан, жотосу — Бөйөн хан, жэтэси — Ууз хан (Башка маалыматтар боюнча: Жакып, Ногойхан, Көгөй, Төбөй, Бабур, Байгур), Каралаевдин вариантында: Бөйөн, Чаян, Ногой, Балакан, Каракан, Жакып. Радловдун вариантында: Бөйөнкан, Каракан, Жакып үчөө эле.
Манастын ити?Кумайык, Көкдөбөт
Манастын ич арага минген аты?Айбанбоз
Манастын кабарчысы?Жаш Айдар
Манастын кайнаталары?Кайыпдан, Шорук, Ате- мир
Манастын кайненеси?Акмама
Манастын калк башкарган чоросу?Калкаман
Манастын камчысы?Булдурсун
Манастын канча кайнатасы бар?Сагынбай Орозбаковдук вариантында б/а 4, Саякбай Каралаевдин вариантында б/а 3
Манастын канча чоросу болгон?44 чоросу
Манастын карындашы?Кардыгач
Манастын кеңешчиси?Кошой, Бакай
Манастын көчкө минген аты?КаракашкаД ообурчак
Манастын мылтыгы?Аккелте
Манастын сарамжалы?Каныкей
Манастын тайекеси ким?Жамгырчы
Манастын таятасы ким?Эштек
Манастын топ башкарган чоросу?Токотой
Манастын төлгөчү чоросу?Төлөк
Манастын тулпары?Аккула
Манастын тушунда бириккен улуттар уюму болгонбу? Болбосо аз сандуу элдердин же чакан мамлекеттердин укугун ким коргогон?Манастын тушунда БУУ болгон. Мисалы: бириккен улуттар уюмунун башында Нух пайгамбар тушунда, нур төгүлгөн Чоң Бээжин деп кытай турган. Ал эми Тыргоот, Шибе, Манжуу, ж. б чакан мамлекеттер анын курамында болушкан жана алардын укугун Түп Бээжин каны Карыкан коргогон.(жакындатылган жооп)
Манастын тушунда соода жүргүзүүдө алтын куймалары колдонулганбы?Манастын тушунда соода жүргүзүүдө алтын куймалары колдонулган. Алооке менен Молто кан,95 төөгө алтын артып, кытайга жөнөткөндө, аны Акбалта, Жакып баштаган кыргыздын 60 балбаны карактап алышат. Олжого мыктап канышып, ойронду мыктап салышып, ар түтүнгө бир-бирден, муштумдай алтын беришип деп айтылган жайы бар. Демек, муштумдай алтын бул- куйма алтын болгон.
Манастын түшүн ким жооруйт?Ажыбай
Манастын устасы?Бөлөкбай
Манастын чоң атасы?Ногой
Манастын чөбөрөсү?Кенен
Манастын чуу көтөргөн чоросу?Чубак
Манастын ырчы чоросу?Ырамандын Ырчы уулу
Манастын ырчысы?Ырамандын Ырчы уулу
Манастын эл башкарган чоросу?Эламан
Манастын элчиси?Ажыбай, Урбү
Мардубанын жаны кайсы кунгга?Жыга деген кушта
Маркатай менен Акбалта качан баш кошкон?Маркатай менен Акбалта баш кошкондо Маркатай 14 жашта болчу. Эпосто мындай айтылат: Баатыр Балтай көк жалга, он төртүндө жолуккан, биттейинде биригип, бармактайда баш кошкон, ак никелүү курбалдаш.
Медеттин апасы?Бакдөөлөт
Меңдибай издеп кеткен тулпар?Туучунак
Меңдибайдын ата энеси?Акынбек, Канымжан
Молто географияны мыкты билгенин кантип биле алабыз?Молтонун географияны мыкты билгенин кыргыздарды туш-тушка таратууда айткан кебинен билебиз. Дөңгө кыргызды кырып салалы дегенде, Молто мындай дейт:Жер бербегин конушка, бирөөнү айда оруска, бирөөнү айда ийренге, бирөөсүн түшүрүп жибер тереңге, бирөөнү айда казакка, кайра тарткыс азапка, бирөөнү көчүр Орконго, кайра чыккыс чоң торго, бирөөнү айда Каңгайга, бирөөнү айда Алтайга деп айтат, демек географияны мыкты билген.
Музбурчактын атасы?Буудайык
Мунаркандын баласы ким?Дагар аяр
Мунаркандын күйө баласы?Кошой
Мурадил кайсы элдин баатыры кимдин уулу?Кырмуздун уулу Мурадил
Мурадилдин тулпары?Кылжейрен
Мураскер баланы ким дейт?Туяк
Мылтыктын аталышы?Баран, Келте

