Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коңуздар

Баш барак | Жаныбарлар | Коңуздар
Коңуздар, же катуу канаттуулар (латынча Coleoptera) — курт-кумурскалардын эң чоң түркүмдөрүнүн бири.
Коңуз, катуу канаттуулар
Коңуздар
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Жаныбарлар
Тип: Муунак буттуулар
Класс: Курт-кумурскалар
Отряд: Катуу канаттуулар
Эл аралык илимий аталышы
Coleoptera Linnaeus (Карл Линней), 1758
Отрядчалар
Жырткыч коңуздар (Adephaga)
Архостемата (Archostemata)
Миксофага (Myxophaga)
Ар кандай азыктануучу коңуздар (Polyphaga)
ITIS: 109216
NCBI: 7041
EOL: 345
FW: 69148

Көп учурда кайсы бир жагдайда коңуздай капкара деп айтышкандарды угууга болот. Чынында эле коңуздардын көпчүлүгү кара болот. Бирок, баары эмес. Кызыл, көк, көгүлтүр, сары, ал түгүл күмүш жана алтын түстүү коңуздар да бар. Коңуздарды бардык жерден — тоодон, чөлдөн, токойдон жана саздан да жолуктурууга болот. Алар өтө көп, КМШ өлкөлөрүндө гана 25 миңге жакын түрү бар (2000). Бүтүндөй жер жүзүндө коңуздардын түрү чейрек миллиондон ашат! Коңуздар бири-биринен чоңдугу, түсү боюнча эле эмес жашоо мүнөзү менен да айырмаланат. Мындан тышкары, айрым коңуздар — башка жандууларды жесе, экинчилери өсүмдүк менен азыктанышат, үчүнчүлөрү өлгөн жаныбарларды жейт.

Мындай айырмачылыктарына карабастан бардык коңуздар — өтө жакын түрдөштөр. Курт-кумурскалардын өзүнчө бир тобун түзүшөт. Бардык коңуздардын жалпы белгиси — алардын канатынын окшоштугунда. Ички же арткы эки канаты жука, тунук келип, учуу үчүн кызмат кылат. Ал эми сырткы же алдыңкы эки канаты (муну канат жапкыч деп да коюшат) катуу, калың болот да ички канатчаны, коңуздун жумшак курсагын жаап турат. Учканда сырткы канаты көтөрүлүп, ички канатын бошотот. Кээ бир коңуздардын ички канаты жакшы жетилбей калган, ошондуктан алар уча алышпайт. Тескерисинче коңуздардын ички жука жана тунук жуп канаты жакшы өөрчүп, ал эми сырткы жуп канаты (канат жапкычы) өтө эле кыскалары да кезигет. Адатта конуздарда сырткы катуу жуп канаты адегенде эле көзгө чалдыгат.

Коңуздар отряды илим тилинде «катуу канаттуулар» отряды деп бекеринен аталбайт.

Биологиялык баяндалышы

Дене узундугу 0,3 миллиметрден (катуу канаттуулар) 171 миллиметрге (эбелек муруттуулар) чейин, өңү бир өңчөй түстө же чаар ала болот. Жашоо чөйрөсүнө жараша дене формасы да ар түрдүүчө. Денеси катуу кабык менен капталган, чанда жумшак (жумшак денелүүлөр тукуму). Башы, көкүрөгү жана курсагы даана бөлүнүп турат. Түркүмдүн өкүлдөрүнө кемирүүчү жана чайноочу ооз аппараты, алдыңкы өнүккөн төшүнүн болуусу мүнөздүү.

Көпчүлүгүнүн башы тегерек, жалпак. Муруту 2-4 (көпчүлүгү он бир) муунактуу. Көзү татаал (айрымдарыныкы жөнөкөй) түзүлүштүү, үңкүрдө жана башка жайларда жашаган коңуздардын көзү болбойт. Коңуздардын 1-жуп катуу канаты, 2-жуп учуучу канатын жана курсагын коргоп турат. Арткы (төмөнкү) канаты жаргак, алдыңкысынан (өйдөңкүсүнөн) узун жана жазы. Ооз органы кемиргич. Көкүрөгүндө басуу, казуу, кармоо, секирүү, сүзүү кызматын аткаруучу буттары бар. Коңуздар айрым жыныстуу; жумуртка (чанда тирүү) тууйт. Коңуздар бир айдан бир нече жылга (5 жылдан ашык эмес) чейин жашайт. Личинкалары менен коңуздары кыштайт.

Толук айлануу (матеморфоз маанисинде) өнүгүүсү: жумуртка, личинка, курчакча жана имаго дэңгээлдерине ээ. Личинкалары жакшы өнүккөн хитиндүү башы жана кемирүүчү оозу менен, көбүнчө сөөл жылан сымал. Курчакчалары көбүн эсе эркин, жумшак, кыймылсыз, курсагы гана кыймылдайт.

Жылына бир, айрым учурда 2-3 (чыртылдак коңуз), чанда 3-5 жолу тукумдайт. Коңуздар азыктануусуна жараша үч топко бөлүнөт. Өсүмдүк менен азыктануучулар (фитофагдар), өсүмдүк жана жаныбар чириндисин жегичтер (сапрофагдар) жана кыкчылдар (капрофагдар). Коңуздардын үч түркүмүнүн 140 тай тукумундагы 300 миңден ашык түрү белгилүү. Бардык жерде (көбүнчө тропикте көп) кездешет. Коңуздардын айрымдары айыл чарба өсүмдүктөрүнө, бак-даракка, азык-түлүккө зыян келтирет.

Зыян келтирүү мүнөзүнө жараша коңуздар жалбырак кемирүүчүлөр (жалбырак жегичтер, шиш тумшуктар); дарак сөңгөгүн жегичтер (кабык жегич, муруттуулар жана башка); мөмө жана үрөн жегичтер; тамыр жегичтер; дан азыктарын жегичтер (кампа зыянкечтери); тери жегичтерге бөлүнөт. Коңуздардын өсүмдүк зыянкечтерин жоготуп, топурак түзүмүн жакшыртуучу пайдалуу түрлөрү да бар. Мисалы, эл кайда көчөт коңузу өсүмдүк биттерин, калкандуу зыянкечтерди жана башка, дуулдак коңуз көптөгөн зыянкечтердин малагы менен личинкаларын жок кылат. Кыкчы, коргоочу, тарпчы коңуз тарп, таштандыларды жеп, жаратылышта санитардык мааниси бар. Жаркырак коңуз зыянкеч үлүлдөрдү жок кылат. Коңуздарга тахин чымындары, чабендестер, нематоддор, жөнөкөйлөр жана башка мителик кылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 747, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо