TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Экономика деген эмне макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Экономика (байыркы грекче οἰκονομία, сөзмө-сөз — «үй чарбасын жүргүзүү искусствосу») — жыргалдыктар жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөнү изилдөөчү коомдук илим. Макала мазмуну Жалпы маалымат Экономикалык илимдин функциялары Экономикалык илимдин объектилери Экономика деңгээлдери Заманбап экономиканын маселелери Экономисттер эмне иш кылышат? Экономикалык модель Дагы караңыз Жалпы маалымат Экономиканын негизги аспектилери: Ресурс жана муктаждыктар — экономика чектелген ресурстар (капитал, эмгек, табигый байлыктар) коомдун чексиз муктаждыктарын кантип канааттандыраарын изилдейт. Өндүрүш — өндүрүштүн ар кандай факторлорун (жер, эмгек, капитал, ишкердик) колдонуу менен товарлар жана кызматтарды өндүрүү. Бөлүштүрүү — өндүрүлгөн жыргалчылыктарды (товарлар, кызматтар) адамдар менен компаниялар ортосунда бөлүштүрүү процесси. Алмашуу жана соода — товар жана кызматтарда өндүрүүчүдөн керектөөчүлөргө берүү механизми. Керектөө — адам муктаждыктарын канааттандыруу үчүн товарлар жана кызматтарды колдонуу. Экономиканын түрлөрү: Микроэкономика — өзүнчө керектөөчүлөр, фирмалар жана базарлардын ишмердүүлүгүн изилдейт. Макроэкономика — өлкөнүн экономикасын изилдейт (ички дүң өндүрүм, инфляция, жумушсуздук). Дүйнөлүк экономика — өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды карайт. Экономика жашоо деңгээлин, технологиялык прогресс жана жыргалчылыктарды бөлүштүрүүнү аныктап, коомдун тиричилигинде маанилүү ролду аткарат. Экономикалык чындык теориялык жана прикладдык деп бөлүнгөн илимий экономикалык теориялардын объектиси саналат. Теориялык багытты, теориялык экономика деп дагы аташат, ал чектелген ресурстардын алмашуу, бөлүштүрүү, колдонуу ыкмасын тандоо процесстеринин өзгөчөлүктөрүн карайт. Прикладдык экономика, экономикалык системалардын өзүнчө элементтеринин түздөн-түз иштөөсү үчүн теориялык экономика тарабынан иштелип чыккан мыйзамдардын, теориялардын, сунуштардын кошуу же тиркөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Биздин заманга чейин IV кылымда эле Ксенофонт экономикага тиешелүү «Үй куруу» аттуу чыгарма жазган, кийин ал Цицерон тарабынан латын тилине Oeconomicus деп которулган. Экономика өзүнчө илим катары XVIII кылымда, Адам Смиттин «Улуттардын байлыгынын табияты жана себептери жөнүндө изилдөө» (кеңири жайылган аталышы «Улуттар байлыгы») аттуу китеби 1776-жылы чыкканда бөлүнүп чыккан. Бирок, Йозеф Шумпетердин пикири боюнча, экономикалык логиканын ички көрүншүтөрүн элдер илимге чейинки интуиция деңгээлинде Адам Смитке чейин эле түшүнүшчү. Гректин улуу ойчулу Аристотель (б.з.ч. 3-к.) илимге ойкономия (грекче ойкос — үй-чарба, номос — илим) деген терминди киргизген. Кийин андан экономика деген түшүнүк пайда болду. Азыркы мезгилде экономика деген сөз бир топ мааниге ээ болушу мүмкүн: жеке адамдын экономикасы; үй-бүлөнүн экономикасы; мамлекеттин экономикасы; тармактардын экономикасы; экономикалык теория ж.б. Илимде, деги эле жашоодо экономиканы ар түрлүү мүнөздөп жүрүшөт. Мисалы: Экономика - адамдардын өндүрүш, керектөө жана бөлүштүрүү тармагындагы жалпы мамилелеринин жыйындысы; Экономика - бул адамдардын коомдогу чарбалык ишкердүүлүгүнө байланышкан өндүрүштүк мамилелер (мис.: рыноктук, пландуу ж.б. экономика); Экономика - аймактардын, мамлекеттердин өз ара экономикалык кызматташтыгы (мис.: Ош облусу, Бишкек шаары, Кыргызстан жана Казакстандын кызматташтыгы); Экономика - коомдо түзүлгөн эл чарба тармактарын изилдеген илим (мис.: өнөр жай, айыл чарба, транспорт, курулуш ж.б. экономикасы); Экономика - бул адамдардын жана коомдун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн, турмуш жыргалчылыктарын өндүрүү жана камсыз кылуу системасы. Экономикалык илимдин функциялары Экономикалык илим кийинкидей функцияларды аткарат: Маалымат арттыруу Тажрыйбалык Жоромолдук Дүйнө көз караштык Методологиялык Идеологиялык Критикалык Теориялык Экономикалык илимдин объектилери Изилдөө чөйрөсүнүн масштабы боюнча экономикалык илим микроэкономика (компаниялардын, үй чарбарлардын, өзгөчөлөнгөн өндүрүштөрдүн экономикасы) жана макроэкономикага (жалпы улуттук чарбаны изилдейт) бөлүнөт. Акыркы жылдары илимий адабияттарда наноэкономика (жеке экономикалык субъекттердин ишмердүүлүгүн изилдейт), мезоэкономика (тармактар, аймактар), интерэкономика (эл аралык экономика) жана мегаэкономика (дүйнөлүк чарба) түшүнүктөрү дагы колдонулуп келет. Экономика адам ишмердүүлүгүнүн тармагы катары өзүнө кийинкилерди камтыйт: базар, өнөр-жай, айыл-чарба, финансы, соода, кызматтар, ишкердик, мерчендайзинг, менеджмент, маркетинг ж. б. Экономика деңгээлдери В экономической науке принято деление экономических процессов на следующие уровни: Микроэкономикалык деңгээл — өзүнчө үй чарбалык, фирма, тармак же базар. Макроэкономикалык деңгээл — өлкөнүн же аймактын экономикасы. Эл аралык деңгээл — өлкөлөр ортосундагы экономикалык карым-катнаш, мамилелер. Глобалдык деңгээл — дүйнөлүк экономика. Заманбап экономиканын маселелери Заманбап экономика туруктуу өнүгүү, коом жыргалчылыгын жогорулатуу жана тез өзгөрүүчү шарттарга адаптацияланууга багытталган бир катар негизги маселелерге кабылат. Маселелер негизинен кийинкидей: Экономикалык өсүү: Ички дүң өндүрүмдүн туруктуу өсүүсүн камсыз кылуу, инновациялык өнүгүү жана санариптештирүү, кичи же орто бизнести колдоо. Туруктуулук: Инфляция жана бааларды көзөмөлдөө, финансылык стабилдүүлүк жана банк секторун тууралоо, антикризистик башкаруу. Социалдык жыргалчылык: Жакырчылык жана жумушсуздук менен күрөшүү, саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү, социалдык теңсиздик менен күрөшүү жана кирешелерди кайра бөлүштүрүү ж. б. Экологиялык туруктуулук: Жашыл экономикага өтүү, көмүртек изин азайтуу жана энергиянын кайра иштетүүчү булактарын өнүктүрүү, ресурстарды керектөөнү көзөмөлдөө. Глобалдаштыруу жана эл аралык кызматташуу: Эл аралык сооданы өнүктүрүү, глобалдык деңгээлде экономикалык кризистер менен күрөшүү, эл аралык уюмдар менен иш алып баруу. Технологияларды жана санарип экономиканы өнүктүрүү: жасалма интеллектке, автоматташтырууга жана роботтук техникага инвестиция кылуу, блокчейн жана санарип валюталарды киргизүү. Экономисттер эмне иш кылышат? Экономисттер ар бир коомдун же улуттардын тарыхый өнүгүшүндөгү тандоо жана чектөө проблемалары боюнча иш жүргүзүшөт. Азыркы экономика илиминин негизи өткөн кылымдарда башталган. Ошондон бери экономисттер айрым адамдар, ишканалар жана бүткүл өлкө үчүн оорчулук келтирбеген экономикалык ресурстарды колдонууну окуп-үйрөнүү жана түшүндүрүү ыкмаларын иштеп чыгышкан. Экономисттердин жардамы менен чоң корпорациялар жумушчуларды, жабдууларды, шаймандарды, имараттарды ж.б. ресурстарды пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын табууга аракеттенишет жана өздөрүнүн абалын ошол экономисттер аркылуу билип турушат. Биздин өкмөтүбүз мындай проблемаларды окуп-үйрөнүшкөн жана аларды чечүү жолдорун көрсөтүшкөн экономисттерге да эмгек акыларын жакшы төлөшөт. Экономисттер үчүн эки дүйнө бар: Азыркы жана Болочок. Азыркы дүйнөнү - түшүндүрүүчү, негизги экономикалык принципттерди жана моделдерди экономисттер толук иштеп чыгышкан (жалпысынан бул маселе боюнча алардын пикири бирдей). Ал эми Болочок дүйнөнү божомолдоодо алардын ой-пикирлери ар башкача. Ар түркүн пикирдин болушу алар пайдаланган моделдеринен келип чыгат. Экономикалык модель Экономикалык модель - бул жөнөкөйлөштүрүлгөн туюнтма, диаграмма же формула. Казакстандагы түшүмдүн бир бөлүгүн үшүк алып кеткенден кийин Кыргызстандагы эгиндин баасын божомолдоо үчүн, мисалы, экономисттер суроо-талап жана сунуш мыйзамын, анын жөнөкөй экономикалык моделдерин колдоно алышат. Баанын жогорулашын эч ким талашпайт, бирок так божомолдоо, эгиндин баасы канча сомго көтөрүлөрүн так айтуу колдонулган моделдин сапатына жараша болот. Көпчүлүк учурларда экономикалык проблемалар жалаң эле теория жана моделдердин жардамы менен чечилбестен, саясий себептерди, ар бир адамдын ой-пикирин жана баалуу сунуштарын эске алууну да талап кылат. Мисалы, жаштардын арасындагы жумушсуздукту азайтуу үчүн эмнелер жасалышы керек? - деген суроону алалы. Жумушсуздук - бул терс көрүнүш экендигинде бардык экономисттер бирдей пикирде. Ошол эле учурда, бул маселени чечүү үчүн кээ бирөө өкмөт тарабынан өспүрүмдөр үчүн жумуш орундарынын түзүлүшү керектигин сунуш кылса, башкалары ишкерлерге бирдей эле жумуш оруну үчүн жогорку адистиктеги жумушчуларга караганда өспүрүмдөргө аз акы төлөөгө уруксат берилсе, көйгөй чечилет дешет. "Экономика деген эмне" аттуу суроого жалпыланган илимий жооп ушундай деп айтсак ашык болбос. Кошумча суроолор болсо пикир калтырып койгула. Дагы караңыз Акча Банк Дефицит Профицит Коррупция