Н

Назарбектин атасы ким?Ошпур
Нескара эмне себептен Билерикти туткундап алат?Кытайга элчи барган Айкожо уулу Билерикти Нескара туткундап алат.12де кези экен, өрттөнгүрдүн өзү экен, Билерикти бекитип, Карыкан менен Эсенкан тартуу кылып баралы, зындан орго салалы, кызыталак буруттун, кандыгын сурап алалы, эл баатыры Алооке, Ак үйлүү муну коёлук, алым-салык көп алып, олжосуна тоёлук деген максатта туткундап алган жайы бар.
Нескаранын арык башчысы?Басанкул
Нескаранын тулпары?Нескаранын тулпары Чоң күрөң болгон. Кызыкты кыйла баштаптыр, кыжылдаган кытайын, Чоң күрөңчөн Нескара, кырып ие таштаптыр деп айтылган жайы бар.
Нескаранын тулпары?Чабдар
Ногойдон чыккан баатыр?Манас
Ногойдун кичүү баласы?Жакып
Нойгут эли эмне себептен Акбалтанын уулуна ат кое албай жадайт?Анткени, баатыр болчу балага, жөн адам ат коё албайт, Чубак дагы Манаска тете баатыр чыкчу шер болгон үчүн, Нойгут эли ат коё албай жадайт. Эпосто: калайыктын баарысы, ат коё албай жадады, пайда болду ошондо, ак сакалчан думана, думана атын койгону, аты Чубак болгону деп айтылат.
Нойгуттан чыккан баатыр?Чубак
Нукер дөө канча колу менен келет?900 колу менен
Нургузар кимге турмушка чыгат?Билерикке
Нургузар кимдин кызы?Кытай каны Арсландын кызы

О

Одукан кайсы элдин баатыры?Кытай балбаны
Ойсалкындын жолдошу?Үрбү
Олуят чал Көгаланы эмне себептен Сарыбайга бербей Чубакка арнайт?Олуят чал Көгаланы Сарыбайга бербей Чубакка берген себеби; Алла Таала аманат кылып, Олуят чалга Чубакка берүүнү табыштайт. Капталында каты бар, кабылан Чубак минет деп, жазылып жүргөн аты бар делет. Көгалага Желмогуз уулу Сарыбай да кызыгып, көп издеген жайы бар. Бирок Олуят чал аманатты ээсине тапшыруу үчүн Көгаланы жашырып, Чубактын 12ге келишин күтүп жүргөнү айтылат.
Орго кан Манасты алгач кайсы жерден көрөт?Манастын кытай менен болгон 2-урушунда, Кошойго кеңешке барып келгенде Нескара, Жолой баш болгон Эсенкандын колу кыргыздарга келип катылып жаткан жеринен Манас келет. Орго кан Манасты ошол окуяда, Кара-Сууда көрөт. Оозунан жалын шыркырап, келе жатат эр Орго, кармашары Манас кан, токтолбостон Кара-Суу, тозоку экен мына бу деп айтылат.
Орго кандын атасы?Шуншан
Оргонун аялы?Санамкүл
Ордо оюнунда колдонуучу чүкө аткыч?Абалак, домпой
Ордо оюнунун мааниси?Ордо оюнунун мааниси-ордо деген бул борбор.Өзүбүздүн ордобузду кантип коргоо керек жана душмандардын ордосун кантип талкалоо керек, мындайча айтканда аскердик тактика, машыгуу оюну болгон.
Ороздунун атасы?Ногой
Ороздунун канча уулу болгон?10 уулу болгон
Ороздунун он уулу ар жакка чачыраганда Жакып кайда кеткен?Алтай
Оронгунун сиңдиси?Кубангер
Ошпур кимдин коюн багат?Жакыптын
Ошпурдун баласы?Кутубий (Чегебай) (С. Каралаевдин в-нда)
Ошпурдун баласы?Назарбек

