Манастын бала чагы


Мына ошондо эр Манас,
Күндөн-күндөн күн өттү,
Күн мезгили да жетти.
Жетиге келди зор Манас.
Мунун коюлган аты Чоң Жинди.
Кара көк жал султандык,
Шер экенин ким билди.
Сегизге чыгып серпилип,
Оң жол менен жүрбөдү.
Адам айткан сөз болсо,
Муну кулагына илбеди.
Айтса адамдын сөзүн билбеди. Бешке чыга келгиче,
Берениң Манас баспады.
Чакырган аты Чоң Жинди,
Мунун чын Манас атын ким билди? Жети жаштан сегиз жаш,
Бала чыгып келгенде,
Күйүп турган чок болду.
Кырк үйлүү кыргыз ичинде,
Мындай тентек жок болду.
Балдар менен ойноду,
Ойногондо ал берен,
Ойногонду койбоду.
Ойноп берген балдардан,
Эген балдар сойлоду.
Каары келип кармаса,
Чыңырып балдар чыркырайт.
Чындап кармап жиберсе,
Талкан болуп быркырайт,
Бир күнү Манас Кабылан,
Оолугуп токтобой,
Кырк үйлүүдөн кырк бала,
Кыйбатын жыйып алыптыр.
Чоң Алтайдын талаасына,
Чогулуп оюн салыптыр.
Бул кырк үйлүү кыргыз балдары,
Кыйындан ойноп алыптыр.
Кыраан Манас ичинде,
Кымбаттан оюн салыптыр,
Кара калмак манжуудан,
Он беш менен он алты,
Экөөнүн орто жеринен,
Сексен бала барыптыр.
"Манас" эпосунун экинчи бөлүгүндө Манас он бешке келгенде Ал - тайда жашаган кыргыздар чогулуп, кытайдан, калмактан коргонуу жөнүндө болот.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 5223, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05