Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Манастын төрөлүшү

Акбалта айтып мындай кеп,
Бай Жакыпка мындай деп:
Бай Жакып балам, сүйүнчү!
Бүгүн сенин багыңа.
Ач арстан шер келди.

Кайгырсак колго тийбеген,
Кабылан султан эр келди.
Чыдап адам калбады,
Колуна кош колдоп заар кармады,
Курсакта жатып бакырды,
Мунуң «Манастап» ураан чакырды.

Манасыңды тууганда.
Таманы менен тик тууду.
Оң колуна кара кан,
Кармай түштү кан Манас.

Баркырап бала түшкөндө,
Түшкөн жерден чаң чыкты.
Ыйлаганда балага,
Жүрөк туйлап жан чыкты.

Көрбөгөндү көрүптүр,
Бала эмес бир желмогуз экен - деп,
Тогуз кемпир бечара,
Жүрөгү түшүп өлүптүр.

Көргөндүн көөнү бөлүндү,
Арт жагыңда балаңдын,
Кара көк жал жалы көрүндү.
Манасың жерге түшкөндө,
Нур төгүлүп тоюнду.

Кара көк жал кабылан,
Аты «Манас» болсун - деп,
Балаңдын аты коюлду.
Катындар ороп аларда,
Бу белгиси дагы бар.

Кара чаар кабылан,
Капталында чамынды,
Ал ымыркай баланы,
Ары-бери үч аттап,
Караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей,
Кайып болуп жоголду.

Көсөө куйрук көк арстан, Оң жагынан чамынды.
Арстанды көргөндө,
«Кандай шумдук болду?» - деп,
Катын качты чуркурап,
Калайыктын баарысы,
Түп көтөрө зыркырап,
Туулган бала Манастын,
Оң ийинден бир жыттап,
Сол ийинден бир жыттап,
Күр-күр этип толгонуп,
Берен менен арстан,
Кошо жатты комдонуп.

Бир карасаң баладай,
Бир карасаң сур жолборс,
Аман жүрүп чоңойсо,
Беттешкен адам аман түк болбос.

Чекеси жерге жеткени,
Асмандан кудайдын нуру чачылып,
Зилзала жүрүп кеткени,
Төрөгөн Манас уулуңуз.

Кудайдын сүйгөн кулу экен,
Ар мүчөсүн карасаң.
Токсон миң жандык уул экен,
Аман жүрүп чоңойсо,
Эрешен тартып эр болот,
Кара көк жал кабылан,
Каары толук шер болот.

Жүргөнү күйгөн чок болот,
Атары болот ок болот,
Аты Манас коюлду.
Ааламда жок болот.
Аты Манас шер ошол,
Айдалып келдик алыстан,
Тууганыбыз кыргызды
Таап берүүчү эр ошол,
Муңунду чечер эр ошол,
Бизди муңкантпай кетчү эр ошол.

Өзү Алтайда туулду,
Билсең кадыр түн келди.
Ойлоп көрсөң Жакып кан,
Бизге бир жакшылык тиер күн келди.
Мурун кааласаң сизге туш келди,
Бүгүн сенин түшүңө туушар иш келди.
Жакып бай кабыл келди көргөн түш,
Эркек төрөп Чыйырды,
Аты Манас коюлду.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 72468, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-11-14
Талкулоо/Пикирлер