Ө

Өзү кытай индиси делген эл?Өзү кытай индиси делген эл бул кытай эли. Бул сөз Шоорукка карата айтылган. Шоорук кытай болгон. Чоң –Котондун боюнда,7 талаа Жеркендин жеткен жерин жердеген,өзү кытай индиси, атактуу Шоорук кан чыгып деп айтылган жайы бар.

С

Сагынбай Орозбаковдун вариантында Бакдөөлөттөн төрөлгөн балдарды санап бергиле?Абыке, Көбөш, Медет, Седети, Дербен, Кочкор, Баян
Сагынбай Орозбаковдун вариантында Жакыптын канча баласы бар?7 баласы бар
Сагынбай Орозбаковдун вариантында канча сап ырдан турат?180378 сап ыр турат
Сагынбай Орозбаковдун вариантында Манастын сөөгү кайсы жерге коюлган?Баяндынын талаасы
Сайкалдын акыреттик жары?Манас
Сайкалдын атасы?Каткалан
Сайкалдын сөөгү кайсы жерге коюлат?Кабылан Манас өлгөндө, оо дүйнөнү көргөндө, Карача кызы Кыз Сайкал, акыреттик зайыбы, журтуна жетип жан берип, сөөгү кайып болуп кетиптир, көрсө, а дүйнөлүк адал жар, Манасына барыптыр, кошулушуп эки ашык, бир күмбөздө жатыптыр деп айтылган жайы бар. Кыз Сайкалдын сөөгү кайып болуп кеткен.
Санамкүл өзү менен кайсы балбанды ээр- чите келет?Каратай же Ырчы уул
Сарамжалы ким?Каныкей
Сараң деген сөздүн маанилеш сөзү?Ач көз
Сары таз Темиркандын колунда кандай кызмат аткарат?Көмүрчү
Сарыбай дөө кимдин баласы?Желмогуздун (Желмогуз уулу Сарыбай)
Сарыбай кимдин колунан өлгөн?Куялынын
Сарыканды ким өлтүрөт?Канчоро
Сары-Өзөндүн баштапкы аты?Абанды-Талаа
Саякбай Каралаевдин вариантында «Манас» канча сап ырдан турат?84512 сап ыр турат
Саякбай Каралаевдин вариантында Жакыптын канча баласы бар?6 баласы бар
Себептин атасы, апасы?Жакып, Бакдөөлөт
Сейтектин зайбы?Акбермет
Сейтектин кенешчиси?Акжолтой
Сейтектин небереси?Алымсарык, Кулансарык
Сейтектин тулпары?Кулансур
Семетей кайсы уруудан?Ногой
Семетей менен бир күндү төрөлгөн бала?Жообузар
Семетейди кайып дүйнөсүнө ким алып кетет?Көкмончок
Семетейди таарынткан таяежеси?Кишимжан
Семетейдин апасы?Каныкей
Семетейдин атасы?Манас
Семетейдин биринчи эмчектеш тууганы?Жообузар
Семетейдин бөлөсү?Үмүтөй
Семетейдин Букардан алып келген жары?Чачыкей
Семетейдин таяежеси?Кишимжан
Семетейдин тою кайсы жерде өтөт?Алайда
Семетейдин чон апасы?Шакан же Чыйырды
Семетейдин чон атасы?Жакып
Семетейдин эжеси?Кардыгач
Семетейдин эмчектеш туутаны?Жообузар, Күлчоро
Серектин атасы?Бабатай
Серектин лакап аты?Алапай же Байсабай
Соң-Көлдүн мурунку аты?Сонун - Көл
Соорондуктун жердеген жери?Будача
Соорондуктун небереси?Күлчоро
Сөздүн пири?Косон ата
Сулайка олжосуна эмне алат?2 элечек, 1 чепкен
Сурап ичсе тойбогон, сугалагын койбогон. Караңгыда жойлосо, кабылан сындуу жойлогон эл?Сурап ичсе тойбогон, сугалагын койбогон. Караңгыда жойлосо, кабылан сындуу жойлогон, кайран кыргыз эл элек,өзөн бойлой конуппуз, эр Каракан өлгөндө, өрт өчкөндөй болуппуз деп айтылат. Бул кыргыздар болгон.
Суунун пири?Сулайман, (Ильяз)
Сый көрсөткөнгө конок жетпей калган учурда маселени кантип чечишкен?Он эки кан бусурман, Таласка келген жабылып, Бээжинге барар калың кол,80 күнү багылып, Манаска конок болуп калыптыр, Ырамандын Ырчы уулу, Баабединдин Байчоро, буларга конок жетпей калыптыр. Конок жетпей калган соң, эки чоро арданып, тирүү жүрбөй дүйнөгө,өлөлү - деп, ой кылды, кабылан Бакай даанышман, булардын түрүн көрдү алыстан, ар бир коштон жүз конок, салык салып бөлгөнү,өрөпкүгөн экөөнө,өкмөтү чоң кан Бакай, конок таап берди эми деп айтылат. Конок жетпей калганда, ар бир коштон бөлүп алып, жетпей калган кишиге конок таап беришкен.
Сырбаран кимдин куралы?Алмамбеттин куралы
Сыргак кайсы уруудан?Кара Ногой
Сыргак кимдин баласы?Чагатайдын баласы
Сыргак Манастын тууганыбы?Ооба
Сыргактын Бердибай, Бердибек дегенден башка кандай аты бар?Жаныгул
Сыргактын чын аты?Жаныгул же Бердибек

Т

Таз чечендин уруусу?Кыпчак
Тазбаймат кимди унутат?Манасты
Тайлактын бир тууганы ким?Бакай
Тайтору эң алгач айтылган окуя?Тайторунун эң алгач айтылган окуясы-Кошой кытайга барып, Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп алгандагы окуяда айтылат:ордо жаткан балдарын, азат кылып дүйнөгө, алып чыкты эр Кошой, Керкабылан, Тайтору, керишке 2 ат минип, салып чыкты эр Кошой деп айтылган жайы бар.
Таластын мурдакы аталышы?Көтөлөк
Тал-теректи аскерге айланткан аяр?Куяз
Таноо Нескаранын кайсы башчысын жок кылат?Басанкулду
Таскыл кимдин аяры?Кайыпкандын аяры
Тебетейи чоктуу кул?Ырчы уул
Тейиш канча жашында кан болот?18 жашында
Текес арып аскерди сыноо үчүн кимди жиберет?Шүңгүрдү
Текестин аяры ким?Куяз
Текестин ордуна ким кан шайланат?Тейиш
Темиркандын иниси?Шаатемир
Темиркандын небереси?Семетей
Темиркандын уулу ким?Ысмайыл
Тинте деген буюмбу же кийимби?Буюм
Тору айгырчан Шээрдей деген ким?Тору айгырчан Шээрдей деген бул Карагул болгон. Эпосто Тору айгырчан Шээрдей, айгыр минген Жаңыбай, жылкычы башы Карагул, эки бирдей каны бар деп эки кан жөнүндө кеп болуп жатат. Тору айгыр Карагулдун тулпары болгон. Ал эми тору айгырчан шээрдей деп Карагулдун сыпаты айтылып жатат.
Төлгөчүсү ким?Төлөк
Төө чечмейге ким чыгат?Мардыкелең менен Ороңгу
Төөнүн пири?Ойсул ата
Төөчүсү ким?Сарбан
Төштүк канча бир тууган?9 бир тууган
Төштүк минген тулпар?Чалкуйрук
Төштүктүн жердеген жери?Тоюн -Төбө
Төштүктүн тону?Чайинген
Тулга бутка кийилеби?Башка кийилет
Туучунакты издеп кеткен бала?Меңдибай
Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн деген ыр саптарын чечмелөөМанасты төрөп турганда, пайда болуп келиптир, ак сакалчан думана, анын айткан кеби мындайча: «Бул төрөгөн балаңыз, 6 шердин кенжеси, Алланын сүйгөн пендеси, аты Манас артык шер, эзелде чыкпайт мындай эр, түгөнгөн сайын түтөгөн, түптүү Манас шер ушул, өлгөн сайын өөрчүгөн, өкүм Манас эр ушул» деп айткан. Бул сөз — душманга багынбайт, эч качан жок болбойт, жеңилбейт дегенди билдирет.
Түгөнгүс алтын бар экен деп Манас атабыз таң берген жер?Кошойду издеп бараткан жолдо Манас атабыз Ысык-Көлгө кез келип мындайча таң бергени айтылат: Жаныбарым Ысык-Көл, жер соорусу турбайбы, муну жердеген адам тунбайбы,2 эли жерин оодарса, түгөнгүс алтын бар экен, мындай бейиш жер болбос, мындай кызык көл болбос деп таң берген жайы бар.
Түлкунүн уулу?Түмөнбай
Түлкүнүн кызы?Канышай
Түмөндүн уулу?Абдылда
Түнөп өткөн жерине, түптүү мазар орногон деген ыр саптарын чечмелеп бериңиздер?Түнөп өткөн жерине түптүү мазар орногон деп касиеттүү адамдарга карата айтылган сөз, Манастын ата-бабаларынын баары Кыдыр даарыган, Тенир жалгаган, Кудай колдогон, ишин оңдогон касиеттүү адамдар болушкан. Алар башкарган эл жыргалга марып, алар түнөп өткөн жерге мазар орногон, баскан изине гүл өскөн. Ошондуктан бул сөз Манастын ата-бабаларына карата айтылган.
Түргөндүн мурунку аталышы?Моюндунун Туура-Суу

У

Уйдун пири?Зенги баба
Уйкусу жок, жолго сак чоро?Сыргак
Уйпу кимдин аяры?Эсенкандын аяры
Уйчусу, бадачысы ким?Байбол
Урбүнүн атынан коюлган жер же шаар?Урүмчү
Уруштуу күнү музыкалык аспаптын орду канчалык болгон?Уруштуу күнү музыкалык аспаптын орду абдан маанилүү болчу. Музыкалык аспап бул уруштун белгиси катары кагылчу. Чыңыроон тартып жез найдан, барабан жыйып сурнайдан, кыргыздар кытайлардын 95 төөдө алтынын тартып алышканда, уруштун белгиси катары, добулбас катуу кагылып, добулбас үнүн укканда, балбандары жабылып, керинейи тартылып, керней үнүн укканда, күчтүүлөрү жабылып деп айтылган жайы бар.
Устанын пири?Дөөтү
Уулду болгонун Жакыпка ким сүйүнчүлөп барат?Акбалта

Ү

Үмөтөйдүн атасы?Көкчө
Үрбү кайсы уруудан?Тору кыпчак
Үрбүнүн кайнатасы?Кеймен шаа
Үсөндү ким өлтүрөт?Агалдай
Үсөндүн канча уулу бар?7 уулу бар
Үсөндүнулуу баласы?Көкчөкөз
Үсөн эмне себептен кыргыздан аял алган эмес?Үсөн менен Жакып ага-ининин балдары болгон. Ал кыргыздар туш-тарапка айдалганда, Бээжиндин ары жагында, Сазаңшаң деген жеринде, кара калмак элинде,Үсөн аты жоюлуп, Көзкаман атка коюлуп, калмакча динге кирди дейт, калмактан аял алды дейт.Өзүн берсе мейли эле, дилин берип койду дейт деп айтылат.1-ден Үсөн калмакка барып, кайра эл-жерин, тууганын табам деп ой кылбайт, мындайча айтканда, калмактарга берилип кетет, ошон үчүн калмактан аял алат.2-ден ал жакта кыргыз кыздары жок болушу мүмкүн. Эркектер эле айдалып барышы мүмкүн деп ойлойбуз.

Ч

Чалгын чалган Алманбет менен Сыргак эмне үчүн Тал-Мазарда эс алат?Алмамбет менен Сыргак Бээжинге чалгын чалганда, күндөп-түндөп жол жүрүп, Кең зоңкоктун Тал-Мазар, жетип тыным алды эми, жатып уйку кандырып, тулпарын отко чалдырып, жаныбарым Тал-Мазар, Алмамбет чалгын чалган жер, чалгынга чыгып барган жер.1-ден Тал-Мазар Алмамбет кичинесинен чалгын чалып көнгөн жер болгон.2-ден Кең зоңкоктун Тал-Мазар бийик жер болгон үчүн, душмандын келатканын алыстан көрүүгө болот деп ошол жерге эс алышкан.
Чагатайдын атасы?Орозду
Чалкуйрук кимдин тулпары?Төштүктүн
Чалыбайдын атасы?Күддүр
Чалыбайдын атасы?Күлдүр
Чачыкей менен Айчүрөк бир тууганбы?Жок кундөш
Чачыкейдин атасы?Шаатемир
Чаяндын атасы ?Бөйөн
Чаяндын кызы?Бакдөөлөт
Чегебай кайсы элдин уулу?Кыргыздын
Чегебайдын атасы?Кадообай (Орозбаковдун вар-нда)
Чегебайдын атасы?Ошпур (Каралаевдин вар-нда)
Чегебайдын өзгөргөн аты?Кутубий
Чечендер кимдин баатыры?Шоруктун баатыры
Чон жиндинин жашыруун аты?Манас
Чоң казатка аттанган Манаска Каныкейге кайрылуу сунушун ким айтат?Алмамбет
Чоңгөрдү ким жок кылат?Кенен
Чоюн алптын тулпары?Чоюн алптын тулпары Кер болгон. Чоюн алптын Кер атын Былчыратып талкалап, Сайган Бакай эмеспи. Каруусу толук капырды, Кан Чоюн алп баатырды, Кырк аркан бою зынданга, Салган Бакай эмеспи.
Чубак атасына эмне себептен таарынат?Чубакка түшүндө ак сакалчан думана Манаска барып чоро бол, капаңды аччу шер ошол деп айтат, Чубак атасы менен кеңешип, минерине тулпар тандап, атасынын жылкысын чубатууга салышат. Ошондо атасынын жылкыдан Чубакка бир тулпар сыны жакпаптыр:Толуп жаткан жылкыңда, тоорулга минер малың жок, пайдасы жок мал күткөн, сиздей адам болобу, төгөрөктүн 4 бурчун,4 айланта чалайын, төрө атам сизге ишенбей, ылайыктуу тулпарды,өзүм таап алайын деп чыгып кеткен жайы бар.
Чубактын кача аялы бар?2 Сейилкан, Бирмыскал
Чубактын өз аты?Болот
Чубактын тулпары?Көктеке
Чубактын уулу Канчоро эмне себептен кыргызга душман чыгып калат?Чубактын уулу Канчоронун кыргызга душман чыгары Каныкей эмизгенде эле билинген. Анын ичиндеги арам ойлору акыры жүрүп чыккынчылыкка алып келди. Мисалы: Чынкожо менен Толтойду жеңип, аттарын олжолоп алганда, Чынкожонун тулпарын береби деп кааласам, атасына багыштап, ай туякка чалды эле, Толтойдон калган Суркоён, Суркоёндун чылбырын, Күлчорого жакка ыргытты, деп Кыязга кошулуп кетет да Семетейге каршы аттанат.
Чубактын уулу?Канчоро
Чүй өрөөнү эпосто кандай аталат?Абанды-Талаа, Сары-Өзөн
Чүй суусунун аталышы?Абан-Суу
Чүйдүн мурдакы аталышы?Абан-Талаа
Чүкөнүн аталышы?Ашык
Чыйбытгын энеси ким?Бакдөөлөт
Чыйырды баласын эмизип жатканда 1 - сүт, 2 - суу, 3 - эмне чыгат?Кан
Чыйырды менен Акконур бир тууганбы?Ооба
Чыйырды менен Манасты Кортуктун сөөгүн алып кетмек болгон кайсы калмак таанып калат?Тарбын
Чыйырды эмненин жүрөгүнө талгак бо- лот?Жолборстун
Чыйырдынын атасы?Эштек
Чыйырдынын баштапкы аты?Шакан
Чыйырдынын иниси ким?Жамгырчы
Чыйырдынын талгагы каныш үчүн Жолборстун жүрөгүн алып келе турган Байдылданын кесиби?Жылкычы
Чык деген эмне?Манас төрөлгөндө Ала-Тоодой эт болуп, Ала-Көлдөй чык болуп деп айтылат, чык деген камырды даамына чыгаруу үчүн, майда тууралып, сорпо менен кайнатылган пияз.
Чылабанын небереси?Соорондук
Чыналынын лакап аты?Бозуул
Чынкожо кимдин уулу?Жапактын
Чынкожонун иниси?Алымкожо

Ш

Шай ата дегенде канча адамды түшүнөбүз?Эпосто мындай айтылат:Белестеги 5 киши, белгилүү Шайдын өзү ушул, беренге жолдош болом деп, бет алып келген кези ушул. Демек Шай ата 5 киши болгон.
Шай ата Манаска кандай атак берет?Шай ата Манаска «Шер»атагын берген: Шай атам келип кол берип, талаадан кызыр чалды эми, муну менен эр Манас, «Шер» атагын алды эми деп айтылган жайы бар.
Шибээнин Калдай каны эмне себептен улам каза табат?Айкожо уулу Билерикти Нескара, Жолой баш болгон кытай, калмактар колго түшүрүү үчүн 41 күнү согушат, ошондо Билериктин колунан таш сайынган кытайдын тазалары мерт кетет. Анын ичинде Шибээнин каны Калдай дагы Билериктин колунан каза табат.
Шоорук эмне себептен нойгут элине кол салат?Шооруктун кытай элине кол салган себеби; кытай эли эзелден эле нойгут-кыргызга кас болуп келген, анан дагы Нойгутта Шоорукка тең келчү баатыр жок болгонуна байланыштуу 1 жылда 3 жолу чаап, кыздарын олжолоп, мал-мүлкүн тартып алып турган.

Э

Эркек бала шок болсун, мал багаар уул болгуча, бар болгуча жок болсун деген ыр саптары кайсы окуяга таандык?Эркек бала шок болсун, мал багар уул болгуча, бар болгуча жок болсун деген саптар, Манас Алтайда 40 бала менен оюн куруп жатканда, калмактын 80 баласы, тентип келген бурут деп, жерсиз, элсиз кыргыздар деп,40 баланы кордоп, сабаганда, Манас жинденип, 80 калмактын быт-чытын чыгарып,12 баланы өлтүрүп коет. Ошондо Жакып:эми калмак малымды тартып алат го деп кейийт. Аны уккан Акбалта эркек бала шок болсун, мал багар уул болгуча бар болгуча жок болсун деп айткан жайы бар.
Эгиздердин эри?Соорондук
Эдилжайык Көкчөнүн түпкө атасыбы?Ооба
Эйбиттин уулу?Үрбү
Экзердин уулу?Алмамбет
Эки Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган, Айткан сөздөн кайтпаган, - бул кимге тийешелүү сөз?Эр Үрбүгө
Эки Кемин журтун ким башкарган?Эр Үрбү
Эламандын баласы?Төштүк
Эламандын канча баласы бар?9 баласы болгон
Элчиси ким?Ажыбай, Үрбү
Эмне себептен Чыйырды төрөөр алдында Жакып жылкысына кетип калат?Чыйырды төрөөрдө Жакып элин чогултуп алып, кыз төрөсө ала бээни сойгула, сүйүнчүлөбөй эле койгула, эгер эркек төрөсө токсон атты сойгула, мага сүйүнчүлөп баргыла деп айтып жылкыга кетип калат.
Эпосто канча Карагул бар?1 Сагынбай Орозбаковдун вариантында
Эпостогу кыргыздын башкы душманы?Коңурбай
Эпостогу үйлөмө аспаптар?Керней, Жезнай, сурнай
Эркеч-Тамдын мурдакы аталышы?Дунша-Бел
Эсенкан ким болгон?«Манас» эпосундагы душмандардын башкы ханы (Түп-Бээжиндин, Чоң-Бээжиндин ханы).
Эсенкан эмне себептен 40 чоро күткөн эмес?Эсенкандын 40 чоро күтпөгөн себеби; ал согушка чыккан эмес, кол алдындагы кандарга буйрук берүү менен башкарган.
Эсенкан эмне себептен Бээжиндин кандыгын Манаска берүүгө макул болот?Эсенкан Бээжиндин кандыгын Манаска берүүгө макул болгон себеби;Чоң казатта Манжуунун каны Нескараны Чубак туткундап алат. Нескара жалынып:Эсенканга барыңар, Чет Бээжиндин кандыгын азыр сурап алыңар дейт. Ажыбай менен Үрбү элчиге келип, Эсенкандан Бээжиндин кандыгын сурап турганда, Шуйкучу баштаган желдеттери Манаска кытайдын алы жетпесин айтып келишет. Эсенкан мунарага чыгып караса, Манас чындап эле, алышса адамдын алы жетпеген, Шай колдогон эр экенин көрүп, Бээжиндин кандыгын берүүгө аргасыз болот.
Эсенкан эмне себептен улам-улам Алтайга аскер жиберет?Эсенкандын Алтайга улам-улам аскер жибергенин себеби; Манасты кармап келмейин тынч ала албай, Бээжинге келип кан болот деген даңзадагы жазуудан улам чочулап, тирүү кармап келгиле, андан тукум алалы, төрөлгөн баатыр баланы кан көтөрүп алалы дейт.
Эсенкандын жашаган шаары?Чынмачын
Эсенкандын кызы ким?Бурулча
Эсенкандын нарктуулугун кантип билсек болот?Эсенкандын нарктуулугун кытай калмактардын Манастын тоюнан кийин Эсенканга барып, Жакып баашалыктай мал сойду, катыны тууса той кылды деп айтып баргандарга: Балалуу кылса той кылмак, баары журттун адаты, баашадай малды сойду деп, бузулуп кантип кетемин, колунда малын сойбойбу, тоюна келген тойбойбу, калайыктар чогулуп, баланын атын койбойбу, тоюна тоюп кутурдуң, бер жакка чаап жутундуң деп айтып келгендерди кууп жибергенинен билсек болот.
Эчкинин пири?Чычан ата
Эштектин атасы ким?Калдарбек
Эштектин аты карагерби же алагерби?Экөө тен
Эштектин күйө баласы?Жакып, Айдаркан
Эштектин кыздары?Шакан, Акконур
Эштектин уулу ким?Жамгырчы

Дагы караңыз

Кошумча булактар

https://multiurok.ru/files/manas-eposu-suroo-zhooptor.html
Жайгаштыруу: 2019-12-12, Көрүүлөр: 184919, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу